Бактыгүл Көкөтаева: Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн, Тышта тагдыр көрүнбөгөн, көрүнгөн

Бактыгүл Көкөтаева Нарындын Эки-Нарын айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин Кыргыз филология факультетин аяктаган. Учурда Бишкек шаарында жашайт.

Бактыгүлдүн таланты ар тараптуу. Ыр да жазып, кээ биринин обонун да келиштирет. Поэзияга жоопкерчилик менен карап, ырын жазаарда миң толгонуп, анан гана кагазга түшүрөт.

Жамгыр калсын эсимде

Көктөм өткөн, көздөр чөккөн,

Көңүлдөр жок баягы.

Жаздагы өктөм, жашып төккөн,

Жамгыр да жок андагы.

Сезимдерим, эзилгеним…

Сизге деле сезилген.

Жаштыгыма, жан сырыма.

 

Жакын десем ким элең?..

Эми баары арман-кайгы,

Болсо, болсун, болгондой.

Сен да кеттиң кейибейин,

Тагдыр балким, ошондой.

 

Эстегенде, кез келгенде,

Арманымдай сезилбе…

Жалгыз гана жакшы ыр жана,

Жамгыр калсын эсимде.

 

Көңүл бошоп, өмүр мокоп,

Күзгө айланат каректер.

Кандай десем, кайда кетсем?

Жансыз ушул даректен.

 

Мезгили сот, мээрими жок.

Мен күндөрдөн тажадым,

Бакты үчүнбү, жакшы күндү,

Канча жолу самадым.

 

Жашыбайын, жашырайын,

Ыйлап алсам ызадан.

Кайрылбайын, кайгым барын

Айтпай күндү узатам.

Барамын деп, чаламын деп,

Кайра өзүмдү соороттум.

Бирок билбейм, дирилдебейм,

Балким мени жоготтуң.

 

*****

Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн,

Тышта тагдыр көрүнбөгөн, көрүнгөн.

Чалбай, келбей, чакырылбай эч жерге,

Эчак эле жалгыз калган өңдөнөм.

 

Сүйүү десем сүйүү дагы бүттү эми,

Ал бир арман айтылбаган мендеги.

Эч бир жерде ырдалбаган обондой,

Өзүм менен жүрө берип эскирди.

 

Турмуш кээде мен күткөндөн оор болуп.

Кор болбочу жерде турдум кор болуп.

Басаар жолум дагы канча ким билсин,

Баш-аягын таппайм кээде ойлонуп.

 

Келди десем кетип барат жаз дагы,

Кемигенден кемип барат жаш дагы.

Жакшы күндөр али алдыда деп жүрсөм,

Жаштык менен бүткөн окшойт бардыгы.

 

Бүтпөй эч бир тиричилик үйдөгү,

Бүгүн дагы күндөгүдөй кеч кирди.

Ушул жамгыр бугум дагы, ыйым да,

Кайран өмүр кайда чачтым өзүмдү.

 

Кимден билбейм мээрим күтүп жашадым,

Кетсең кетчи мен да сенден чарчадым.

Толгон кезде ыйлап алып бирөөгө,

Мен да өксүгөн ыйын уктум канчанын.

 

Сыртта жамгыр нөшөрлөгөн, төгүлгөн.

Тышта тагдыр көрүнбөгөн, көрүнгөн.

Өмүр мага өксүк болуп туюлат.

Корком кээде кокус келчү өлүмдөн.

 

*****

Бул дүйнө кайдан келип, кайда барат?

Булуттай жылам мен да, агыламын.

Күжүлдөп өйдө-төмөн өмүр агат.

Кыш келди кайта дагы, мен кайдамын?

 

Эңсеген бакыт калды кыял бойдон,

Тагдырдан күтпөйм деле эми көптү.

Адашкан жылдар менен өзүмдү өрттөп,

Бир өмүр өтүп барат менден дагы.

 

Келгендер кеткен эбак бактымды уурдап,

Айланып акыр түбү калдым өзүм.

Болдум мен кимге барксыз, кимге кымбат,

Өткөн иш өттү-кетти, кечиргенмин.

 

Кар түшөт каршы-терши учуп көктөн,

Караңгы кирип барат кайдан-жайдан.

Мага эми баарына кеч, балким учур,

Тиленген жакшылыгым келет кайдан?

 

Мен болсо, мен эмесмин баягы жаш,

Кабарсыз кеткен достор, барсыңарбы?

Тагдырдын айтканындай жашап калып,

Силер да курч учурдан кайттыңарбы?..

 

Сагыныч жетпей калган сапарына,

Сага эми баягыдай кайталамбы?

Кетсем дейм кээде баарын таштап салып,

Кыш келди кайта дагы, кайта дагы.

 

Жүрөгүм кимди күтүп нени эңседи…

Жүрөмүн, көп нерсе бар арман кылар.

Жабырап түшүп жатса жүзүм тосом,

Жааган кар жакшылыкка айланчудай.

Кыш келди кайта дагы, кайта дагы….

 

*****

Төгөт, төгөт, төгөт жамгыр тышта түн,

Мен да жаанда, мен да тышта, түндөмүн.

Төккөн күнгө бактым өңдүү сүйүнүп,

Өткөн күнгө ыйлай албай келемин.

 

Жашаганы билбейм бирок, кечтим күн,

Тазалыгын кимдер туйду жүрөктүн…

Адамдарга чачып жүрүп сүйүүмдү,

А мен өзүм тазарбастан кирдепмин.

 

Көктө сүзгөн кыялдарым жок болуп…

Көптөр жүргөн көчө менен агылам.

Бирок дале бир жүрөккө багынып,

Бирок дале бир жашоону сагынам.

 

А сиз кайда, каяктасыз бул тапта,

Азыркы жаан кеттиби же чачылтып.

Асыл жаның аяп аккан тамчыны,

Акын жаның турса керек жанчылып.

 

Барам сизге бакыты зор бир күнү,

Балким ушул жааны катуу түндөрдө.

Сен жөнүндө айтсам дагы чоң жомок,

Мен жөнүндө туйган жоксуң эч нерсе.

 

Кайта эле мен жамгырлардан суурулуп,

Кайта эле мен кара ойлордон кирдеймин.

Калгандыктан өзүмдү эбак унутуп,

Канча жерге жөө келгеним билбеймин.

 

Чарт этип күн жамгыр дале төгүлүп,

Чагылгандан жолдор кетет көрүнүп.

Сен да азыр мени туйбас сыяктуу,

Мен да мынча жаанда калган эмесмин.

 

Төгөт, төгөт, төгөт жамгыр тышта түн,

Мен да жаанда, мен да тышта, түндөмүн…

Төккөн күнгө бактым өңдүү сүйүнүп,

Өткөн күнгө ыйлай албай келемин.

 

*****

Жандын ачуу жараатына карабай,

Жашоо дале жанат улуу шаңында.

Жүрөм мен да бүтүргөнсүп бир ишти,

Түшүнгөнсүп коюп кээде турмушка.

 

Өзүмдү да билип, билбей тыңыраак,

Бул жарыкта жүргөнүмө көп болду.

Күндөр болсо чуркап улам алыска,

А жаштыгым дагы бир аз токтолду.

 

Айтканда эмне арман кылып өткөндү,

Батканда эмне баш-аяксыз санаага.

Жазган күндү жашап алым жеткенче,

Анан акыр барат окшойм ажалга.

 

Неге эстедим мунун баарын ыр кылып,

Бүгүн мага жакшы күндүн бири эле.

Сизди гана эстеп кечке, кечке мен,

Сизди гана кыялдангым келди эле.

 

Эңсеп-эңсеп жеткен калган бакыттай,

Бул күн деле калар бир кез ыраактап.

Антсе деле айта жүрөр бир кебим,

Жашоо сага, жаштык сага ырахмат.

 

Көрбөй деле койсом жакшы болмоктур,

Же сиз деле мурункудай жок болуп.

Көңүлүмө жазылды да бир ысым,

Көз ирмемде калды дүйнөм от болуп.

 

Билем мунун өксүктүү да экенин,

Билем, билем бүтөрүн да билемин.

Антсе деле аяр өтүп бул сезим,

Анча деле азабы жок бүтсө экен.

 

Далай жолу жолугушуп биз эми,

Далай жолу кусам сизди чакырар.

Анан дагы а мен абдан сагынган,

Алдыбызда ак карлардын жаашы бар.

 

Ак карлардын, ак карлардын жаашы бар,

Алыс жактан аста ырдай түшүшөөр.

Кийин деле мен ушундай төгүлүп,

Кийин деле кыш ушундай келсе экен.

Калганын өзүң каректен аста сезип ал,

Жамгырдай таза жаштыгым сизге тобокел.

 

*****

Күркүрөп келип төгөт жаан..

Үйүмдө туруп үшүймүн.

Тагдырга моюн сунгамын..

Эстеди экен ким бүгүн?..

 

Тытмалап эски жараатты…

Тышта жаан тамчы дыбырайт.

Өтүштү нечен асылдар

Өзүндөй кылып ким улайт…

 

Баштаган ишим бүдөмүк

Багытым түшпөйт изине.

Айылга барбайм көп болгон…

Атам да кирбейт түшүмө

 

Куюндай өтүп бир учур

Курбулар чилче тарады.

Айтылган үнүм угулбайт.

Адамдын көбү жаралуу…

 

Бакыттын изи көрүнбөйт

Үнү жок тиктейм айнекти.

Кимге эмне берип бул аалам

Ким эмне алды даректүү.

 

Жашабайм болду жан үрөп

Түшүнгүм келбейт эч кимди.

Болгончо болду баарысы…

Күнөөлүү сезбейм өзүмдү.