Урматтуу калемгерлер, адабият күйөрмандары,
КР Эл акыны Б.Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналып уюштурулган республикалык поэзия сынагы 20-октябрга чейин (10 күнгө) узартылды. Баткен окуясына байланыштуу, мааракелик иш-чара ноябрь айына жылдырылган. Мындан улам, катышуучуларга дагы убакыт, мүмкүнчүлүк берүү максатында чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтүн 20-октябрга чейин узартуу чечимин кабыл алдык. Кабыл алуу 20-октябрь күнү саат 18:00дө аяктайт. Чамдаңыздар!
Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү алкагында Байдылда Сарногоев атындагы республикалык поэзия сынагынын
ЖОБОСУ
Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Талас облусунун Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтү.
Сынактын максаты
- Байдылда Сарногоев атындагы республикалык сынакты уюштуруу 2 этап менен өткөрүлөт;
- Байдылда Сарногоевдин чыгармачылыгын жайылтуу;
- Акындарга чыгармачылык дем берүү;
- КР Эл акыны Б.Сарногоевдин 90 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү планынын алкагында уюштурулат;
- Сынак 2 (эки) жылда бир уюштурулуп турат.
Чыгармаларды каттоого коюлган талаптар
- Сынакка катышуу үчүн авторлор тарабынан берилген чыгармалар 10 ырдан (он) ашпашы керек;
- Чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу шарт. (китеп, журнал, гезит, соц.тармактарда.)
- Сынакка поэтикалык чыгарма аныктамасына жооп берген, түркүн жанрдагы ырлар кабыл алынат.
- Сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:
- текстик редактор WORD
- шрифт Times New Roman
- 14 кегль
- интервалы 1,5
- Электрондук форматта жиберилген арыздар төмөндөгү эки форматтын биринде болууга тийиш: WORD же PDF
Калыстар тобу
- Катышуучулардын чыгармаларын баалоо үчүн уюштуруучулар тарабынан поэзия жанрын талдай билген калыстар тобу түзүлөт.
- Калыстар тобунун курамы 5 (адам) адамдан түзүлөт. Калыстар тобуна добуш берүү укугу жок катчы бекитилет.
- Калыстар тобу ушул Жобонун негизинде иш алып барат жана баалайт. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт.
- Чыгармалар уюштуруучулар тарабынан катталат.
- Комиссиянын ар бир мүчөсү чыгарманы баалоодо тиркелген формадагы рейтингдик таблица менен жабык иш алып барат.
Сынактын этаптары жана мөөнөттөрү:
- Тандоо этабы: чыгармалар жарыяланган күндөн тартып 2022-жылдын (10-октябрына, мөөнөтү узартылган) 20-октябрына чейин кабыл алынат
- Чыгармаларды баалоо эки этап менен жүргүзүлөт.
- Биринчи этабында төмөндөгүлөр бааланат:
- Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилдин оригиналдуулугу);
- Кыргыз тилинин нормаларын сактоосу;
- Таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы.
- Биринчи этапта баалоо 5 баллдык системада үч критерий боюнча жүргүзүлөт. Катышуучуларга калыстар тобунун мүчөсү тарабынан коюлган максималдык баа 15 баллды түзөт, жалпы максималдык баа 75 балл.
- Уюштуруучу рейтинг баракчаларын текшерип чыгып Калыстар тобунан эң жогорку суммардык балл алган 10 финалистти аныктайт.
- Биринчи этаптын финалисттери (10 акын) Талас облусунда өтүүчү Б.Сарногоев атындагы поэзия сынагынын экинчи этабына жолдомо алышат.
Сынактын экинчи этабы
- Поэзия сынагынын экинчи этабы 2 күн (ноябрь айында) аралыгында Талас облусунун Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аймагында өтөт.
- Сынактын жүрүшүндө бардык финалисттер ырларын көркөм окуп беришет жана ага карап комиссия мүчөлөрү жыйынтыктоочу бааларын беришет. Баалоо системасы 5.5. пунктта көрсөтүлгөн тартип боюнча аныкталат.
- Уюштуруучу, Төрага жана комиссия мүчөлөрү жеңүүчүнү тастыктаган сынактын жыйынтыктоочу протоколун түзөт.
- Жеңүүчүнүн аты-жөнү сынактын жыйынтыгын жарыялоодо жана сыйлоо аземинде гана ачыкка чыгат.
Жыйынтыктоо жана сыйлоо
- Поэзия сынагынын жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган акындар диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Баш байге: 100 000 (жүз миң) сом
1-орун 70 000 (жетимиш миң) сом
2-орун 50 000 (элүү миң) сом
3-орун 30 000 (отуз миң) сом
Атайын жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат.
Сынакка катышуунун шарттары:
- Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги поэтикалык чыгармалар кабыл алынат.
- Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.
- Катышуу үчүн авторлор чыгармалары менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени 2022-жылдын 10-октябрына чейин тапшырышы керек.
- Арыздардын берилиши:
- Электрондук почта аркылуу (adabiyat.kg@gmail.com адресине «Сынакка» деген белги менен);
- Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) КР Улуттук жазуучулар союзуна алып келүүсү шарт.
Дареги: Эркиндик бул., 54
Сурап – билүү үчүн телефон: 0312 62 39 24, 0708 50 28 80
- Катышуу үчүн автор 2 файл тиркейт:
- чыгарма (поэзия)
- катышуучунун аты-жөнү жана сүрөтү.
- Плагиаттык, улуттар жана диндер аралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чыгармалар кабыл алынбайт.
- Чыгарманы жиберген адам ырлардын авторлугу аныктыгына жооп берет.
- Уюштуруучу сынактын шарттарына жооп бербеген ырларды эсепке албайт.