Чыңгыз Айтматов: Атадан калган туяк

Атадан калган туяк (аңгеме) Мына ушундай күндөрдүн биринде чоң кашарга көчмө кинонун машинасы келип калса болобу. Аны элден мурун эле Авалбек көрүп, өпкөсү жарылып кете жаздап: –Кино келди! Тигинекей кино келди!— деп, балдардан мурда озунуп, кыркынчыларга кабар салды. Кино жумуштан кийин башталды. Ошого чейин эч бир чыдамы жетпей, күн кеч кирбей качан эми деп — зарыкты, думукту. Качан болот деп кыңкылдап, энесин да тажатып бүтүрдү. Ушунусуна жараша кино анын тилегин ойдогудай орундатты. Кино — согуш жөнүндө экен. Кашардын дубалына илинген аппак кездеменин үстүндө кым-куут салгылашуу жайнап жатып калды. Замбирек снаряддары толугу менен…..