Бертольд Брехт: Дүйнөдө канчалык көп китеп болсо – суроо да көп дал ошончо

Суу бара жөнүндө баллада

Дүйнөдөгү улуу адамдар жөнүндө

Санжыралуу кабар уктук көп ирет.

Алар чыкса жылдыздардай жаркырап,

Эгер кетсе күн баткандай сезилет.

 

Жок анчалык кусаматтык бул ырда,

Бирок бизге, – аларды ичирип-жедирген, –

Баткан менен чыккандары баары бир

А ким төлөйт чыгымды анда берилген?

 

Тыным албай тегеренет суу бара

Бир калыпта ала салган карааны.

Бирок суунун бир милдети ак экен

Түбөлүккө айландырыш бараны.

 

Башыбызда кожоюндар көп болду

Арасында көркоолору дагы бар.

Жолборстор да, жорулар да, камандар,

Биз тойгузган андайлардын баары бар.

 

Тепсешти алар эх! Биринен бири өтүп

Өйдө эмес да, бир өтүктөн бир өтүк.

Жогото алсак биз чогулуп кана аны?!

Жок алардын жакшы менен жаманы.

 

Тыным албай тегеренет суу бара

Бир калыпта ала салган карааны.

Бирок суунун бир милдети ак экен

Түбөлүккө айландырыш бараны.

 

Тытышты алар канча тамак талашып,

Кабыргасын кыйратышып, баш сынып.

Өңгөлөрдү кейбир айбан санашып,

А өздөрүн ойлоп сыпаа, эң сылык.

 

Канжалатып, бирин-бири талкалап,

Жаңжал чатак, күн куру эмес чекишет.

Коёлучу тамак бербей анда алар

Ошол замат биригишип кетишет.

 

Ал эми анда жүрбөй калат бара да

Бүттү! Бура колуң менен маа демек!

Агып жөнөйт суу өзүнүн жолунда

Аны кайра кайтарууга күч керек!

1933

 

Сегизинчи пил жөнүндө ыр

Жети жапан пили бар кожоюндун

Сегизинчи пили да бирге жүргөн, –

Ал жетөөнүн үстүнөн карап турат

Анткени ал ошого үйрөтүлгөн.

 

Бир да дүмүр калбасын!

Токой жакка ылдамыраак желгиле!

Милдетиңер бирин койбой омкоруу,

Күүгүм кирет эми эле!

 

Жетөө омкорот карагайды токойдон.

Сегизинчи пилди минет кожоюн.

Ал пил карап тигилерден кез албай

Айтып турат мындайча деп өз оюн.

 

Бир да дүмүр калбасын!

Карагайды бат-бат ташый бергиле!

Милдетиңер бирин койбой омкоруу,

Күүгүм кирет эми эле!

 

Иштегенден баш тартышып баарысы

Токой жакка баспай койду жетөө тең.

Каарланып келди дагы кожоюн

Сегизинчи пилге салды күрүч жем.

 

Муну эмне деп түшүнөм?

Дүмүрлөрдүн бирин койбой тергиле!

Милдетиңер карагайды омкоруу,

Күүгүм кирет эми эле!

 

Жетөө бирдей айрылды азуу тишинен,

Калды азуулуу сегизинчи пил гана.

Азуу салды жети пилге өлтүрө

А кожоюн көрүп күлөт тим гана.

 

Бир да дүмүр калбасын!

Карагайды тез-тез ташый бергиле!

Милдетиңер бирин койбой омкоруу

Күүгүм кирет эми эле!

 

Улуу бүлгүнчү жөнүндө түш

(«Немец сатирасынан»)

Мен түш көрдүм:

Операнын маңдайында аянтчада

Бая күрөң шыбакчы кезектеги

тарыхый сөзүн сүйлөп жатканда,

Чоңдугу чоң дөбөдөй картөшкө пайда болуп

бир маалда,

Ал дагы сөзүн айтып кайрылды элге:

«Мен, – деди ал үн менен санааркаган,

Силерди сактайын деп келип калдым бир нерседен.

Албетте, мен өзүм бар болгону картөшкөмүн,

аны билем.

Анча аты чыккандардан эмесмин мен.

Тарыхый китептерде мен жөнүндө сөз деле жок.

Жогор жакта, чоңдордун чөйрөсүндө,

жок менин таасирим да.

Ар-намыс жана атак-даңк сыяктуу кадыр-барктуу

Сөздөр боло калган жерде,

Орун, таасир, талашуу деген нерсе болбойт менде.

Атак-даңктан мени өйдөрөөк көрүү деген уят нерсе.

Көз жаш аккан бул өрөөндө

Менин пайдам тийгени анык көптөргө.

Ал андыктан ажырымдап айткыла ачык –

Мени менен шыбакчынын ортосун.

Бир бүтүмгө келгиле эми ким керек:

Менби, же тиги шыбакчыбы?

Аны алсаңар менден сөзсүз ажырап каласыңар.

Мени алсаңар анда сөзсүз тигини айдап саласыңар.

А демек, силерге айтар сөзүм мына:

Эгерде анын сөзүн көп уксаңар

Үлгүрөт ал мени эптеп жоготууга –

Каршы ага кыжырланып чыккан үчүн.

Силерди коркутса да өлүм менен

Мейли деп тобокелге салбасаңар, байкагыла

антпесеңер,–

Менсиз силер, силердин балдарыңар, бүт баарыңар

Чогуу бойдон кырылып каласыңар».

Картөшкө дал ушинтип айтты, анан,

Шыбакчы операда айкырып сөзүн улап

Жер-жерлерде радио даңылдап жаткан кезде,

Ажеп болбой картөшкө айткан кепте,

Түз эле көпчүлүктүн көз алдында:

Шыбакчы айткан сайын ар бир сөзүн,

Баратты улам-улам кичирейип,

Жана да ошончо элдин көз алдында кетти чирип.

 

Куулуп-сүрүлгөн акындарга жолугуу

Түшүндө ал куулуп-сүрүлгөн акындардын

Кепесине кирип барса, бер жагында куулуп-сүрүлгөн

теоретиктердин кепеси да турган экен

(андан талаш-тартыш,

каткырган күлкү угулат), аны утурлап Овидий

чыгып келип босогого, угулар-угулмаксан үн менен

Мындай дептир:

«Азырынча олтурбай коё тургун.

Сен али азырынча каза таба элексиң да.

Ким билет, кайра кайтып кетерсиң сен?!

Анан кайра бардыгы мурдагыдай болуп кетет,

бир гана

Болбойсуң сен мурдагыңдай» – дегенде

Түр менен жылмайган жана дагы боор ачыган

Бо-ЦЗЮ-и келип: «Адилетсиздикти

адилетсиздик деген үчүн

бир гана ирет, ар кимди кыйыктаса боло берет».

Анын досу Ду-Фу анда акырын айтат күлүп:

«Билсеңер кербездикти кетире албайт кууп-сүрүп».

Ошентсе, баягы эле тирүүсүндөй шалбыраган

кийим кийген

Вион сурайт тигинден:

«Үйүңдө нече эшик бар чыгып-кирген?»

Данте аны ары алпарып тартып жеңден:

«Ырларыңда кемчилик

Көп достум сенин, кээ бирөөнү ойлоп көрчү,

салыштырса

Санда жоксуң дегеле сен!» Туурадан чыкты Вольтер

Анда минтип: «Унутпа, акча жааты болсун камсыз,

ачкадан өлтүрүшөт сени ансыз!»

«Тамаша кыстара жүр»–деди Гейне.

«Жардамы жок анын» – деди Шекспир ачууланып,

жаза албай калдым

Яков келгенден соң».

«Эгерде ишиң жетсе сотко дейре –

адвокат жалдап алгын

Куу-митаамдан, мийзамдын торунун тапсын

жыртык жерин» –

Деп кеңешин берди Еврипид.

Күлкүсү бүтө электе күлгөндөрдүн

Бурч жактан күүгүмдөнгөн чыкты бир үн:

«Ырыңды жатка билген киши барбы?

Болсо да аман бойдон калабы алар?»

«Бул унутулгандар, – деди акырын

Данте келип, булардын

Өзүн гана жок кылбастан,

чыгармаларын да жок кылышкан».

Күлкүлөр кан буугандай токтоп калды.

Бир-бирин кароого эч ким батынбады.

Купкуу болуп кетти

киши келген жаңы.

 

Окумал жумушчунун суроолору

Жети капка Фиваны ким тургузду?

Китептерде жазылган жалаң падыша ысымдары.

Алар эмне, таш чегип, зоо кулатып келди беле?

Вавилонду канча бир жол кыйраган?

Аны кимдер кайра-кайра кынаган?

Күнөстүү Лиманы куруучулар

кандай жер кепелерде турушту эле

Кытай-Дувал тургузулуп бүткөн кезде

Анда иштеген ташчылар кайсы жакка кетишти эле?

Улуу Римде жеңиштердин урматына

тургузулган эстеликтер

Эң эле көп. Аларды курушкан ким?

Цезарлардын кадыры артты ким аркылуу?

Атактуу византиялыктардын бардыгы эле

Ак сарайда турду беле?

Ал түгүл, жомоктогудай укмуштуу

Атлантида суу түбүнө сорулуп баратканда

Кожоюндар кулдарын чакырышкан жардамга.

Жаш улан Искендер Зулкарнайн

Индияны каратканда,

өзү беле жалгыз гана?

Галлдарды жеңди ээ Цезарь.

Ошондо эмне, жанына ашпозчу да алган жок беле?

Испандык Филипп флотунан тыптыйпыл

айрылганда катуу ыйлаптыр

эчкирип жаш балача.

Кантип эле бир да киши

Ыйлабасын андан башка?

Фридрих Экинчи жети жылдык согушта

Жеңген экен. Ал жеңишти бөлүшүүгө

эч ким чыккан эмес бекен?

Китептин бети сайын бирден жеңиш.

Жеңиштердин салтанатын

Тойлогондо аш камдаган ким десеңиз?

Ар он жылда улуу адам чыгат.

Кимдер экен алардын акмактыгын

көтөрүп жүргөн чыдап?

Дүйнөдө канчалык көп китеп болсо – суроо да көп

дал ошончо!

 

Жоокердин жары эмне алды

Эмне алды жоокер жары посылкадан?

Салынган эзелки шаар Прагадан?

Жарына ал Прагадан белек кылган

Бут кийим –

Кооз, сонун, куп жарашкан

Салган ал эзелки шаар Прагадан.

Эмне алды жоокер жары посылкадан

Салынган борбор шаар Варшавадан?

Жиберген бир чоң түрмөк болотнайдан.

Аялы алган

Болотнайды таңгакталган

Салынган борбор шаар Варшавадан.

 

Эмне алды аялы анык жиберилген

Бир шаардан Зундедеги Осло деген?

Аяктан тумакка деп көрпө келген.

Көрүнгөндүн баарынын тумагы эмне, көрпө бекен?!

Зундрдеги шаардын Осло деген?

 

Аялы анын посылкадан эмнени алган?

Салынган санжыргалуу Роттердамдан?

Роттердамдан аялына шляпа барган

Көп аялды кызыктырган

«Маде ин Роттердам».

 

Салынган санжыргалуу Роттердамдан.

Салынган посылкадан эмне алды экен?

Борбору Бельгиянын Брюсселден

Сонун, кооз сайма келген

Кадыр түндүн алдында экен.

Сонун, кооз сайма келген

Борбору Бельгиянын Брюсселден.

 

Аялы посылкадан эмне алды экен?

Салынган жомокко окшош чоң Парижден?

Жасалма жибектерден ал жиберген,

Көңүлүнө куп төп келген

Жасалма жибек деген

Салынган жомокко окшош чоң Парижден…

 

Жарынын көңүлүнө эмне жаккан

Келгенден Триполи порту жактан?

Жиберген аялына алтын тумар –

Алтын тумар!

Ал бир кумар,

Келгенден Триполи порту жактан!

 

Эмне алды аялы анын посылкадан

Салынган алыскы суук Россиядан?

Жиберди Россиядан жоокер ага

Жесирлер кийчү кара,

Келди эми аялына,

Суук кабар алыскы Россиядан.

1942

 

Даана себеп менен куулган киши

Мен өзүм жеткен байдын баласы элем.

Ата-энем билгендерин мага айтышты:

Үйрөнүүм керек экен малай жумшап.

Малайлар майда басып мадыраңдап,

Көзүмдүн агы менен тең айланмак…

Бирок мен, эс тарткан соң талдап көрсөм –

менин тегим жана адамдар андан чыккан

Мага жакпай калышты алар такыр.

Жаккан жок малай жумшап, буйрук кылыш.

Андыктан таштадым да өз табымды

кембагалдар катарына турдум акыр.

Ушинтип чыккынчыны өстүрдү алар,

Адамга айтылбачу арам сырды, –

Мага алар үйрөтүшүп айтып турду,

Мен болсом кайра аларга тыңчы чыктым.

Ооба, мен, каткан сырды айтмакчымын.

Мен азыр эл ичинде жашап жүрөм,

Тигилердин кууланган арам сырын жакшы билем,

Андыктан жеткире элге айтып берем.

Поптордун баарын алар сатып алган,

А поптор болсо сүйлөйт латынча.

Эгерде мен которуп берсем аны,

Көрөсүңөр жанын жеген жалганчыны.

Алардын мийзам ташын колго кармап

Көрсөтөм көпчүлүккө – көрүшсүн

Жүрүшкөнүн кантип алдап:

Аларга шимшип, тыңшап жеткиришет

Казы алган арам тамак баканооздор,

Мен бүгүн кембагалдар менен бирге

Талкуулаштым кетөрүлүш планын кайсы күнгө.

Алар мени коркутушту ар кандайча.

Ак эмгегим менен тапкан оокатымдын бүт бардыгын

Тартып алды салышып таламайга. Бирок мен

Айтканымдан кайтпай койдум.

Андай болсо мына дешти:

Туш-тушумдан чыгып алып жекелешти.

Мен да аларга моюн бербей жарыя айттым

Тигилердин элге каршы иштеген кылмыштарын,

Бар да менде ал иштерге айгак өтчү кагаздарым.

Анда алар жер-жерлерге жиберишти жашыруун кат:

менин башым анда минтип айыпталат –

Ой-санаасы ар дайым бузук неме,

Жан тартат ак жеринен күйгөндөргө,

кембагал кедейлерге.

Кайсы гана жерлерге барбайын мен

Мал-мүлктүүнүн бардыгы тең

Жаны калбай турушат кармасак деп.

Бирок да кембагалдар жаны калбай

Жашынтышат жай беришип мага белен.

Айтышат анан алар сөздөрдү мындай деген:

Сени алар куугунтуктайт турбайбы

Абдан даана себеп менен.

 

Актриса куугунда

Елена Вайгелге арналат

Ал азыр боёнууда өңү-башын.

Олтурган бөлмөсү бир

Жапыз кепе.

Олтуруп бир жапыз олтургучка,

күзгүнүн

Маңдайында эңкейип үч бүктөлүп

тар кепеде боёнууда.

Өзүнө таандык бир белгилерди бетиндеги

Аябай өчүрүүдө, анткендиги

Билинсе ал белгилер аз эле эгер,

Белгилүү баары өзгөрүп кетерлиги.

Өзүнүн арык, сонун ийиндерин

улам ылдый түшүрүүдө.

Дайыма оор жумуш иштеп көнгөн кишилерче.

Көйнөгү үстүндөгү куудураган,

Жеңдери жамаачылуу

мата көйнөк бир куураган.

Кепичи боёнуучу столунун үстүндө аралашып…

Бүтөрү менен баарын даярданып

Сурайт ал барабандын кагылышын.

(Барабандын кагылганы – замбиректин атылганы).

Жана да чоң бир тордун илинип жайылганын.

Ошондо өйдө болгон

кичинекей турпаты анын,

Элестетип мүнөзүн эң улуу каармандын

Чыгат ал сахнага кепичин кийип алып,

Күрөшүн көрсөтүү үчүн

Генералдарга каршы чыккан

Андалузиялык аялдардын.

 

Куугундун узактыгы жөнүндө ойлор

Дубалга мыкты кагып кереги эмне?

Коё тур кемселиңди илбей эле.

Үч күнгө жайгашкандан пайда канча?!

Үйүңө эртеңдерден кетесиң да.

 

Сугарып көчөттөрдү кереги жок.

Дүпүйтүп бак өстүрмөк белең мында?

Күн өтүп ары-берн караганча

Кетесиң үйүң көздөй кубанычта.

 

Көзүңө түшүрө кий шляпаңды

Үйрөнүп бөтөн тилди кереги эмне?!

Үйүңө жөнө деген бир кабарды

Жеткирет билген эне тилиң деле.

 

Туурулуп түшкөн сымал там шыбагы

(Өзү эле эч ким ага тийбей эле)

Куланат зомбулуктун пайдубалы

Түбөлүк ушу бойдон турмак беле?!

 

Бул мыкты дубалга сен кактың беле!

Үйүңө кайтмакчысың эми качан?

Тереңде эмне оюң бар – билгиң келет?

Кутулуу – аракетиң бул капастан,

 

Таң күнү жер кепеде арыз жазып.

Бул сенин эмгегиңде барбы майнап?

Карачы, тигил бакты көзүңдү ачып

Сугарып келатасың жылдап, айлап.

 

1940-жыл

Уулум менден сурады:

–Ата, мен математиканы окуюн дедим эле?!

«Кереги эмне? – дегим келди:

–Эки үзүм, бир үзүм

Нандын көбүн билесиң ансыз деле».

 

– Француз тилин окуюнбу, ата?

«Кереги эмне? – дегим келди, –

коюш керек бул өлкөгө тилеп бата.

Курсагыңды сылап туруп, онтоп койсоң

Түшүнүшөт, болбойт ката».

 

Уулум болбой сурайт менден:

–Тарыхты окуш керекпи, ата?

–«Кереги эмне?» – дегим келди,

–Жерге жатып башыңды катканды үйрөн,

Балким, аман каларсың да».

 

–Ооба, – деп жооп бердим.

–Чыгаргын эсебиңди.

Француз тилин үйрөн,

окугун тарыхты да!

 

Урпактарга

1

Ырас, мен каран түшкөн мезгилде жашап жатам.

Жан кашайтпас сөздү айтпаса –

көкмөөлүктүн белгиси да,

Бырышы жок болсо чеке –

адамдарга күйүмдүү эмес экен де.

Эгер бирөө күлүп атса –

Анда ал али шумдуктуу суук кабарды уга элеги.

Ушундай да замана болобу ыя, –

Кылмыш десе –

сөз айтсаң эгер дарак туурасында,

Анткени ал жырткыччылык жөнүндө үн катпайт да!

Көчөдө көңүлү жай баскан киши,

Кыязы аны тынчсыздантпайт болсо керек

Досторунун кайгы, көз жаш, касирети?

Ал ырас, мен али нандык тыйын иштеп табам,

Бирок маа ишенгиле: ал бир буйрук.

Мен эмнени иштесем да

Тамакты тоё жешке дитим барбайт.

Буйрук менен аман калдым.

(Кокус билип калышса Өлдүм анда).

Мага айтышат: «Жегин, ичкин!

Кудуңда насибиңдин бардыгына!»

Бирок мен кантип кана ичип-жеймин,

Өзөргөн бирөөнүн аш-тамагын, –

Мен жуткан бир жутум суу –

каны каткан бирөөнүн

Ичээр суусу.

Ошентсе да жеп атам, ичип атам.

Мен акылман болгум келет.

Акылмандык – эмне экени жазылыптыр

китептерде байыркы.

Пендечилик турмушка аралашпай өткөргөн

Аз өмүрдү өздөрүнчө, өз билгендей.

Коркууну билген эмес.

Коркуу – эмне билбесе эч.

Зордук эмне көрбөсө эч.

Жамандыкка кайрымдап жакшылыкты,

Каалагандан каңтарылып аша кечип,

Ал тууралуу унутуп калса эгерде.

Акылмандык парасаты мына ушундай.

Буларды жасоо колдон келбейт мага.

Ырас, мен каран түшкөн мезгилде жашап жатам.

 

2

Шаарларга келгемин дүрбөлөң түшкөн кезде,

Ал анда ачарчылык өкүм сүрүп турган болчу.

Адамдарга мен келгем кыжыр кайнап турган жылда.

Көтөрүлүп алар менен бирге чыктым.

Өткөрдүм мына ушинтип жылдарымды,

Көз ачып дүнүйөнү көргөн жерде.

 

Тамактандым тыным боло калганда кан майданда.

Уктадым баш кесерлер арасында.

Арзууну урмат кылып көнгөн жокмун,

Жаратылышты көз токтотуп көргөн жокмун.

Өткөрдүм мына ушинтип жылдарымды,

Көз ачып дүнүйөнү көргөн жерде.

 

Заманымда жол аягы сазга алпарды.

Өз сөзүм кайра өзүмдү

баш кесердин алдында айыптады.

Мага керек нерселер көп деле эмес эле.

Бирок да өздөрүн менсиз эркин сезишмек да,

Дүнүйөнүн түркүгүмүн дегендер.

Өткөрдүм мына ушинтип жылдарымды

Көз ачып дүнүйөнү көргөн жерде.

 

Күч, дарман өп-чап болчу,

А максат эң эле алыс.

Ал өзү көзүмө айкын көрүнүүчү, а бирок

Мен жетээрим арсар эле.

Өткөрдүм мына ушинтип жылдарымды

Көз ачып дүнүйөнү көргөн жерде.

 

3

О, силер, бизди оп тарткан агындан

Суурулуп чыкчу силер,

Биздин кемчил жактарды айткан кезде,

Жана да каран түшүп бизге келген мезгилден

Буйтап кеткен ошо силер,

Эсиңерге туткула.

Биз болсок баспадыкпы өлкөлөрдү алмаштырып

Көбүрөөк бут кийимден.

Биз өттүк аралап таптардын кан майданын,

Жан кечтилик муунтту бизди аябай,–

Көргөндө жалгыз гана адилетсиздикти,

Жана да көрбөгөндө ага каршы чыкпагандарды.

 

А бирок анткен менен биз билчүбүз:

Жүзү каралыкты ушунчалык жек көрүү –

Ал өзүнчө көз бозортот.

Адилетсиздикке аябай ачуулануу –

Тамак айрып, үн бүтүрөт кыркыратып.

Аттиң биз, жалпы алпейим болуунун кыртышын кынагандар,–

Биз, өзүбүз, алпейим боло албадык.

Бирок силер, адамга адам дос болучу

Бир мезгил келген кезде, –

Айкөлүрөөк карап бизге,

Кечиримдеп эстегиле.

1938–1944

 

Карлсплацтагы терек

Кыйрап калган Берлиндин

Аянтында бир терек.

Өйдө-төмөн өткөндөргө

Жашып салам жиберет.

 

Кырк алтынчы жылдын кышы

Дары болду чамынды.

Какшаган суук кан муздатып

Далай бактар жагылды.

 

Аянттагы ал жалгыз бак

Жашылданды жаз баарда.

Шүгүрчүлүк, жок дегенде

Ушул аман калганга.

 

Көшөгөлөр

Көлдөй болгон Чоң Көшөгө бетине

Боордошум Пикассонун

Бейпилдиктин кептери аттуу сүрөтү чоң тартылсын.

Арт жагына зымды бекем тарткыла да

Жаап-ачканга оңой-жеңил

Жана да бир көшөгөнү илгиле,–

Анда турсун ак толкунга аралашып,

Бир көрүнүп, бир көрүнбөй

Баракчалар тараткан жумушчу аял.

Анан дагы көз караштан кайра тарткан Галилей.

Пьесага жараша ар кандай болуу мүмкүн көшөгө да:

Же жибектен, же матадан куудураган

Же апакай, же кыпкызыл териден…

Эскертүүчү маанилүү шарт –

Кара күңүрт түстө эч качан болбосун,

Анткен себеп сценанын маани-жайы

Айкалышып турсун ага

Айтар ойду билгизип.

Ошондо алар көрүүчүнү көп кыйнабай

Окуядан эмне күтүү керектигин кабарлайт…

Орто жерден жабылса да көшөгөм

Сценаны маа көрсөтпөй жаппасын!

Креслого башын жөлөп чалкалаган көрүүчү –

Көрүп турсун ал үчүн деп

Даярдалып жаткан оюн даярдыгын:

Темир айдын кантип ылдый түшүрүлгөнүн,

Үйдүн үстүн кантип коюп жатышканын…

Ага көптү көрсөтүүнүн кереги жок,

Бирок көз бир нерсени көрсөтүп коюу керек!

Мейли көрүп-билсин ал да,

Силер мында көз боёмо иш жасабай

Кадимкидей жумуш иштеп жатканыңарды, досторум.

 

Башталыш кубанычы

О башталыш кубанычы! О таң эртең!

О алгачкы жашыл көктөм,

Жашыл деген эмне экенин унутайын

деп калганда көрүнгөн!

Күтүп жүргөн китептин

Эң алгачкы бетин ачкан сыймык толгон таңдануу!

Окуп башта шашылбай,

Аягына кантип чыгып калганыңды өзүң билбей каласың.

О алгачкы нымды сезген чеке тер!

Жаңы көйнөк

Жытындагы салкындык!

О махабат башталышы!

Ала качкан көз караш!

О жумуштун башталышы!

Муздап калган машинаны от алдыруу!

Рычагдын эң алгачкы кыймылы,

эң алгачкы Мотор үнү дүрүлдөк!

Эң алгачкы түтүн даамы –

Илеп тарткан өпкөгө!

Анан сенин төрөлүшүң, жаңы ой!

 

Бири-бирине тең эмес

Жазында терек ыргалып,

Төккөндө желим жалбырак.

Бүчүрлүү эмен жыгачтын

Бүртүгү араң жарылат.

 

Бир булут көчсө шуулдап,

Шамал айдап дембе-дем.

Анда бир булут каалгыйт

Акырын жүргөн жел менен.

 

Эжеси менен иниси

Экөө тең жууйт чыны-аяк.

Иниси жууйт кыбырап,

Эжеси жууйт батыраак.

 

Идишин жуубайт бир гана

Эң кичүүбүз эркелеп.

Дасторконду жыйдырбай

Боткосун шашпай жей берет.

 

Кышында терезеден сүйлөшкөн сөз

1

Кичинекей таранчымын.

Балдар, мени көргүлө.

Мен жайында корукчуга көп пайдамды тийгиздим,

Коруктарга кон каргалар конгондугун билгиздим.

Үшүп кеттим мага жардам бергиле!

Кел таранчы, кел бери!

Сага, досум жем берем.

Кызматыңа рахмат!

 

2

Мен – тоңкулдак тумшуктуу.

Балдар, мени көргүлө!

Жайлы-жайлай карагайды ургамын,

Көп зыяндуу курттарды мен кыргамын.

Тоңуп кеттим мага жардам бергиле!

Кел, тоңкулдак, кел бери

Сага досум, жем берем.

Кызматыңа рахмат!

 

3

Мен – заргалдак, заргалдак.

Балдар, мени көргүлө.

Өткөн жайда бакта гүлдөр жайнаган,

Таң сүргөндөн тыным албай сайрагам.

Тоңуп кеттим мага жардам бергиле!

Кел, ырчы куш, кел бери.

Сага досум жем берем.

Кызматыңа рахмат!

 

Бакыт жөнүндө ыр

Кемең жолдо, сапар оор.

Дос күт, моряк, кыялдан!

Алтын шаарың көрүнөт

Жаркырап көз уялган!

 

Суу басымын карап жүр,

Так эсепте багытты.

Толкун тоодой болсо да

Тоготпойсуң сен аны!

 

Кабыл келет тилегиң,

Утурумдук айрылууң.

Себеби бар деңизде

Сен токтоочу бир булуң.

 

Ишке бирдей берилсин

Жүрөгүң да, колуң да.

Бакытты алат күрөшүп

Даяр жатпайт жолуңда.

 

Эркиндигиң болгон соң

Бардык эмгек – сый адал.

Бар байлыктын ачкычы

Паруска да шамал ал!

 

Эмгек алга чакырат

Оюн да алга жүр десин.

Иштээр кезде иштеп кал,

Жашоо, турмуш гүлдөсүн!

 

Нан, сүт керек балаңа

Иште чеке тердетип.

Балаң үчүн баарын кыл

Өссүн десең эр жетип.

 

Өсүү керек наристе!

Аны айтат ал үн демеп.

Ал өсүүгө кубатты

Сен бербесең ким берет?!

 

Чынар болот чырпыктан

Таш тизилип үй болот.

Бак тигилсе алдына

Башкача шаар түр болот.

 

Биз дүйнөгө келген соң

Жашайбыз деп бакты үчүн,

Ант берели досторум,

Арналат деп бар күчүм.

1952

Шыбакчы – Брехт жаш кезинде сүрөтчү болууга аракеттенген Гитлерди ушундайча атаган.

«Маде ин Роттердам» –  «Роттердамда жасалган» (анг.).

Вайгель Елена – Брехттин аялы, белгилүү немец актрисасы. Б.Брехттин пьесаларындагы ролдорду аткарууда абдан чоң атак алган.

Которгон: Омор Султанов