Т.Жолдубаевдин “Башарат түш” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Кыргыз Туусу редакциясынын жыйындар залында жазуучу Темирбек Жолдубаевдин “Башарат түш” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган кечеге КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл акыны К.Бакиров, жазуучу, котормочу, драматург А.Абдылдаева, адабиятчы Р.Эшматов, филология илимдеринин доктору, профессор Г.Сооронкулов, жазуучу Ж.Токтогазиев, кинорежиссер Т.Бирназаров ж.б. акын-жазуучулар, автордун кесиптештери, үй-бүлөсү, жакын санаалаштары катышты. КРУЖС төрагасынын орун басары К.Кадыракунов модератор болду.

А.Абдылдаева “Өсө турган эл өз тарыхын унутпайт” деген аталышта адабий көз караштагы мазмундуу ой толгоолору менен бөлүштү. Ал эми китепке редакторлук кылган жазуучу Ж.Токтогазиев “Башарат түштүн башаты” аттуу кызыктуу баяндама жасады. КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери, адабиятчы Р.Эшматов, Г.Сооронкулов, КУУнун ага окутуучусу А.Калыбековдор жазуучунун чыгармачылыгы боюнча сөз кылышса, кинорежиссер Т.Бирназаров автордун “Актоко” повести боюнча кино тартыларын жар салды.

Өз кезегинде автор калемдештерине, замандаштарына ыраазычылыгын айтып, бүгүнкү жолугушуу чоң дем бергенин, мындан ары да жаңы чыгармалардын үстүндө жигердүү эмгектенерин белгиледи.

КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков жазуучу Т.Жолдубаевге “Башарат түш” аттуу китеби үчүн “Алтын калем” ардак дипломун тапшырды.