Төлөгөн Касымбековдун жалпы чыгармачылыгы жөнүндө китеп түрк тилинде жарык көрдү

Түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташуу эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын баатыры Төлөгөн Касымбековдун жалпы чыгармачылыгы жөнүндө китеп түрк тилинде жарык көрдү. Бул китептин авторлору Түркиядагы күчтүү адабиятчылар профессор, адабиятчы Орхон Суйлемес жана доктор Самет Азар.

Буга чейин Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романы жарык көргөн. Алдыда башка романдары жарык көрүү алдында турат. Анкара шаарындагы “Бенги” басмаканасында автордун “Адам болгум келет” повести басмага даярдалууда.