Кубатбек Жусубалиев: Азыркы адамдарда кудай берген өсүү токтоп калгансыйт

Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев кийинки жылдары көркөм чыгарма жазбай, а түгүл көркөм чыгармаларды окубай калса да (өзүнүн айтуусу боюнча), анын чыгармачылыгына кызыгуу жылдан-жылга күч ала баштагансыйт. Жазуучунун 2003-жылы жарык көргөн “Жети сөз жана Конфуций” чыгармасынан башка китеби да чыга элек. Анын жазуучулук табияты гана эмес, адамдык табияты да өзгөрүп, өмүрүнүн экинчи жарымында чыгармачылыктан руханий изденүүгө ооп, тоо арасына жалгыздап жашоого өттү.    

Кубатбек Жусубалиев, өзү айткандай, узак жылдар бою Акыйкатты издеп, кечилдик жашоо күтүп кеткенден бери окурмандары жана замандаштары анын чыгармаларын, ойлорун, сөздөрүн сагынышып калганы быйылкы жылдын башында Бишкек, Ош шаарларында жазуучу менен болгон жолугушууларда өзгөчө билинди. Бул жолугушууларда жазуучу өзү да чечиле сүйлөп, бул өмүрдө жыйнаган ой казынасын, чыгармачылык тажрыйбасын бөлүштү:

Эмне үчүн дүйнөнүн куюшканы кыйшайып, ээри ооп баратканын түшүнгүм келди

Дүйнө жөнүндө көбүрөөк айтыла баштаганда “дүйнө” деген эмне экенин түшүнгүм-билгим келди. Мен адегенде дүйнөнүн ушул убакка чейинки абалын билейин дедим. Себеби дүйнө барган сайын куюшканы кыйшайып эле, ээри ооп баратат. Мындай болбош керек эле го. Ушул бир балээ бар деп ойлодум. Жалган дүйнөнүн “аки-чүкүсүн” түшүнүү үчүн көп нерсени окууга туура келди, ал үчүн орус тилин үйрөндүм. Мен ал учурда орусча билчү эмесмин. “Хлеб” дегенден башканы билбейм. Бул тилди үйрөнүүгө көп күчүм кетти. Килтейген романдарды түшүнүп-түшүнбөй эле окуй берчүмүн. Бизге орус тилинен сабак берген Шавхат Юнусович деген мугалим бар эле. Бир жолу ага кайрылып:

-Мен кантип орус тилин үйрөнө алам? – деп сурадым.

-Үйүңдө же жаткан жериңде радио барбы? – деди. “Бар” дедим. Жатакананын дубалында кара табактай болгон радиприемник илинип турар эле.

-Ошону уга бер. Түшүнөсүңбү, түшүнбөйсүңбү, ар күнү колуң бош убакытта эле орусча берүүлөрдү уга бер. Экинчиси, орус адабиятын оку. Университеттин китепканасында китептен көп нерсе жок. Четинен окуй башта.

-А мен орусча түшүнбөсөм кантем?  Жалаң эле чоң-чоң романдар болсо.

-Түшүнбөсөң да оку! Баштан аяк эле окуй бер.

Ошентип, орус жазуучулары: Горькийди, Толстойду жана башка бүт баарын окуп чыктым. Менин университетте окуганым ушул болду, адабиятты өз алдымча каздым. Университет мага ушуну гана берди: мени жөн эле бош койду да. Үч жылдан кийин Толстойдун “Анна Каренина” романы колума тийди. Бул романды окуп, сюжетин  баштан аяк түшүндүм, эй! Мен аябай сүйүндүм. Ушул кубаныч менде өмүр бою жашайт да! Ошондон кийин бул романды окуганым жок, калгандарын деле кайталап окуганым жок. Бирок “Анна Каренинаны” окуп-түшүнгөнүмө төбөм көккө жеткенин унутпайм. Өтө трагедиялуу чыгарма экен.

Бир топ жыл дүйнөлүк адабиятты казып окуганымдан кийин ойлосом: адабиятта балээ да жок экен. Андан көрө дүйнөдө Христианство, Ислам, Буддизм сыяктуу улуу илимдер бар да, ошолорду окуюн дедим. Аларды түшүнүү үчүн көр оокат, көр сезим, көр тиричилик, көр пендечиликтен арылып, тазалануу керектигин түшүндүм. Ошону үчүн тоого кетип калдым. Ал ыйык китептерди окуган сайын көзүм ачыла баштады. Көрсө дүйнөнүн бардык эле түйүндүү суроолору Адамга келип такалат экен.

Азыркы адамдарда кудай жараткан өсүү токтоп калгансыйт

Эски ыйык китептен окудум. Бизди жараткан Киши айтыптыр: “Адамды жаратканда мен өзүмө окшотуп жараттым. Мен ага жашыл дарактыкындай токтоосуз бир өсүү бердим”, – дептир. Анткени, дарак күнү да өсөт, түнү да өсөт. Анан кыш мезгили да өсөт. Анан мөмө берет. Дарактын өскөнүн биз деле байкабай калабыз. Менин багым бар да. Өзүм деле билбей калам кандай өсүп жатканын. Жаш көчөттөр бир жылдан кийин деле бапайып дарак болуп калат, мени сырткы дүйнөдөн жашырып калышат. Мен алардын ичинде эч кимге көрүнбөй жүрө берем. “Көрүнбөйсүз?” – деп сурап калышат жакын коңшуларым..

Эми Жараткан сураптыр да: “Бирок, ошол адамга берген өсүүм кайда? Мен берген өсүүм, башкача айтканда акылым, аң-сезимим – ошолор азыр кандай жол менен баратат, эмне болду?”- деп суроо бериптир. Кудайдын акылы – өтө улуу акыл, улуу аң-сезим. Вот, мен ошондо түшүндүм. Дарак өсүп баратып, өсүүсү токтоп калганда куурай баштайт. Адамда да ошол өсүү токтоп калгансыйт. Мен ушуну ойлоп, ошондо аябай кайгырдым. Себеби, адамды Кудай өзүндөй кылып жараткандан кийин биздин аң-сезим өтө улуу, өтө бийик болуш керек эле. Бирок, азыркы биздин аң-сезим, улуу сөздө уят жок, айбандыкынан да төмөн болуп жатат.

Өзүбүздү колго албасак, Жаратканга теңелебиз, ошол Кишинин этегин кармайбыз десек анда Адамзат улуу эмгек кылыш керек. Жараткан бизге улуу сүйүү, улуу касиеттерди берген экен. Өзүнө теңеп жараткандан кийин бизде баары бар экен да. Бирок, акыркы убакта ошолорду жоготуп алыппыз. Адамзаттын өсүүсү токтоп калганда дүйнөнүн куюшканы кыйшайып, ээри оой баштаптыр. Дүйнөнү сакташ үчүн бизге сүйүү керек. Жүрөктөрүбүздү бүтүндөй ээлеп алган жек көрүүдөн арылышыбыз керек. Сүйүү жана тазалануу, Акыйкатты таануу менен гана Адамзат өзүн сактап кала алат.

Ынтымак бар жерде биримдик да, дөөлөт да, береке да, бакыт да болот

Адамдардын арасынан бийик аң-сезимди, улуулук касиетти кытайлык кыргыз, улуу манасчы Жусуп Мамайга жолукканда сездим. Тээ көптөн бери эле ушул аксакал менен жолугушсам, Кытайга барып учурашып келсем деген тилек менен жүрөр элем. 2012-жылы ошол тилегиме жетүүнүн убакыт-сааты келди. Жамбы экөөбүз Кыргызстандан Кытайды көздөй аттангандагы максатым да ошол эле. Токсон беш жашка толуп, тоодой болуп олтурган манасчыга жолугуу, суроолорума жооп алуу, даанышман сөзүн угуу менин турмушумдагы чоң окуя болду. Коштошуп кайтаарымда журт атасындай болгон даанышман манасчыга кайрылдым: “Кыргыздарга сиздин эки ооз сөзүңүздү жеткире баралы. Ошол эки ооз сөзүңүздү кыргыздарга айтып койсоңуз?”. Жусуп Мамай кыргыз элине каалоосу бул болду:

-Кыргыз элине баарынан мурда Ынтымак каалайм. Ынтымак болсо гана биримдик болот. Эл оозунда мындай бир уламыш айтылат: Бир үйдө карыя, анын уулу жана келини – үчөө жашоочу экен. Күн бүркөлүп, жамгыр катуу жаап жатыптыр. Эшикте аттын дүбүртү угулат. Атчан дарбазанын түбүнө келип:

-Үйдө киши барбы? – деп доош салат.

Чал:

-Киши бар. Бирок, сенин атыңды алып, меймандостук көрсөтө албайбыз. Үчөөбүз үч чүчкүрүккө да алыбыз келбей, үч жерде үңкүйүп олтурабыз. Өзүн ким болосуң? – деп сурайт.

-Мен Дөөлөт болом.

-“Дөөлөт” деген тоголок болот, тоголонсо жок болот, – деп аны жолго салат.

Бир аз өтпөй эшиктен дагы дүбүрт угулат. Ошентип, биринин артынан бири: Оомат, Байлык, Бакыт, Ийгилик, Береке келе башташат. Чал аларды да “үйгө кир” дебей узатат.

Аңгыча жаан басылып, күн ачылат. Ошол убакта дагы бирөө келиптир: “Мен Ынтымак болом”, – деп.

-Токтой турчу? “Ынтымак” болсоң  көрүп калайын, – деп карыя эшикке чыгып, келген Ынтымактын атынын чылбырын алып түшүрүп, үйгө киргизиптир. Аңгыча бая үйгө кире албай кетишкен Дөөлөт, Оомат, Байлык, Бакыт, Ийгилик, Береке кайрылып келишет. Алар эч жерге батпай коюшуп, артка кайтышыптыр.

“Ошентип, Ынтымак бар жерде гана Биримдик да, Дөөлөт да, Оомат да, Байлык да, Бакыт да, Ийгилик да, Береке да болот”, – деген эле 100 жашка чукул жашаган улуу манасчы.

Жөнөкөй киши бирөөнүн урмат-сыйын аябай баалай билет, бирок унчукпайт

Мен негизинен аябай эле жөнөкөй кишимин. Жөнөкөй киши бирөөнүн урматын, сыйын аябай баалай билет да, бирок унчукпайт. Ошону үчүн мен көп сүйлөбөйм. Кечээ сени менен кабинетиңде жолукканыбызда бул жөнүндө айтпадым эле (Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго карап). Кошомат кылгандай болбоюн дегемин. Бүгүн эл алдында айтып коёюн. “Эр тагайын тартат”. Сен кайрымдуулук жагынан Камал таятаңды тартыпсың. Камал акенин жакшылыгын көргөм. Тээ илгери университеттин экинчиби, же үчүнчүбү курсунда окуп жүргөнүмдо жаңы жыл алдында кышкы каникулга айылга келип калдым. Энемди көрөйүн деп кыйналсам да кышында келдим. Энем үйдө өзү жалгыз жашоочу. Оштон бери жүк ташуучу машиненин кабинасына олтуруп, Гүлчө айылына кире беришине коюлган чек ара постуна келип түштүм. Күн бүркөө. Кар ызгаар аралаш кыпындап жаап жатат. Постто бир чайхана бар эле. “Бостонбайдын чайханасы” деп коюшар эле. Ошол жерде бир топ киши чай ичишкенче карды карап олтурушуптур. Арасында Камал аке да бар экен. Мен алар менен учураштым, анан эле “кетейин” деп оолугуп калдым. Камал аке: “Эй бала, каякка барасың ушундай карда? Үйгө барып жатып ал!”, – деди. “Жок, мен бүгүн кетемин”, – дедим. “А кантип кетесиң?” “Жөө кетем”, – дедим.

Ошенттим дагы, коштошуп алып, жолго түштүм. А энем жашаган айылга бир 10 чакырымдай жол басуу керек эле. Бир аз узаганда артымдан бирөө эле кыйкырып келе жатат. Карасам, ат жетелеп алыптыр. Мага жеткенде аттын чылбырынан карматты: “Бул атты сага Камал аке таап берди. Ушуну минсин дагы, айылга жетип алсын. Эртең Гүлчөгө каттаган бирөөдөн берип жиберсин”, – деди.

Камал аке ушундай киши эле. Жетим-жесирге кайрымдуу болчу.

*****

Эски китеп колума тийип калды. Анда “Адамды тааныш кандай кыйын”, – деп жазылган экен. Мен туу туткан киши Сократтын: “Мен эч нерсе билбегендигимди гана билем”, – деген улуу сөзү бар. Өзүңдү өзүң таануу үчүн Кудайды өзүңдөн изде. Мен 40 жашымда баарын таштап, ушул жолго түштүм. Өзүмдү таануу, кудайтаануу жолунда жүрүп, эски китептерди окуп, буга ынандым: Тазаруу жолунда жүргөңдө бир улуу сезим – Сүйүү пайда болот экен. Ошол сүйүү адамзатты бириктирет, ынтымакка алып келет.

Тибеттин эли менен америкадагы индеецтер – булар Кудайдын эли болушкан. Алар Кудайдын айтканындай жашаган эл болушкан. “Алдымы карасам – улуулук, сулуулук, артымы карасам – улуулук, сулуулук, үстүмү карасам улуулук, сулуулук, туш-тарабымды карасам – улуулук, сулуулук, – деп айткан экен индеецтердин бир өкүлү”.

Адамда Кудайдын беш сапаты пайда болсо, ошондо дүйнө биригет. Алар: мээрим, кайрымдуулук, боорукердик, кечиримдүүлүк, сабырдуулук. Бул беш сапатка адам тазаруу жолунда өмүр бою жүрүү менен гана жетише алат экен.

*****

Ош шаарында өткөн жолугушууларда Кубатбек акенин жөнөкөйлүк жана тереңдик касиеттери өзгөчө сезилди . Баарынан да кечеде сөзгө чыккандардын анын таланты, улуулугу, чыгармачылык өзгөчөлүгү, адамтаануу философиясы жөнүндө эргүү жана эмоция менен сүйлөшкөн сөздөрүнө кайдыгер болду. Кудай адамды кандай кылып жаратканын жана адамдык табигый сапаттарды беш манжасындай ажыратып билип калган даанышман ойчул бул мактоо-жактоодон, азыркы замандын адамдарынан чарчап, өзү чырпыктайынан көктөткөн, тынымсыз өсүүсүн токтотпогон, дүпүйгөн бай түп дарактар өскөн багына качып кеткиси, ой-тааным океанынын тереңине чумкугусу келип турганы сезилип жатты.

Эми анын ички ойлорун, тапкан табылгасын китептеринен окуйбуз деп жубаттык өзүбүздү. Анткени, кайрымдуулук-кечеде түшкөн каражат Кубатбек Жусубалиевдин акыркы жылдары жазып, бир сандык кылып топтоп койгон чыгармаларын басмадан чыгарууга жумшаларын билдик. Акын, жазуучу, классик, адамтаануучу, ойчул Кубатбек Жусубалиевдин Адамзатка айтаары да, калтыруучу мурасы да көп.

Даярдаган: Зинакан Пасанова