Муза
Ал кезде мен өтө деле жаш эмес болчумун. Ошого карабастан эмнегедир живопистен сабак алгым келди. Деги эле мен живописти жанымдай жакшы көрчүмүн. Ошентип Тамбов губерниясындагы өз үйүм, өлөң төшөгүмдү таштап, кышты Москвадан өткөрдүм: сабакты болсо анча-мынча тармалдашкан узун майлуу чачын кежигесин көздөй бура таштаган, оозунан мүштөгү, үстүнөн анар түстүү баркыт курткасы, бутунан кыжырыма өзгөчө тийген киргилт, боз түстөгү байпагы түшпөгөн, анан калса, адам менен сүйлөшүп жатканда кербезденип, окуучусунун ишине көзүн жүлжүйтө баа беримиш болуп, ар дайым: – Дурус, дурус… Ийгилик алыс эмес – деп кайталай берчү талантсыз, бирок кыйла белгилүү болуп калган, көлтөйгөн семиз киши өтүп жүрдү.
Мен Арбат көчөсүндөгү «Прага» ресторанынын жанындагы «Столица» мейманканасында жайгашкан элем. Күндүзү сүрөтчүнүкүндө жана үйдө иш кылып, кечкисин баш-аягы жок турмуш сүрүшкөн ар кыл жаңы тааныштар менен бирге жарды, бирок бильярд жана сыра десе жанын берген жаштар менен арзан ресторандардан чыккан жокмун. Ошентип коёндой окшош, тажатма күндөр агылып жатты: аял кебетеленген балит сүрөтчү жана анын чаң баскан буюмдарга толгон өнөрканасы, жанга жагымы жок “Столица”, такай жааган кар, күңүрт шам чырактар менен эптеп-септеп жарык болгон ресторан жана сыранын ачуу, коңурсуган сасык жыты… Эмне үчүн мына ушундай кыяздагы селсаяктык жашоо өткөрүп жүргөндүмдү азыр түк түшүнбөйм. Мен анда кедей деле эмес болчумун.
Терезелерди ачсаң жаз илеби бет аймалаган март айынын бир күнү колума карандаш алып сүрөт чиймелеп отурсам, кимдир бирөө эшик каккылап калды. – Ким бул? – деп бир нече ирет собол таштаганыма карабастан жооп ордуна эшик кайрадан такылдады. Туруп барып эшикти ачканымда улагада боз түстөгү кышкы шляпа, боз пальто, боз ботинка кийген узун бойлуу кыз турган экен. Ал менден көзүн албай тиктеп тургандыктан көздөрүнүн түсү – сары экендигин, узун кирпиктерине, бетине жана шляпа алдынан чыгып калган чачтарына, кар аралаш жамгырдын тамчылары туруп калгандыгын байкадым; ал менден дагы деле көзүн албай мындай деди: – Мен консерваториянын студентимин, атым: Муза Граф. Сизди кызыктуу адам деп угуп, таанышуу үчүн атайын келдим. Каршы эмессизби?
Мен эмне демекмин, айран-таң калганымды билдирбөөгө аракет жасап, сылык-сыпаа түрдө мындай дедим:
– Албетте, каршы эмесмин, ал тургай абдан кубанычтамын. Бирок, дароо эскертип койгум келет, сизге жеткен имиш-имиштер чындыкка коошпойт: менин билишимче, кызыгууңузду жарата турган деле менде эч кандай өзгөчөлүк жок.
– Аны көрө жатарбыз, мени үйгө кир дейсизби же ушунтип босогодо тура беребизби? – деди ал, дагы деле болсо менден көзүн албай. – Кубанычта болсоңуз, үйгө кир деңиз да!
Босогодон аттаар замат ал кудум өз үйүнө кирип келгенсип, менин ар кайсы жери карара баштаган күмүш түстүү күзгүмдүн алдында шляпасын чечип, күрөң-саргыч чачтарын иретке келтирип, обочороок турган столго пальтосун чечип ыргытып, чакмактуу фланель көйнөкчөн калды да, барып диванга отуруп, улам-улам мурдун тартып: – Менин ботинкамды чечип, пальтомдон жүз аарчымды алып берип коюңузчу! – деп буюра үн катты.
Колумдан жүз аарчысын алып, бети-башын сүрткөн соң буттарын мени көздөй сунду.
– Мен сизди кечээ Шора концертинен көрдүм-деди ал көңүл кош.
– Бул өзү эмне болгон мейман! – деген айран таң калуумду, бир эсептен күлкүмдү араң тыйып, бутундагы ботинкаларын чечкенге кириштим. Дагы деле болсо андан кошо ээрчий келген таза абанын илеби буруксуп, көңүлүмдү көкөлөтүп жиберди. Ботинкаларын чечип жатканымда анын жоон санын эптеп жапкан боз көйнөгүнүн алдындагы капрон колготкиси, жумуру тизелери көптөн бери эсимден чыгарып койгон турмуштун дагы деле уланып жаткандыгынан кабар берип, бир саамга көзүмдү караңгылатып жибергендей болду. Аял затына тиешелүү мына ушул сулуулук менен ойго келбеген кайраттуулуктун бири-бирине эриш-аркак түшүп, бири экинчисин толуктап жатканына айран таң болдум.
Ал минтип диванга ыңгайлуу жайгашып отуруп алганынан улам жакында туруп кетпесине ынандым. Эмне айтаарымды, не деп сөз баштаарымды билбей мен тууралуу каяктан жана эмне деп укканын, каякта жана ким менен жашаары тууралуу сурап жаттым. Ал мени бир карап койду да: – Кимден уккандыгым анчалык деле маанилүү эмес. Кеп – мен сизди концерттен көргөндүгүмдө. Сиз татынакай экенсиз. Мен болсо доктурдун кызымын, мына бу алыс эмес жердеги Пречистенский бульварында турам.
Ал үзүп-жулкуп, кыска сүйлөгөндүктөн мен кайрадан эмне деп суроо береримди билбей: – Чай ичесизби? – дей калдым.
– Ооба, ичем – деди ал. – Анан да акчаңыз болсо, мынабу Арбатта жайгашкан Беловдон ранет алмаларын алып келүүнү буюрсаңыз жакшы болмок. Бирок кызматчыга айтып коюңуз, тез келсин, мен күткөндү жек көрөм.
– Бирок, сабырдуудай көрүнөт экенсиз.
– Көзгө көрүнгөндүн барына эле ишене бербөө керек…
Кызматчы самоор менен бирге алма салынган баштыкчаны көтөрүп киргенде, ал туруп барып чай демдеп, чыны, кашыктарды сүртүп кирди…
Чай ичип, алманы жеп болгон соң ал нары жылды да, колу менен жанын жаңсай берип, – Эми мында келип, жаныма отуруңуз-деди.
Жанына барып отураарым менен ал мени кучактап, эрдимден өптү да, артка ныгырылып мени бир карап алып, татыктуу эле экен дегендей көздөрүн жумуп, бардык дитин коюп, кайрадан өпкүлөй баштады.
– Мына эми болду – деди ал бир кезде тыным алып. – Азырынча мындан башканын кереги жок. Калганы бүрсүгүнү болот.
Көчөдөгү шам чырактардын терезеден кирген үрүл-бүрүл жарыгы гана болбосо, бөлмө ичи караңгы боло баштаган. Мен кандай сезимге туш болгондугумду элестетүү өтө деле кыйынчылык жаратмак эмес. Кудай берет деген ушу эмеспи! Жаш, күүлүү-күчтүү, ал эми эриндеринин түзүлүшү менен даамычы… Бардыгы түшүмдө болуп жаткандай, тиги эшикте бара жаткан аттардын бышкырганы, ал тургай такаларынын асфальт көчөгө урулганы…
– Мен сиз менен бүрсүгүнү «Прагага» барып түштөнгүм келет. Ал жерде эч качан болгон эмесмин, деги эле бул жаатта менин тажрыйбам аз. Ооба, сиз мен тууралуу эмне деп ойлоп жаткандыгыңызды билип эле турам. Эмне кыл дейсиз, биринчи сүйүү деген ушундай тура.
– Сүйүү?
– Анда муну кандайча атоого болот?
Ушундан кийин, мен албетте окуумду токтоттум, ал болсо окумуш этип жүрдү. Биз эгиз козудай ээрчишип, жаш жубайлардай жашап, сүрөт галереяларын, ар кыл көргөзмөлөрдү кыдырып, концерт угуп, ал тургай эмнегедир ар кайсы жерде өткөн дарстарга да катышып жүрдүк… Май айында мен анын каалоосу боюнча Москвадан алыс эмес жерде курулуп, батирге бериле турган дачалардын бирине көчүп келдим. Ал күн сайын мага келип, түнкү саат бирлерде Москвага кайтып кетип жүрдү. Москванын жанындагы кудум биздин айылдагыдай бак-шактуу короо-жайы бар, ал гана эмес абасы да окшош дачалардын биринде кылган ишим жок күн кечирем деген ой үч уктасам түшүмө кирмек эмес.
Кээ бир күндөрү гана күндүн көзү кылтыя калганы болбосо, күнү-түнү жааган жаан көз ачырбайт. Тегерек-четтин бары өңчөй кызыл карагайдан турган токой. Айрым күндөрү асман чайыттай ачык туруп эле алай-дүлөй башталат; андай учурларда кайдандыр-жайдандыр түрмөктөшкөн сур булуттар каалгып, куйрук улаш жарыша келишет да, күн күркүрөп, жаандын алгачкы тамчылары жерге тамаар замат, ысык аптап, кызыл карагайдын жыты аңкыган илеби менен алмашат. Мындагы бак-дарактар ушунчалык бийик болушкандыктан, ар кайсы жерде курулган дачалар көзгө өтө эле кичинекей болуп көрүнө турган… Мен болсо парктын четиндеги полу жылмаланып сүртүлө элек, эч кандай эмереги жок, бир сөз менен айтканда, толук курулуп бүтө элек дачада жашап жаттым. Анын ашталган дубал жыгачтарынын ортосундагы жылчыктардан эшик даана көрүнө турган. Аба такай нымдуу болгондуктан керебет алдында жаткан өтүгүмдү да көк басып кеткенин байкабаптырмын.
Кечкисин түн ортосунда барып караңгы түшчү: негедир батыштын жарым-жартылай жарыгы бул кыймылсыз жаткан токойго биротоло орноп алгандай таасир калтыра турган. Ал эми айлуу түндөрү мына ушул батыш жарыгы дал ошондой эле кыймылсыз жаткан, сыйкырдуу ай нуру менен таң калычтуудай жуурулушуп кетер эле. Аба мемиреп, асман көп-көк болуп турган мындай күндөрү жаан эми мындан ары такыр жаабачудай туюлчу. Бирок, мен аны станцияга узатып келип, ордума жатып, көзүм илинер замат күн күркүрөп, кайрадан жамгыр көнөктөп, чагылган чартылдай турган. Эртең менен жер али тоборсуй электе таштак жолго бактардын каршы-терши көлөкөсү түшүп, күн нуру жерге үзүлүп түшүүгө даяр турган жалбырак бетиндеги тамчыларга чагылышып, көз жоосун алат. Күн шашке болуп калган маалда кайрадан жамгыр себелейт да, дигерге жакын күн ачылаары менен мен аны тосуп алмакка станцияны көздөй бет алам. Поезд келип токтоору менен аба таш көмүр жыттанып чыкчу. Платформага түшүп жаткан көптөгөн дача ээлеринин арасынан колунда түркүн жер-жемиш жана бир шише мадера салынган себет көтөргөн аны да көрүүгө боло турган… Биз бет маңдай отуруп алып, аркы-беркини сүйлөшчүбүз. Ал эми кайра артка жөнөөр мезгил жакындаганда ал мени колтуктап, башын ийниме жөлөп алып, алыс эмес жерде жайгашкан айдыңдуу көлмөнү айлана, асман бетин бербей жымыңдашкан сансыз жылдыздардын улам бирине суктанып, парк аралап басканды жактырчу.
Июнь айында экөөбүз менин айылыма көчүп келдик. Эч кандай никеге турбастан эле, үй оокатын колго алып, чарбачылык менен алектенип, бошой калганында китеп окуп күн кечирип жүрдү. Биздин үйгө коңшу-колоңдордун ичинен арык чырай, кишиге тике карап сүйлөй албаган, жакыр жана да анча-мынча нерсеге акылы жете бербеген менен музыкалык аспап көрсө, мукам күүлөрдү черте калчу Завистовский деген адам айрыкча көп келчү. Кыш күрөөдө ал бир күн калтырбай каттай баштагандыктан, үйүр ала түшкөнбү, айтор мен анын келишин чыдамсыздык менен күтчү болдум. Анын үстүнө, мен аны бала кезинен жакшы билээр элем. Ал мени менен шашки ойноп болгон соң, экөө жанаша отуруп алып, роялды эрмектешчү.
Иисустун туулган күнүндө жумуштап шаарга жөнөп кетип, көз байланган учурда гана кайтып келдим. Ал үйдө жок экен. Дасторкон четинде жалгыз отуруп, кызматчы кызга: – Дуня, үй кожойкесинин каякта экенин билбейсиңби? Сейилдеп сыртка чыкканбы? – дедим.
– Жок, биле албадым – деди ал. – Алар эртең мененки тамактан кийин чыгып кетишкен боюнча келише элек.
– Кийинип алып чыгып кетишкен – деп бурк этти, ошол учурда ашкананы көздөй өтүп бара жаткан аял жактырбаган тейде. Бул – бала кезде мени тарбиялап өстүргөн, азыр болсо беттерин бырыш чегелеп, чачы буурул тарта баштаган менин тарбиячым эле.
«Демек, Завистовскийдикине кетишкен тура, – деп ойлодум мен, – саат жети болоюн деп калыптыр, чогуу келип калышар…» Ушундан соң кабинетиме кирип, күнү кечке жолдо жүрүп, чарчап, бир эсе чыйрыгып калгандыктан жата турайын деп кыйшайган боюнча көзүм илинип кетиптир. Туура бир сааттан кийин: «Ал мени таштап кеткен окшобойбу! Айылдан бир эркекти жалдап алып, станцияга барып андан ары Москвага жөнөп кеткен көрүнөт. Ооба, дал ошондой окшойт. Андан баарын күтсө болот! Ким билет, а балким келип калгандыр? – деген өңдүү ойлор уйкумду умачтай ачты. Туруп үй ичин кыдырып, карап чыктым – келбептир. Кызык, үй кызматчыларына эми эмне дейм…
Саат он чендерде эмне кылар айламды таппай, үстүмө кыска тонумду кийип, колума эмнегедир мылтыгымды кармап алып, Завистовкийдикин көздөй бет алдым. Жолду ката: – «Өчөшкөнсүп, мындайда бул да келбей калат, жалгыз отуруп көр буга окшогон түнү! Чыны менен эле мени таштап, Москвага кетип калдыбы? Жо-ок, андай болушу мүмкүн эмес, кантип эле ошентсин! – деп ойлоп бараттым. Бут алдымдагы кар кычыр-кучур этип, сол тарабымдагы аппак тон кийген айдың талаа үнсүз тунжурайт… Чоң жолдон бурулуп, Завистовскийдин бакчасын аралай бастым: мына – токойдон бери келчү жол жана анын кош тарабына кырка тигилген жылаңач бак-дарактар, короонун ичин көздөй имерилген жол, сол тарабында өтө эле жупуну көрүнгөн эскирген үй, ал эми үйдө болсо жарык жок… Кыштын ызгаарына кычырап тоңуп калган тепкичтер менен өйдө көтөрүлүп, эшикти араңдан-зорго тартып ачтым. Дароо оозгу үйдөгү оту өчүп бара жаткан меш көзгө урунду. Үй ичи мемиреп, жылуу… Негедир жарыктын күйүп турганы байкалбайт.
– Викентий Викентич!
Ушундан соң ал башка бөлмөлөрдөй эле айдын нуру менен үрүл-бүрүл жарык болуп турган кабинетинен чыга келди. Бутунда – кийиз өтүк.
– Сиз белеңиз… Кириңиз, бай болгур, жогору өтүңүз… Мен болсо моминтип, түн кайтарып, жарыгы жок отурам…
Кирип, диванга отуруп жатып, мындай дедим: – Муза жок, ишенесизби? Каякка кеткенин билбейм…
Ал унчукпай калды да, бир аздан кийин үнүн акырын чыгарып: – Ооба, албетте, мен сизди түшүнүп турам –деди.
– Кандай дейсиз… Эмнени түшүнүп турасыз?
Ушул маалда кабинеттин жанында жайгашкан уктоочу бөлмөдөн бутуна кийиз өтүк кийип, ийнине шалы жамынган Муза чыга келди.
– Көрдүм, жөн келбей колуңуза мылтык кармай келген экенсиз. Аткыңыз келсе аны эмес, мына мени атыңыз! – деди да каршысында турган диванга барып отурду.
Мен анын терезеден кирген айдын жарыгы алдында даана көрүнүп турган кийиз өтүгү менен боз юбкасынын ортосундагы жумуру тизелерине тигилдим. – «Мен сенсиз жашай албайм, мына ушул тизелер, юбка, кийиз өтүк үчүн керек болсо өмүрүмдү да аябайм!» – деп кыйкыргым келди.
– Болоору болду – деди ал, – Жаш балача бышактоонун эми кажети жок.
– Мен сенин мынчалык таш боор экендигиңди билбептирмин – дедим мукактанып.
– Мага чылым берчи – деди ал Завистовскийге.
Ал калдалаңдаган боюнча жанына жетип барып, тамеки салган кутучасын колуна карматып, чөнтөктөрүн аңтарып-теңтерип ширеңке издеп жатты…
Мен болгон күчүмдү жумшап: – Сен мага заматта эле «сиз» – деп кайрылып калдыңбы, эң болбоду дегенде менин көзүмчө тигини «сен» – дебей турсаң боло – дедим.
– Эмнеге? – деди ал кашын серпип, тамекисин чычайта кармаган тейде.
Көзүм караңгылап, жүрөгүм оозумдан ыргып кетчүдөй болуп түрсүлдөп жатты. Ордумдан турдум дагы, теңселген боюнча сыртты карай бет алдым.
1938-жылдын 17-октябры
Которгон: Таштанбек Чакиев