Нурлан Абдрахманов: Чырпыктан чынарга

Нурлан (Мукаш уулу) Абдрахманов Чырпыктан чынарга (Өспүрүмдөрдүн жашоосу тууралуу пьеса) Катышуучулар: 1) Өткүр – 10-класстын окуучусу 2) Нурпери – Өткүр экөө кошуна, параллель класста окуйт  3) Ринат – Өткүрдүн классташы, досу 4) Айтеңир – Өткүрдүн классташы, досу 5) Мираида – Өткүрдүн классташ кызы 6) Ди-джей – 10-класстын окуучусу 7) Манты кулак –Спорт мектепте–интернатта окуп жүрүп кайра келген 11- класстын окуучусу 8) Өткүрдүн атасы 9) Көпчүлүк – Мектеп окуучулары Пролог (Мектеп. Танапис маалы окуучулар коридордо сүйлөшүп турушат. Алардын кажы–кужусун Өткүр жактырбай, чөнтөгүнөн телефонун алып чыкты да бирөөнө чалып атып окуучуларга кыйкырды.)  Өткүр:  -Эй, акырынгылачы, эмне, базарда жүрөсүңөрбү? (Окуучулар толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: «Айланайын Курманбек, менин атымды ал!»

«Айланайын Курманбек, менин атымды ал!» Бир күнү бир акын курбум чалды. Бир ырымы соцтармакка жарыяласам, «баары жакшы болот, жашоонун өзү бакыт, ошого кубанып жаша» деп акыл үйрөтө башташты деп. Аябай жаман болуп алыптыр. Дагы бир акын он жыл мурун жазган ырымды жарыяласам, телефон чалып «жакшы элесиңби?» деп сурап жатышат деп жылмайды. Эфирде бир журналист коногунан сурап жатат: «Чыгармаңда тиги окуяны жазган экенсиң, өзүңдүн башыңдан өтсө керек ээ. А бул окуячы?..» Жазуучу сылык-сыпайы «актанып» жооп берип жатты, кудум суракта отургандай сезди болуш керек өзүн. Бир окумуштуу, болгондо да гуманитардык илимдер боюнча толугу менен…..

Нурлан Абдрахманов: Сынак

Сынак (Бир актылуу моно пьеса) Каарман – Жаркынбек. Акын, гезитте кабарчы. 30 жашта. (Түн. Жаркынбек кирет. Көздөрү киртийип, кебетеси жүдөңкү. Чарчаган. Асынган сумкасынын четтери сыйрылып кубарып калган. Тепкичтен көтөрүлүп, чөнтөгүн аңтарып таппай, сумкасынан ачкычын алып чыкты. Эшикти ачып бир бөлмөлүү батирине кирди. Светти жандырды. Айланасын сыдыра карады. Китеп салгыч. Анда тизилген китептер. Кагаз, барак, блокноттор. Вазада гүл. Рамкага салынган сүрөт. Шыбы жапыз, кууш, узун бөлмөгө лампанын күчү жетпей күңүрт. Дубалдагы эски сааттын чыкылдаганы угулат. А болбосо жымжырттык. Жаркынбек сумкасын жерге таштап керебетке жата кетти. Керебетинде тынч жата албай ары бир, толугу менен…..

Калемгерлер арасындагы жарыяланган сынактын мөөнөтү узартылды

СЫНАКТЫН ЖОБОСУ Адабий сынак жүзөгө ашырыла турган жер: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.  1. Адабий сынактын катышуучуларынын курамы: 16 жаштан жогорку курактагылар катыша алат. 2. Адабий сынактын максаты жана милдети: Эгемендүүлүк жылдардан кийинки кыргыз адабиятындагы адабий процесстин деңгээлин жогорулатуу; Кыргыз окурмандарына чыгармачылык чеберчилиги кынтыксыз, эстетикалык табити жогору, дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты чыгармалардын үлгүлөрүнө тете авторлорду тааныштыруу; Акын-жазуучулардын анын ичинен драматургдардын, адабий сынчылардын, адабиятты илимий жактан изилдөөчүлөрдүн чыгармаларын эл арасына кеңири жайылтуу; Адабий чыгармачыл жаш күчтөрдү коомдук-маданий турмушка активдүү аралаштыруу; Кыргыз маданиятынын жана адабиятынын идеялык-көркөмдүк деңгээлин өнүктүрүү, анын коомдун өнүгүшүнө жана инсандын калыптанышына тийгизген толугу менен…..