Атахан Кожогулов: Бир жакшы аял сүйүп мени, сүйдүрдү, Бир жакшы аял өчүрбөдү шамымы

Кара Кочкор, Кара-Тоо, кара жорго

Агылдым мен саргайган санаа жолдо,

ак жолуңду жараткан мага жолдо.

Кайгырганда кареке келе калат,

кара Кочкор, Кара- Тоо, кара жорго!

 

Анда биздин кенедей кезибиз да,

оюн болчу, таңыбыз, кечибиз да.

Кара жорго чоңдордун кеп кылганы…

катар өскөн топ балдар чурулдашып-

кара жорго болчубуз өзүбүз да.

 

Зайнике ата, жоргосун минип чыкчы,

заңкылдаган добушу бийик чыкчы.

Оң колуна камчысын бекем кармап,

ошондогу ак таңдай күлүп чыкчы.

 

Жорго салыш жакындап калды деди,

жорго таптап саяпкер жанды үрөдү.

Жорго туйлап ооздугун чайнап турду,

жолдо күйүп тургандай жан- жүрөгү!

 

Чоң атамды бучкактап, баламын да,

жорго дешсе, токтоло каламын да.

Жорго кирет түшүмө уктай калсам,

жорго салып айдыңда барамын да.

 

Канча курдай жоргону жандадым да,

жалын сылап, мээримим арнадым да.

Кара жорго капталда канаты бар,

караан үзүп бөлүнчү топ жоргодон,

ар жыл сайын Октябрь майрамында!

 

Чоң, кичине чогулгандуу сүрөшүп,

чоң аталар козголчу, бир сүйөтүп.

Караан болуп турчу эле айылыбызга,

Кара жорго Кочкорду дүңгүрөтүп!

 

Кара Кочкор, Кара-Тоо, жолдор кезген,

каякадыр талпынып ойлор кеткен.

Тилегиме жеткенде маңдай жаркып,

Туулган-Жерди, берметтей жоргону эстейм.

 

Балалыкта унутпай бар, жогумду,

байырлапмын ал күндөн шар жолумду.

Төлгө кылдым мен дагы жоргону ошол,

төлгө кылып чапкандай Тайторуну!

 

Жал-куйругу жайылып санаа, ойдо,

жаныбарым жакшылык мага жолдо.

Колдоп мени жүргөнсүйт ак кайыптай,

Кара Кочкор, Кара-Тоо, кара жорго!

(2021)

 

Бир жакшы аял

Күнүм болду менин да ичип дуулаган,

алабарман, ак көңүлмүн кыйладан.

Кыз жыттанган жаштыгымды ээрчитип,

кыргыз тоонун кырка-белин кырдагам!

 

Бул ичкилик отко таштап жанымы,

бул жүрөгүм кагуусунан талыды.

Бир жакшы аял жаманымды жашырды,

бир жакшы аял өчүрбөдү шамымы.

 

Көтөрбөдүм чоң чалыштын папкесин,

кийдим далай Есениндин шапкесин.

Алп акындын кабактарын гүлдөттү,

алып учкан отуздагы жаш кезим.

 

Жарык жаштык, көптөрүнөн өткүрмүн,

аттиң ошол, каталыгым кеч билдим,

акын деген сүйөт, жүрөт ээн эркин,

акын деген ичет экен дептирмин!

 

Күндөр өттү күлкүсү көп, сыйы көп,

күргүштөгөн майрамы көп, ыры көп.

Сыйлаймын деп, тааныймын деп, бир көргөн,

достор турчу куунаганга жүрүлөп.

 

Бирибизди, биз бирибиз кыйбадык,

бул дүйнөгө бир келдик деп жыргадык.

Ушаланып эки көзүм кызарып,

нечен курдай таңда келгем ыргалып.

 

Нечен курдай өзүмө өзүм өкүндүм,

нечен курдай мен ичимден кетилдим.

Жаманымды, жакшымды да батырган,

жанымдагы зор деңиздей сезилдиң!

 

Канат кылып карамды да, агымды,

кыз кезинен буйруп мага табылды.

Өбөк болду өктөсү көп турмушта,

өчүрбөдү коломтодо жалынды.

 

Көк асмандай чексиз, түпсүз болупсуң,

капа болсоң, мен да жүрөк ооруттум.

Үрөп жаның бактың эле апамды,

үч кыз таптык, үч кылындай комуздун.

 

Көтөрбөдүм чоң чалыштын папкесин,

кийдим далай Есениндин шапкесин.

Ошол жылдар бир өңүрү жаштыктын,

ошол күндөр жалындаган ак кезим!

 

Саяпкердей таптап, билип табымы,

башкага айтып жалаң жакшы жагымы.

Бир жакшы аял сүйүп мени, сүйдүрдү,

бир жакшы аял өчүрбөдү шамымы!

(2022)

 

*****

Карегиң да, жүрөгүң да капалуу,

каралдым ай, билем, билем катамы.

Кадырлаймын капа кылбайм деп жүрүп,

капа кылдым, берсин кудай жазамы!

 

Көбү кетип, азы калды жылдардын,

көргөн ушул бийигимден буйдалдым.

Кабагыма сырдуу күлүп тигилип,

басканыма көңүл буруп турган миң.

 

Түпсүз ойду түрө берип кыйналдым,

кичинемден камын көрдүм ырлардын.

Көргөнүндө жакшы айтып жоодурап,

кеткенимде жаман сөзүн бурган миң.

 

Түз бассаң да, кынтык тапкан заманда,

теңелбедим кеп кылышкан аларга.

Өз ишимди жасай бердим билмексен,

өзүң менен ырлар болуп санаамда.

 

Мен жөнүндө ойлоп убай тартканым,

мекен жерде, биздин тоолор жактагым,

сен аман бол, ак чуудалуу булуттай,

мага айткан убадаңдан кайтпагын.

 

Биз эле эмес күн бүркөлүп капалуу,

билип турам өзүң билген катамы.

Кадырлаймын өмүр бою деп алгам,

капа кылдым, берсин кудай жазамы!

(2022)

 

*****

Бир сезимди күүгө салып ырдадым,

бир мунарык тоонун башын кырдадым.

Ак, карасы аралашкан өмүрдүн,

ак жагына тартат көңүл, ыйманым.

 

Ала-Тоонун ак карындай агарган,

ак чуудалуу булут көчүп санаамдан.

Аталарым баскан ыйык ак жолду,

издеп жүрөм оттон, суудан, шамалдан.

 

Дагы канча таңды тосуп, күн көрөм,

дагы канча жолдорум бар билбеген.

Жүрөгүмдөн кышты жакшы көрсөм да,

жазды көрсөм толкуп кетем бүрдөгөн.

 

Бир мейкинде коңгуроодой кагылгам,

бир көңүлдүн жарыгынан табылгам.

Жолдо болдум бир бийикке бараткан,

жорго болдум жүрүшүнөн жаңылган.

 

Жагат мага карек кадап турганың,

жаңыларда, жаңылбадым, кыйбадым.

Ак, карасы аралашкан өмүрдүн,

ак жагына тартып турат ыйманым.

(2021) 15-декабрь

 

*****

Ойлой берип өткөн менен кеткенди,

жолдор келип бир өңүрү өзгөрдү.

Өзүмдү өзүм курчутам деп мокодум,

көңүл канча ачуу сөзгө тепселди.

 

Сарсанаада сагынбасты сагынып,

сары талаада илкип басып, кайыгып,

талыкшыды бүтүн дүйнөм оорлошуп,

таң атса эле кетчүдөймүн айыгып.

 

Ак-карасы аралашкан зор дүйнө,

астанасы ак канатчан жол дүйнө,

бийигиме бараткандай талпынып,

келип алып эңсеп жүргөн бир күүгө.

 

Балбал этип, айдай балкып тоолордо,

бакыт гүлү бүрүн ачып короомдо,

мейкиниме учургандай эңсетип,

келип алып өзүм билген обонго.

 

Буйдалганда бугум чыкпай камыгып,

жүргөнүмдө ыр жазганды сагынып,

жолдорумду өзүң тиктеп бийиктен,

жылдар ошол-турган окшойт жаңырып!

 

Жылдар ошол-жарыгым да, жазганым,

жылдар ошол- зор дайрадай акканым.

Жылдар ошол- кубанычым, кайгым да,

жылдар ошол-жылдыз жанган асманым.

Жылдар ошол-сары жалбырак төгүлгөн,

жолумда бул жоготконум, тапканым!

 

Ойлой берип жарык күнгө табынып,

жолдор келип сагынычтан сабылып,

талыкшыды бүтүн дүйнөм оорлошуп,

таң атса эле кетчүдөймүн айыгып!

(2021) 14-декабрь

 

Таранчылар жөнүндө баллада

Бакыт тунган балалыкты,

балкып, көөлгүп жазамбы?

Таранчылар тагдырымдай,

жакшы ырымдай качанкы.

Корообузга толуп алган,

талга, зымга конуп алган,

таранчылар, таранчылар,

кенедей кезим эле,

кенедей ошондогу санаамсыңар!

 

Таңда келип чурулдашып,

учуп, конуп ыр ырдашып.

Таранышып, кулпунушуп,

бийиктикке умтулушуп,

канаттарын дирилдетип,

бир-бирине ийиндешип,

топтолушуп, бириндешип,

учуп-конуп ойношчу.

 

Чайым ичпей нан сындырып,

шашып чыгам ак таңда.

Колумдагы нанга конуп,

тегеренип куюндай,

таранчылар учуп кетчи

бир белгисиз жактарга.

 

Мындай таңдар кайталанып,

мындай күндөр уланып,

таранчылар нан, жем жесе,

турдум далай кубанып.

 

Кийин көрдүм кош таранчы,

эски тамга уялап,

үч балапан чыгарганын,

үч балапан сугалак!

 

Бири келсе, бири кетет,

кош таранчы түтпөгөн.

Балапандар камын көрүп,

курт, кумурска тиштеген.

 

Бири кетет, бири келсе,

жашоо күрөш күч үрөп.

Тойбой эле моюн созот,

балапандар кызыл эт.

 

Үйүбүздөн таңдар атып,

үмүт берип Ай чыгып.

Балапандар торолушуп,

баратышты талпынып.

 

Эски тамга короодогу,

изим жатты жол болуп.

Күн алыстан карап коём,

санап коём компоюп.

 

Бир күн келсем ойноп сырттан,

тынчтаналбай санаамда.

Бир балапан кулап түшүп,

жерде жатат шамалда.

 

Туталанып айла таппай,

кейип жүрөк канатам.

Эпаак эле өлүп калган,

жерде жатат балапан.

 

Кайдан-жайдан пайда болуп,

кош таранчы келишти.

Айла таппай чурулдашып,

мени дагы кейитти.

 

Уясынан алыс учпай,

кайтарганын сураба?!

Кош таранчы, кош балапан

калды ошентип уяда.

 

Күн кызарып батып кетип,

ойго салды аткан таң.

Каякадыр алыстарга,

куштар учат асмандан.

 

Ойкуп-кайкып мени жандап,

ошондогу кечте бир.

Кош таранчы, кош балапан,

көрдүм учуп кеткенин.

 

Бир балапан өлгөнү үчүн,

өзүмдү өзүм жектедим.

Таранчылар кирип жүрдү,

кийин деле түшүмө.

 

Сары тоголок, ою көктө,

бир бала элем кичине.

Балалыктын бактысын бир,

буйруп берип туткандай.

Мен да ошондо көктү тилип,

учкум келген куштардай.

Бир балапан өлүп калып,

билип жүрөм катамды.

 

Таранчылар тагдырымдай,

жакшы ырымдай качанкы.

Таранчылар, таранчылар,

балалыка байырлап караансыңар!

Кенедей кезим эле,

кенедей ошондогу санаамсыңар!

(2022)

*****

Бай байлыгын сактаймын деп

бөдөнөдөй бөжүрөп,

көтөрөт да хандын, бектин чачпагын.

Байың үчүн кылча турбайт,

Манас, комуз, ырың дагы, дастаның!

Бай байлыгын ойлой берип,

байыгандан байысам деп уктабайт.

Элдин, журттун ырыскысын

ээлеп алган көпөстөн,

мага ыйык

мекенимдин куштары ак!

Мага ыйык ташы, суусу, дарагы,

Ала-Тоосу, аппак кары, шамалы.

“Тамың тоонун чырпыгы,

малың токой чымчыгы”-

деген тура Кыргыз Ата акылман.

Ач көз байдын тапканы

керек болсо өзүнө да буйрубай,

кырга-жонго чачылган.

“Байлык деген колдун кири”-

деген сөз бар эзелтен.

Байлыка эмес,

кыргызымдын рухуна табынам!

Ошол байлык

керегине жарабаса эл-журттун,

жогу жакшы барынан.

Бай Эл эмес,

байысам деп ойлой берип байлыгын,

бир санаада жашайт экен ай-жылын.

Байың деген,

байлыгына жан тартып,

бөдөнөдөй бөжүрөп,

кошоматты кош айтып,

көтөрөт да хандын, бектин чачпагын.

Байың үчүн түккө турбайт,

Кыргыз, Чыңгыз,

Манас, комуз, ырың дагы, дастаның!

(2022)

 

Кара Тоо

Көктү карап,

көп нерсени көөдөнүмө батырдым.

Айдай толдум,

жылдыздардай чачылдым.

Бирде туруп ак болоттой курчусам,

бирде мокоп, басындым.

Кара-Тоодо айылыбыздын тушунда,

сүрү бардай Төрөгелди баатырдын,

ыры бардай Молдо Кылыч акындын.

 

Бала кезде балалык ыр жазылган,

бакыт туткан күндү кайда качыргам?!

Кара-Тооодон аппак болуп таң атып,

Кара-Тоого күн кызарып жашынган.

 

Ошол күндөр мени эңсетип чалкыган,

ойлой берип өткөнүмө талпынам.

Кара-Тоону бир арманым турактап,

Кара-Тоодо сүйүүм бардай арзыган.

 

Жүрөгүмдүн толтосуна муз тоңуп,

жанымда энем жүргөн окшойт түш жоруп.

Кара шумкар болуп көктөн айланып,

Кара-Тоодон калкып учам куш болуп.

 

Канат болуп берип көргөн түшүм ал,

күмөн бойдон кала берди күтүүм ал.

Төрөгелди баатыр түшүп келчүдөй,

Кара-Тоодо бабалардын изи бар!

 

Аталарым мени колдоп тургандай,

аккан суулар ак саамайлуу жылдардай.

Молдо Кылыч акын калем берчүдөй,

Кара-Тоодо касиет бар ырлардай.

 

Кара-Тоону кара булут айланат,

Кара-Тоодо аппак булут жай барат.

Кыл чокусу карегиме тартылып,

күйгүзгөндөй маңдайыма шамдар ак!

 

Көктү карап,

көп нерсени жүрөгүмө жашырдым.

Кара шумкар

Кара-Тоонун көгүндө

карт доорлорго байланып,

караан болду айланып.

Кара-Тоодо айылыбыдын тушунда,

сүрү бардай Төрөгелди баатырдын,

ыры бардай Молдо Кылыч акындын!

(2022) 1-май

Силер аман болгула

Күн батыштан, Күн чыгышка зымырап

соккон шамал жүрөгүмдү жылуулап,

өмүрүмдү бийигине жетелеп,

көңүлүмдү көтөргөндөй туюлат.

 

Шамал менен тең жарышты ой мына,

жүрөгүмдү оорутуп,

көңүлүмдү калтырып,

кетишкендер силер аман болгула!

Жогуңарды берсин кайра жараткан,

жолуңарды ушул шамал коштосун.

Бакыт келип бир белгисиз тараптан,

нуру өчпөсүн өңүңөрдүн,

кийимиңер тозбосун.

 

Жүрүшкөндөр мен жөнүндө,

бир жакшы сөз айталбай,

карөзгөйлүк пейлиңерден кайталбай,

тике карап чындыкка,

тосподуңар төшүңөрдү калкандай.

 

Мезгил менен тең жарышты жол мына,

өмүрүмдү кыскартып,

төгүнүмдү узартып,

кетишкендер силер аман болгула!

Өткөнүңөр медер болсун мелмилдеп,

өчкөнүңөр кайра баштан тутансын.

Сапарыбыз узак болсун, узарсын!

Саамайымдан аймалап,

турса болду ушул шамал эрдимди өөп.

 

Мекен жерде мелт-калт болуп зымырап,

соккон шамал күндөрүмдү сулуулап,

өмүрүмдү өрүн көздөй жетелеп,

көңүлүмдү көтөргөндөй туюлат.

(2022)

Кара шамал

Кара-Тоонун капкасына жашынган,

көкжал бөрү өңдөнгөн,

бир белгисиз мейкинден,

келген асман, көлдөрдөн,

айылыбызда кара шамал бар эле.

Этек жеңин далбактатып,

жүгүн артып

чийге, бакка, талдарга,

ойгончу эле Күн тамылжып,

аркан бою көтөрүлүп калганда.

 

Добушунан адам калып кардыга,

ааламды бүт айга-буйга келтирбей,

жөнөчү эле салып алып алдына!

Жүрөгүмдө ошол шамал боройлоп,

жүрөгүмдө калды да.

 

Алыстан да,

ошол шамал капыстан,

жолум коштоп бир боройлоп өтчүдөй.

Туруп эле

тоого, ташка урунуп,

жай табалбай буулугуп,

шашыламын кайдадыр,

өзүм дагы шамал болуп кетчүдөй!

 

Өзүм дагы,

өзүмө өзүм баталбай,

бар мүнөзүм катаалдай,

кайып болуп кайдадыр

кара шамал өңдөнүп,

кетким келет мейкиндерге айдалып.

 

Кара-Тоонун капкасына жашынган,

көкжал бөрү өңдөнгөн,

бир белгисиз жактардан,

келген тоодон, чөлдөрдөн,

айылыбызда кара шамал бар эле!

Кара-Тоого арман, муңум батырып,

кара шамал жатса керек,

капкасында жашынып.

 

Сүйүүтай

(ыр түрмөктөн)

Күүгүмдөнүп, бирде тартып жапжарык

жолум менин жакшылыка баштанып,

туура тартып алдыма

шамал менен тең жарышкан күлүгүн,

турат мени аткарып!

 

Бирде толуп, бирде кемип

күндөр болду жашыган.

Кээде эстеп эргип алам,

саамайыңдан жыттаганым,

сылаганым чачыңан.

Өткөнүмдү сабалап,

өпкөнүмдү бетиңен.

Жакшы күнгө,

жакшыны ойлоп

жалгыз барып кезигем.

 

Мен жетпеген,

мен эңсеген

мени менен келген экен,

мелмилдеген мейкиним.

Дагы кандай жолдор күтөт,

болор бекен сени кайра көрчү күн?!

Өзөгүмдү өрттөп өтүп,

ал бир жазды көрктөп өтүп,

көз алдымда тура берер бир элес.

Жаштыктын ал катасын

болбос азыр күнөө деш.

 

Күүгүмдөнүп, бирде тартып жапжарык,

жолум ушул бир сүйүүмө баштанып,

кала берер

күлүгүнө аткарып!

 

*****

Качанкы бир унутулбас күнүмдү

карегиме алып келип,

көзүңдү жоодуратып,

көз алдымда турасың.

 

Суулар акты,

суудай актым.

Таңдар атты,

таңдай аттым.

Көрдүк бекен

көрбөгөндү башкалар?!

Азыр менин жүрөгүмдө,

кыйрап жатат

шаарлар, тоолор, аскалар!

 

Азыр сага бөтөнмүн,

унутуп салбай

эмнеге эле көшөрдүм?!

Көп эстеймин өзүңдү,

ал бир өлүм башта бар,

эрте, кечпи келбесиме кетермин.

Ошондо да сени ойлоп,

жамгыр тынбай, арты карлап боройлоп,

өз өкүмүн дааналап,

көсөм бойдон тура берер табият.

Сезем сенин чексиздигиң асмандай,

кантип менин жүрөгүмө сыясың?!

Мени тиктеп дагы эле,

маңдайымда турасың!

 

Кызыма

Сыртта кызым эң алгачкы

апапак кар жаап атат.

Ар кыш сайын кара чачым

ак аралап баратат.

Өчпөй өксүп

карегимден кечээгим,

келип жетер эрте, кеч,

бул өмүрдөн

ал өмүргө көчөрүм.

Билем, билем

ак кар түшкөн асманга,

жаным учуп кетерин.

 

Сен жарыкка келгенде,

кызым сен деп сүйүнүп,

кызым сен деп ыйлапмын.

Эрким жетсе,

ак жылдыздай

балбал этип бийиктен

сенин баскан жолуңа

жарык төгүп турмакмын.

 

Бир жарк этип чагылган

жарык чачып

көктөн жерге түшкөндөй,

сарсанаада миң толгонуп,

атаң сени күткөндөй,

анда дагы күтпөйсүң.

 

Жалгызсырап,

жапа чегип сыздаган

жүрөк бүгүн кубансын!

Карасынан

кеткенимде агына,

жакшы күндүн

бир өңүрүн жаркытып,

өмүрүмдүн

бир үзүмүн улаарсың.

 

Жарык кызым эң алгачкы,

апапак кар жаап атат.

Жаш өйдөлөп барган сайын

жалгыздыгым

жандан өтүп баратат.

Ушул жарык,

жакыным да, бөтөнүм.

Билем, билем,

ак кар түшкөн асманга,

жаным учуп кетээрин.

(2022) 27-октябрь

 

Бурса түнү

Буйдалып өткөн жылдарды

жаныма алып элестеп.

Мен эстеп жарык ырларды,

олтурам,

жамгыр көнөктөйт.

 

Көз жашым болуп качанкы

төгүлөт, тынбай төгүлөт.

Өмүрдү улап бул жамгыр,

өлбөстөй мага көрүнөт.

 

Жарыгын алып жылдыздын,

жүрөктө жүргөн бир кыздын,

карааны келет берилеп.

 

Жалындай жарык, жаңы эле,

жамгырдай тунук жан эле.

Жамгырдай ошол сагынтып,

жашытат мени дагы эле.

 

Жымыңдайт оттор түндөгү

жылдызга бөлөп дүйнөнү.

Көзүмө толгон кыйырдын

кем болуп турат бир жери.

 

Өткөнүм өмүр иргеди,

өчкөнүм кайра күйбөдү.

Эсимде калган мезгилдин

эңшерип турат бир жери.

 

Мына ушул жамгыр,

түн дагы

өлбөстөй мага көрүнөт.

Биликтей жанган күндөрдөн

бир караан келет берилеп.

Көзүмдөн жашым кылгырса,

көнөктөп жамгыр төгүлөт.

(2022) 9-ноябрь