Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи өттү

Бүгүн К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

КР Улуттук жазуучулар союзунун салттуу түрдө эки жылда бир ирет ыйгарылып келген А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыгы, балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо атындагы республикалык адабий сыйлыгы жана быйыл алгач ирет уюштурулган проза багытындагы М.Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы конкурстук негизде тандалып алынган авторлорго ыйгарылды.

Акын Махабат Молдалиева “Айгерим” аттуу китеби үчүн, акын Бурулкан Карагулова “Ойдун эшиги” аттуу китеби үчүн, акын, котормочу А.Исмаилов “Агыш түн” аттуу китеби үчүн А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушту. Ал эми балдар адабияты боюнча Батмахан Абдухамидова “Сыйкырдуу белек” китеби үчүн Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болду. Лауреаттарга төш белги, диплом жана 10 000 (он миң) сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Проза багытында алгач ирет уюштурулган М.Элебаев атындагы адабий сыйлык “Беделдеги каргыш” (Мисмилдирик) китеби үчүн жазуучу Арслан Койчиевге ыйгарылды. Бул сыйлык башка адабий сыйлыктардан айырмаланып лауреаттык диплом, төш белги жана 50 000 (элүү миң) сомдук сертификат берилди. Сыйлыкка “Прогресс Түп” коомдук бирикмеси, анын мүчөсү Замир Айылчиев жана Улан Усуповдор каржылык колдоо көрсөттү.

Сыйлык тапшыруу аземине Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, комиссия мүчөлөрү, эл жазуучулары, эл акындары, маданият ишмерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында Улуттук жазуучулар союзуна моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп келген инсандарга ыраазычылык барактары берилди. Каржылык колдоо көрсөткөндөрдүн арасында ишкерлер, коомдук уюмдар, фонддор, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары да бар.

С,