Лайли Үкүбаева: Элдик нукура талант – Сардарбек Рыскулов

Жазуучу Сардарбек Рыскуловдун 100 жылдыгына карата “Кашка ат Карагер жорго” аттуу чыгармалар жыйнагы жарык көрдү. Бул китепке буга чейин бир нече ирет басылган белгилүү повесть, аңгемелери, драма, интермедия жана ырларынын топтому киргизилген. Ошондой эле эл оозунан алынган санжыра, уламыштар жана өзүнүн тагдырындагы өзгөчө кырдаалдарды чагылдырган аңгеме баяндары камтылган. Кара сөздүн чебери катары окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, кеңири чөйрөдө көп ирет окулган чыгармалардын автору катары таанылган С.Рыскуловдун китеби бардык окурмандарга арналат.

Аталган китеп боюнча адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын жазган макаласын сунуштайбыз.

Элдик нукура талант – Сардарбек Рыскулов

Жазуучу Сардарбек Рыскуловдун адабий мурасын басмага даярдап жатып, жазуучунун калеминен жаралган ар кыл жанрдагы чыгармаларын кайрадан окуп чыгып, жан дүйнөмдөн өткөрүүгө туура келди. Кайрадан жазуучунун жараткан поэтикалык көркөм дүйнөсүнө сүңгүп кирип, андагы сүрөттөлгөн доор, коомдук-тарыхый учурларда жашап, ар кыл тарыхый мезгил-шарттардагы каармандарынын коом мезгил, өздөрү, замандаштары жөнүндөгү ойлору, жашаган дооруна жараша жасаган ар кыл иш-аракеттери, адилеттик, актык, азаттык үчүн болгон тынымсыз күрөштөрү, андагы утуш- утулуштары, обологон ой-кыялдары, жалгыз гана кыргызга тиешелүү болгон уникалдуу жөндөм, таланттарынан кабар алып, автордун калеминен жогоруда айтылгандардын бардыгы өзгөчө бир талант кудуретинен жаралганына дагы бир жолу күбө болдум.

Жазуучулук талант деген, дегеле сөз өнөрүнө болгон кумар адамга табияттан ыроолонгон, азыркыга чейин илимде так аныктамасы бериле элек табышмак көрүнүш, уникалдуу феномен го. Антпесе сабат-билиминин чама чаркы чектелүү эле болуп туруп, өз чыгармаларында ааламдык маселелерди чапчыган, алар боюнча кай бирде адамды таң калтырган укмуштудай көркөм чыгармаларды жараткан сүрөткерлер азбы? Башканы коюп өзүбүздүн эле Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Нур Молдо, Осмонаалы Сыдык уулу ж.б. калеминен жаралган нукура элдик чыгрмалар улутубуздун руханий талаптарына бүгүн да жооп берип, уккан кулактын кычуусун кандырып, улуттун байыркы дүйнөтаанымын, маданиятын, кимдигин (иденттүүлүгүн –Л.Ү.) көз алдыбызга ачык- айкын тартып турганы жылганбы? Бул улуу таланттар атайын адабий – теориялык билим алышып, өздөрүн акын- жазуучулукка атайылап, максаттуу даярдашкандар деле эмес, болгону табигат берген шык-жөндөмүнөн улам колдоруна калем кармашып, көркөм сөздүн гүлүн теришип, чыгармачылык илхомдоруна жараша көркөм дөөлөт жаратууга бел чечпей, чоң жоопкерчиликти моюнга артып киришкендер.

Жазуучу Сардарбек Рыскулов – мына ушул сапта турган акын-жазуучулардын бири. Анын атайлап алган адабий билими жок болду, адабий чыгармачылык ишке да кечигип, көп кечигип келди. Өмүрүнүн көп мезгилин коомдук-партиялык иште, өзү айтып жүргөнүндөй, “чарбанын чатак иштеринде” күн –түн тыным албай иштөө менен өткөрдү, бирок да кандай гана учур ,шарт болбосун көкүрөгүндө уялап, жан-теңине тынчтык бербеген чыгармаларын жазып коюунун бир оңутун көздөп жүрүп, акыры жаза баштады. Бул жылдар менимче, ХХ кылымдын 60-70- жылдары эле. Оболу саяпкерлер, нүшкөрлөр, балбандар тууралуу кыска аңгемелерин жазып радиого берип, анан ал кездеги бирден бир окумдуу адабий журналыбыз “Ала –Тоого” жарыялап жүрдү. Андан соң окурмандарга “Кашка ат, карагер жорго”, “Кара шумкар” повесттерин тартуулап, өзүн чыгармачылык ишке биротоло байлоону чечти. Аталган повесттер окурман журтчулугу тарабынан өтө жогору кабыл алынып, Сардарбек Рыскулов жазуучунун талант дареметин окурманга жаркырата ачып салды. Кийин китеп болуп жарыяланып, тез эле элге тарап кетти. Албетте, мындай ийгилик жазуучуну дагы көп иштөөгө шыктандырып, чыгармачылык демине дем кошту, чыгармачылык дымак берди. Андан кийин “Шамен”, “Төрөгелди”, “Сары барчын”, “Кер кашка ат” жана биринен бири кызыктуу ар кыл темадагы көптөгөн аңгемелерин жазды, аларды жазуудан өзү да болуп көрбөгөндөй рахат алды, окурманынын да рух дүйнөсүн ата- бабасынын эзелки башынан өткөргөн окуяларынан кабардар кылып, карт тарыхтын качанкы бир бүктөмдөрүнө алып барды, канчалаган тарыхый инсандар менен тааныштырууга жетишти.

Кара сөз жазуу чебер сүрөткер Сардарбек Рыскуловдун бирден–бир көздөгөн мураты, жеткен чеги болбоду. Ал кара сөз жазуу менен бирге эле, ошол эле учурларда жорго калемин тынбай иштетип, изденүү менен адабий түрлөрдүн башка жанрларында да өз күчүн сынап келди. Адабий уруулардын эң бир татаал түрү болгон драма жанрына кайрылып, “Балбак”, “Ушундай болмок”, “Ооздон чыкпасын” драмаларын жазды. Айрыкча жазуучунун табиятына комедия, сатира жакын болгондуктан, өзүнүн драмалык жанрда изденүүсүн “Төбөңдөн тийгир”, “Менде да, сенде да бар”, “Биз эми түшүндүк” ж.б. ондогон комедияларын жазуу менен уланткан. Аталган чыгармалар Совет мезгилинде Кочкор райондук элдик жана Нарын областтык драма театрларында байма бай коюлуп, коомдук турмуштун негативдүү көрүнүштөрүн куйкум сөздүн күчү менен куйкалагандыгы менен көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. Аларда көтөрүлгөн проблемалар бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготкон жок десем эч жаңылышпас элем. Куйкум сөзү, турмушту чагылдыруудагы реалдуулугу, сценалык чебер түзүлүшү менен алар бүгүнкү күндүн көрүүчүлөрүнө да кызмат кылууга жарактуу.

Сардарбек Рыскулов сөз баркын мыкты билген, аны өзгөчө барктап -баалаган, нарк-насилин бөтөнчө түшүнгөн өз заманынын зирек, акыл –көрөңгөсү терең, алдыңкы адамдарынын бири эле. Буга анын кыргыздын легендарлуу акыны, философу, масалчы Калыгулдун мурастарын эл арасынан жыйнап, Совет доорунда адилетсиз жазаланып, айдалып кетишип, атууга дуушар болушкан таланттарыбыз Молдо Кылыч менен Казыбектердин элде калган казынасын терип-тепчип, алар жоголуп кетпесине кам көрүп Академиянын кол жазмалар фондуна тапшырып, асыл эмгек жасап жүргөндөрдүн бири да ушул киши болгон. Жазуучунун бизге калтырган адабий мурасынын “Эл оозунан” деген бөлүмчөсүндө жогоруда аталган акындардын автор тарабынан жыйналган чыгармаларына да орун берилди. Окуучу үчүн дагы бир кызыктуу болгон материал бул – эл куудулу Куйручуктун жоруктары. Автор Куйручуктун эл арасында тараган жоруктарын жыйнап, аны көркөмдөп иштеп чыгып, тартуулаган экен. Ошондой шекилдеги бир шиңгил катары “Маасы Эсенгул жөнүндөгү” кыска аңгемелери да окуган кишини кайдыгер калтырбай, ууртуна жылмаюу тартууларын көрөсүз.

Жыйнакка С.Рыскуловдун ар жылдары жазылган лирикалары да кирди. Кыргыз болуп туруп ыр жазбоо биздин элде айыпка тетеби деп ойлоп кетем кээде. Дегеним, ыр жазууну кесип кылбаса да кыргыз баласы уйкаштырып сөз куроого, ой-туюмун маселдетип таамай, так, дегеле көркөм жеткирүүгө бөтөнчө маш келет. Ал эми кудай берген чыгармачылык көрөңгөгө эгедерлери адабий ишмердүүлүктүн кайсы түрүнө көбүрөөк ооп турганына карабастан, ой-сезимин бир курдай сабатып, поэзия аркылуу туюнтууга өтүп кетмейлери бар, турган иш. С.Рыскулов да чыгармачылык адам катары мындай “оорудан” алыс жашаган эмес. Анын Эли –Жерине, Ата-Журтуна, алган жарына, ай-мончоктой болгон балдарына болгон аппак сүйүүсү авторго ыр болуп эшилип келген сыяктуу, аларды акын бурчасынын жетишинче кармап, жазып калган экен. Кандай деңгээлде жазылып калган күндө да булар – автордун изги сезиминен жаралган изги саптар. Аларда С.Рыскулов акын – жазуучунун автопортретинин сүртүмдөрү жашайт. Ошон үчүн жыйнакты түзүүдө жазуучунун калеминен жаралып, бизге калтырган адабий мурасынын бардыгына орун бердик. Алардын ар бирине автордун жүрөгүнүн жылуулугу өткөн, ар кыл курактагы көз ирмемдери камтылган, турмуштун тигил же бул чалкеш маселелерине карата көз караштары, мамилеси, санаа, арман, тилектери орун алган. Алар бүгүнкү окурманга бир мезгилде жашап өткөн жазуучу Сардарбек Рыскуловду жакындан таанып – билүүдө баалуу.

Сөзүмдүн акырында адабиятчы катары көптүн бириндей жупуну жашап, жупуну жазып, ар кыл жанрдагы чыгармалары менен кыргыз адабияты деген дайрага өзүнүн жупуну салымын кошуп кеткен жазуучу Сардарбек Рыскуловдун чыгармачылыгынан бүгүнкү окуучу эмнени табат, ал чыгармалар эмнеси менен кызыктуу жана анын көркөм – эстетикалык баалуулугу эмнеде деген суроолорго кыскача жооп берүүгө аракет кылып көрөйүн.

Эң эле биринчи автордун сөз байлыгынын молдугу. Сөз менен иштөө маданиятынын жогорулугу көзгө урунат. Жазуучу өз оюн так, таамай жеткирүүчү сөздү сөз корунан чоң машакат менен издеп таап, анан ар бир сөздү ордуна коюп, кынаптоого устат.

Экинчиден, кыргыздын керемет жаратылышынын фауна, флорасын мыкты билет, алардын түсүн, жытын, даамын, кубулушун, айтор бардык жашоосун ичтен аңтарып ачып бериши, аларды сүрөттөп жаткан окуясына жуурулуштура билиши жазуучунун чоң чеберчилигинен кабар берет.

Үчүнчүдөн, каармандарынын образын алар жашаган доор, мезгилге шайкеш сүрөттөө менен алардын мүнөз өзгөчөлүктөрүн терең ачууга аркеттенгени көзгө урунат. Ошондуктан кайсы гана каарманы болбосун ишенимдүү, эстетикалык кунары артык.

Жазуучунун дагы бир артыкчылыгы чыгармаларынын, айрыкча повесттеринин сюжеттик – композициялык түзүлүшүн өтө билгичтик менен куруу чеберчилигин өздөштүргөндүгү. Чыгарманын сюжети динамикалуу өнүгүп, артыкбаш сүрөттөөлөр жокко эсе. Ал тургай, мисалы “Кашка ат, карагер жорго” повести турган турушу менен эле киного тартууга даярдалган сценарий, эч бир ашыкча нерсе жок.

Автордун көптөгөн чыгармаларында тарыхый инсандар реалдуу турмуштагы аттары менен катышышат. Аларга байланыштуу тарыхый окуялар, ал окуялардын өнүгүшүндөгү алардын тарыхый миссиялары жөнүндө сөз болот. Бул жерде өзгөчө белгилей турган жагдай, жазуучунун ыйманына камчы салбаган чынчылдыгы. Кыргыз адабиятында тарыхый инсандар тууралуу жазылган мурунку, кийинки чыгармалардын көпчүлүгүндө эле тилекке каршы өз уруусунан чыккан бийлерди, баатырларды, хандарды бир беткей көкөлөтүп көрсөтүү тенденциясы тилекке каршы жашап келгени, ал тургай азыр да жашап жатканы чындык. Сардарбек Рыскуловдун мындай жалпы ылаңдан алыс экендигин анын өз уруусу сарбагыштан чыккан Төрөгелди баатыр, Шамен, Шабдан ж.б. майда-бараттардын мүнөздөрүн бардык карама – каршылыгында реалдуу сүрөттөп, чындыктуу образдарын түзгөндүгүнөн көрсөк болот. Булардан тышкары С.Рыскуловдун китебинде элге кеңири таанымал өнөр адамдарынын, балбандардын, саяпкер, мүнүшкөрлөрдүн да обаздары бар. Алардын көбүнүн өнөрлөрүнөн бүгүнкү муундун кабары да жок. Жазуучунун калеминен жаралган кыска аңгемелерден окуучу алар тууралуу көп маалымат алат б.а. жазуучунун чыгармасы өткөн доордо жашаган тарыхый адамдарыбыздын бейнеси менен таанышууга сонун мүмкүнчүлүк түзөт деп толук жоопкерчилик ишеним менен айта алам. Алардын ар кыл өнөрлөрүнөн кабардар болуу кызыккан окуучуга түгөнбөс күлазык болору турган иш.

Канткен менен да жазуучу С.Рыскуловдун чыгармачылык өнөрканасынын негизин кыргыз элинин саяпкерлик, мүнүшкөрлүк өнөрүнүн табияты, купуя сырлары, ал өнөргө жетүүнүн тар жол, тайгак кечүүсүн өздөштүрүүнүн кыйынчылыгы, бул кесиптин туу чокусуна жеткендердин өнөр сереси, өнөрдү баалаган элибиздеги алардын барк-баасы, атак–даңкын даназалоо түзөт. Бул жагынан жазуучу алдына киши чыгарбайт десек аша чапкандык деле болбойт. Бүгүнкү күндө ушу өнөрлөрдү аздектеген ар бир адамга автордун чыгармалары баа жеткис окуу китеп, энциклопедия. Ал тургай жазуучу Жакып Медетов туура баамдап, аныктама бергендей, бул кишинин чыгармалары – өзүнчө эле саяпкерлик жана мүнүшкөрлүктүн АКАДЕМИЯСЫ. “Кой аксагы менен жүз” деген макалдагы сыяктуу албетте, жазуучунун калеминен жаралган жана бул жыйнагына кирген чыгармаларынын бардыгы эле көркөм-эстетикалык жактан жогорку деңгээлде жазылган “шедеврлер” эмес экендиги түшүнүктүү. Көп эле чыгармалары дал бутага жетпей калган учурлары бар. Жазуучу дайыма эле изденүүсүнүн жүгөнүн бекем тартып, марага байгелүү келе берген эмес. Ошентсе да алар биз үчүн баалуу, окумдуу, тарбиялык мааниге эгедер чыгармалар.

Арабыздан дүйнө салып кеткен, чыгармачылык аз убакытында өзүнүн төтө жолун салып, кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон, быйылкы жылы 100 жылдык мааракеси белгиленип жаткан нукура элдик талант, СССР Жазуучулар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Сардарбек Рыскуловдун адабий мурасына астейдил мамиле жасайт деген ишеним менен бул жыйнакты Сизге сунабыз.

10.10.2021.

Лайли Үкүбаева

Филология илимдеринин доктору, профессор.

КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.

КРнын Илим жанаТехника жаатындагы Касым Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси.