Казат Акматов: Мунабия

Мунабия

Кенебестигиң үчүн, жакын адамыңа кылган көңүл коштугуң үчүн турмуштун кээде сени жазалап коймою болот. Ошондо сен жаакка бирди жеген адамча көзүң умачтай ачылып, ордуңдан атып туруп, аттиңай, эсиңден чыгарып койгон, бирок баары бир сени келээрсиң деп күтүп турган түйшүктөрдү көздөй жан далбастап жөнөйсүң.

Азыр мен дал ошондой ахвалда бараттым. Көңүлүм ордунда болбогон соң, приёмникти өчүрүп, айнектердин баарысын туюк жаап таштагам. Руль кармаган колум тердеген сайын өзүмдөн өзүм жийиркенип, деле бүткүл дене боюм менен бир ылай сууга малынып алгансыйм. Адам деген бир капа болуп алса, жазылмагы кандай. Бүт жол бою каргашалуу кат эсимден кетпеди. Анын үстүнө

ал конверт көзүмө сайылган кылкандай болуп дал маңдайымда, шиттин үстүндө жатат. Кайгым катуураак болсун дегенсип, дал ошол жерге өзүм таштап койгон экенмин.

Сокулуктан өткөн кезде конвертти аткып туруп бардачоктун түпкүрүн көздөй уруп жиберип, оозун жаап таштадым. Жатсын ошол жакта көр-жерге аралашып!

Ошентип өзүмдү жаш бала сооротконсуп алдап койдум да, андан ары жүрүп отурдум. Жолдо кыймыл аз экен, бутумдун учун педалга салмактай берсем, ылдамдык учу кыйыры жок өтө берчүдөй. Ошого бир аз алаксыган болом, бирок кайра эле катты адеп окугандагы жүрөктү таш тилгендей сөздөр жадыма келе берет. «Энеңдин өлгөнүнө эки жылдан ашты. Жанузактын беш баласы бирдей жүрүп карыган атаңарды ээн үйгө жалгыз таштадыңар, Мунабия деген бир мастанга бечера кишини тебелеттиңер. Ал жүзү кара энеңерден калган оокатты бүтүндөй үйүнө ташып кетти. Апаңар тирүү кезинде ырыс төгүлүп турган ордоңорду бүлдүрүп, төгүп-чачып жатат ал өлүгүңдү көрөйүн…»

Андан ары кат жазган неме биздин таш боор экенибизди, атага кайрымы жок мерестигибизди, мектепте окуган тестиер кызынын калем учу менен аябай шилтетиптир. Каттын аягында ысым жок, эч кандай белги да койбоптур.

Аны адеп окуп бүткөнүмдө бир шүмшүк үстүмө жаба жугунду куюп жибергендей эле болду. Өлчөөсү курсун, эң жаман кат экен. Мынчалык ачуу сөздөрдү өмүрү угуп көргөн эмесмин. Калыстыгы жок бир бейадеп баарыбыздын бетибизге жок жерден көө сыйпап жибергенине чыдабай

адегенде абдан катуу жиндендим. Өзүбүздү деле бир күнөөлөгүм жок. Антиш эмнегедир оюма да келбептир. Көрсө ал адамдагы жанагы өзүмчүлдүк деген жаман касиеттин кылган иши окшойт. Анткени, аздан кийин бой токтотуп ойлоп көрсөм, чын эле маркум апамды жашырганыбызга үчүнчү жылга аяк басып, ошондон бери атам айылдагы ээн үйдө жалгыз турат. Жанына кароол киши болсо да бир жөн дечи. Атам өмүрүндө үстүндөгү кийимин өзү оңдоп кийбеген ыкшоо неме. Жаш чагынан тынбай зергерчилик кылып, анын бүткүл акыл-ою, күлкү-санаасы дегендей баарысы тең ошол жасаган буюмдарына чыгып кеткен болуу керек. Жалгыз иштеп отурганда карасаң, өзүнчө эле

толкуп ташып, беттери жошолонуп албырып, көз нурлары жылт этип чачырай калып, көкүрөгү бүт жашырын сырга толгон адамча абдан ышкыбоздонуп иштээр эле, бирок такыр унчукчу эмес. Кечке дейре бизге көөрүк бастырып узанчу, кечке дейре чечилип эки ооз сөз айтчу эмес. Ошон үчүн аны эл «Жоош Узак» деп жөн салды гана кепке кыстарымыш этип койчу.

«Жарыктык киши, өзү деле кыйналдым-кысталдым деп бир кабар берип койбойбу» деп атама да күнөөнүн теңин оодаргансып коём. Жо чын эле да, шаардагы кишиң курусун, кызматың бир кычаса, жумалап үй бетин көрбөй, ата-энеңдин атын унутасың дегендей эле бар. Унутам деген ушул эмей эмне. Шаардан алыстаган сайын ой-санаам шашып-ушуп барганда сөздү эмнеден баштап, эмнеден

бүтөрүмдү пландаштырам. Максатым эле атамды шаарга алып кетиш.

Айылдагы аталаш туугандарыбыз: «Атаңарды шаарга алып кетип, кышкысын колуңарда кармагыла, анан чогулуп ошол шаардан бир кемпир таап кошуп коёбуз. Жаздан баштап кайра экөө бул жакка келип тура берсин», – деп тээ былтыр эле акыл айтышканына муюган элем. Айылда башы бош кемпир деген калбай калса керек. Баары эле издеп таба алышпай жүргөнүн укчубуз. Ал эми жанагы Мунабия деген аялды болсо колдон келсе, бир кысымга алсамбы дейм. Биз аны илгертен биле жүргөн аял. Жарыктык, апамдын кыштак боюнча эң жаман көргөн адамы болчу.

Нечен жылдар бою апам эмне үчүндүр ал аял менен араздашып, үйлөрүбүз көчөмө көчө турса да киришүү деген бизде болгон жок. Не себептен ошондой экенин түшүнчү эмеспиз. Айтор бала чагыбыздан Мунабия тууралуу апамдан бир ооз жылуу сөз укканыбыз жок. «Ал мастан бизге жакшылык санабайт. Ал шүмшүк биздин үйдүн кутун учурду! Ал жез кемпир мындай, ал өлүгүңдү көрөйүн тигиндей…» – дегенден апам түк жадачу эмес.

Эсимде, кайсы бир жылдары, биз бала кез эле, бирөөнүн тоюнда олтурган аялдардын ичинде чатак чыкты дегенди уга сала кызыкка батмакка чуу коюп келсек, менин апам ушул Мунабияны чачтан алып сүйрөп, тимеле киши өлтүргөн кылмышкерди кармагандай тытмалап атыптыр. Аялдардын баары кызымталбы, же тигил экөөнүн чатагынын сыры ошондойбу, айтор экөөнү ажыратымыш болуп, ортого түшкөндөрдүн көпчүлүгү апама тарапташ болгонсуп, Мунабияны жалгыздап, жектеп жаткан мүнөздө, кээси шарактап күлүп, а кээси: «Тим койгула, экөө чарчаганда басылат», – деп кебелишпейт.

Ошого менин ызам келип кетти окшойт, жүгүрүп барып апама моюн бербей аткан Мунабияны бир түрттүм. Антсем аялдардын баарысы кыраан-каткы. «О ананайын, энесине болушат деген ушул. Карма Мунабияны шыйрактан! Этегин жулуп сал!» – дешип шаракташат. Мен эси жок ошого шердене түшүп, чындап эле тигил апамдан запкы көрүп жаткан аялга улам барып катылып калам. Эми ойлосом апамдан бир топ жаш кичүү Мунабиянын ошондо суйсалган келин курагы экен. Менин күүлөнүп кетип тийгеним ага чымын конгончолук болбосо керек, кайра мени аяп, макулук бир жерин оорутуп албасын дегенчелик колун аярлай тосуп калат.

Ошентип жаткан үчөөбүздүн чатагыбыз бир маалда жалт этип чырак өчкөндөй эле токтоду. Эмнегедир ошол учур балалык зээнимде кадим бүгүнкүдөй дапдайын сакталып калган экен.

Аялдар туш-туштан жажалап, биз үчөөбүз дагы да чачташып тирешип атат элек. Ал аңгыча жондорубузга өрүлмө камчы тарс-тарс эле дей түштү. Үчөөбүз тең онтоп барып, дароо үч жакка качып чыга бердик. Тигилерди билбейм, менин жон терим сыйрылып, денем эки жакка ажырап түшчүдөй бакырып жиберипмин. Карасам бизди чапкан атам экен. Тигил, эркектер отурган төркү үйдөн атып чыккан көрүнөт. Өң-алаттан эчтеме жок, көздөрү чоктой кызарып алган. «Наалат!» «Наалат!» дегенден башка оозуна сөз келбейт. Каржайган бийик бою солкулдап, азыр мына бул отургандардын баарысын кырып таштачудай түр менен бир карады эле, үйдүн ичиндеги аялдар бүтүндөй кокуйлап, ызы-чуу боло жапырылып калды. Сөз кайрып сүйлөгөн бир жан жок.

–Бас үйгө! – деди ангыча атам апамды демите. Жанатан чач тутамдап албууттанган апамды карасам, эми тимеле коёндон бетер корголоп, төрдүн төбөсүнө чыга качкан экен.

–Бас! – деп атам жана бир тап берди эле, жакын тургандар «чур» дей түшүп барып, апамды денелери менен басып калышты. Аялдардагы биримдик деген ошол тура!

–Жылып жүрүп камчысынын кандуусун кантесиң!

–Ачуусун кара, жаман жооштун чакыраңдап!

–Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп…

Аялдар шарактап күлүп, атамдын артынан шылдың сөздөрүн агытып калышты окшойт. Атам болсо өчү канбай дагы бирөөнү издегенсип, сыртта жарданып тургандардын ичин тинтет. Бир маалда агы чыгып чакырайган көздөрү мага чалдыга түштү эле, тыз коюп, дароо үйдү көздөй безип бердим. Жоош, жоош деп коюшат, атам жоош болбой калсын. Бир ачуусу келгенде өзүнүн да, башканын да өлөр-тирилерине карап койбойт. Бирок ачуусу, ырас, чанда гана бир кармай турган. Анысы чын.

Мен асия таяк жегениме ызалана, көз жашымды токтото албай келе жатсам, Мунабия алдымда экен. Жылаңаяк буттарымдын дабышын укчудай эмес ал. Ошого бел байладым да жүгүрүп баратып этегинен булкуп кеттим анын. Бир кыйын иш кылгандай өтө берип кылчак карасам, атамдан камчы жеген байкуш Мунабия ошондо башын бир жагына армандуу кыңайтып, көз жашы он талаа болуп куюлуп, жолду да көрбөй, дабышты да укпай, деле жарык дүйнөнү түк сезбей, өзүнчө бир укмуштай

ичи өрттөнгөнсүп, жинди болгон сыяктуу ыргала басып келатыптыр. Мен таңыркап дагы бир ирет кылчайдым да, андан ары чу койдум. Анткени артта атам чоң-чоң арыштап бизге жете келаткан экен. Камчысы дагы эле колунда жүрөт. Болду-болбоду азыр Мунабияга жетип аны дал ортого жана бир салат деген болжол мени кылчактата калды. Кандай чабаар экен, Мунабия анда эмне кылар экен деген балалык ой. Бирок окуя мен күткөндөй кызык болбой калды. Атам Мунабияга жете келди да эңкейип бир кыжалат сөз айткандай болду.

Ошентсе Мунабия аны алайган жаштуу көздөрү менен жалт бир карап алды да, эмнегедир шарт бурулуп, ылдый, бедени аралаган жалгыз аяк сокмо жолго өтүп кетти. Мен делдейип, дагы эмне болор экен дегенсип токтоп калыпмын. Ошондо атам бир кызыктай буйдала түшүп, алды менен Мунабияны көздөй жүткүнө, бирок кайра токтоп, артындагы жарданып турган эл-журтту ызалуу карап алды да, мени көздөй түз обдулду. Дароо безип жөнөдүм. Үйгө жетип, сарайдын түпкүрүндө жашынып турсам, атам дал короонун ортосуна келип теңселип тура калды да, жүрөк тушун мыкчыгансып кыйналып, анан бир оокумда колундагы табылгы сап, күмүш бел камчысын тизесине эки бөлө карч уруп туруп, очокту көздөй ыргытып жиберди.

Дагы айтайын, андагы окуя эмнегедир күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал түгүл ошондон эки күн өткөндөн кийин апам келип, атамдын жер-жеберине жетип, айласын алты кетиргени да көз алдымда эмнегедир. Үй-бүлө дегениң адам түшүнүп болбогон бир шумдук дүйнө болот окшобойбу. Аны мен ошол балагат кезимде биринчи жолу өз көзүм менен көргөм. Атам экөөбүз ошентип эки күнү үйдө жалгыз жаттык. Алиги чатактан кийин эки күн удаасы менен апам үйгө келбей койду. Атамдын болсо анын кайда түнөп, эмне кылып жүргөнү менен бир тыйынча иши болбогонсуйт. Өчүп калган көөрүгүн кайра тутантып мага бастырып койду да, баякы өмүр бою кыла жүргөнүн адатынча узанып

кирди. Үчүнчү күн дегенде өңүнөн ачуунун изи кетип, карасам атам баягы эле биз билген унчукпас, жини келбей, өз дүйнөсү өз ичинде жымырылган кадимки «Жоош Узакка» айланып калыптыр. Ошондон кийин анан апам акырын жыла басып келип жүрөт үйгө.

Адегенде короого баш багып кирип, өзүнчө сүйлөнүп, чачылган отундарды жыйып, очокту көздөй ыргытып, атама дароо катыла койбой, мындай сырттараактан улкулдап-булкулдап, анан акыры атам экөөбүз узанып отурган үйгө баш бакты да алды менен мага бир тийди:

–Алдагы кебетеңди карачы! Талаада калган жетимдей болуп. Бас, тур бети-башынды жууп, көйнөгүңдү алмаштырып кий!

Ошентип мени сыртка айдаган соң устаканага биротоло кирип, эшикти жаап алып, анан атама чабуулга өттү бейм. Деле көпкө дейре апамдын күңкүл-күңкүл үнү басылган жок. Бирде ызырынып, бирде бирөөнү туурагансып акчыланып, анын ортосунда атамды эликтегенсип, кайра бир туруп ызалуу күлкү чыгарып салып, айтор миң бир алекет менен байкуш атамдын мээсин абыдан эзгиледи көрүнөт.

Бирок, байкуш дейин десем атам деле бир үн чыгарып козголуп койбой, балка метилерин бир калыпта чакылдатканын жазбагансыйт. Апамдын деги кимге сүйлөп, ким менен жекелешип жатканы белгисиз. Ошондон улам ыза болгон байкуш апамдын кара жини кармап кетти окшойт. «Мен сага бала тууп бергем. Беш баламдан айлан. Болбосо алтын сөйкөнү тап! Кайда сөйкө! Же аны тигил жиндиге бергениң жалганбы ыя?! И, жалганбы же?!» Урушкан сайын атама айтып жүргөн эң негизги дооматына өтүп кетти окшойт. Биз бала болсок да апамдын бул дооматында өзгөчө бир чактан маани бар экенин туюп калар элек. Анткени башка эч бир жемеге чым этип койбогон атам ошол алтын сөйкө дегенди укканда эле каны бир башкача бузулуп кете турган да болду, колуна эмне тийсе ошону менен апамды көздөй шилтеп калар эле. Мына азыр да ошондой болду окшойт. Калыбынан жазбай чыкылдап жаткан балкасынын үнү тып басыла калды да, бир нерсе күп деп, аңгыча эле апам будаланып, шашылып эшикке чыга түштү. Оң ийнин сыйпалап, жоолугун оңдоп салып, күйөөсү менен сүйлөшөр сөзү ушуну менен бүткөн сыяктуу. Эми белгисиз эле кимдир бирөөгө: «Ал өлүгүндү көрөйүндү баары бир бул айылдан сүрүп жоготом!» – деп көп анча чечкиндүү өңдөнбөй, дароо эле азыр эмес, келечекте кыла турган ишин айткансып, үнү бошоңдоп калыптыр. Көрсө ошентип араздашкандардын аз-аздан ачуусу кетип, анан үй-бүлө дегендин оңбогон алдамчы турмушу кайрадан ымалашып алдыны, карылыкты, анан андан аркы көрүнүп турган акыркы чекти көздөй тымызын жыла берет турбайбы.

Жолдун бурулушу ылдамдык менен кошо жүргөн ой-санаамды бузуп койду. Көрсө биздин үйгө имерилчү туура көчөгө келип калган экем. Чаржайыт сабалаган элестер дароо баштан учуп, мен алдыдагы максатымды, атама айта турган кеп-сөздөрүмдү жыйынтыктап, ой чуркатып алгычакты дарбазага жетип келдим.

Мотор өчүп, машинанын деми сууган арада сыртка чыкпай бир азга сүрдөйм. Мемиреген оор тынчтык бир шекилдүү, кооптуу тунжурайт. Апамсыз калган үй эмнегедир бизден алыстай түшкөн сыяктуу сезилет. Балким мында азыр Мунабия бардыр. Ошол ээлик кылып калгандыр. Айнектен биздин көк рамалуу, көк верандалуу, көк дарбазалуу, ар бир тактайга кагылган ийри мыгына дейре

жадыма жат мекен-үйүбүздү бир сыйра жүрөк опкоолжуп карап алдым. Көңүлүмдүн тереңинде кайсыдыр бир үмүтүм бүлбүл этип, дагы эле болсо үзүлбөйт, гүлдүү көйнөгүн, кара маасысын босогодон көрүп калиткадан апам чыга түшчүдөй…

Машинадан чыгарым менен атамдын устаканасы тараптан угулган чык-чык-чык эткен тааныш үн. Ошону укканда менин бардык сестейген ички сезимдерим, нервдерим бир аз орду-ордуна келе түшкөнсүдү. Демек мени санааркаткан, белгисиздиги менен эртеден бери кооптонткон дүйнө жок

дегенде жарым-жартылай өз ордунда!

–Салоомалейкум, – дедим устакананын босогосуна барып. Атам баш көтөрө менин коопсунган кебетемди көрүп туруп, колумду кысканчакты жым деп ууртунан күлгөнсүп койду. Анысы – «кел, келе бер, эч айыбың жок» деген аталык кечирими. Биз, Жанузактын балдары атабыздын жүзүнөн мындан башка белгинин изин чанда гана бир байкабасак, көрчү эмеспиз. Баарыбызды тең ар дайым энебиз жазалап, энебиз кечирим кылчу, энебиз эркелетип талтаңдатчу, чыбык же муштум керек боло калганда аларды да жалгыз гана энебизден алчубуз.

–И, кайда жүрөсүз? – деди атам балкасын камдап алып.

Бирок бир азга чаппай туруп. Карасам атам эмнегедир көзүмө башкача көрүнүп калыптыр. Кадим эзелтен берки бир оорусунан айыккан кишидей иреңинен сарысы кетип, көздөрү нурланып, сакалы кынаптап серпилген, үстү-башы таптаза. Көз карашында кандайдыр таң калгандык, мен күтпөгөндүк бар, бирок таарынычтын түк белгиси жок. Ошондон улам мен өзүмдү кайсы бир жаман дилимде бу кишинин баласы эместей сезип кеттим. Көңүлүмдүн тереңинде негедир тырчуу пайда боло түшкөнсүдү. Бирок аны билгизүүгө эч шылтоо жок эле. Ошондуктан кадимки эле сагынып калган баладай атама бүткүл мээримимди төгө элжиредим. Атам дагы ошентсе деп, азыр тура калып жалына-жалбара бетимден өөп, көзүмө, колума, ар бир кыймылыма ичи эзиле карап, бир далайга божурап артымдан ээрчип алса деген илгерки балалыктан калган кусалык мени бийлеп турду окшойт. Бирок атам анымды байкаган да жок, элес алган да жок. Ал жанагы адеп келгендеги бойдон эч өзгөрбөй кала берди. Ошондо мен бир чети атама калыстык кылбай, андан маркум апамдын мээримин, сүйүүсүн талап кылып жатканымды, экинчиден бу дүйнөдө эң теңдешсиз энелик мээримден биротоло айрылганымды дааналап сездим.

–Көөрүктү сагындыңбы? Кана, басчы! – деди атам аңгыча мага деген эң кымбат сөзүн эми таап айткандай жымыңдап.

Мен плащымды чече салып, кош колдой көөрүктү басып кирдим. Жатыркап унут болгон колдорум эки жеңи тери көнөктү ырааты менен баса албай, чалыштай түшүп жатса, атам ошону карап туруп, анан биротоло ичи эзилип жыргап күлдү.

–Унутуп калыпсың го! – деди ал бир аздан кийин такыр кубанычын жашыра албай кыткылыктап. Мен дагы көздөрүмө ысык жаш келип эреркедим атама.

Ошондон кийин барып экөөбүздүн ортобуздагы ата балалык мамиле бир аз ымалашты көрүнөт, тартынбай сүйлөшө баштадык.

–Ата бизди күтүп аттыңызбы?

–Силердин ишиңер кыйын да балам…

–Бат эле эки жыл өтүп кетиптир…

–Эки жыл деген эмне – эки эле күн.

–Жалгыз абдан жүдөдүң го, ата?

–Тирүүнүн оокаты эптеп өтө берет, балам.

–Быйыл кышта шаарга барып туруңуз. Атайын ошону сүйлөшөйүн деп келдим.

Атам адегенде менин сөзүмдү укпай калган киши болуп, бирок акыры жооп берүү керек эмеспи дегенсип кабагын саал чытый калды. Айтканым ага жакпаганын дароо сездим.

–Барат элем,– деди бир маалда жоошуган түр менен, – бирок мүмкүн эмес, балам. Шаарга жаш кезде барбаган киши зили көнбөйт тура.

–Кыш туруп, жазда кайта келесиз. Элдин ата-энелери бүт эле ошентип жатышат.

Атам мен тараптан жагымсыз бир жыт искегенсип иреңин жука бырыштырды.

–Билбейм, алар кандай немелер экенин… Үй-жайын талаага таштап.

–Үй-жайды туугандар карап турат да.

Атам баш көтөрүп мени ормоё карап койду. «Бул чындап эле мени шаарына чакырып келгенби», – дегенсиген көз караш. Мен анын ошол көз карашын тосуп алып, зарыла жооп күтүп турдум. Атам ойлонуп калгансыды.

–Мени жайыма эле койгула, – деди ал бир аздан кийин үнүн экинчи бул айтканын кайталагыс кылып чыгарып, –менден кабатыр болбогула.

Сөздүн чыны мен атамды шаарга кетишке бат эле көндүрөм го дегем. Кыштын күнү жылуу үй, жумшак төшөк десе ким эле кача коймок. Бирок байкап көрсөм, атам мага көнчүдөй эмес. Шаар жөнүндө дагы бир ирет айтайын десем, ал кадимкидей ормоңдоп, балкасынын сабын ачуу менен дөөшүгө кагып-кагып алды. Мен да тырчыдым. Кыркка чыгып, буурул чач болгон мени атам баягы эле илгеркидей баласынтат. Сөзүмө кулак түрүп, бир аз абайлап көрөйүнчү деген оюнда да жок.

Мен ачуум менен көөрүктү күш-күш эткизе, көмүрдүн күлүн сапырам, атам болсо: «Сааттай болуп кайдан келип калдың?!» – дегенсип мени териси сүйбөйт. Мойнун ары көздөй бурайт. Экөөбүз сүйлөшпөй калдык.

Биз ошентип жактырышпай турганчакты калитка кыйч этип, Ажике жеңем короого кирип калды. Атамдын ортончу инисинин аялы. Жеңем кире сала эле чоң үйдүн астын шыпырып, казан-аякты калдыратып, кадим өз үйүндө жүргөндөй. «Саламатсызбы, жеңе?» – десем «Адам-ээй, каран катыгүн, сен белең, анан мен келдим деп койбойсуңбу», – деп кадимки мага тааныш балбан кыялы

менен тосуп, энемдин салтын жазбай башымдан суу тегеретип ыргытып, алды менен эч сыр берген эмес. Жеңеме мен да сүйүндүм, биз жокто атамды жалгыз бозортпой үй оокатын колдон алып, аны тигинтип таптаза кийинтип, өңүнөн азбай тың турганына ушул Ажике жеңем себепкер эмеспи дегенчелик, ал кишиге туугандык сезимим өзгөчө козголуп ыраазымын.

Анын үстүнө чоң үйгө кирсем, бөлмөлөрдүн баарысы тең жаркырап таптаза, ар бир буюм баягы апам бардагыдай, ал түгүл андан да иреттүү, орду-ордунда, карападагы гүлдөргө суу куюлуп, китеп текчелердин чаңы сүрүлүү. Айтор бардыгы жайында, көңүлүң ачылат үйгө кирсең. Мен Ажике жеңеме атайылап рахмат айткым келип, бирок кыргыздарга антсең тууган ичинде жакшылыкты эсептегендей ойлоп таарынарын ойлоп, болгону жеңеме эзиле карап, ичим жылыгандан жылый берди.

Бирок ошондон көп өтпөй үчөөбүздүн ортобузда мен түшүнбөгөн кызык окуялар башталып, акыр аягы чыр-чатак менен бүтсө болобу. Кептин баары Ажике жеңем самоор коюп, бизге түшкү чай берем дегенден башталды окшойт.

Жеңем самоор коём деп балпактай кетти да, бирок керектүү идиштерди таппайт, же ширеңкесин таппайт. Экөөбүз эптеп жүрүп самоор тапсак, эми отуну кайда, суусу кайда болуп убарабыз. Шкафтар, сандыктар бая апам бардагыдан өзгөрүп, тамак-аштын турган орду таптакыр алмашылып кетиптир. Биз антип убара болуп жатсак, атамдын негедир сиркеси суу көтөрбөй, уламдан улам түнөрө берди. Утуру ордунан тура кетип, этек-жеңин кагып-силкип, Ажике жеңемдин басып-турганынабы, сүйлөгөн сөзүнөбү, же кылган ишинеби, айтор баарына эле итатайы тутулат. Мен атамдын мындай жеңил кыялын өмүрүмдө көргөн эмесмин. Кирин жууп, ашын жасап жүргөн жеңеме мынчалык неге үтүрөңдөйт деген ойдо мен ого бетер жактырбай улам алайып карап калып жаттым аны. Бирок анткенимди эсепке да алган жок, барган сайын кыжыры кайнап, туттугуп, экөөбүздү тең, өзгөчө Ажике жеңемди көрөйүн деген көзү жок атамдын.

Бир оокумда Ажике жеңем чай издеп шкафтан шкафты аңтарып калды. Же каргыш тийген чайы табылбайт, же жеңем издегенин койбойт. Кебетесине карасам, ушул үйгө далайдан бери кирген сыягы жок жеңемдин. Менин эсиме Мунабия кайрадан кылт дей түштү. Жеңем эмей эле ошол жасап жүрсө керек бул үйдөгү оокатты. Же балким андай эместир…

–Чайыңызды кайда койчу элеңиз? – дедим Ажике жеңеме ачуум келе түшүп. Жеңем суроомо жооп бербестен, суурмалардын улам бирин чаңызгытып аңтара берди. Баарынан кызыгы анын да атамдан бетер ачуусу келип, өңү кара көк тартып алыптыр. Улам ылдый түшкөн жоолугун улам кулагынан арта салып, бир нерселерди кыжырланып күңкүлдөйт. Кебетеси дал атамдын өзүнө акарат кылып жаткандай.

–Чайыңа ыраазымын, келин бала! Тим эле койчу! –деп жиберди бир маалда атам анын ошол күңкүлдөгөнүнө чыдабай. Менин шаштым кете түштү. Карыя киши да ушунча орой сүйлөчү беле, жарыктык. Жеңем бечарада эмне күнөө? Чай кайнатып бергени жаткан жазыгыбы?!

Адегенде ушундай ойлогон мен жеңемди мына азыр булкуна туруп, үйүн көздөй жөнөйт экен деп чочугам. Бирок ал эмнегедир антпеди. Антмек түгүл мурдагыдан бир өзгөргөн түрү жок. Эч нерсе укпаган кишиче издеген чайын издеп, баягы эле кимгедир кыжырданып тилденет. Анткен сайын атамдын каары бетине чыгып, акыры жеңемди үйдөн кууп чыкчудай туталанды.

–Мага чай бербей, уу берчи! Уу бер! – деп ал боюн токтото албай калчылдап. Жеңем болсо деле атамдан бир сөз укпаган киши. Мен ошого укмуштай таңыркадым. Бул эмне деген окуя? Кимисине болушуп, кимисине эмне сөз айтарымды билбейм. Жеңеме жан тартайын десем, анын дал өзүндө мен билбеген бир сыр бардай. Болбосо атамдын тигинтип кыйкырганына бир кайрылып жооп кылбайт беле. Балким жеңемде бир ажайып күнөө барбы дейм. Бирок ал эмне деген күнөө болмок? Айтор улам барган сайын экөөнүн ортосуна кирише албай четте калдым. Баарыдан ичим күйгөнү атам мени бүгүнкү келгениме, жанында турганыма эч бир көңүл бурбай, мени келдиби-жокпу дебей,

кандайдыр жашыруун турмушу менен, мага белгисиз өз санаасы менен алек болсо, ошол себептен келининин эч уялбай араздашып, ага кыйкырып орой сүйлөп, мындайча айтканда Ажике жеңемдин жакшылыгына жамандык менен жооп кылып жатканы болду.

Эмне себептен мындай болот? Эмне себептен илгертен «Жоош Узак» аталган бир мүнөздүү, түнт киши минтип бир жылга айланбай кыялы кескин өзгөрүп, адам тааныгыс абалга келет? Мен чын эле эч нерсе түшүнө албай капа болуп турдум эле, аңгыча атамдын биротоло каны бузулду бейм, эмне кылып, эмне коюп жатканын өзү билбей, калч-калч этип тура калды да, жеңем жаңы эле сырттан алып келген самоорду кайнаган суу-пуусу менен көтөрүп туруп, эшиктен ары шилтеп жиберди.

–Мен чай ичпейм. Мага баарыңар чогулуп келип уу бергиле! Уу керек мага! – деди анан эки-үч сапар каргылдана кыйкырып. Андан соң төркү үйгө өттү да эшикти тарс жаап алды. Жеңемдин өңү да өзгөрүлгөн жок, кыймылы да шашылбады. Сырт кейпине караганда ал эрке баласы чатак салып тайраңдап жаткан эне сыяктуу, адепсиз жубарымбектин качан басыларын күтүп турган сыяктуу.

–Бул эмне деген спектаклиңер?! – дедим мен жеңемдин ошол кебетесине ачуум келе шаардыкча жаргонум менен. Антсем «Кап, сен чай ичсең болбойт беле. Жолдон келбедиңби», – дейт Ажике жеңем менин суроомду кеп ордуна көрбөй өзүнчө кобуранып.

–Жо, бул эмне деген мамилеңер?! Түшүндүрүп бергилечи, – дедим мен жадагалса бул аялга да сөзүм өтпөй турганына ызалана титиреп. Ошондо жеңем мага таң калгансып, бир чети ишенбегендей кыйгач карап турду да, жүрчү быякка дегенсип эшикти жаап, сыртка чыкты.

–Сени уул, кыркка чыккан киши дейт. Эмне үчүн менден сурайсың атандын ахвалын ыя? – деди ал эки колун бооруна ала кадимки ажаан катындай сурдана түшүп. Мен эмне айтарымды билбей калдым.

–Эмне үчүн силер шаардагы энтелегент сөрөйлөр бир келип атаңардын ал-жайын сурап койбойсуңар?! Же кичинесиңерби? Же силерге атанын кереги жокпу? Улуусу сен кыркка келдиң, кичүү иниң отузда. Ортодогу кыздарыңар болсо үчөө тең килеңдеп үч күйөөнүн мойнуна минип жүрүшөт. А бул жакта жалгыз атаңар бир мастанга апаңардын ак шейшебин тебелетип, салтта жок жосунду кылып отурат. Бейиши болгон жеңем тимеле көрүндө аласалып аткандыр. Ал энеңдин өлөрдө айтып кеткен керээзи бар билесиңби?

Мен «билбейм» дегендей делдейип турдум окшойт, жеңем дароо эле сөзүн улай берди. «Ушул теги жок салбар Мунабияга он түтүн Танай уулунун бирөөнүн босогосун аттата көрбөгүлө», – деген болчу, апаң маркум өлүп бара жатып. Жарыктык акем: ошону өз кулагы менен угуп турду эле, бирок тигил азезил катын анын оюна койбой башын тегеретип атпайбы. Атаңдын башы тегеренип калганын көргөн жоксуңбу же?

Мен Ажике жеңемдин суроосуна жооп бере албай, «Атаганат, тигил бардачоктогу ачуу катты сиз жазган турбайсызбы жеңе!» – деп телмирип, бир эле учурда башыма ушунча көп күтүлбөген ойлор келгендиктен, тилим буулуп, эсим кетип турду. Жеңем болсо мени долдойгон сырт кебетеме ичинен кыжыры келе сөздөрүн ого бетер ачууланта, менин намысыма тийгендей кылып, тигил Мунабия деген аялга жаалымды козгогудай аракет менен улантып жатты.

–Биз Танайдын келиндери маркум энеңдин керээзи деп атаңа жаман көрүнүп жүрөбүз. А силер болсо ар-намыс менен ишиңер жок. Эми мына сен келипсиң, атаңды тигил жиндиңден ажыратып, шаарга алып кет. Болбосо акемди көк мээ кылат ал. Ансыз деле жетишип калды, көрдүң го өзүң? Мен ичимден: «Да, көрдүм», – деп жеңемдин дал ушул сөзүнө аргасыздан макул болгонсудум.

Ошонумду кыйды жеңем көзүмдөн сезе койду окшойт, дароо мага ыктай калып, добушун эми мага толук ишенген кишидей шыбыш аралаш чыгара баштады.

–Алып кет атаңды! – деди ал дагы бир жолу мен эмне кылышым керек экенин дааналап.

–Болбосо биз такыр ээ боло албай калдык. Күндүз го макул кайтарабыз, Мунабия шүмшүктү бул жакка жакын жолотпойбуз. Ал өлүгүңдү көрөйүн болсо түн ичинде келип, атаңдын үстүнө кирип алып атпайбы. Таң куланөөк атканда кайра кетип калат экен, о бети жок шерменде десе, карып кемпир болгондо ошого кантип барат уялбай. Акемдики эмне мейли дечи, эркек эмеспи, а тигил бейбактын кылганын айтпайсыңбы, алигиси небак мүйүз болгонуна карабай бетпактанып жүргөнүн!

Ажике жеңем кызуулугу менен мага ашыгыраак сөз айтып алганына оңтойсуз жылмая калып, анан шыбырады:

–Акемдики деле шермендечилик эмеспи. Бул жагынан ал кишиде түк уят калбай калды…

Ажике жеңемдин мени өз киши катары көрүп ачык айткан сөздөрүнө жооп бере албай турдум дагы эле. Сүйлөөгө эч мүмкүн эмес. Көңүлүм ушунчалык дүрбөлөңдөп, чаташып калгандыктан, азыр дароо машинага отуруп ээн жакка жүрүп кетким келди. Бирок антүүгө чамам жетпей атат.

–Асылбек байкем үйдөбү? – дедим мен жеңемден башка дагы бирөө менен бул туурасында тезирээк сүйлөшкүм келди.

Антпесем тамыры тээ алыстан бери зилдеп келаткан бул Мунабия менен атамдын ортосундагы мамилени мен түшүнө ала турган эмесмин.

–Үйдө болбогондо эмне… Өзүң билесиң да байкеңди?

–Ажике жеңем капкагы бир жерде, өзү бир жерде тоголонуп жаткан самоорду чогултуп алып, оозгу үйгө киргизип койду.

Асылбек байкемдикине жеткиче бир нерсеге ичимден катуу таңыркап келе жаттым. Улам демитип сүйлөгөн сайын, улам Мунабиянын жер-жеберине жетип жектеген сайын Ажике жеңемдин бардык айткан сөздөрүнөн, ой-пикиринен, турган-турпатынан маркум апамдын типтирүү элесин даана көрүп келатам. Таң каларлык окшоштук! Таң каларлык бирин-бири кайталоо. Тимеле атайылап жасап койгондой! Маркум апам өзүнүн бар болгон ички дүйнөсүн, көз карашын, ой-пикирин Ажике жеңеме аманат кылып берип кеткен сыяктуу. Же балким аялдардын баарысы эле окшош болобу, же болбосо апам айткандай биздин Танай тукумунун аялдары окшошпу, айтор Мунабия дегенде менин

апа-жеңелеримдин баарысы бир ооз, бир дем, бир көз. Менин түшүнүгүмдө маркум апам абысындарынын ичинде өзүнүн ашкере тууганчыл, боорчулугу менен кадырлуу эле. Анын үстүнө беттегенин бербеген кызуу кандуу, кыялы башкалардан өзгөчөлөнүп, атамдын жооштугунан улам көп убактарда эркектердин арасындагы кеп-сөзгө өзү аралашып, тууган-урук ичиндеги расмыстарды өзү эле биле берчи. Ошондон улам ал кишинин калган бардык абысындарына таасири

күч болгонбу. Же кептин баарысы жанагы керээз кылып айтып кеткен бечара апамдын аманат сөзүндөбү? Баса ал керээзди бузуп койгон атамды эмне кылуу керек эми? Мен ушуга түшүнбөдүм баарынан да. Керээз деген – жеке эле биздин элде эмес, дүйнөнүн бардык элдеринде ыйык деп бийик тутула турган руханий милдет. Менимче аны бузган, же аткарбай койгон адам али болбосо керек. Эгер андайлар чыккан болсо элден-элге, укумдан-тукумга сөз кылат эле го. Мен мисалы андайды угуп көргөн эмесмин. Ошон үчүн атамдын кылганын кандай деп айтууга болот? Эл эмне дейт буга? Балким эл журт эмдигиче өз өкүмүн чыгарып койгондур? Ажике жеңем аны биле электир дейм. Балким Асылбек байкемден угармын ал жөнүндө…

Байкем адатынча чот кагып отуруп чарчаса керек, керебетке жаңы эле кыйшайган түрү бар. Мен: «Ассаломалейкум», дегенде эле лып ордунан тура келди. Уктаган деле кебетеси жок.

–Ашказаныңыз кандай? – дедим бир аз жайланышкан соң. Байкем адатынча ашказанындагы жарасынын тушун алаканы менен аяр басып, башын ийкеп койду. Бир топ жыл райондук кызматтарда жүрүп, анан эмнедендир «сынып» келип, азыр айылда бухгалтер. Бир кезде элге-журтка «эстүү», «азамат», «иштерман» атанган байкуш байкем кийин оорулуу болуп, бирок ага карабай арактан кези келгенде тартынбай согуп жүрүп жаралуу болду, арыктап кетти, азыр араң эле сүлдөрү бар. Ошенткен менен айыл ичиндеги эстүү-баштуу дегендердин эсебинен чыгып кеткен жок. Бирок, – балким дайыма жаны кейип жүргөндүктөнбү, адамды көп кыртышы сүйө бербей, аз сүйлөчү болуп калган кийинки жылдары.

Мен оңутун келтирип туруп, ири алды менен Асылбек байкемден Мунабия тууралуу сурадым.

–Өзүнчө жүргөн бир бечара да… Өзүң деле билесиң да, – деп иреңин жерден албай отуруп жооп берди агам. Анын кебетесине жана жообуна караганда, деле Ажике жеңем эртеден бери жаагын жанып какшаган Мунабиянын кылмыштарынын бири жоктой. Асылбек байкеме көп ишене бербегенсип калдым эмнегедир. Акыры жүрөгүмдү өйүгөн эң орчундуу суроону бердим.

–Жайына кеткен кишинин керээзин аткарбагандыгы үчүн сиздин Жанузак агаңызды эмне жазага буйрушубуз керек?

–Ал эмне керээз экен? – деди байкем эч нерсе билбеген кишидей.

–Мунабия тууралуу…

–Аа-а, – деди байкем беттерин миң бырыш кыла жылмайып, – аны жанагы оңбогон жеңең айтса керек.

–Жо, апамдын ошенткени чынбы? – дедим мен кызуулана.

–Билбейм, айтса айткандыр, баарыбыз эле үйгө кирип-чыгып жүрдүк жеңем өлөрдө. Балким, келиндерине бирдеме деген чыгар…

–А эгер айтканы чын болсо, атамды эмне кылабыз?

Байкем жерден башын албай кыт-кыт күлдү.

–Эмне кылмак элек. Дарга асабызбы?

–Айтыш керек да!

–Айтканда эмне? Сөз деген сөз да…

–Эмне үчүн сөз деген сөз? Баарылап айтыш керек да!

–Кызык экенсиң…

–Эмне үчүн кызык экем?!

–Маркум апаң тирүү чагында жыйырма жыл кармашып тыйбаган атаңды эми ким тыят?

Мен шалдайып калдым. Демек Асылбек байкем да бул ишти жайына койгон экен да! Баарыдан да «жыйырма жыл» дегенин кара. Демек атамдын окуясы илгертен бери эле бүт элге дайын иш турбайбы. Эмне үчүн бизге, балдарына буга чейин бир тууганыбыз ооз ачып айтып койбойт? Кызык.

–Сен өзүң деле билесиң да.

Байкем менин оюмду таап отургандай кобурап койду.

–Биз кайдан билет элек, айтып койбойсуңарбы? – дедим мен чынында эле ызаланып.

–Кантип билбейсиңер? Эмне, асмандан түштүңөрбү?

Апам барда далай эле чатак болчу эмес беле?

–Бирок түшүнчү эмеспиз…

–Анда өзүңөрдөн көргүлө. Түшүнүп жүрүш керек мындай нерселерди! Элдин баарысы түшүнгөн нерсени силер эмне үчүн түшүнбөйсүңөр?!

Байкемдин кабагы тырыша түштү. Дагы сүйлөсөм дагы күчөп, кайра өзүмдү күнөөлөй турганын сездим да, сыртка чыгып кеттим.

«Аттиң-ай… аттиң!»… – деп бараттым, агама жооп кылып айта турган башка сөз таба албай ызаланып, туталанып. Билем ушуну, кимдир бирөө мага сөзсүз ушинтип күнөө коюп айтарын кандайдыр бир туңгуюк сезимдерим менен мурда эле туюп жүрчүмүн. Ошону мына азыр Асылбек байкем айтты. Орой айтты, көңүлүмдү оорута айтты. Бирок, эмне үчүн мени аяп, жондотуп, чын эле атамдын бул окуясын билбеген киши катары көрүп, азыраак жымсалдатып койбоду десең! Аттиң-ай, тууган ичиндеги адамгерчилик деген азайганбы!

Мен илкий басып машинамдын жанына араң жеттим. Каш карайып айлана көрүнбөй калган экен.

Көкүрөгүм таарынычка толуп-ашып, андан да эми эмне кыларымды билбей келип, алдыңкы орундукту артка жыктым да, дармансыз боюмду таштадым. Атама кирип барып чаң салсам деп, бир ниетим азгыргансыйт, экинчи бир көңүлүм болсо андан чочулайт, айбыгат. Анткени мен азыр өзүмдүн эки адамдын ортосундагы «жыйырма жылдык» окуяга караганда алсыз экенимди сезип жатам. Ошол «жыйырма жыл» деген мөөнөттүн алдында ал түгүл о дүйнө кеткен адамдын керээзи да алсыз, күчсүз болуп калганына бир чети эч ишене албай, кайра туруп ишенүүгө аргасыз болгонума ызаланып, буулугуп, бирок баарыдан кокую – бул ишке каршы турууга аргасыз экенимди сезип жаттым. Атамдын бүгүнкү кыял-жоругунун алдында мен эч нерсеге арзыбаган бир көлөкө экенимди түшүндүм. Ошол алсыздыгымдан жүрөгүм түшүп коркуп турам. Атама эч сөз айтууга кудуретим жетпесин, жетсе да ал сөзүмдү баары бир айтпасымды сезип жатам өзүм. Эгер баягы менин мурдагы «Жоош Узак» атам болсо угар беле, ким билет. Азыр болсо бул Жанузак деген адам мага өгөй киши сыяктуу болуп калыптыр. Азыр ал жумурткасын башка уяга салып берип, учуп кеткен канаттууга окшой түшкөн шекилдүү. Анын көңүлү бизди таштап башка жакка учуп кеткен бейм. Ушуну небак сезген Асылбек байкемдин айткан сөзү тигил болуп жаткан чыгар. Андан башка чарасы калбаса керек. Аттиң ай, башка аргасы калбаса керек байкемдин.

Атамдын ушул ахвалга жеткенин көзүң көрбөй эртерээк өлүп тынганың да жакшы болгон экен, апаке!

Машинада жаткан менин жүрөгүм сыздап, атам менен Мунабиянын ортосун көп жылдар туташтырып келген каргашалуу бир сезим Ажике жеңем экөөбүздүн ак тилек, ак оюбузду басмырлап, шылдың кыла үстүбүздөн тебелеп өтүп кетип жаткансыды. Ушул эч нерсени тоготпос ырайымсыз сезим керээз деген ыйык милдетти, элдин түпкүлүктүү рух салтын сындырып, келекелеп жаткансыды. Аттиң кандай айла кылсак болот? Жок дегенде керээз дегенди коргоп калсак болбойт беле. Мейли, атам өз абийирин өзү сактабаса, мага да кереги жок ал абийирдин, бирок адамдын улуу салтын сактап калыш милдетин эмне кылабыз? Эмне кылабыз дейм, ата?! Башкасын койсом да мен атама ушуну айтууга акым бар экенин ойлоп, бел байладым. Азыр туруп

барып кыйкырсам, ал өтө турган сөзүм бар сага, ата!

Үстүмдөгү былк эттирбей муунтуп жаткан жүгүм бир аз жеңилдегенсип, ордумдан тура баштадым. Аңгыча биздин үйдүн эшиги ачылып атам сыртка чыгып келе жатканы угулуп калды. Түн абдан эле коюлуп калган экен. Машинадан чыкпай аярлап отура тургум келди. Атам мени издээр бекен деген ойго кеттим окшойт. Аңгыча атам калиткадан чыкты да түз басып, жанымдан дабышсыз өтүп кетти. Эч токтолгон жок. Ошондон улам мен дароо түшүндүм, анын кайда жөнөгөнүн. Артынан аңдып баскым келди, бирок эшикти ачсам дабыш чыгып калат эле. Ошон үчүн караңгыда көз тигилтип атамдын караанын боолголоп карап турдум. Кантсе да Мунабияныкына жөнөдү болуш керек. Мейли дедим ичимде кайра жакшы болот…

Көрсө атам Мунабияныкына кетпей эле аны тосуп чыккан экен. Менден алыс узай электе ал бирөөнө жолуккандай болду, күбүр-шыбыр сөздөр чыгып, экөө чогуу туруп калышты. Атам тигил аялды үйгө жүргүн деп жаткансыйт, аял болсо макул эместей. Кыязы менин машинам ага агарып даана көрүнүп турду окшойт.

Аңгыча болбой үй жактан күйүп-бышып Ажике жеңем жетип келгени.

–Көрдүңбү кичине бала, айтпадым беле, моминтип түн ичинде да биздин тынчыбызды алат тигил! Уят-сыйыттан эчтеме жок. Ай, Мунабия, мобул баладан уялсаң боло жок дегенде?

Мен машинадан атып чыгып Ажике жеңемди дароо колдон алдым. Бирок анын үнүн басууга үлгүргөнүм жок. Аңгыча Мунабия дароо кетип калды да, атам жалгыз бизди көздөй дабышсыз жылып келе жатат. Оюма ар нерсе келе түштү. Күндүзгү чатак уланбаса экен деп кыпылдадым. Мындай учурда Ажике жеңем унчукпай калыштын ордуна кайра биздин короого киргени жүрөт эдиреңдеп.

–Жеңе, үйгө бара бериңизчи, – дедим мен аны колдон ала токтотуп. Кыязы, ал таңыркап калды окшойт. Демек атамдан коркуу деген анда ой да жок. А бирок бүгүнкү самоорду ыргыткандай кылса, атам бирөөгө зыян кылып коюшу мүмкүн да. Нерв дегенден анда эчтеме калган эмес көрүнөт. Бирок ал кечке үйдө жалгыз жатып бу маалда жоошуп калган бейм колтугуна агарган чүпөрөктөрдү кыстарган тейде жаныма келди да, конуп кетесиңби деп сурады менден. Менин жообумду уккандан

кийин ал жеңеме эч көңүл бурбастан, үйгө кирип кетип, чырак күйгүздү. Колтугундагы жуулуп, үтүктөлгөн сүлгү, суу жоолук, дасторкондор экен.

–Алдагы жеңеңди жууп кой десем бир жумадан бери кулагына кирбейт, – деди атам мага арызданган тейде. Колундагы чүпүрөктөрдү көрсөтүп. Мен Ажике жеңемди карасам, ал баягы эшикке ыргыган самоорду кайра койгону кам уруп жүргөн экен. Атамдын арызын тыңшап да койгон жок.

Тамак ичилип бүтүп Ажике жеңем кеткенден кийин атам керебеттен өз төшөгүн өзү салууга киришти. Кыргыз айылдагы эң бир ылайыксыз осол көрүнүш ошол болсо керек – аялсыз бой калган карыя киши жууркан-төшөгүнүн оңун келтире албай көпкө дейре каржаңдап атса!.. Же өңү табылбайт будаланган жууркандарынын, же ал мусапырга жардам берген киши жок.

Жатып укта, – деди атам тигил ички бөлмөнү көздөй ээк шилтеп. Башка сөз сүйлөшкүсү жок. Ошондон улам мен айтууга камдап алган сөздөрүм талаада каларын сезип жаттым…

–Апам эмне деген керээз айтты эле?..

–Аны эмне кыласың?

–Тим эле угуп алайын дедим.

Атам там жакка бет буруп кымтыланып алды да саамга дейре унчукпай калып анан үздүк-создук күңкүлдөй кетти.

–Бир топ эле сөз айтты, байкуш… Астына ички үйдөгү чоң килемди салып, үстүмө парча жапкыла деди… Көргө сөөгүм киргенче элге арак берилбесин деди… анан дагы… кыркым өткүчө балдарым менен чалым таяк таянып турсун, келиндер кошогун токтотпосун деди…

Менин жүрөгүм зырп этип, апамды койгондон үч күн өткөндөн кийин шаарга, ишиме шашып кеткенимди эстеп өттүм. Байкуш апама таңыркадым, эмне үчүн ошолордун баарысын айтты экен деп. Бирок керээз дегенди а-бу деп тескеп отурбайт дечи.

–Ата, – дедим мен анын жанына барып, – анан эмне үчүн бизди кыркына чейин калгыла, энеңердин сөзү ушундай деп калтырган жоксуңар?

Атам башын буруп мени ормоё карап койду.

–А силер калат белеңер?

–Калыш керек эле да.

–Өкмөт уруксат береби ошого?

–Аны көрүшөт элек.

–Бербейт. Элдин баары кырк күндөн өлүк көөмп жүрүп алышса, ишти ким иштейт?

–Ал сиздин жумушунуз эмес да.

–Бар, жат укта!

–А Мунабия тууралуу апам эмне деди эле?

–Уккан эмесмин.

–Кантип уккан жоксуз? Эл айтып атпайбы?

–Эл айткан жери жок. Уктачы!

–Качпаңыз ата. Биз сүйлөшүшүбүз керек.

Атам үнсүз жатып калды. Мен жанында тура бердим.

–Жарыкты өчүр! – деди атам. Мен өчүрбөй тура бердим. Көпкө турдум. Акыры жооп берерсиң деп мелтейип турам ичимде. Бирок атам да көгөрүп жата берди. Таптакыр козголбойт. Мен мурдумду шуу тартып, тамагымды катуу-катуу жасап оройлоно баштадым. Кыжырымдын келгенин атама сездирип жатам. Ошентсем бир маалда атам секин ордунан тура баштады.

–Сен эмне, мени тергегени келдиңби? – деди керебетке олтургандан кийин башы калч-калч этип. – Баары бүтүп эми сен калдыңбы? Мени эмне жайыма койбойсуңар ыя?! Мен өлүп берсем жаныңар тынабы?

–Апамдын керээзин айтып атпаймбы, – дедим мен тайсалдай түшкөнүмдү билгизбей.

–Апаң андай сөз айткан эмес! Калп, Ажике жеңеңдин чыгарганы!

Атам адегенде үнү каргылданта катуу бакырып алып, кайра ошол замат ыйламсырап, доошу чыкпай калды.

Мен атамды аяп кеттим, бирок апам үчүн деген боор толгоом дагы да күчтүүлүк кылып:

–Айтпаса да апамдын каалаганы ошол Ажике жеңем айткандай болчу. Сиз аны аткарышыңыз керек, – дептирмин. Ошентсем атам жаштуу көзү менен мени тир укмуштай кыжаалат карап алды: «Анда мен да өлөйүн, антпесем силер өңдөнгөн кеңкелестер тирүү кишинин каалаганы менен эсептешпейт турбайбы. Өлөйүн анда, башка арга калган жок», – деп караган экен ошондо көрсө байкуш атам. Мен аны кайдан түшүнөйүн, түшүнмөк тургай атамдын ошондо башы шылкыйып мага үн ката албай калганына маашыр боло, жеңишке жеткен кишиче эртеси шаарды көздөй машинаны учуруп, көңүлдүү кеткем.

Туура үч күндөн кийин баарыбыз тең телеграмма алдык. Келсек небак боз үй тигилип, атам байкуш көк беденин үстүндө, муздакта, жалаңкат шейшепке оролуп жатыптыр. Биз баргандан кийин айылдагы жаңы салт боюнча бош керебетти үйдүн ортосуна чыгарып, сөөктүн бетин ачып, үстүн кара тукаба менен жаап коюшту.

Ыйлай-ыйлай басылып, элге аралаша баштаганыбызда мен биздин ага-туугандардын кебетесинен билдим бирөөнүн азага келбей жатканын. Көрсө ал Мунабия экен. Кобурашкандардын сөздөрүнөн байкасам анын азага келишине Ажике жеңем баш болгон апамдын бүт абысындары каршы чыгып,

эркектер болсо Мунабия келбесе болбойт деп, эки ача пикир айтып жатышкан көрүнөт. Маган баары бир өңдөндү. Келсе келсин, келбесе койсун, андан эми эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Бирок Ажике жеңемдер каршы болуп жаткандан кийин аны келтирип, чатакты кайрадан ырбатып эмне кылат дейм ичимде. Аңгычакты бирөө келип, мени Конокбай авамдар чакырып атат тигинде деп, сакалдуулардын ичине чакырып барды. Биздин үйдүн төркү бөлмөсүндө отурушкан экен.

–Келе гой садага, ыйлап бугуңду чыгардыңбы биртике? Ыйлагын ошентип, атаңа канча ыйласаң, сага да кийин балдарың ошончо ыйлайт, – деди Конокбай абышка менин колдорумду сылагылап, жүзүнөн мээрим чачыратып. Анан ал мени чакырткандагы максатын айтты.

–Оош-кыйышы жок, өйдө-ылдыйы жок турмуш болбойт, Такен, айланайын. Баарыбыздын тең эле өмүрүбүз ошондой, бир кылка ак же бир кылка кара жашаган адам болбойт, сени биз эстүү деп, чоң азамат болду деп кеңешке чакырып турабыз. Атаң маркум өлөрүндө бир сөз айтып кетти, ошону аткарбасак болбогону турат…

Мен «айта бериңиз» деп башымды жерден албай сөз аягын күттүм.

–«Мунабияны сөөгүмө коё бергиле, кара кийип башымда олтурсун» – дептир атаң.

Менин көздөрүм ымыр-чымыр болуп кетти. Дагы айтайын Мунабиянын келиш-келбеши мага баары бир эле, бирок атам байкуштун керээзи мага катуу тийди. Маркумдун эң акыркы жолку мени жек көрүүсү, ошондогу жаш аралаш кыпкызыл болгон көзү менен мени акыркы жолу карашы ок болуп келип, жүрөгүмө кадала түшкөндөй алсырадым. Бүк түшүп отурган бойдон Конокбай карыянын алдынан козголгонум жок.

–Ай, сандырак, бери кирчи, – деп ал сырттан башбактаган балдардын бирин чакырып алды. – Азыр ылдый Мунабияныкына тызылдап барып: «Жанузак атам өлөрүндө сизди азама келсин деп керээз айтыптыр», – дегин.

Түшүндүңбү? Башка сөз айтпа, калганын ал өзү билсин.

–Албетте өзү билсин. Бир ооз эле айтып коюу керек мындайда. Парздын иши деген ошондой болот, – деп жанында олтургандар Конокбайды колдошту.

–Ай, сандырак, баягы жомоктогу сандыракча жеткиче айтар сөзүңдү тескери буруп алып жүрбө, эсиңе бекем түйүп ал! – деп дагы бирөө тыңсына кеткенде отургандардын баары жайма-жай күлүп калышты.

Көрсө Конокбайдын милдети мага ушул сөздү бир ооз гана кулак какты кылып коюш, а макулдугумдун эч зарылчылыгы жок экен.

Ошону менен өлүк узаткан, аза күткөн Танай уулунун улуу-кичүүсү, аял-эркеги эми Мунабиянын келер-келбесин, келсе кантип, эмне болуп келерин күтүп калгансыды. Убакыт өтүп жатат. Мунабияга атайын кабар айтылды дегенди бир маалда Ажыке жеңем угуп калган экен, кошогун дароо токтотуп, сустая сыртка чыкты да, эч тайманбастан туруп, Конокбай карыянын кылган ишине ачык эле акарат айтты шакылдап:

–Ал эмнеси экен, сакалдуу киши да ушуну кылабы. Андай калысчыл неме болсо Шааркан жеңемдин керээзин эмне аткарам деп жулунбайт. Же катындын керээзи керээз эмес бекен? Көрсөң ой булардын, өз билгендерин жасап!..

–Жеңеңдин керээзин сен аткардыңбы, ай Ажике!

Жанузак тирүүсүндө Мунабияны бул үйгө жолоткон жоксуң? Жолоткон жоксуңбу? Эми өлгөндө эмне кыласың анын алдын жасап!..

Эркектердин кимдир бирөө ошентти эле, Ажике жеңем душманын эми даана көрө койгон кишидей, алигинин жанына тез-тез басып барып жулкуна кетти:

–Келбейт Мунабия! Эмне жолу бар экен бирөөнүн эринин кашына келип, кара кийип отургандай?! Ага таңсык болуп турсаңар намысы жок танайдын эркектери чогуусу менен барып үйүнө кирип алгыла!

Менин туугандарымдын бир даары сандарын чаап күлүп калышты, бир даары Ажике жеңемдин сөзүн жактырышкан жок окшойт, иреңдерин тырыштырып тескери карашты. Бирок бири да сөз кайрып айткан жок. Ошондон улам. Ажике жеңем биздин көчөнүн аялдарынын ичинен апамдын ордун баскан билерманы, мыктысы болуп калганын түшүнүшкө болот эле.

Түшкө жакын азага келген кишилер короого батпай бытырап, топ-тобу менен көчөгө чыгып, калгандары бактын ичиндеги жыгач-таштын үстүндө кара таандай конуп отурушкан. Улам бир жаңы киши унчугуп келген сайын боз үйдөгү аялдар аркы-терки үн созуп калышат. Бир маалда чыны-чайнек көтөрүп, ары-бери чуркаган сырттагы келиндер күбүр-шыбыр боло токтой калып, жол карай башташты.

«Келатат» деген үндөр тигинден-мындан угулат. Мунабия биздин үйдү көздөй келатканын уккан соң, тигинде-мында жамбаштап жаткан эркектер да сөздөрүн токтотуп, баштарын соксойтуп, алдемне болор бекен деген шойкомдо делдейип калышты. Мунабиянын келиши ушул азыр жарданып тургандардын ар-ар кимисине өзүнчө: бирине намыс, бирине уят, бирине ачуу, бирине таба, бирине күлкү, а бирине болсо тимеле карандай кызык болуп турду бейм. Жеке мен өзүм кантеримди билбей, сөздүн чыны мына бул жогоруда санаган сезим-туюмдарымдын бардыгы бирдей чогулуп келип, бир убакта көңүлүмө жыйылып алган сыяктуу апкаарып да, чаташып да, бир чети чатак чыгып кетпегей эле деген ойдо кооптонуп турдум.

Эмнегедир дал ушул тушта шамалы жок, уйгу-туйгусу жок, тып-тынч мемиреп туруп эле, асмандан аппак болуп кебез кар жаай баштады. Кара жердин бети агаргандан агарып, биз дем алган аба улам тунуп, тазарып, дене боюбуз кадим салкын сууга чайкагандай таптаза.

Мунабия боюна жараштыра узун этектүү чымкый кара көйнөк кийип, чачылуу кара шалы жоолукту башына шалкы салынып, ээн жолдун дал ортосу менен түптүз басып жалгыз келаткан экен. Жарданган эл бала-бакыра аралаша сөөк жаткан боз үйдүн эшигинен чыга далай жерге эки жең болуп созулуп кеткен. Ошол эки жеңдин учуна келген тушта Мунабия башын саал бир жагына кыйшайтып, апакай узун шадылары менен ийнинен куюлуп түшкөн жоолугунун эки учун көкүрөгүнө кымтып алып, үн чыгара кетти. Кыязы кечээтен бери, атамдын өлгөнүн уккандан тарта

үйүндө жалгыз отуруп ыйласа керек, көздөрү каканактап шишип, он талаалап жаш аккан бети-башы балбырап көөп чыгыптыр. Мунабиянын келатканын угары менен Ажике жеңем боз үйдөгү үн чыгара баштаган аялдарды тыя салып, сыртка жүгүрүп чыкты. Мен эрксизден алга жүткүндүм. Балээ болуп эки аял чырлаша кетпесин дедим окшойт. Мунабия жаш төгүлгөн көздөрүн ирмебестен, Ажике жеңемди көздөй түптүз келе жатат. Жеңем болсо тоо тоскон азаматча муштумдарын бекем түйүп, өңүнөн биротоло кетип алыптыр. Болпогой эткээл денеси жел урган көк сотого окшоп титирейт. Айтор бир балээ башталарына көрүнүп калды окшойт. Же Мунабия токтоп калабы, же жеңем жол бошотобу. Бирок экөө тең андай кылбады, бетме-бет тирешип келди. Ошол тушта кудай жалгап кайсы бир аксакалдын чыңкылдаган ачуу үнү абаны жарып кеткени:

–Алдагы эси жок катынды жол бошот дегиле ой, азага келген кишинин жолун тоспойт!

Асылбек байкем да көрсө чукул жерде экен, аксакалдын үнү чыкканчакты арада шып жетип келди да, аялын жеңден тартып кетти. Ажике жеңем жакшы эле моюн бербей күйөөсү кармаган жеңин жулуп алып, Мунабияны көздөй тап коёюн дегичекти Мунабия аны кыжалат бир карап алгандай болду. Ошондо ичиндеги тиреп турган пружинасы сынып калган өңдүү шылкыя түштү жеңем. Көздөрүндөгү эмелеки чакыраңдаган ачуу оттору негедир дароо өчүп кетти. Жеңемдин ошол кебетеси менин санаамды дароо тынчыткансыды, жеңем дайыма эле ушундай болуп жүрсө деген каалоо келип кетти оюма. Бирок анда дагы эле кайраттын көрөңгүсү калган экен. Мунабия боз үйгө кирип кетер менен бетин аткып үзүп алды: «Уялбай баягы жылы акем жоготкон алтын сөйкөнү тагынып келген тура!» – деди анан ал карап тургандардан жардам сурагансып жалооруп. Бирок эч кимден жооп болгон жок. Бир жылдары маркум апам баш болгон биздин айылдын аялдары: «Жанузак жасаган алтын сөйкөнү Мунабия уурдап кетиптир», – деген ушак-айың таратышып, ал тургай тигил жалгыз бой аялдын үйүнө кирип барып тинтишкенин уккан элем. Аргасыздан азыр ошол эсиме түштү. Көрсө Ажике жеңем ошол шөкөт буюмду дагы эле издеп жүргөн экен. «Кызык» дедим мен өзүмчө таңыркап, бир кезде ачуунун, көрө албастыктын айынан чыккан сөйкө жөнүндөгү куру жалааны жеңем ушул убакка чейин Мунабиянын бетине жабам деп жүргөнүн кара! Баланын эле оюну карап турсаң. Байкуш апам да өлөр-өлгүчө ал сөйкөнү атамдан доолап, урушкан сайын таап келгин деп чатак чыгарчу. Эсимде, атам маркум баарын көтөрчү, бирок ал сөйкө тууралуу сөздү көтөрө алчу эмес. Элдин айтышына караганда ошол алтын буюм атам өмүрүндө жасаган нечен-нечен мыкты зергер белектердин эң мыктысы экен.

Мунабиянын кулагынан ал буюмду мен да көрсөм экен деп койдум.

Ыйлап демин суутуп алгандан кийин Мунабия да аялдарга кошулуп кошок кошо баштады. Адегенде көптүн ичинен анын үнүн биз ажырата алган эмеспиз. Бир убакта тыңшасак мурда биз угуп жаткандан башка бир муңайым үн өзүнчө бөлүнүп, башкалардан бөтөнчөрөөк угулат. Бара-бара ошол үн өстөндөгү улам арбып, улам арты түрүлүп аккан жазгы суу сыяктуу коюуланып, ичи толо арман күүгө шыкалып, барган сайын муңканып, чыйралып жүрүп отурду. Ыргагы да, сөздөрү да башкаларга окшобойт, кантсе да алар мурда-кийин жамандыкта айтыла жүрчү көнүмүш сөздөр эместей. Ошон үчүн боз үйдүн сыртында отуруп-турган эркектер да кобурларын токтотуп, алиги сөөк үстүндөгү чыккан жалгыз үнгө кулак төшөшкөнсүйт. Элди билбейм, менин бүт көңүлүм ири алды Мунабиянын ушул азыр атама айтып турган сөздөрүнө байланды. Бир отургуч алып алдым да үн чыккан тушка ыктай олтуруп, ысык жаш чалган көздөрүмдү бекем жумдум:

Жанузак, адашып келип дүйнөгө,

Жанузак, алдыбыз чырмоо тор болду.

Жанузак, ажырым ойноп күлө албай,

Жанузак, алтындай өмүр кор болду.

Жанузак, жер астына сен кетсең,

Жанузак, артыңдан удаа жетермин.

Жанузак, жер алдында жок болсоң,

Жанузак, армандуу бойдон кетээрмин.

Жанузак, булуттуу көктө жок болсоң,

Жанузак, бул турмуштан кечээрмин.

Жанузак, жаземдүү тагдыр кор экен,

Жанузак, жазмыштын күчү зор экен.

Жанузак, жайыңа кеттиң күтүп ал,

Жанузак, о дүйнө бизге доор экен.

Ый бүткүчөктү баштарын жерге кулатып дым отурган элдин жону аппак болуп кетти. Жер аппак, боз үй аппак, тал-дарак аппак, асман аппак. Кошоктун күчүнө мен ошондо айран болдум. Кошоктун сыйкыры менен табийгат өзгөрүп жаткансыды мага. Кара жоолук салынып боз үйдүн ирегесинде турган аялдар да ак башыл болуп бир башкача шоолаланып көрүндү көзүмө. Кирпик көтөрүп байкап

турсам, алардын чынында эле ушул мүнөттө Мунабиянын тагдырына диттери биригип, ага кошула баарынын тең аялдык жааты козголуп, баарысы тең адамдык, аялдык бийик ант-шертти бир кол менен тутамдап чогуу турушкансыды. «Көрдүңөрбү, аял деген кандай асылзат болот? Көрдүңөрбү,

аял деген көңүлү бапестеген адамына кандай берилет. Тирүүсүндө да, о дүйнө кеткенде да аял андай адамын бийик урматтап көкөлөтө алат», – дешкенсип, ошонусу менен алар мына ушул саатта бизден, эркектерден кыйла жогору көтөрүлүп тургандарын өздөрү да сезип жатышты окшойт. Мындайда деле божур-божурун токтотпогон арыдагы карыялар баш болуп бүт өчөйүп, эркек журту баш көтөрбөй дагы бир аз отурган соң, боз үйдүн ичи түйшөлө түштү да, бүт тулкусуна суйсала төгүлгөн кара жоолугун ийиндерине бош таштаган Мунабия сыртка чыга келди. Мен жакты карагансыды, бирок мени көргөн жок ал, карыялар жакты карагансыды, бирок аларды да көргөн жок ал. Тек гана эмеле жер бетин жаба калган аппак карга таңыркап тургансыды да ылдый, үйүн көздөй жалгыз басып жөнөдү.

Ошол тунжураган жымжыртта оолагыраак ойноп турган бир наристе кыз менен моколой жаш баланын кытылдаган күлкүсү кулак аралады эле кимдир бирөө ачуулана, жеңиндеги карды силкип-силкип жиберди:

–Ай жашабагырлар!..

Эки наристе алиги кишини эликтегендей шыңк күлүштү да, кол кармаша нары чуркап кетишти.

–Олда ананайындар, деле кол жупташып табышып алышкан тура, – деди бир кемпир эки наристенин ошол кылыгына ичи элжиреп.

«Табышса экен дедим мен ичимден, ылайым адамдардын баары эле бирин бири издеп таап алышса кана!»

Аңгыча Мунабия саал узай түшкөн экен.

–Эй бала, тигил апаңды кайтарып келчи! Кетпесин, Жанузактын сөөгүн узатсын! – деди Конокбай ошондо бир эсе элге жарыя кылгандай бек-бек сүйлөп.

Жумшаган бала жүгүрүп барды эле Мунабия саал токтолуп туруп, анын башынан сылады да, эч сөз айтпастан, арылап кетти.

Ошондо Мунабия эмне үчүн кайрылбай кетип калганын ушул кезге дейре түшүнбөйм. Өзүнөн сурайын десем ал азыр жок, Мунабия – жаркын апам!