Ганира Пашаеванын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына көңүл айтабыз

Жазуучу жана журналист, Азербайжан Мажилисинин депутаты, Маданият комитетинин төрайымы Ганира Пашаева дүйнөдөн кайтты. Ганира Пашаева 1975-жылы 24-мартта Азербайжан ССРинин Товуз районундагы Дюз Гырыглы айылында туулган. Эки жогорку билими бар – медициналык жана юридикалык. Азербайжан мамлекеттик медициналык университетинин педиатрия факультетин жана Баку мамлекеттик университетинин эл аралык укук факультетин бүтүргөн. Кыргыз адабиятынын досу, Түрк дүйнөсүнүн чыгаан кызы, жазуучу жана журналист, Азербайжан Мажилисинин депутаты, Маданият комитетинин төрайымы Ганира Пашаеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Азербайжан элине, Азербайжан акын-жазуучуларына, бир туугандарына, үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, толугу менен…..

Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты, жазуучу Г.Пашаева компьютер белек кылды

Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты, Маданият боюнча комитетинин төрайымы Ганира Пашаева КР Улуттук жазуучулар союзуна компьютер жана түстүү принтер белек кылды. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Азербайжандын Милли Межлисинин Маданият боюнча комитетинин төрайымы Ганира Пашаева баштаган депутаттык топ ТүркПАнын алкагындагы байланыштарды чыңдоо максатында  Кыргызстанга келип, кыргыз парламентинин өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушуудан кийин КР Улуттук жазуучулар союзуна кайрылып, адабий-маданий кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, соңунда компьютер белек кылууну убада кылып кайткан. Филология илимдеринин доктору, жазуучу Ганира Пашаева айткан убадасын аткарып, КР Улуттук жазуучулар союзуна компьютер, түстүү принтер белек кылды. Белекке келген жаңы үлгүдөгү core i7 кубаттуулугуна тең толугу менен…..

Азербайжан Парламентинин депутаты, жазуучу Ганира Пашаева жазуучулар союзуна келди

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Парламентинин маданият комитетинин төрайымы, депутат, ф.и.д., жазуучу Ганира Пашаева менен жолукту. Жолугушууга Ганира айым менен бирге Азербайжан Парламентинин депутаттары: илим, билим жана саламаттык сактоо комитетинин мүчөсү, мамлекеттик жана саясий ишмер Мушвиг Фазиль оглы Мамедли, экономикалык саясат, өнөр жай жана ишкердик боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, мамлекеттик жана саясий ишмер Али Ахмед оглы Масимли, “Нефес” коомдук бирикмесинин төрайымы Фиренгиз Балакишаева, Эл аралык “Евразия” басма сөз фондунун жетекчиси Үмүт Рехимоглу Мирзаев катышты. Ал эми Улуттук жазуучулар союзунан төраганын орун басары К.Кадыракунов, акын Жедигер Саалаев, жазуучу Ж.Моңолодоров, Ж.Акаева, толугу менен…..