Жаш калемгер М.Матназаровдун “Бай бала” жомок китеби жарык көрдү

Жаш калемгер Марлэн Матназаровдун кенже балдар үчүн жазылган “Бай бала” аталышындагы жомоктор жыйнагы жарык көрдү.

Аталган китепке улуттук колориттеги иллюстрациялар камтылган жана коммерциялык максатта сатууга коюлат. Китептин редактору: балдар акыны, жомокчу, энциклопедист 20дан ашуун китептин автору Ысмайыл Кадыров. Сүрөтчүсү: “Tart” жаш сүрөтчүлөр уюшмасынын мүчөсү Мар Амандыков.

Китептин 1000 нускада чыгуусуна жеке ишкерлер демөөрчүлүк кылышкан. Жомоктор жыйнагы Бишкек, Ош шаарларындагы китеп дүкөндөрүнө таратылат жана башка конкурстук иш-чаралар өткөрүлөт. Автор китептерден түшкөн акчаны чогултуп, улуттук баалуулукту чагылдырган мультфильм тартууну ниет кылат.

Марлэн Матназаров 23 жашта. Учурда Борбордук Азиядагы Америка Университетинин юриспруденция тармагында магистратурада билим алууда. 2020-жылдан бери ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоорунда эң жаш жазуучу катары өлкөбүздүн кыргыз мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларына жомок, аңгемелерди жазат.

Долбоордун алкагында автордун 4 жомок китеби жазылган. 2019-жылы “Кара-Суудагы Койчумандан он эки баян” аталышта чыккан кыргыз-англис тилдериндеги жомоктор жыйнагы дүйнөлүк Амазон интернет дүкөнүндө сатыкта. 2019-жылы декабрь айында окуудагы жетишкендиктери үчүн Президенттик “Үмүт” стипендиясынын ээси болгон.