Кереметтүү керебет
Жатса бала ыйлабайт,
Жамбаш талып кыйнабайт.
Ойдогудай таптаза,
Ороо-чулгоо булгабайт.
Муса Жангазиев
Көргөн сайын күлчүмүн,
Кимдики? – деп жүрчүмүн.
Карап алып таңгалам,
Үч литрлик күлтүгүн.
Азыркылар көрө элек,
Бул да өзүнчө керемет.
Бешик эмес тим эле,
Варшавский керебет.
Мейли жайда, кышында,
Эч нерсе жок тышында.
Шимеги бар шишедей,
Маселеси ушунда.
Таңып салсаң туйлабайт,
Караманча кыйнабайт.
Көрсөтүп кой муштумду,
Коркконунан ыйлабайт.
Кара жанын жебесин,
Жалган айтат дебесин.
Бул бешикке анткени,
Жатыптырмын мен өзүм.
Массалык мас
Көл да мас, деңиз да мас, талаа да мас,
Тоо да мас, дарак да мас, калаа да мас,
Чалдар мас, кемпирлер мас, бала да мас…
Турар Кожомбердиев
Кызы мас, эжеси мас, абасы мас,
Кайнаткан самоордогу баласы мас.
Моюнду жамбаш менен алмаштырып,
Эртеден эт жасаган чарасы мас.
Коңшунун уулу менен энеси мас,
Чынжырын үзүп кеткен дөбөтү мас.
Бая эле сопсоо келген абышканын,
Кийилбей азыр минтип көлөчү мас.
Башында кемегенин бакан да мас,
Илинген ал баканга чапан да мас.
Капкагын кыйшык кийип төбөсүнө,
Май аккан ууртунан казан да мас.
Бардыгы мастыгынан араң турат,
Күчүк мас, көгүчкөн мас, таранчы мас…
Бул тойго бир да мейман келбей калды,
Анткени, кечээ кеткен кабарчы мас.
Бар менен жок
Үйүм бар 3 терезе, 2 бөлмө,
(“Үптөр” бар үй караган 7 жерде)
Жайым бар жалгыз балкон, 2 бөлмө,
(Жайлар бар жалгыз жанга 7 бөлмө)
Эргешбай Узакбаев
Үйүм бар 3 терезе, 2 бөлмө,
Балкон бар ууру кирсе секиргенге.
Эшиги канча экенин айтпаптырмын,
Ал керек ыр жазаарда бекинээрге.
Кайталап дагы айтам өзүңөргө:
Жайым бар жалгыз балкон, 2 бөлмө.
Ванна бар, туалет бар, коридор бар,
Кээде ойлойм “Эмне себеп өкүнөөргө?”
Кедеймин Узакбаев делген менен,
“Үптөр” бар байлыгына дердеңдеген.
7 там, 7 бөлмө, 7 авто…
Дагы да канчалар бар мен көрбөгөн.
Калганын санайм десем эсимде жок,
Кыскасы аларда бар, өзүмдө жок.
Жесирлик башка келбесин
Келди да, кетти кайра,
Көрүнбөйт ошо бойдон
Бечара жесир чымчык,
Бечара жесир чымчык.
Алымкан Дегенбаева
Ал чымчык окшоп кетет
Аялга кара кийген.
Акындан мен жалгызмын
Аны аяп, ага күйгөн.
Козгосом жесирлигин,
Жөн гана пендечилик.
Кейитпей силерди да,
Кетсе экен эрге тийип.
Шампан жана мен
Мен ичпейм шампандарды мас болом деп,
Мас болуп, баарыңарга жат болом деп.
Мен ичем шампандарды коштошордо,
Мен ичем шампандарды достошордо.
Бердигул Курманкулов
Шампанды суудай ичтим, мас болбодум,
Кайра ага коюндаштым, жат болбодум.
Силерден эмне кылам жашырганды,
Бир жолу аз-аз жерден таз болбодум.
Бир ичтим шампан менен коштошордо,
Сүт менен айран менен достошордо.
Сыртыңдан ичкиң эле келет экен,
Ичиңден ичкиликти токтотордо.
Көргөндө боюм тартып, оолактанам,
Мен аны барган сайын жоолап барам.
Эгерде шампаныңды иче берсем,
Бошогон бөтөлкөдөй оонап калам.
Барабандан башкасы
Мезгил-улуу музыкант,
А мен – анын аспабымын.
Турарбек Шаршенбаев
Мезгил – улуу музыкант,
А мен болсо гитармын.
Кыз тоюнда ойногон
Чилдирманмын, дутармын.
Керней болуп бир кезде
Эки метр узардым.
Гусли болдум шыңгырак,
Чыйылдаган кыл кыяк…
Баян болсом бапылдап,
Бүткүл денем жыйрылат.
Саксофонго айлансам,
Кулагыңды тундурат.
Дагы аспаптар калдыбы?
Айтылдыбы бардыгы?
Башка – көзгө сабаган
Болгум келбейт… барабан!
Автопортрет
Мен өзүм бир калыпта жүрө албаймын.
Кудайберген Жуманазаров
Оозумду кээде такыр жыялбаймын,
Ырсаңдап күлгөндөн да уялбаймын.
Жактырбай, кабагымды карыш салып,
Кээ бирде өзүмчө эле чунаңдаймын.
Кээ бирде радикулит – куяңдаймын,
Кол сунуп, шымымды да кие албаймын.
Өзүмдү балбан сезип кай бир кезде,
Тартайып таш көтөргөн крандаймын.
Таңгалам ойлоп-ойлоп бу кандаймын?
Жинимди аялыма тыялбаймын.
Кез-кезде кол көтөргөн учур болот,
А бирок хулиган тийсе – уралбаймын.
Бул ишти коеюн деп пландаймын,
Сөзүмдүн өтөөсүнө чыгалбаймын.
Кээ бирде күбүр–шыбыр кепти тыңшап,
Кээ бирде кыйкырсаң да угалбаймын.
Алтынчы күнү кечинде…
Тостоюп көздүн чанагы,
Торсоюп аппак тамагы.
Бакалар тарткан оркестр
Бакыттын түнкү баяны
Мар Алиев
Бакалар чалган оркестр
Бүлүктү салды семизге.
Көлмөгө жетип барамын
Алтынчы күнү кечинде.
Турмушта кээ бир өнөрдүн
Бири зар болсо, бири кор.
Жетишпей турат буларга
Асанхан өңдүү дирижёр.
Четтеги бирин карасам,
Чардабай тиктейт мен жакты.
Сурасаң анын кандайын,
Көрсөткүм келет бармакты.
Тостойгон эки көзүн айт,
Чок салат ичим ысытып.
Торсоюп аппак тамагы,
Бүйрүмдү кетет кызытып…
Коштошуу ыры
Каалгып жашыл аралдар,
Жаныман кайыйт таман жол.
Ала – Тоо кечин эстеткен
Бакалар, дайым аман бол!
Карбалас Бакиров
Тайгадан качып чыккандай,
Бекетке баштайт таман жол.
Ала-Тоом күтөт алыста,
Айтылуу Сибирь, аман бол!
Жабыла чардап узаткан
Жанымдай көргөн бакалар!
Соолбой сүзгөн көлүңөр,
Соо жүрсүн бала-чакаңар.
Апсайган аюуң тууралуу
Айтайын деген сөзүм жок.
Көкөйдөн кетпейт жоругу,
Көрөйүн деген көзүм жок!
Ыр – бала
Толгоо тартып, таң атканча толгонуп,
Ыр төрөдүм ак маңдайы жаркыган.
Гүлсайра Момунова
Эрдин тиштеп, купкуу тартып иреңи,
Жарылчудай тез-тез согуп жүрөгү…
Толгоо деген – өлүп, кайра тирилмей,
Анын жайын эркек шүмшүк билеби?
Мартуу басып, көзүңө “бөө” көрүнүп,
Коркконуңан кара терге чөмүлүп,
Оңой бекен онтоп жатып көз жарган,
Он омурткаң, кырк кабыргаң сөгүлүп.
Жапжаш өмүр жашоо күнүн жар салган
Салам айтты бул дүйнөгө картайган.
“Ичтен чыккан ийри жылан”, – дешчү эле,
Өзүмө окшош чүрпө тура балкайган.
Адат күтпөй эмчек сурап ыйлаган,
Үстөлүмдө тыптынч жатат ыр – балам.
Ар бир жанда айтылбаган сыр болот,
Атасы ким? – деп сураса, кыйналам.
“Ымыркайым көпчүлүк эл көрсө деп,
Ыроосуна көрүндүгүн берсе”- деп,
Тилек кылсам… үмтөтөбү бирдеме,
Киндик кескич – редактор керсейет.
Аргын тилдүү арманым
Кеч болсо да алоолонттуң денеми,
Кеч болсо да мендик болдуң сен эми.
Эске түштү улуу орус элинин:
“Лучше поздно – чем никогда” дегени.
Ташмат Арыков
Ырлар жазсам тарта берип көп тозок,
Юдахиндин сөздүгүнө окшошот.
Ойлоп коём: Улуу орус болбосо,
Калмак экем “сапожник без сапок”.
Кеп-кеңешин укпай жүрүп эч кимдин,
Кежирликтин кесепетин кеч билдим.
Бышкырбастан мурунума жараша,
“Шея барда хомут найду” дептирмин.
Кыйын дечи көп кыздардан кагуу жеш,
Бирок, уят түштөн кийин а бу деш.
Кой, Таке! – деп, далай жолу өзүмдү
Токтотчумун: “Насильно мил не будешь!”
Көптү көрүп, көптү үйрөнүп бу чакта,
Сүйгөнүмдү араң илдим тузакка.
Билбей турам, кыргыз кантип айтчу эле?
Орусчасы: “На ошибках учатся”.
Шашмалыктан жүрөк көптөн кур калды,
Чач сексейип, өмүр минтип улгайды.
Мен куруюн, эми гана түшүндүм:
“Тихо едешь-дальше будешь” турбайбы.
Шалтай-балтай не керек?
Мышыктай сылаганга көнбөй ыркка,
Мынакей, кирип келди ал да кыркка.
Өзүнүн кыялындай, жаштыгындай
Өмүрү өтүп барат тырка-турка.
Салибай Шатманов
Макал бар: “Эңкейгенге – сен дагы эңкей,
Керкейсе хан уулундай – сен да керкей!”
Мышыктай сыласам да ыркка көнбөйт,
Андыктан мамилебиз мөртөй – шөртөй.
Жоругун эстеп алып кээ бир, кээ бир,
Агалык таарынычымды айтсам жөндүр.
Ал абдан жаңылышат, мени ойлосо
Акын деп таланты бар элдир-селдир.
“Аке” деп берүүчү эле кээде чай-пай,
Жоголду… Андан бери өттү канча ай?!
Уят иш! Кыркка келип калган жанга,
Кептердин кереги эмне шалтай-балтай?
Айыптуу иш жасасам кесир-кусур,
Анда эле Салибайды нан ур, туз ур!
Ымандай сырымды айттым, кечиргиле,
Ырымдан кетип калса кетир-мутур.
Эмес!..
…Мидин деле мен эмес!
Жолочу Рысбаев
Улгайганда, капырай,
Болуп барам көрөгөч.
Эми гана түшүндүм:
Мидин деген – мен эмес.
Көлөм жактан, сан жактан
Бирок, эч бир кем эмес.
Демек, менин талантым
Такыр эле нөл эмес!
Жүрүшөт…
Кары кемпир ийик ийрип отурат,
Кампасында балдар жүрөт топурап,
Ит, мышыгы жатат күнгө кактанып,
Ирегеде тоогу жүрөт чокулап.
Эрнис Турсунов
Куулалыдан коёр эмес чочулап,
Тоогу жүрөт ар кай жерди чокулап.
Ага ыргытып колундагы нанынан,
Небереси горшогунда отурат.
Жамбашына шымы араң кармалып,
Коңшу жүрөт короосунда чандайып.
Күчүк жүрөт бирдемени шимшилеп,
Мышык жатат солнечный ванна алып.
Ийик ийрийт ак чач кемпир карыган,
Кабак чытып, чалын каарыйт ал улам.
Ары-бери басып жүрөт абышка,
Үмүт үзүп бүгүн түшкү чайынан.
Китеп калды, дептер калды партада,
Кеттик дешип буудай менен арпага…
Мурчуюшкан чал-кемпирге байкатпай,
Чычкан эмес, балдар жүрөт кампада.
Айткым келбейт көрүнүштү көмүскө,
Чымчык жүрөт үй алдында өрүктө.
А буларга байкоо салып мен жүрөм,
Тырсылдата чагып коюп чемичке.
Сен экөөбүз – нечебиз?
Сен экөөбүз жалган менен чындайбыз
Сен экөөбүз кайгы менен ырдайбыз,
Сен экөөбүз бир деңизге куйбайбыз.
Сен экөөбүз жылдыз менен жердейбиз,
Сен экөөбүз өмүр менен көрдөйбүз,
Сен экөөбүз бир уяга келбейбиз.
Турар Кожомбердиев
Сен экөөбүз жалган менен чындайбыз,
Сен экөөбүз фронт менен тылдайбыз,
Сен экөөбүз андай менен мындайбыз.
Сен экөөбүз кара менен актайбыз,
Сен экөөбүз соо жан менен мастайбыз.
Сен экөөбүз бул кагазга батпайбыз.
Жайлоодогу унутулгус түн
Уйкуда жайлоо мемиреп,
Көңүлүм чалкыйт, семирет.
Жанымда сөөктүн калганын
Эрине дөбөт кемирет.
Жолдошбай Абдыкалыков
Тамшанып уктук аскадан
Каракур үнүн наздаган.
Шимирип коюп отурдук
Кымыздан, дагы… башкадан.
Сүйлөштүк талаш көп кепти,
Түн ооп, араң эт жетти.
Колго суу куя электе
Илинип анан көз кетти.
Билбеймин, болгон кайсы убак?
Байланган бойдон тай турат.
Сарыгып суусу сүзмөнүн
Жатыптыр мага тамчылып.
Ушалап жаздым тиземди,
Белим да араң түзөлдү.
Сөөмөйдөй изин калтырып,
Өтүптүр башка үзөнгү.
Ат жеген окшойт акырдан
Арпалар жатат чачылган.
Жанымда дөбөт шоңшоёт,
Түшүнбөй буга, башым маң.
Арсылдап жаман жиникти,
Эмине кылсам бул итти?!
Алдынан дароо тааныдым
Мен жеген жото жиликти.
Аркырайт шамал капшыттан,
Дайын жок жууркан, жаздыктан.
Үй ээси эстүү киши эле,
Бу мени кайда жаткызган?
Акылы көптүн азабы
Акыл айткым келе берет бирөөгө,
Бирок аны уга турган киши жок!
Анатай Өмүрканов
Кызык белем адамдагы жан дүйнө,
Ар ким өзүн теңейт тура Ай, Күнгө.
Шашса дагы, качса дагы кол шилтеп,
Акылымды айта берем ар кимге.
Акыл айттым Даутовдой сынчыга,
Акыл айттым Мойдуновдой ырчыга.
Токтосундай пародистти көргөндө,
Токтот, – дедим, – ырларыңды чымчыма!
Жандын баары колго калем кармаган
Акыл болуп чыга келди жайнаган.
А мен болсо талантыма таңгалбайм,
Акылымдын көптүгүнө таңгалам.
Грибоедов байкуш билип мындайды
Бекеринен тартпагандыр кур кайгы.
Азап экен ашып-ташса акылың,
Ал жазгандай “Горе от ума” турбайбы.
Мончодон берген репортаж
Мончодомун,
Сол жагымда бышылдап,
Сокудай бир адам жатты чечинип.
Көптөн бери таанышындай ал мага
Өзүнчө эле сүйлөп кирди чечилип.
Нурпаис Жаркынбаев
Мончодомун,
Пишпектеги мончодо…
Калем алып отурамын ортодо.
Шашылышта сөздөр кетер артыкбаш,
Мен бул жерден бермек эле репортаж:
Сол жагымда бышылдап,
Сокудай бир адам жатат эзинип.
Оң жагымда тызылдап,
Чуркайт бирөө самын болуп көзү бүт.
Төрдө бирөө ичиркене түштү да,
Кошунасын карап калды жекирип.
Анан, бирөө чылапчын колго кармаган,
Көптөн бери таанышындай ал маган
Бир топ эле сөздөр айтты чечилип.
Анын сөзүн кантип айтам силерге?
Деги, мени койгулачы кечирип.
Мен турганда – коркпогун!
Сен эмне, чымчык конгон чырпык белең?
Бир чапса бычак мизи кыйылгандай.
Сен эмне, куйрук менен боор белең?
Жегичтер “кулк” эткизип сугунгандай.
Байдылда Сарногоев
Сен эмне, түбү чирик терек белең?
Мас келип кучактаса, жыгылгандай.
Сен эмне, таруу белең, талкан белең?
Каалаган майга көөлөп сугунгандай.
Сен эмне, билими жок байкуш белең?
Ар кимди кудай санап сыйынгандай.
Сен эмне, жаңы окуган бала белең?
Мугалим карап койсо, тыйылгандай.
Сен эмне?..
Сен эмне, мүйүзү жок торпок белең?
Сен эмне?.. Сен ошондон кормок белең?!
Кымыз ичип кызыганда…
Жайкысын жашыл тоого чыкканымда,
Тоо гүлүн караганды сонун көрөм.
Кыз көрүп кыялымда, кай бирөөнө
“Кандайсың, карындаш!”- деп колум берем.
Байдылда Сарногоев
Төр жайлоо… Кызыганча кымыз ичтим,
(Курусун, эми ал жактан үмүт үздүм.)
Баканга кызыл жоолук илип койсо,
“Кандайсың, карындаш!”- деп тийишипмин.
Анан да… бар силерге айта элегим:
Ачам деп Иван чалдын бал челегин,
Талатып бети-колум аарыларга,
Эселек балага окшоп байкеледим.
Мен азыр пайгамбардын жашындамын,
Өөн иш өзүңөрдөн жашырганым.
Аңтара тон жамынып бирөө кирсе,
“Апаа!”- деп аз-аз жерден бакырбадым.
Каркуша менен сүйлөшүү
Караңгы тартып айлана
Агарат жерде кар гана.
Көчөдө кетип баратып,
Көз салсам жалгыз каргага,
“Как живешь, поэт!”- дегенсип,
Карк этип коёт ал мага.
Байдылда Сарногоев
Көз байлам иңир кеч эле,
Келаткам ээн көчөдө.
“Как живешь?” деген үн чыгып,
“Былч” эте түштү чекеме.
Жандык деп кокуй кайдагы?
Карадым кушту талдагы.
Тааныбай жатып, тааныдым
Каркуша деген карганы.
Өзгөчө мындай нерсеге
Жалындап кетчү өрт эле.
Бобулов досум жанда жок,
“Кыргызча сүйлө!” дейт эле.
Үйрөнгөн кушпу колго деп,
Таңгалып туруп тобоо деп.
Суроого жооп кайтардым:
“Живётся хреново” деп.