Сүйөркул Тургунбаев: Мен өзүмдү эмир сезчүмүн, Баратканда сага жанашып

Бийик ойлор

Көөдөнүңдө канча баккан гүлүң бар,

ал гүлдөрдү сен бапестеп өстүрсөң.

алар күтөт сенден мөлтүр тамчылар

мөлтүр тамчы – сенин тунук ойлоруң

шол ойлордон гүл барчалар ачылар

ошол бийик идеялар шоораты

Ата-Журттун асманында жаркырап

салют сымал шоола чачып атылар

элге, жерге той түшкөндөй чачырар.

 

Кыздары бышып мөлтүрөп

-Кыякка кыяк кышмы-шыяк

кыздары бышып мөлтүрөп

азгырган тарап кайсыл жак?

 

Кулангабыз беренден

кубандырган сөз чыгат:

-кызыктырган ар убак

Кызыл-Ай деп аталат

Кыздаркандын айлы жак.

 

-Оң тарап да, сол тарап

Жийденин жыты буркурап.

Куштардын үнү чулдурайт

Ушул жактын дайынын

Жашырбастан ачык айт.

 

-Жийдебурак жыт бурап

Булбулдун үнү безенген

Жийдегүлдүн айлы жак –

Жалпыбыз жарпты жазчу жак.

Жаштардын баарын дүргүтүп

Кудаларды сүйүнтүп

Кыз-келинин жүгүртүп

Биз күйөөлөп барчу жак.

 

Махабат

Өмүр күнүң – зуулап өткөн тулпар ат

Айлап-жылдап, күн санап да, саат санап

Кыбыраган бардык жанды жылоолоп,

Бул жашоонун жар-кырына будоолоп –

Карылыктын кабырына алпарат.

 

Мезгил – мөөсүл, ал төбөңдө дамаамат

Кан-жаныңды, кан затыңды аралап.

Аз күлдүрүп, көп күйдүрүп, жаралап,

“Туулдуң-өлдүң” деген мыйзам аткарат.

 

Арасында эки тешик – эки эшик

Түйшүк менен өмүр өтөт закымдап.

Лекин дайым он сегизде жигиттей,

Он бештеги кыздай сүйкүм махабат.

 

Түбөлүккө эч карыбай түрлөнүп,

Жагалданып жаш сулуудай жасанат.

Наристедей жаңы гана бүр ачкан,

Ал күн сайын миң кубулуп жашарат.

 

Билгин

Сындайм десең ат сынын,

Тарпаңбы же дулдулун

Тукум-тегин түргүлөп

Арыганда бир көргүн.

 

Сындайм десең эр сынын,

Заади-насли кимдигин

Түпкү тегин түргүлөп

Карыганда бир көргүн.

 

Алешемби, асылбы,

Алган жарың кимдигин

Түшкөндө башка мүшкүл күн

Ошондо баалап бир билгин.

 

Шамал

Шамал шер оболотуп деңиз-мухит

Ай чапчытып аска-зоодой толкундарын

Цунами, торнадо, тайфун айдап

Бийге салып тоо, токой-дарактарын

Ырдатып терек-талын, ыргайларын

Талаа түз, кокту-колот, капчыгайын

Сесин алып калаа, чөл, өрөөндөрдүн

“Айдар! Айдар!” – деп койсо – айгай салып

Чаң-тополоң кыласың жердин шарын.

 

Жел түбү Желпиништен дүрмөт алып

Түпкүрүнөн эчен кабат-катмарлардын

Атып чыккан ааламдык кубат-күчтөн

Дем бүрккөнү окшойсуң табийгаттын.

 

Асылым

Гүлгө каткан күлгүн күмүшүм

Кумга каткан асыл алтыным

Майрамы элең жүргөн жериңдин

Шайыры элең шатман элиңдин.

 

Катар бассак бойлор жарашып

Суктанышчу элдер карашып

Мен өзүмдү эмир сезчүмүн

Баратканда сага жанашып.

 

Ай жанымда кошо баскандай

Албырчу эле анда көңүлүм.

Күн жанымда кошо жүргөндөй

Күлгүн эле жаздай өмүрүм…

 

Кудайдын бир аты – дос, бир аты махабат

Сен ссахнага ырдап чыктың

Бийлеп чыктың жаркылдап

Канча көздөр саа тигилди

Талантыңа кол чапкылап

Алышты көп ырахат.

Ошол саатта ажал мерез

Турду сени аңдый карап

Алты кадам арыраак

Көз ирмемде жаныңды алып

Мерт кылууга батыраак.

Көзгө илээшпей “шып” деп кирип

Сүйгөн адам өлүмдөн бат.

Сахнадан шарт алып кетип

Сени ажалдан калды сактап.

Жараткандан бул шарапат –

Билсең Теңир жүз ысмынын

Бир аты ыйык – Махабат

Күндөн бүткөн күлпөтү анын

Айдан бүткөн айбары ак

Жаамы жашоо ажар-куту

Ал – ааламдык махабат.

 

Махабат дайыма жаш

Биз жаш кезде кечки калаа

Көңүлдү толкутчу эле жанарлана

Фонтандар атылчу эле эмен бакта

Неон шамдар жанчу эле миң нурлана

Алоо жагып дилге рух поэзия

Көңүлдөрдү албыртчу кайда барба

Махабат жыттанчу эле жуткан аба…

 

*****

Махабаттын эч карыбас себеби –

Ал тирүүлүк каны-жаны, тиреги.

Кызыктырып, жагалдантып жашоону

Адамдардын айкалышкан тилеги

Бул турмуштун согуп турган жүрөгү.