Өмүрбек Дөлөев: Мен мекендин чырпыгы

Бир-бирине оп-окшош Ойлорумду бийлеген, Жумушу жок жүрбөгөн. Кумурскадай балбандан, Күчтүүлүктү үйрөнөм. Кумурскадай көрүнөт, Трактор вагон сүйрөгөн.   “Каз таман да” тынчы жок, “Каткырык” салып уйку жок. Шамал, жаан, кар билбей, Талааларга ыры-от. Кумурска менен трактор, Бир-бирине оп-окшош.   Бөбөгүм “Улуулардай болсом” деп, Мен аларды туураймын. Билбегеним үйрөнүп, Өзүмчө эле жыргаймын. Менден калбай чодоңдоп, Сен да мендей болгуң бар. Келбесе да колуңдан, Меникиндей ойнуң бар. “Коёнго чөп, жем берем”-деп, Күндө мени ээрчийсиң. Он жыгылып, он туруп, Улам тыңып, телчийсиң. Коё бербей оюңду, Аткартасың айтканың. Суктанамын мунуңа, Эрктүүлүктөн кайтпагын.   Сүзөөнөк козу толугу менен…..