“Сооронбай Жусуев – көркөм сөз чебери”

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде КР Баатыры, кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты С.Жусуевдин туулган күнүнө арналган “Сооронбай Жусуев – көркөм сөз чебери” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Улуттук илимдер академиясынын, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, КР Улуттук жазуучулар союзунун, Жогорку окуу жайлардын, Өзбекстандан келген С.Жусуевдин чыгармачылыгы менен тааныш интеллигенция өкүлдөрү катышты.

С.Жусуевди эскерүү, кыргыз адабиятынын урунттуу маселелерин талкуулоо, акын-жазуучулардын чыгармалары аркылуу келечек муунду тарбиялоо, ЖОЖдордо мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоодо мамлекеттик тилдин ролун өстүрүү максатында уюштурулган конференция “Мамлекеттик тилди жана адабиятты адистикке багыттап окутуунун өзгөчөлүктөрү”, “Адабият таануу илиминдеги орчундуу маселелер” деген эки багытта иш алып барып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Келген меймандар С.Жусуев атындагы мамлекеттик тил борбору менен таанышып чыгышты. Аталган тил борборуна окумуштуулар кеңешинин чечими менен 2016-жылы С.Жусуевдин ысымы берилген.