Таппай жатам
Кечирип кой! сурап, таппайм тулкумдан,
сага болгон сезимимди жулкунган,
кеткенби же таштап салып денемди,
“кош” деген сөз чыккан кезде ууртуңдан.
Бактымды издеп; Батыш жолго түштүм мен,
бууланганбы изибиз же үп күндөн?
Убакыттын түшүп алып алдына,
башка издерге шерик болуп үшкүргөн.
А булуттун боюнда бар келечек,
Сулуу булут тамчы менен жел ичет.
Өткөндөрдүн ирет изин жууганга,
төкчү жаанды билбейм кимдер ченешет?..
Ысымыңды жүрөгүмдөн жууганга,
билбейм тагдыр кимдер менен кеңешет…
*****
Жаратканым кезиккенде сүйүүмө,
орунуңдан оодарылып бир койчу
жүрөктөгү.
Күзгүдөгү адамды түшүнгөндөй
түшүнүк бар жандууга кезиккенде,
белги берчи кандайдыр максатым бар:
керексизге керектүү күчүм бөлбөй,
– күн өткөрүү.
*****
Жазга койчу жок жарыткан талабым,
муктаж болдум кызматына санаанын.
Көрөгөчтүк туюмумду тумчулап,
сен келбечү кездешүүгө барамын.
Сунушум жок нымдуу жазга демиккен,
Дымак да жок баягыдай ээликкен.
Баш жетчүдөй саначу элем тамчыны,
акылсынгам азыр болсо кемик мен.
Акыл болуп эңсөө күдөө булагы.
болжоп алгам бир кезигүү сыягы,
Келгин куштай учуп келип жазында,
болуп калсам сары күздө уялуу.
*****
Түшүнүп ыйбаа кылчы,
өзүмдү түшүнгөнчө сынак арбын.
Өксүбөй күлө жүрчү!
жетишет менин тарткан убай-салгым.
Жашыңды тыя турчу,
чындыгын билбей ансыз жаш кулатып,
бир ирет барчу жерге,
жүз ирет баргам, Эгем жан чыдатып.
Өзгөрбө мага ыктап,
сен үчүн өзгөрүүнү мүдөө кылгам.
Күнөөлүү сезбе өзүң,
ансыз да ашыгырак күнөө жыйгам.
Ишенбе убакытка!
дабалык касиетин желге чачып,
баркы жок, бат өтүүдө жүдөө, ылдам.
Тынч гана сүйүп койчу,
Менден да ал сезимди сурабастан.
Карт тагдыр бешенемди,
карызча карматпастан жула качкан.
Маңдайга жазган болсо табышабыз…
жөн гана сүйүп койчу сынабастан!
Сүйүү –……..
Сүйүү сен сүр-сезимсиң менден мокок,
атың бар андан башка эчтемкең жок!,
а бирок бир тилдеги бийлигиңден,
орунун жерден таппай жүрөт тозок.
Өлчөсөң чыкпайт салмак грамм дагы,
Жер бетин курчап турат тулаң дары.
Кудайдын бизге жазган китебинин,
өзөгүн сүйүү түзөт курандагы.
Көтөрүп жүргөн жүрөк бирден дүйнө,
шайтандар баш бага албай жиндер күндө.
Ааламдын Эгедери ойлонбостон,
жүрөккө сүйүү менен кирген бирге.
Сүйүүнүн жайы таза, өзү улук,
Сүйүүнү колдоно албайт жаттар жулуп.
Сүйүүнү жүрөк аңдайт, жүрөк тандайт,
Сүйүүнү Кудай берет өзү сууруп.
Эмгектин үзүрлөрүн жагып алга,
Адамзат көчүп кетсе жаңы айга.
Махабат тосуп алмак кучак жайып,
Махабат жашай берет адам барда.
Жүрөк
Сен мени көргөн менен,
мен сени көрбөй жүрөм.
Сен тынбай соккон үчүн,
мен дале өлбөй жүрөм.
Мен сени эстебеймин,
сен мени унутпайсың.
Жаңыртып сезимимди,
Жанымды улуктайсың.
Көлөмүң кичине эле,
чоң болсо томуктайсың.
Ойготуп махабатты,
кучактап чогуу уктайсың.
Кудайдын жер бетинде,
карыбас өкүлүсүң.
Сүйдүрүп, жек көргөзчү,
сүйүүнүн өкүмүсүң.
Сен тынбай сүйсөң эле,
жашаймын жогум табып.
Сен сүйбөй калган күнү,
түбөлүк уктаарым чын,
колумду боорума алып.
*****
Ай аракет кылууда…
Ашепкесин көргөзбөөгө дүйнөнүн.
Жердин бетин өзгөртүүгө дит коюп,
ташты, кышты, дубал жана темирди,
жумшак заттай көргөзүүдө тийгенин.
Түн аракет кылууда…
Караңгыга катып, чачып ашыгын.
Адамзатты алаксытып көр-тирден
ааламына жайып: Чолпон, Жетиген,
Саманчынын жолун, Алтын казыгын.
Кыйын болду буга да…
Өзүн жерден көрө албай изденип.
Эстеп булут, бүркүт менен учканын,
Тоо бетинде жаткан күнүн чалкалап.
Баалуулукту күндүз өзү санаган,
баасыз кылып салган түнгө жинденип.
Көлөкөм ай, турат чырак түбүндө,
жарык сунуп жандантканча күн келип.
Күн аракет кылууда…
Ак барак
Сырдашпай калдым ак барак мени кечиргин.
Кунарсыз коомго сиңбес бир мен да кеч үнмүн.
Тагдырын ырдын таң калып билбей турасың,
дапдаяр ырды төрт бурчтан жазып көчүрдүм.
Сыянын даамын сөздөрдөн түркүн татчусуң,
мен таппай калган саптарды издеп тапчусуң.
Сыр катып алган ак жарык болуп түнчүндө,
агарчу таңга азгырып, ала каччусуң.
Тамганын, сөздүн барк-баасы калды билинбей
себеби; сөздөр оңдолуп калды, чийилбей.
Синоним – эгиз, эски сөз турса чийилип,
жаңы өмүрү үчүн түшчү эмес тамга сүйүлбөй.
Келгенде эргүү табылбай калып ак барак,
унтулуп калат улуу ой, кайдан жаттамак.
Билинчү баркы жазылбай калып чыгарма,
келгенде эргүү табылбай калып ак барак
Даярдык
Даярдап жүрөм өзүм төңкөрүшкө,
тагдыр да түрткөн турат эңкейишке.
Жок болом бул көйгөйдү көтөрө албай,
татыктуу жооп кайтарам өзгөрүп же!
Жүрбөсөм керек доордо жөн жүгүрүп,
чабуулуң жаса кылым! көндү күлүк.
Ала бер мага жакын адамымды,
мен да алам сага жакын ойду жулуп!
Жашында алың жеткен эмес сенин,
убакыт менен жашын керектедиң.
Убайым тарттырам деп алдың эле,
унутпаш керектигин эми эстедим.
Унттуруп түп дарегин бөксө үйдүн,
кулатып Ала-Тоомду, дөңсөө кылдың.
Дүйнөбүз бир жыштыкка түшөт күндө,
Теңир-Тоо чокуларын көмсө күүгүм.
Экинчи ай (февраль) кыскалыгы жакчу эмес,
өмүрүм эки күндөн узарчудай;
атамдын жазды көрүп калганы үчүн,
биринчи жолу айды турам сыйлай.
Унутуп Жараткандан даба аларын,
энемден сурачу элем ал-абалын.
Куранды окуп туруп багышталган,
Эгемден сурап калдым жан абалын.
Сураныч!
Кудайым, Теңирим, Жаратканым!
Сен жазган китепте, барактамын.
Суранам, Тагдырдын Калемгери,
бир жерин өзгөртүп койчу чийип,
эмнени сурандым билесиң да,
жараат барын.
Же тагдыр чийилип оңдолбойбу?
Сен чийген жолдон бөлөк жол болбойбу?
Көшөрүп көп кылган аракетин көрмөксөн,
бул тагдыр, жазмышың – деп,
Убакыт, саатын, мөөнөтүн жеп,
колдонмойбу?
Жашоомдун кулаган бийиги ушу,
– баягы жүрөктүн чийигичи.
Барбы?
Өттү бир күн, ким бирөөсүз сүрүлүп,
Ал күнүмдү ээлеп калды жаш адам.
Күндөр сансыз башты сууруп тирликтен,
көк асманга карабастан жашаган.
Ааламды кой, асман барбы үстүдө?
“Асман” дейбиз кармалбас көк түстү эле.
Ким асманга башы менен урунуп,
ким көктөгү булутту өөп түштү эле?
Жалгыз калды нур кирдебей чачырап.
мейкиндиктен туруп жерди асырайт.
Чын чынында күүгүм тартып, батпайт күн,
күндүн нуру жерди айлантып, батырат.