Котормо

Уильям Джейкобс: Үй бүлѳгѳ кам кѳрүү

Үй бүлѳгѳ кам кѳрүү

Соода токтоп калганынан пайдаланып, бир фунттук шекерди пакеттерге салып таразага тартып жаткан Жерншо мырза колдорун ушалап, жаңы эле дүкѳнгѳ кирген бою узун, күнгѳ күйгѳн мырзанын буйрутмасын күтүп калды. Бырыштарга баткан кѳк кѳздѳрүнѳн улам, кырк жаштардагы жакшы сакталган киши экен деп ойлоду.

-Харри сенсиңби! –Жерншо кыйкырып жиберди. – Харри Баррет!

-Ооба менмин! – деди тигиниси кучагын жайып.

Толкунданган Жерншо кол алышып, дүкѳндүн аркасындагы чакан конок бѳлмѳгѳ жолдоду.

-Он беш жыл – отургучка отуруп жатып Баррет айтты – баары баягысындай, эч ѳзгѳрбѳптүр.

-Веб кѳчѳсүндѳгү үйүнѳ Барретти киргиздим деп Смитсон айтты эле, бирок сен экениңди билген эмесмин, – деди дүкѳнчү. Жакшы эле ийгиликтерге жетишсең керек?

Баррет башын ийкегиледи. – Жаман эмес – деди токтоо. Жашоомо жетет. Мелбурн жакшы, бирок батып бараткан ѳмүрүмдү ѳз жеримде ѳткѳрѳйүн дедим.

-Батып бараткан! – досу кайталады.

-Кырк үч – деди Баррет оор басырыктуу. Карып баратам.

-Сен деги ѳзгѳрбѳптүрсүң – деди дүкѳнчү кубарган бакенбардын сылай. Аялың анан жети балаң болсо кѳрмѳкмүн. Эмне жалгыз …?

Баррет мырза аянычтуу онтоду. – Үйдүн ички турманына жардам бербесең болбойт – деди ал жай. Мурда менин такыр үйүм болгон эмес, анча биле бербейм.

-Колумдан келгенин кылайын – деди досу. – Азырынча кѳп албай коё тур, үйлѳнүп каларсың, менин тандоом ага жакпай калышы мүмкүн.

Баррет мырза күлдү. – Үйлѳнбѳйм – деди ал ишендире.

-Прентис бийкечтен кабар алдыңбы? – Жерншо мырза сурады.

-Жок- деди ал, бир аз албырып. – Эмнеге?

-Ал дагы эле бойдок – деди дүкѳнчү.

-Бойдок болсо эмне экен?! – Баррет мырза жылуу талап кылды. – Бойдок болсо, эмне экен?!

-Эч нерсе – деди Жерншо мырза. Эч нерсе, жѳн эле мен …

-Анан? – деди беркиси, тигиниси токтоп калганда.

-Мен – жашоо шартыңды оңдоп алуу үчүн Австралияга кеттиң деген ой келди – дүкѳнчү мыңкылдады. Үйлѳнгѳнгѳ шартың болбогону –

-Бала жана кыз качанкы окуя. –Баррет мырза кесе айтты. Он беш жыл мурунку окуя. Аны кѳрсѳм да таанымак эмес болушум керек. Апасы дагы эле барбы?

-Албетте – деди Жерншо мырза баса белгилеп. Сен кетип жатканда энеси кандай болсо, Луиза дал ошондой.

Баррет мырза калчылдады.

-Сен сѳзсүз алар менен кѳрүшүшүң керек. Кѳптѳн бери келбегениңе таң калышат.

-Мейли, таң калышсын – деди Баррет мырза уялыңкы. Бардык эски досторум менен кезеги менен кѳрүшѳм. Алар менен кѳрүшүштѳн мурда сага келгенимдин четин чыгарасың да, анан алардын ою билинет да. Үй даяр болгуча шаарда тура турам; кийинки жолу келгенде, бирѳѳсүнѳ барам.

-Бул да ѳзүнчѳ ишара – Жерншо мырза макул болду. – Прентис бийкечке бул ишаралар анча ылайык эмес.

-Кѳрѳбүз –деди Баррет мырза.

Анын планына ылайык, ѳтѳ узак аралыкта кыска мѳѳнѳткѳ келиши  менен туулуп ѳскѳн айлына кайтып келүү жышаанын кылды. Кѳпѳлѳк кишиден бешбетер бир-эки кѳчѳ зуулдап ѳтүп, эски достугун жандандыруу үчүн жарым саатка конуп, кайра жоголуп кетип турду. Ушуга окшогон жыйырма чакты ишарадан кийин, Рамсберидеги жаңы үйүнѳ биротоло жашаганы кайтып келди.

-Сага баа бердим, Жерншо – деди ал ыраазы боло. Сен болбосоң, баш аламан кылып салмакмын.

-Жакшы болуптур. Ѳтѳ жакшы – деди Жерншо

-Бул эми эч нерсе эмес – деди ээси анча жактырбай.

-Жакшы – деди Жерншо. Мен аялдарды билбейм, анан, ошо. Ушуга окшотуп, үйдү жалгыз ѳзүм күтүп алам десең, жаңылышасың. Бул деген уя; аял киргенде гана үй уяга айланат.

Баррет мырза ишенбей сүйлѳндү.

-Сага тѳрт күн берем – деди Жерншо.

Чындыгында Прентис айым кызы менен бешинчи күн дегенде келишти. Бет аарчысын башына жаап, уйкусурап креслодо отурган Баррет мырза алардын үндѳрүн жана үй жумушчусунун чын дили менен тосуп алганын укту. Ал уйпаланган чачын шаша буша түздѳп жатканда алар кирип келишти.

-Кутмандуу күнүңүздѳр менен! – деди ал кол алыша.

Прентис айым токтоо алик алды, отургучка отуруп жатып, бѳлмѳнү айланта карады.

-Аба ырайы жагымдуу – деди Баррет мырза.

-Абдан – деди Прентис айым.

-Сизди кайрадан кѳргѳнүмѳ кубанычтамын – деди Баррет мырза.

-Биз эбак эле кѳрүшсѳк болмок – деди Прентис айым, – сиздин ишиңиз чачтан кѳп экенин жана Луизага жагымдуу сюрприз тартууларыңызды айткам. Ковёруңуз жакшы экен, сагачы Луиза, жактыбы?

Ага жаккандыгын Прентис бийкеч билдирди.

-Бѳлмѳ жакшы экен, абасы да таза – деди Прентис айым – чечим кабыл алардан мурда мага кайрылбаганың кандай ѳкүнүчтүү. Ушундай эле акчага жакшыраак үйдү кѳрсѳтмѳкмүн.

-Бул үй мага жагат – деди Баррет мырза. Бардыгы мен каалагандай.

-Дурус экен – Прентис айым жагымдуу коштоп койду. Мынча жыл бою кандай анан?

Баррет мырза дени сак, маанайы мыкты экенин шашыла жооп кайтарды.

-Түзүк кѳрүнѳсүң! – деди Прентис айым. Экѳѳң тең ѳзгѳрбѳптүрсүңѳр – кызы экѳѳнѳ алмак салмак карап, кошумчалап койду. Жолуң болсун, бир да жазып койгон жоксуң го. Мүмкүн сенин кылганың туурадыр.

Баррет мырза анын зекиген жемесин жумшартуучу кадимкидей суроо издеп жатты, бирок кайра баш тартты. Ал отурду да кандайдыр бир кооптонуу менен Прентис айымга тигиле карады.

-Мен, мен жаза алган жокмун – деди ал акыры айласы кетип; менин аялым…

-Сенин эмнең? – кыйкырып жиберди Прентис айым.

-Аялым – деди Баррет мырза күтүүсүз токтоолук менен тобокелге салып: – Аялым жактырмак эмес.

Прентис айым ѳзүн колго алууга аракеттенди.

-Сенин үйлѳнгѳнүңдү эч качан уккан эмесмин – деди деми кыстыга. Эмне үчүн ал быякта эмес?

-Отубуз күйүшкѳн жок – деди ишеничтүү, Баррет мырза. – Аны менен тил табышуу кыйын болду; балдарды ага калтырдым…

-Бал… – деген боюнча сѳзүн уланта албай токтоп калды Прентис айым.

-Бешѳѳ – деди Баррет мырза тагдырына баш ийгендей. Аларды, ѳзгѳчѳ балдарыңды калтырып кетүү боор этиңди үзүп алгандай болот экен. Мен кетип жаткан күнү кичүүсүнүн биринчи тиши чыгып жаткан.

Анын айтканы алардын бир кулагынан кирип, экинчи кулагынан чыгып кетти. Прентис айым ѳмүрүндѳ биринчи жолу эмне дээрин билбей, акыл-эсин жыйноого аракеттенип отурду. Мүмкүн болбой турган эмес, бирок оор тапшырмага камданып келген болчу. Ал ушунчалык токтоолук менен абалдан чыгып кетти.

-Балдар үчүн эң жакшысы энеси менен болгону – деди ал ордунан туруп жатып.

-Ооба, эң жакшысы.

-Кандай аял болгон күндѳ да – деп улантты кары аял. –Луиза, даярсыңбы?

Баррет мырза аларды эшикке узатты да бѳлмѳсүнѳ кайтып келип, алардын кѳчѳдѳн ѳйдѳ кетип бара жатканын маашырлана карап турду.

-Элге жайбайт болду бекен? – деп күбүрѳндү.

Анын сары санаасы кийинки күнү элге жайылды. Анын үй бүлѳлүк кыйынчылыктарын бүтүн Рамсбери билди жана Баррет мырза кагазга балдарынын аттарын, жаш курагын жазып жатка айтып калганга чейин ошону гана кызуу талкуулап жаткандай сезилди.

Прентис үй бүлѳсүнүн назарынан кутулган Баррет мырза кѳчѳдѳ ээн эркин басып жүрдү; аялы тууралуу жаман сѳз айтпагандыгы үчүн ага ызаат кѳрсѳтүп жатышты. Анын ѳз кемчиликтери бар эле, эми алар миңдеген миль узакта калды – деп, эстебегенге аракет кылчу. Ага карыздар экенин да ынанымдуу кошумчалар эле.

Бир нече ай бою анын оюн ѳзгѳртүүгѳ себеп болгон жок. Анын тапкычтыгынан улам Прентис үй бүлѳсү ал үчүн коркунуч туудурбай калды. Кѳңүл ачып, жеңил жашоодо, кубанычта, эч кимге башын байлабай жашап жүрдү, башталгыч мектепке мугалим болуп келген Грейс Линдси бийкечтин келиши бардыгын күтүүсүздѳн ойрондотту.

Баррет мырзанын башы дароо айланды, кѳчѳдѳгү кездешүүлѳрдѳн, орток досторунун үйүндѳгү жолугушуулардан кийин, ымандай сырын бѳлүшүүгѳ Жерншо мырзага жѳнѳдү.

-Сенин мээңди айланткыдай анын эмнеси бар? – Жерншо мырза ѳктѳм сурады.

-Ал менин жүрѳгүмѳ чок салды – деди Баррет мырза.

-Чок салдыбы? – анын жообун кайталады досу. Мен сага таң калып жатам. Сенин мындай менен ишиң жок эмес беле?

-Эмнеге болбосун? – Баррет мырза талап кылды.

-Эмнеге болбосун? – кайталады тигиниси. Аялың менен балдарыңды унутуп калдыңбы?

Ачыгын айтканда Баррет мырза аларды унутуп калган эле, отургучтун жѳлѳнгүчүнѳ шалдайып, оозун ачкан боюнча тигилип калды.

-Абалың жакшы эмес.

-Ооба, ѳтѳ начар – деди Баррет мырза кышылдап. Эми эмне кылам?

-Кылам? – кайталады тигиниси жалдырап. Эч нерсе! Аялың менен балдарыңды алдырмайын. Аялыңа бир нерсе болсо, эмне болгон күндѳ да эң кенжесин алдырмаксың да туурабы?

Баррет мырза жымың дей түштү.

-Ойлонуп кѳр – деди Жерншо.

-Макул –деди чын дилинен Баррет мырза.

Ал ойго чѳмүлүп үйүнѳ баратты. Ал табиятынан боорукер эле, Баррет айымга ѳлүмдүн эң оңой жолун ойлонуп жатты. Акыры ал жүрѳк ооруга токтолду, эки жумадан кийин Австралиядан келген каттан кайгылуу кабарды бүтүн Рамсберри билди. Жесилдин аза күтүүсү, жалпы эле жүрүм – туруму мактоого арзырлык эле.

-Ошентип ал акыреттен жай алды – деди Жерншо олуттуу. – Аны сен ѳлтүрдүң – деди досу.

Баррет мырза селт этти.

-Дегеним, аны таштап кетип жүрѳк оорулуу кылдың!

Баррет мырза кененирээк дем алды.

-Эми балдарды кароо сенин милдетиң, бул жеке менин эмес, баарынын ою ушундай – деди Жерншо ѳктѳм.

-Алар таята тайэнеси менен – деди Баррет мырза.

Жерншо мырза бырс күлдү.

-Тѳрт таякеси, тѳрт тайэжеси менен! – Жерншо мырза салтанаттуу кошумчалады.

-Сенин үйүңдү алар кандай гана кѳрккѳ бѳлѳмѳк, ойлонсоңчу? – деди Жерншо мырза.

Досу башын чайкады да чечкиндүү айтты: – Тайэнесине карата акыйкатсыздык болуп калмак, анын үстүнѳ Австралиянын калкынын санына эл керек.

Жеке эле мен эмес, бардыгы ушундай ойдо деген Жерншо мырзанын сѳзүн жактырбаса да туура деп тапты. Эл балдардын келишин күтүп жатты, жада калса бирѳѳсү бала багуучу катары бир кызды сунуштап жиберди.

Ал чечимин ѳзгѳртпѳй тургандыгын акыры Рамсберри билди, анын жаңы мугалимге болгон мамилесин байкашып, себебин түшүнүп, ѳз бүтүмүн чыгарып коюшту. Линдси бийкеч да ошондой ойдо болгондур, бирок мектепке баратканда же мектептен келе жатканда Баррет мырзаны жолуктурганда, жакшы саламдашкандан башка сыр берчү эмес. Баррет мырза жалгыздыгына нааразыланганда да, аны ал кѳп кайталар эле, бийкеч оюн билдирип, жооп кайтарчу эмес.

Ал эки ай аза кийимин кийип жүрдү, дагы бир айдан кийин жоготуунун жыты да билинбей калды. Анын үстүнѳ басканы ыкчам, ѳзү шайдоот болуп алды. Линдси бийкеч жыйырма сегиз жашта эле, аял эркектин ортосунда жаш айырма мааниге ээ эмес деп ѳзүн ишендирип алган.

Ал этикалык маселелерден улам үйлѳнүү сунушун киргизүүдѳн тартынып жатты. Китептен да биринчи аялдын ѳлүмү менен экинчи аялга үйлѳнүү аралыгы тууралуу тыңгылыктуу маалымат таба алган жок. Ага караганда спаржаны кантип жеш керек деген кеңеш берүүнү туура тааптыр. Бул тууралуу Жерншого акыл салды.

-Билбейм, чындап эле – деди досу, анын үстүнѳ бул маанилүү эмес.

-Маанилүү эмес? Эмнеге?

Анткени анын кѳңүлүндѳ Тилет бар. Ал сенден он жашка кичүү, анан дагы бойдок. Кыз орто жашар, беш балалуу жесилден кѳрѳ тигини тандайт да.

-Австралияда – деп сѳзүн бѳлдү.

-Бойдок деген бойдок – деди Жерншо, ал сени деле тандашы мүмкүн…

-Мен андан сурап кѳрѳм – деди Баррет мырза. Дагы бир аз күтѳ турсамбы дегем, ал манекенге турмушка чыгып, жашоосун талкалап алуусуна жол бербейм, бул менин милдетим, анын келечеги үчүн тобокелге барам. Аны менен сүйлѳшүп турганын эки жолу ѳз кѳзүм менен кѳргѳм, мындай ою бар экенин кайдан билиптирмин.

Чоочулоодон жана ачуулангандыктан жарым түнгѳ чейин ойгоо жатты, бирок кийинки күнү ойгоноору менен бактысын сынап кѳрмѳк болду. Саат тѳрттѳ галстугун үч жолу алмаштырды, тѳрттѳн он мүнѳт ѳткѳндѳ мектепти кѳздѳй жѳнѳдү. Линдси бийкечти мектептен чыгып келе жатканда жолуктурду, аба-ырайы тууралуу жакшы оюн билдиргенден кийин кайрылып, аны коштоп басты.

-Сизди жолуктурам деп ойлогом – деди акырын.

-Анан? – деди кыз

-Бүгүн абдан жалгызсырап турам – деп улантты

-Кѳбүнчѳ ушундайсыз.

-Күндѳн күнгѳ жаман болуп атам.

-Мен билем, эмнеден экенин – деди кыз назик үн менен; сиз күн кечке эч нерсе менен алектенбейсиз, жалгыз турасыз, үй кызматчыны эсепке албаганда.

Баррет мырза аны дитин коюп угуп, ага үмүттѳнѳ карап жатты.

-Сиз бир нерсени сагынып жатасыз – деди Линдси мукактана.

-Ооба – деди мырза жандана.

-Сиз кичинекей балдарыңыздын кадамдары менен үндѳрүн сагынып жатасыз.

Баррет мырза күтүүсүздѳн жолдун ортосунда токтоп калды да кайра жолун улантты.

-Мен муну мурда сизге айткан эмесмин, анткени бул менин ишим эмес, сиздин ишиңиз деп билчүмүн. Азыр деле айтмак эмесмин, бирок сиз жалгыздыгыңызды айтканда, себебин  билбей жаткандырсыз дедим.

Баррет мырза тилин жутуп алгансып баратты.

-Байкуш энесиз жетимдер! Энесиз, атасыз!

-Алар үчүн туурасы ошол! – деп акыры үн катты.

-Дайыма ушундай! – деди Линдси үшкүрүнѳ.

-Элестетип кѳрсѳңүз, мен үйлѳнѳйүн деп жаткам.

-Эмне, дагыбы? – Линдси чоочуп кетти.

-Беш баламды кара деп кайсы кыздын колун сурайм?

-Татыктуу аял балдардын курмандыкка чалынышын каалабайт – Линдси чечкиндүү жооп берди.

-Сиздин оюңузча беш балам менен мага бирѳѳ турмушка чыгабы?

-Ким билет? Кырдаалга жараша да

-Мисалы, сиз чыгат белеңиз?

Линдси андан боюн ала качып: – Билбейм! Кырдаалга жараша да.

-Балдарды салып жиберсин деп кат жазам.

Линдси эч нерсе деген жок. Аңгычакты анын үйүнүн дарбазасына келип калышты, ал шашыла кол алышты да үйүнѳ кирип кетти. Мээси чаташкан Баррет мырза үйүнѳ чай ичкени жѳнѳдү.

Бир аз ойлонгондон кийин, балдарын сууга чѳктүрүүнү чечти, аларды энеси менен кошо тынчытпаганына ѳзүн жемелеп алды. Дагы аза күтүүгѳ туура келет турбайбы, бирѳѳнүн колун суроо дагы кечеңдейт тура. Анын үстүнѳ Линдси бийкеч менен болгон сүйлѳшүү менен балдардын мезгилсиз дүйнѳдѳн кайтышынын ортосунда аралык болушу керек.

Кыз жайкы ѳргүүдѳн кайтып келерине эки үч күн калганда кайгылуу кабар келди. Кожойке Линдсиге айтканда, азага алдырган атасын, шаардыктар кантип ага кѳңүл айтып жаткандыгын угуп, ал нес болуп отурду. Ошо эки күндѳн бери оозуна наар ала элек дешет.

-Кандай ѳкүнүчтүү! Кандай ѳкүнүчтүү!

Эстүүлүк кылып, Баррет мырза аны менен бир жумача жолугушпай турду. Акыры жолугушканда, ал ѳлѳсѳлү кол алышып, баарынан кол жуугандай үмүтсүз саламдашты.

-Кайрат кылыңыз.

Баррет мырза титиреген үн менен ыраазычылыгын билдирди.

-Мен эми жападан жалгызмын. Эми тирүүмүнбү, ѳлүүмүнбү баары бир.

Линдси анын сѳзүн бѳлгѳн жок.

Бир азга үнсүз басышкандан кийин, – Кандайча ушундай болду?- деп сурады.

-Алар кеме менен жолго чыгышыптыр, кеме катуу шамалга кабылып, баары чѳгүп кетиптир.

-Ким жооптуу эле аларга?- бир топтон кийин кыз сурады.

-Кемечи.

-Кимден билдиңиз?

-Балдызым, Шарлоттадан, кат алдым. Жүрѳктү элжиреткен кат экен. Байкуш Шарлотта аларга экинчи энесиндей эле. Эми ал эч качан мурдагысындай болбойт! Эч качан!

-Катты кѳрсѳм болобу? – деди Линдси ойлуу.

-Кѳрсѳтсѳм болмок, бирок мен аны жок кылып салдым. Аны кѳргѳн сайын жаман болуп аттым – деди мырза шашыла.

-Ѳкүнүчтүү! – деди кыз ындыны ѳчүп. Кѳрсѳм болмок, бул тууралуу менин оюм башкача. Ал чындап эле балдарды жакшы кѳрчү беле?

-Ал балдар үчүн гана жашачу – деди Баррет мырза сыймыктана.

-Ошо да, алардын чѳгүп ѳлгѳнүнѳ ишенбейм! Сиз да бекер эле кыйналып жатасыз, менимче. Ушунчалык ырайымсыздык.

Баррет мырза таң калып карап калды.

-Эми баарын түшүндүм – деп улантты кыз. Тайэжеси  Шарлотта аларды абдан жакшы кѳрѳт. Бир күнү келип, балдарды алып кетпесин деген коркунуч сезим менен жүргѳн, ошонун алдын алуу үчүн бул окуяны ойлоп тааптыр.

-Шарлотта абдан чынчыл аял.

Линдси башын чайкады. – Сиз башка чынчыл, асыл адамдардайсыз. Бирѳѳлѳрдүн калп айтуусу сиздин оюңузга да келбейт. Сиз кааласаңыз да калп айта албайт болушуңуз керек.

Баррет мырза сууга чѳгүп бара жаткан капитандын аргасыз кѳздѳрүндѳй кѳз караш  менен карап турду.

-Кѳрѳсүз го, меники туура болот! – улантты кыз. Мен Шарлоттаны түшүнѳм. А эмне үчүн?!

-Эмне болду? – тынчсыздана сурады Баррет мырза.

-Азыр эле оюма келди. Ал сизге балдарды чѳгүп ѳлдү деп айтты, мүмкүн балдарга сизди эбак эле сѳѳгү сѳпѳт болду дегендир. Мындай аялдар максатына жетиш үчүн эч нерсеге карабайт.

-Сиз Шарлоттаны билбейсиз – деди мырза аргасы түгѳнүп.

-Билем. Аны азыр эле тактай коёбуз. Мелбурнда досторуңуз бар да туурабы?

-Ооба, бирин экин – деди мырза кооптоно.

-Почтого баралы, бирѳѳсү менен байланышыңыз.

Баррет мырза ыргылжың боло айтты: – Мен жазып жиберем. Чалган ыңгайсызыраак, анын үстүнѳ шашылыш эмес. Жэк Адамска жазып жиберем.

-Жазган жакшы идея эмес. Ушуну билип коюңуз.

-Эмнеге болбосун?

-Анткени сиз эси жок адамсыз. Сиздин катыңыз ал жакка жеткиче, ал досуңуз балыктын сѳѳгүнѳ какап, кызамыктан же дагы ушуга окшогон бир нерседен ѳлдү деп Мелбурндан бирѳѳ чыгат.

Уккан кулагына ишенбей, Баррет мырза нес болуп, ага карап калды. Кыздын кѳздѳрү жашылданып, эриндери титиреп турган. Ал кыздын белинен бекем кучактады.

-Эч нерсе эмес – деди жаны жай ала. Уффф! – деди. Мен сени жоготтум деп ойлогом.

-Жүрѳк ооруданбы же сууга чѳгүппү? – деп акырын сурады кыз.

Англис тилинен которгон: Алтынай Токтоматова

About the author

Жазуучулар Союзу