Чыгарма, китеп көлөмү менен бааланбайт
Соңку жылдарда китептер өтө көп чыгып жатат. Айрыкча ыр китептер. Ыр китеп деген менен алардын дээрлик көпчүлүгү али поэтикалык деңгээлге жетпеген, нукура поэзиянын жыты да жок, эптеп эле чүргөлгөн бирдемелер. Андай китептер колуңа тийип калса аргасыздан эсил кайран СССРди эске аласың. Ал убакта басмадан чыкчу ар бир китеп оболу Жазуучулар союзунун тиешелүү секцияларында каралып, талкууга коюлуп, чоң акындар тарабынан чыгарышка ылайык саналса гана басмаларга сунушталып, ал жердеги кызматкерлер да сын электерине салып, ага кошумча мамлекеттик сырды сактоо кызматы тарабынан каралып /цензура/, анан гана жарык көрчү. Ал кызмат, көзөмөлдөр СССР менен кошо өлүп кетти. Учурда пулу барлардын көпчүлүгү үстөккө-босток китеп чыгарып, «акын», анан үнү, добушу болсо-болбосо деле «ырчы», «обончу» болууда. Ошентип, халтуранын жайыты өтө кеңейип баратат. Окуп, ошол обон сөрөйлөрдү эшитип ырахат албайсың. Анан калса азыркы китептер өтө кооз, калың мукаба менен капталып, сапаттуу кагаздарга басылып чыгууда, тагыраак айтсак, дээрлик көпчүлүгүнүн «сырты жалтырак да, ичи калтырак». Анан дагы ичинде бир сап чыныгы ыр жок да, калыңдыктарын кантесиң?!. Мага кээде азыр эптеп-септеп эле, ички мазмун, маанисине умтулбай, калың китеп чыгаруунун жарышы жүрүп жаткандай да туюлат.
«Халтурщиктин жазбай койгону – адабиятка кошкон чоң салымы» деген акыйкат кеп бар. Чүргөмө жазмакерлер жарыкка чыгарарын чыгарып алып, анан ың-жыңсыз жоголчу эптемей китептерди жазып, ага акча короткончо ошол алтын убактыларын, каражаттарын башка бир пайдалуу иштерге сарпташса адамдык насилдигин аткарышмак да.
Китеп көлөмүнүн чоңдугу, калыңдыгы менен бааланбайт. Түркүн сүрөттөр менен шөкөттөлсө да маани-мазмуну өйдөлөп кетпейт.
Китеп – ички мааниси, чеберчилиги менен бааланат, баркталат, аны жазган автордун көзү өтүп кетсе да артында калган экинчи өмүрү сыпатында колдон-колго өтүп, жашай берет. Кайсы бир күйөрмөн окурмандар тарабынан кайрадан басылып да чыга берет.
Ошон үчүн дагы «Аз сөз – саз сөз» деп айтылат. Ошон үчүн «Нукуралуулук – кыскалыкта», «Кыскалык – таланттын эжеси» деп айтылат.
Колума Тамара Добул кызынын «Желдин жыты» аттуу кол жазмасы тийип, башынан аягына чейин чайымды ичпей отуруп окудум. Этегине чыкканымда –Кап! Дагы бир аз окуй түшсөм болмок! – деп, чакандыгына чала тоют болуп калгандай умсундум.
Биринчи жакканы – китептин аталышы. Китепке ат коюу да сергектикти, зиректикти аңдатат. Болбосо «Алмакандын сүйүүсү», «Асан жеткен бийиктик», «Жүрөктөгү махабат» /кызык, махабат жүрөктө болбогондо анан эмне, боордо, бөйрөктө болобу?/, «Сезимдеги сыр» /ушундай сөздү көп түшүнбөйм, сыр менен сезим түгөйлөш эле туюм го дейм, инсан затынын эң ыйык, аялуу сыры сезимде, көңүлдө болбосо, анан кандай, колдо, бутта сакталабы?/, ушул сыяктуу дагы башка аталыштагы китептерди тиктеп туруп эле авторунун ой жүгүртүү деңгээлинин канчалыктыгын түшүнөсүң.
«Желдин жыты» ыр эмес, кара сөз түрүндөгү чыгарма экен. Аны окуп чыксаң зор маани катылганына ынанасың, эң соңунда барып туулган жериңди эстеп, анын шамалынан дем алгандай боло түшөсүң. Тамаранын тунгуч китебинде андан башка да окурманды тамшантып, ойлонтуп салчу кара сөз чыгармалары бар экен. Маселен, өзгөчө болгон окуяны баяндаган жылан тууралуу чыгармасы ар кандай адамды ойго салат, жаратылыш, табият менен инсанаттын киндиги, тамыры туташтыгын, жакшылыктын эч бир заманда жерде жатып калбасын билдирип турат. Болбосо жылан жөнүндө канчалаган ырлар, аңгемелер, ал түгүл повесттер жазылды, көпчүлүгү эсибизде калбады го. Тамаранын «Жыланы» кыскалыгы, мазмундуулугу менен айырмаланып турат.
Ал ушул багытта көбүрөөк иштесе ийгиликке жетчүдөй туюлду мага. Себеби, ал кара сөздө кыскалыкка, айтар оюн так кесе жеткиргенге умтулуп, бул багытта кыйла жетишимдүүлүгү аңдалып турат. Китепке туура ат берилгени кубантты ошентип.
Китептин чакандыгы мага эң жагымдуу болду. Көптөр буйдамалап эле китеп чыгара бербей, Тамарадан өрнөк алса түзүк болор эле. Балким, Тамара деле бала кезден жазгандарынын бардыгын топтоштура берсе килейген китеп болмоктур. Зиректиги ушунда – андай жасалма жолдон качыптыр. Муну албетте, колдоого болот.
Ырларындагы кыскалык – бул чеберчиликтин башаты деп түшүндүм. Айталы, казандай кара таштан корголдой алтын, каухар же акак өйдө да, баалуу да турат. Бул – чындык. Ошон үчүн дагы жаш калемгерлерге азыраак жазып, көп окуганга, эптеп арыдан бери эле эч ким окубаган томдуктардай китептерди чыгарбай, ушундай чакан, мазмунга эгедер китепке умтулушса деген ак ниетимди, каалоомду билдирип койгум келип турат.
Китептеги ырларды чечмелеп түшүндүргүм келген жок. Алакандай болгон китепти чыныгы чыгармачылыкты баалай билгендер окушуп, өйдө-ылдыйын өздөрү байкаштырып аларына шегим жок. Айрым ырлары обонго салыныптыр. Мунун өзү Тамаранын окуганды ойго салчу олуттуу ырлар менен кошо обончулар кайрылбай кое албачу көпөлөктүн канатындай жеңил, лепилдеген ырларды жаза аларын да көрсөтөт.
Кошумча айтаарым, арийне, Тамаранын ырларынын бардыгы эле бир кылка эмес. Алешем иштелип калгандары да бар. Бул эми чытырман токойлуу чыгармачылыктын башатындагы боло берчү кемчилик катары караса да болот. Негизи, автор мындан кийинки жазган чыгармаларында андай кемчиликтерден арылганга астейдил аракет жасашы зарылдыгын билиши лаазым.
Тамара ДОБУЛ кызы – табиятынан шеги жок таланттуу жан. Бирок, тек талант, жөндөм менен чыныгы чыгармалар жаралбайт. Таза, нукура чыгармаларды көп окуп, талбай изденип иштөө менен гана жарыкка келет. Мен Тамара карындашыма ошондой талбас эмгекти, изденүүнү каалайм.
Төлөгөн Мамеев, КРнын Эл акыны.
Бишкек ш., 2019-жылдын сентябры.
Атанын үйү
Бир атадан, бир энеден төрөлүп,
Бир бешикке өссөк дагы бөлөнүп,
Бул турмуштун жазмышына баш ийип,
Бой жеткенде ар кай жакка жөнөдүк.
Эх кантели, турмуш башка, шарт башка,
Эң кичүүбүз жашайт азыр ал тамда.
Балдарыбыз, жарыбыз бар, мүмкүндүк
боло бербейт күн өткөрбөй барганга.
Атабыздын курган үйү биз өскөн,
Алтын мамы – байланганбыз жүрөктөн.
Ата-энебиз өздөрү жок, эми биз
Аларды тек көрөбүз да сүрөттөн.
Бардык жерде ойго түшүп күнү-түн,
Байлап турган көңүлдөрдүн бир учун,
Ата үйү – ыйык бизге Меккедей,
Ага баруу – сыймык, бакыт биз үчүн!
Күзгү жалбырактар
Күмүш сымал өңү сапсары,
Жалбырактар бүгүн бактагы.
Бош калыптыр жалгыз отургуч,
Көздөн далдоо чеке жактагы.
Жай толукшуп бышып турганда,
Келер элек дайым бул бакка.
Толтурчубуз ичин күлкүгө,
Ширин-ширин кыял, сырларга.
Турат баары бүгүн оюмда,
Отурчубуз да бул бош орунга,
Жаздын, жайдын жашыл өңүнө,
Суктанчубуз көңүл тоюп да.
Жашыл кезден бактар түңүлүп,
Шамал өтөт чуркап сүйүнүп.
Саргылт түскө боёп койгондой,
Жалбырактар турат күбүлүп.
Мезгил күзү мейли, тез келсин,
өмүр күзү бирок кеч келсин.
Узак карап орундукка мен,
Эң кымбатым, сени эскердим.
Бакыт
Бакыт, сен барсыңбы, жоксуңбу,
Бар болсоң мен көрбөй койдумбу?
Барайын, табайын дейм сени,
Билбеймин жашынган ордуңду.
Бакыт, сен жоксуңбу, барсыңбы,
Бар болсоң мен көрбөй калдымбы?
Жадырап көрүнүп койчу бир,
Жаркытып, нурдантып алдымды.
Бакыт, сен өзүңдү сүйдүрүп,
Көңүлдү, көзүмдү күйгүзүп,
Алыстан колуңду булгайсың,
Артыңдан кубалайм үшкүрүп.
Бүт ээлеп жүрөктүн толтосун,
Ар качан сезимде, ойдосуң.
Бакыт, бир келип кет бар болсоң,
Мен сени күтүп чоң жолдомун!
Телефон
Телефон «шыңгыр» этет,
Жүрөгүм «дир-дир» этет.
Делдеңдеп чуркап барып ала калсам,
-Сен! – деген үмүттөрүм бүл-бүл өчөт.
Сен эмес, болот башка,
Сумсайып калам азга.
-Кокустан азыр чалып калабы! – деп,
Үмүттүн шам чырагын жагам кайта.
«-Шыңгыр—рр…». Эх, элжиредим,
Дагы эле -Сенби! – дедим.
Сен эмес, бөлөк экен. Телефонду
бир уруп талкалагым келди менин.
Үн катпайт телефонум.
Жаманга кетет оюм.
Келесоом! Көп кыйнабай чалып койчу?
Кайдасың? Айтчы, бошпу деги колуң?
Мезгил
Орто жаштагы аял… Эски шырдагы.
Оңдоп жатат,
кыялында – кыз чагы…
-Сенсиз деле иш бүтөт! Жүр!-деп кыстап,
Сүннөт тойго алып кетти курдашы.
Эчак өткөн чалы түшүп оюна
Эми оймокту кармады эле колуна,
-Катын алды неберем!-деп курдашы,
Кайра дагы алып кетти тоюна.
Алектенип жүрсө таңда иш менен,
Ал эч качан ойлобогон, күтпөгөн
Кабар айтып келди бирөө; -Байбиче!
Курдашыңыз өтүп кетти дүйнөдөн!..
Чачын боёп жаткан кемпир
Кара түскө боейт суйдаң ак чачты,
кемпир эмне, делбе болуп калганбы?
А мейличи, көөдөй болсун чачтары,
А бүкчүйгөн белин кайда катмакчы?!.
Көксөйт окшойт көз күйгүзгөн кыз кезин,
күзгүдөн көп карай берет күндө өңүн.
Бул куракка келип калган кезинде,
Билгим келди кайсы чалды сүйгөнүн.
Буурул чачын боеп, улам таранат,
Бети-башын сылап-сыйпап, жасанат…
Жаша! Бар бол – картты, жашты боёнтуп,
Жаш болууга дегдеттирген махабат!
Дайрага кайырмак салып отурган кыз
Балык кармап бир сулуу кыз олтурат,
Дайра боюн сулуулугу толтурат.
Көрүп калып баргым келди жанына,
Көңүлүмдө кайырмактай ой курап.
Кайырмакка илип алып үмүтүн,
Күтөт окшойт ал асылын күнү-түн.
Көөдөнүнө улам топтоп жаткандай,
Дайра ичинен сууруп чыгып сүйүүсүн.
Кусалыгын дайрага айтып турабы?
Качанкы өткөн кези эсинде сыягы.
Күткөн чыгар ким бирөөнү бир кезде,
Кезигишке улам артып чыдамы.
Көк кашка суу таштан-ташка урунуп,
Кол сунгансыйт ал сулууга жулунуп.
Дайра сыры, ашыктыгын айтканы,
Турду мага тээ алыстан угулуп.
Дайраны кыз, кызды дайра карашып,
Дайра менен ушул сулуу жарашып,
Табиятка турат сүйүү, жан кирип,
Таза, кирсиз көрк, чырайды таратып.