“Жүрөктөгү бороон” поэтикалык драмасы коюлду

17-18-март күндөрү Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында акын, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер З.Ажыматовдун жаркын элесине арналган “Жүрөктөгү бороон” аттуу поэтикалык драмасы коюлду. Аталган драманын сценарийин Сайра Батыркулова жазып, КРнын Эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаев режиссерлук кылды. Сахнага алып чыккан “Учур” театрынын артисттери да ар бир образды жогорку чеберчиликте ачып беришти. Айрыкча З.Ажыматовдун образын жараткан актер Жакшылык Кубатов көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкоого арзыды.

Зал толгон көрүүчүлөрдүн баары бир дем менен отуруп көрүп, бирде көзгө жаш алып, бирде толкунданып, сыймыктанып, драманын бүтүшүн каалабай турду, аз болсо да акын Зайырбектин сахнадагы образы менен бирге жашап тургусу келди. Соңунда аткаруучуларды сахнадан кетирбей узак убакытка чейин кол чаап, сүрөп турушту. Акындын жашоосундагы ак менен кара, бар менен жок, ийгилиги мене кемчилиги, үй-бүлөлүк турмушу менен чыгармачылыгынын элестүү чагылдырылышы жандуу сүрөттөлүп, “кайран акын, кайра кайтып келген экен” деген ишеним пайда болду. Акындын экинчи өмүрүнүн узак болушун тиледик. Соңунда эскерүүгө чыккан жакындары, калемдештери, бул поэтикалык драма – эгемендүүлүк жылдарындагы акын тагдырын чагылдырган алгачкы драма экендигин эске салышты. “Жүрөктөгү бороон” поэтикалык драмасынын жаратуучуларына, “Учур” театрынын директору жана көркөм жетекчиси, КРнын Эмгек сиңирген артисти Шаршебек Шейшеновго, театрдын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишине ийгилик каалашты.

Алдыда ушул эле поэтикалык драма менен “Учур” театры түштүк жергесине сапар тартууну максат кылышууда. Көрбөй калгандар, күтүңүздөр.