Гүлзада Станалиева: Айсулуу Көкөеванын «Аялдын күндөлүгү»: экзистенциалдык кризис же жашоо маӊызын издөө

Айсулуу Көкөеванын «Аялдын күндөлүгү»: экзистенциалдык кризис же жашоо маӊызын издөө

А.Көкөеванын «Аялдын күндөлүгү» аттуу жанры, баяндоо стили боюнча өзгөчөлөнгөн адаттан тыш чыгарма. Темасы айтып тургандай, чыгарма күндөлүк түрүндө жазылган. «Күндөлүктө» аял турмуш деген улуу сыноону түзгөн башынан өткөн күндөрү тууралуу баяндап отуруп, өзүнүн жан дүйнөсүн кыйнаган суроолордун үстүндө ой жүгүртөт. Чындыгында чыгарманы үстүртөн караганда, анда оор тагдырды башынан кечирген аялдын күндөрү ирээтсиз, баш аламан баяндалгандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок, эгер чыгармадагы подтекстке, баш каармандын образына көӊүл коюп карай турган болсок, «Аялдын күндөлүгүндө» бир аял кишинин башынан өткөргөн жеке тагдыры менен бирге ал жашаган мезгилдин оош-кыйышы, философиясы, коомдук-экономикалык жагдайлары чагылдырылып, көркөм иликке алынган. Тагыраак айтсак, чыгармада эки катмар бар: биринчиси, адамдын, болгондо да аял кишинин жеке тагдыр тарткысы, экинчиси, доордун жүзү жана тарыхы. Чыгарманын жалпы духу экзистенциалдык мүнөз күтөт. Анда турмуштагы хаос жана жашоо маӊызы, адамдын күн кечирүүсүнүн көйгөйлөрү, өзүн-өзү издөөсү, абийири алдындагы жеке жоопкерчилиги сыяктуу философиялык маселелер психоаналитикалык мүнөздө көркөм сүрөттөлөт. Белгилүү болгондой, экзистенциализмдин (латин. existentia — күн кечирүү, бар болуу) негизги категориялары адамдын жеке толгонуулары менен айкашкан бар болуу же болбосо күн кечирүү түшүнүгү. Экзистенциализмде адам коомго каршы коюлат да, коом адамга жат, карама-каршы келип, инсандын жекелигин жок кылып, эркиндигин ооздуктайт деп аныкталат.[1] Экзистенциалисттер мына ушул проблемаларды көтөрүп чыгып, адам бардыгынан бийик, кымбат болгону менен, арийне, турмушта тепселенип, кордолуп, коомдон сырт калган абсурддукту айтып чыгышат. Бул багыттагы чыгармалар айрыкча, Европада экинчи дүйнөлүк согуштан кийин катаал доордун запкысында калган адам кайрадан өзүнүн жашоосун саресепке салып кароого мажбур болгон мезгилде күч алган. Демек, заман өзгөрүп, мезгил, ошол мезгилде жашаган адамдын турмуштагы орду алмашкан мезгилде жашоо маӊызы тууралуу онтологиялык суроолор кайрадан курч козголгон. А.Көкөеванын чыгармасы экзистенциалдык көркөм-эстетикалык багытта жазылган, кыргыз адаибятындагы жаӊыча аракеттердин бири катары кароого негиз берет.

Чыгармада 1990-жылдан кийинки мезгил баяндалат, б.а. доор, саясий система алмашкан, бир кылымга тете мезгил өкүм сүргөн аӊ сезимдерге бекем орногон, бүтүндөй жашоонун маӊызына айланган советтик идеологиянын кыйрашы, туӊгуюкка камалган коомдук аӊ сезим, там-туӊ баскан системасыз жаӊы рыноктук мамилелердин жеке адам үчүн да, коом үчүн да психологиялык жактан оор кабылдануу процесси аял башынан өткөргөн ар бир күндүн кан тамырынан сызылып өтөт. Андыктан мындагы аялдын өтө оор турмуштук жагдайларга туш болушун, руханий жактан да, психологиялык жактан да, финансылык жактан да болуп көрбөгөндөй азап чегип кыйналышын жеке адамдын тагдырындагы көрүнүштөр катары гана кароо менен чыгарманы толук кандуу түшүнүү мүмкүн эмес. Албетте, бактысыз сүйүү, жалгыздык, жакындарынан көӊүл калуу, өзүн-өзү издөө машакаты өӊдүү көрүнүштөр баш каармандын жеке тагдырына гана тиешелүү. Анткен менен бул жагдайларды доордун ар бир адамдын тагдыр-турмушуна тийгизген таасири ого бетер күчөтүп, ого бетер чиелеништирип, баш каарманды туӊгуюкка такаганын көрөбүз. Экзистенциалист француз жазуучусу А.Камю адам менен коомдун карама-каршылыгы, адамдын бул дүйнөдөгү арсыз күн кечирүүсү, анын алсыздыгы жана жалгыздыгы, турмушунун абсурддугу тууралуу өз чыгармаларында көркөм ой жүгүртөт жана ошол абсурддукка каршы күрөш, ага кайдыгер карабоо – жашоонун негизги мааниси деп белгилейт. Экзистенциалисттер абсурддук, кооптонуучулук, коркуу, үмүтсүздүк жана жалгыздык орун алган турмушта аял кишинин турмуш кечирүүсү эки эсе оор дешет.[2]

«Күндөлүктө» аялдын, болгондо да интеллигент аялдын турмушу чагылдырылат. Чыгарма мурдагы замандагы Толгонай, Жамийла, Алтынай, Сейделер азыр кандай деген суроого жооп берген сымал. Чыгармада автор өз заманындагы, өз мезгилиндеги аялдын образын жаратууга, турмушун сүрөттөөгө умтулган. Ал заман, ал мезгил баягы Алтынай билимге суусап, келечеги кеӊ заманга кадам таштап, алган билиминин аркасы менен коомдо өз ордун тапкан доордон, кара жанын карч уруп иштеген эмгеги мекен үчүн, эл үчүн керектигин сезип, ошондон каниет, кубат, үмүт, ишеним тапкан Толгонайдын доорунан, сүйүүгө, сүйгөн адамына бекем ишенип, тагдырына тике караган Жамийланын доорунан кескин түрдө айырмаланган, билим, искусство, маданият, бардык ыйык нерселер күнүмдүк күн кечирүүнүн машакаттарына тепселип, үмүттөр, ишенимдер кыйраган, өзүӊдүн ким экениӊди түшүнүүгө өтө оор болгон учур катары сүрөттөлөт.

«Күндөлүктө» аялдын «Эӊсеп жүрүп жогорку билим алганым менен жумуш жок. Издеп жатам» дегени, жарытылуу акча таба албаган соӊ, аргасыз араӊ тапкан жумушунан бошонууга аргасыз болушу, «Эмне деген тамтык?! Мамлекет деген адамды ыйманы менен жашаганга шанс берсе… мүмкүнчүлүк берсе… Боюмдагы бала кыймылдап жатат» деген саптарда бүтүндөй ошол мезгилдин, ошол доордун трагедиясы жатат. Андан ары «Мындан ары эмне болоор экемин десеӊ… Ар кайсы кагазга «мен күчтүүмүн, сабырдуумун, сулуумун. Кекчил эмесмин, суудаймын, жаман нерселерди агызып кетем», – деп жаза берип тажап кеттим» деп жазат.

Саясий-экономикалык жактан кыйроого учурап, коомдук маселелери оргуштап күч алган мамлекетте адамдар мындан ары эмнени карманышты, кантип жашашты, кайда барып иштешти билбей, дендароо суроолордун курчоосунда калганы белгилүү. Советтик бийлик ураган соӊ, постсоветтик адамдарга экономикалык кризистен да идеологиялык, психологиялык кризис эки эсе оорго турду десек болот. Моралдык жана психологиялык жактан ишеним, таянычын бир заматта жоготкон адамдар аларды башка жактан издөөгө мажбур болушту. Белгилүү болгондой, алардын ордун басууга түрдүү диний агымдар, көзү ачыктар коомго сүрүлүп келишкен. Чыгармадагы баш каарман да ошол агымдарга аргасыз барат, ошолордон жан дүйнөсүнө таяныч, жардам издейт. Арийне, аял алардан күткөн таянычты, жардамды таба албайт. Жүрөгүн эзген бардык кайгы-муӊун көтөрүп алып, анын баш бакпаган жери калбайт, окубаган китеби калбайт. Чыгармада аялдын окуган авторлорунан афоризмдер көп келтирилет. Ал афоризмдер жашоо маӊызы тууралуу, адамдар ортосундагы мамиле тууралуу ойлор. Демек, аял мажирөө, акылы тайкы, түшүнүгү тайыз адам эмес. Ал окумал, интеллектуал, ички потенциалы күчтүү, ой жүгүртүүсү тереӊ инсан. Андыктан анын өзүн-өзү табуу аракети, изденүүсүнүн чеги жок. Ал өзүнө да, өзгөгө да өтө чынчыл. Андыктан ал сүйүүдөн да, достуктан да чынчыл мамилени күтөт. Адамдардын көздөрүнөн чындыкты, аруулукту издейт. Өзү кездешкен адамдардын сырткы кебетесин сүрөттөгөнгө караганда, ички дүйнөсүнө тереӊ үӊүлөт. Алардын жүрөгүндөгү жараатты да көрөт, ыпластыкты да сезет. Аялдын тегерегиндеги бактысыз адамдардын турмушун, турмушка болгон мамилесине тереӊ үӊүлөт, дегеле адамдын тепселенген турмушу тууралуу оор ойлорго түйшөлөт. Анын андай ойлорунан өзүнүн да, башкалардын да бири-бирине жардам берүүгө, кол сунууга шайын келтирбеген замандын коркунучтуу түрүн көрөбүз. Ушундай оош-кыйыш турмушту башынан кечирген аялдын ички дүйнөсү ренгтгенден көргөндөй, дапдайын ачык көрүнүп турат, ошону менен катар ал тегерегиндеги адамдарды да ошондой эле дапдаана көрө билет.

«-Макулсуӊбу?.. Айтчы. Ал сени керек эмес буюмдай эле таштап койду да. Макулсуӊбу? – деди.

-Ии, ошентти. Ошентти да! – деп коюп, ичимден кыжындым. Мен эле болсом, таштата коёрмун! Анан менден:

-Канча сомуӊ бар? – деди. 24 сом эле бар экен. Аны көрүп алып өзүнүн 100 сомун берди. 50 сомдук арак алып келдим. «Ачуу арак экен. Эмне, арак тандаганды билбейсиӊби?!» – дейт. Мас болдук. Анын экинчи уулу «мени эмнеге төрөдүӊ?» деп күнөөлөйт экен. Араӊ чымырканып айтып, үшкүрүп койду».

Автор чыгармасында ушундай кыска диалогдордон, сүрөттөөлөрдөн, баяндоолордон эле каармандардын бүтүндөй дүйнөсүн, психологиясын ачууга жетишкен.

Ошондой эле «Күндөлүктө» турмуш-тиричиликтин майда-барат көрүнүштөрүн кылдат сүрөттөгөнгө басым жасалат. Муну менен автор кадыресе күн кечирүүнүн артындагы болмуш тууралуу ой жүгүртүүгө барат. Төмөнкү үзүндүдөгү аялдын бала чагынан бир эскерүүгө көӊүл бөлөлү:

«Эжемдин баягы юрист жигити эмне болду экен? Барбы бул дүйнөдө, жокпу? Мейиздүү нан көргөн сайын эстейм. Эжем жүрөгү оору жигити жөнүндө апам менен сырдашкан окшойт. Дүкөнгө барып мейиздүү бөлкө нан алып келиптир. Ал аппак, мейиздүү нанга чын ыкласымдан көӊүлүм түшкөн. Жумшак нандын жагымдуу жыты каӊылжаарымды кытыгылаган бойдон сумканын ичине башка нерселер менен салынып кеткен. Эртеси эле эжем кайра келди. Көздөрү шишиген. Улам-улам өксүп ыйлайт. Баягы мейиздүү нанды дасторконго коюп койду. Жегим келбей калды. Андай нерсени көп ала берчү эмеспиз. Улам кыйнап жедиришет. Кечээ менин аябай жегим келгенин билишсе, кантишмек эле? Ал жигити жөнүндө мен эч нерсесин биле алган жокмун. Ушул күнгө чейин. Кээде Кудай адамдын сураганын бергендей көрүнөт. Бирок «иттен чыгаргандай» бергенин карасаӊ. Ден соолук сурасаӊ – бактысыздык менен, өмүр сурасаӊ – жоготуу менен».

Дегеле өмүр, жашоо, жакшылык менен жамандык тууралуу онтологиялык суроолордун тегерегинде «Күндөлүктө» ойлонто турган ой жүгүртүүлөр, баяндоолор, божомолдор, кыжаалатчылыктар арбын. «Баарын текчедеги жайларына ирээттеп, жайгаштырып чыктым эле. Өмүрдүн, жашоонун, жакшылык менен жамандыктын, жашоодогу максаттын ченин, ордун. Кечээ жакында эле, баары жылышып кетиптир. Өзүмдүн динимди жараткам, ыраатташтырган элем. Бүгүн аларым жарабай калыптыр. Баарын кайра башынан түшүп карап, куруп чыгыш керек» – дейт аял.

Белгилүү болгондой, Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолунда» Толгонай да Жер эне менен сырдашуу менен башынан өткөн турмушун баяндап, жашоо, адамзат, сүйүү, жоопкерчилик сыяктуу суроолордун тегерегинде тереӊ ой жүгүртүп, аларга жооп издейт. Мында реалисттик планда жазылган улуу жазуучунун повестинде кыргыз аялынын, ириде, эне катары образы тартылып, чыгарманын негизги идеясы бекем гуманисттик принципке негизделген согушка каршы гимн катары иштелген. Албетте, бул эки чыгарманы параллель кароого эч кандай негиз жок. Бирок, көӊүл бурдурган нерсе, бул эки чыгармада эки башка доордо жашаган эки кыргыз аялынын ички монологдору (Жер эне менен сырдашуу да, күндөлүккө төгүлүп жазуу да ички монолог катары берилген). Себеби, көркөм чыгармада каармандын ички монологу психологиялык тереӊ мазмун, оор жүк көтөрөт. Анда адамдын аӊ-сезиминде да, бей аӊ-сезиминде да жаткан турмуш мөөрүн баскан каалоо-ыкластар, толгонуулар баш багып турат. Андыктан ички монолог психоаналитикке келген пациенттин монологундай психоанализге алууга, анын өзүн, турмушун талдоого мүмкүнчүлүк түзөт. «Саманчынын жолунда» ошол доордун идеологиясы, саясий багыты Толгонайдын башына түшкөн оор тагдырдын алдында сынбашы, ишениминин, үмүтүнүн өчпөшү үчүн өбөлгө, таяныч болуп берет. Мындай болгон шартта, Толгонай эненин ичиндеги күйүт рационалдуу жол менен басылып, акыл таразасына жол бошотот. Ал эми Айсулуу Көкөеванын каарманы рационалдуулуктан атайын качат, мында иррационалдуулук доминанттуулугун жүргүзөт. Доор алмашып, тагдырлар калчанган мезгилде жашоо кечирген «Күндөлүктүн» ээсинин психологиялык оор толгонуулары, рамкага салынбаган жүрүм-туруму, чаржайыт турмушу ушуну менен түшүндүрүлөт. Арийне, бул эки чыгармада теӊ каармандар турмуштун сыноосу канчалык адам көтөрө алгыс оор болбосун, өздөрүнүн ички адамдык сапатын, абийир алдындагы жоопкерчилигин бийик кармашканын көрүүгө болот.

Көӊүл бурдура турган дагы бир жагдай, «Күндөлүктүн» мазмунунун борборунда турган негизги нерсе – жалгыздык, баш каармандын гана жалгыздыгы эмес, дегеле адам-пендесинин жалгыздыгы катары берилиши. Жалгыздык тууралуу экзистенциализмде ар бир адам кайталангыс, уникалдуу, андыктан адамдар бирин-бири түшүнүшү да кыйынга турат, ушундан улам адам жалгыздыктын туткуну болуп кала берет деген ойду бекемдешет. Чыгармадагы аял да өзүнүн кайталангыстыгы, уникалдуулугу менен айырмаланган образ. Анын «Турмуш чындыгынан качып бараткан жеримден кармап кайтарды. Эми мындай аракетимди байкаса, өлөт экенмин. Чынында мен көп кишилер үчүн жокмун да. Жок болгондун эмнесинен коркоюн? Түндө ойгондум. Мени деле мени тааныбаган бирөө түнү менен жоктоп ыйлагандай, сыздагандай сезилди. Өксүгөндөй сезилди. Кантип таанып алсам, миӊдеген көздөрдөн, тагдырлардан» деген ойлору жалгыздык тууралуу, адамды толугу менен түшүнгөн башка адамдын болушунун күмөндүгү тууралуу ойду айткансыйт. Кезинде Ч.Айтматовдун Жамийласы да дал ушул аялдын ойлорундай ойлор менен түйшөлгөн. Арийне, Жамийла өзүн жоктоп өксүгөн адамын таап кетти. Ал эми 90-жылдарда алапайын таппай турган заманда жашаган кыргыз аялы кимге ишенерин, андай көздөй кишинин табылышынан үмүтү жоктой. Ошону менен бирге кооптонуучулук, коркуу сезимдери аялдын бүт сезим-туйгусун ээлеп алганын көрүүгө болот. «Көп нерседен корком. Эсеп жетпейт. Баары эле орчундуу. Ошондуктан өзүмдүн ким экенимди билбей койдум» дейт ал. Баш каармандын Бактыгүл деген бирөөнүн туулган күнүндө бир катар каалоолор айтылганын жана ошол эле учурда ал жерде отургандардын баары, туулган күндүн ээси да ал каалоолордун ишке ашарына ичтеринен ишенбегени тууралуу айткандарына күбө болобуз. «Ишенбегени туура. Көӊүлү калып, үмүтү сынбайт» дейт аял. Демек, үмүтсүздүк, жалгыздык, өзү тууралуу, жашоосу тууралуу бир жыйынтыктуу ойго келе албай түйшөлүүсү каармандын экзистенциалдык кризиске батканынан кабарлайт.

Чыгарма күндөлүк катары жазылганы менен окуялар так ырааттуулукта баяндала бербейт. «Күндөлүктө» сөзгө алынган каармандар да кирди-чыкты каармандар. Чыгармада сюжеттик линия да жокко эсе. Чыгармада кирди-чыкты окуялар автордун берейин деген ою үчүн гана көркөм метод катары колдонулганын байкоого болот. Ошону менен катар чыгарма баяндоо, сүрөттөөлөргө жыш толгону менен бүтүндөй ой жүгүртүүгө негизделген десек жаӊылбайбыз. Андыктан чыгармада постмодернисттик адабиятка мүнөздүү чаржайыттуулук, фрагментардуулук, интертексттүүлүк орун алган. Ошону менен катар айрым учурларда баяндоо «аӊ сезим ташкыны» катары берилип, автордук стилдин өзгөчөлүгүн түзгөнүн да белгилөө керек. Ошондой эле автор айрым жерлерде стилистикалык одоночулукка жол берип койгондугу тууралуу да айта кетүү керек.

Чыгармада баш каарман өзүнүн ички туюм-сезимдерине мамиле жасаган башка адамдарга өз алдынча психоанализ жасайт. Айтылуу психоаналитик З.Фрейд «единственным ценным в психике являются чувства» дегениндей, баш каармандын сезим-туюму өтө күчтүү, ал өзүн, тегерегиндеги башка адамдарды жүрөгү менен эмпативдүү уга алат, б.а., кумурсканын да улутунганын угат. Окурманды суктандырган баш каармандын бирден-бир сапаты да, автордун образ жаратуудагы жеӊиши да ушул десек болчудай.

Чыгарма экзистенциалдык багытта жазылып, кыргыз адабиятында аялдар образынын галлереясын түзгөн чыгармалардын арасында өз ордуна ээ боло турган «ээнбаш» чыгарма десек болот. А.Көкөеванын баяндоо стили, жазуучулук даярдыгы, дүйнөтаанымы, турмуштук көз карашынын өзгөчөлүгү ага адабият айдыӊына өзүнчө стили менен кирүүгө жол ачкан. Албетте, жазуучулук чеберчиликти өнүктүрүүнүн чеги жок. Андыктан автор да өзүнүн жазуу стилинин үстүндө дагы иштөөсү, чыгармачылык күч жумшоосу керектиги тууралуу да айта кетүү керек.

Жыйынтыктап айтсак, кыраакы окумуштуу Кадыркул Даутов А.Көкөеванын китебине айткан жылуу пикиринде: «өзгөчө калем кармап, кагаз бетине сөз менен сүрөт түшүрүп, жандуу, элестүү, музыкалуу дүйнө жаратуучулардын тартчу азабы менен алчу ырахаты такыр башка» деп белгилегендей, «Аялдын күндөлүгү» автордун жан азабы менен чыгармачылык жан кумарынын айкашуусунан сызылып жаралган «тирүү» чыгарма.

—————————————————————————————————————————————–

1 Экзистенциализм, жашоо философиясынын багыты катары биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Германияда жаралып, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Францияда улантылган. Анын негидөөчүлөрү болуп Серен Кьеркегор, орус философтору Н.Б.Бердяев, Л.Шестов, француз философ-жазуучулары Ж-П.Сартр, А.Камю, немис окумуштуулары М.Хайдеггер, Ясперс ж.б. эсептелет. Экзистенция эч нерсеге багытталбаган, өзүнүн бүтүшүн аӊдаган болмуштун өзү. Экзистенция адамдын күн кечирүүсүндөгү түйшүктөр, абийир, коркуу, кооптонуу өӊдүү сезим-туйгулар аркылуу аныкталат, б.а. адам «чек аралык» абалдарда, жашоодогу эӊ оор учурларда өзүнүн экзистенциясын күн кечирүүсүнүн тамыры катары аӊдап-түшүнөт.

2 Караӊыз: Француз экзистенциалисттери Ж-П.Сартр жана Симона-де-Бовуардын эмгектери.

—————————————————————————————————————————————–

Гүлзада Станалиева – адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты, 4 илимий китептин, 30 дан ашуун илимий-публицистикалык макаланын автору, 3 китептин авторлошу.

Г.Станалиева учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде иштейт. Адабияттын теориялык маселелерин, кыргыз прозасынын учурдагы өнүгүү тенденцияларын изилдейт. Мындан тышкары ал адабиятты окутуу методикасы боюнча мугалимдерге семинарларды өткөрүп келет.