Самаган Молдояров: Башкалардын энчисине көз артпай, Мага таандык болгондорду коё бербейм

Уктап жатсаң керек

Жарык өчүп ак жүзүңдөн нур тамып,
Шок эриниң бир аз гана тынч алып,
Шириндигиң наристедей уктасаң,
Наздуу жанды көрбөгөнмүн мынчалык.

Уктап жатсаң керек
Назик колуң жууркан көздөй тартылуу,
А үстүңдө мамык кебез артылуу,
Сен уктасаң жыттап алып чачыңды,
Жаздыгың да түбөлүккө бактылуу.

Уктап жатсаң керек
Периштенин канатында кагылып,
Кундуз чачың жаздык толо жайылып,
Бейпил түндө жалгыз өзүң уктайсын,
Бакырайган көзүң кирпик жамынып.

Уктап жатсаң керек
Турган өңдүү уячаңда күн күлүп,
Дем алганың эркелигиң билдирип.
Токтобосун жүрөгүңдүн кагышы,
Дайымкыдай бир адамды сүйдүрүп.

Укта, эркем, ты-ы-ынч гана,
А мен тилейм күткөн күнгө жетебиз,
Бул өмүрдөн кайгы көрбөй өтөбүз,
Балкып гана бакыт сезип жашайбыз,
Бирге уктап бир жаздыкта экөөбүз.

Мен үчүн жаралгансың

Мен үчүн жаралгансың,
Жакшынын үлгүсүнөн,
Намыстын бүт күчүнөн,
Наристе күлкүсүнөн.

Мен үчүн жасалгансың,
Намаздын дуасынан,
Берметтин тазасынан,
Бейиштин абасынан.

Мен үчүн төрөлгөнсүң,
Сулуунун гүл өңүнөн,
Сезимдин зирегинен,
Сүйүүнүн жүрөгүнөн.

Мен үчүн келдиң жаным,
Мурөктүн агуусунан,
Жүрөктүн кагуусунан,
Тилектин аруусунан,
Мен үчүн жаралгансын.

Сүйлөшүү

…, окуп көрчү, жүрөгүмдүн
өмүрдө көп суранган ак тилегин,
Жараткан жалгаса эгер, сен экөөбүз,
Жашайбыз жашыбастан, бак тиледим.

…, макулсуң ээ? Бир өмүргө
өзүңдү арнаганга бир мен үчүн.
Жанымда болсоң гана бакыт жашоо
Сен үчүн эки дүйнө издээрим чын.

…, ал күн келет, бир жаздыкта,
Экөөбүз бейпил түндө таң атырчу.
Уктайсын наристедей ширии-ин болуп,
Үстүңдү мен боломун жаба турчу.

…, элестетсең, бир жыл өтүп,
Буюрса ата-энебиз, бала көрүп.
Ар күнү кубантсам дейм, үйдү көздөй,
Баратып сага белек ала келип.

…, күтөсүн, ээ, мен жумуштан,
келгенде тамак жасап чын дил менен.
Ишенсен, күнүм болбойт бир мүнөт да
Өзүңдү сүйүүм менен сүйдүрбөгөн.

…, айтасын, ээ? Жаратканга
Шүгүр деп, көп каниет бардыгы үчүн,
Сүйүүмдү сага деген түшүндүрүп
Бүтө албайм бул өмүрдүн аздыгы чын.

Турмушка чыгып кеттиң

Азыр жеткен өз бактыңды баалап ал,
А мен сезем жогуң менен барыңды.
Көз жашыбыз акканына карабай,
Кулагыңа алтын сөйкө тагылды.

Биз кезиккен күндөр калды бактагы,
Кадыры жок катардагы күндөрдө.
Жолукчу күн кымбат боло баштады,
Тагдырыңдын чечилгенин билгенде.

Биз бактылуу кыска гана күн көрдүк,
Бир сөз менен бөтөн адам болгонмун.
Кантип жашайм деген суроо түйшөлтүп,
Башка адамды ойлоп жатып ойгондуң.

Мага деген сезимдерди сендеги,
Баалай албай абийириме соттолгом.
Сен турмушка чыккан күнү мендеги,
Адамдарды аёо сезим жок болгон.

жашаш үчүн ажырашпай бүлөңдөн,
Жолдошуңду мендей көрүп сыйлап ал.

Мен

Туу чокуга жеткендигим – туруксуз,
Ошол жолдо баратканым – чоң бакыт,
Деген мүдөө жарык болуп багыттуу,
Арыш керем узун-кыска жол басып.

Башкалардын энчисине көз артпай,
Мага таандык болгондорду коё бербейм.
Тар дүйнөнү түшүнө албай мүңкүрөп,
Кең дүйнөнү табуу үчүн кол сермейм.

Үйрөнүүгө кулдай арнап өзүмдү,
Үмүт үзбөй жашап келем тагдырдан.
Мен жөн гана тынч жашоону эп көрүп,
Артта калып кетүүнү да жактырбайм.

Тирүүлүк

Билбейм кимдин канча калды өмүрү,
Тилим менен казбасам дейм көрүмү.
Ооруп турат жер жүзүндө бүт дене,
Оорубасын адамдардын көңүлү.

Жамандыкты артка таштап кээ кылам.
Жүрөгүмдү эргүүлөргө ээ кылам.
Күлүп жашоо мүмкүн болсо өмүрдө,
Уңшуп ыйлап жашап өтүп не кылам!

Кудай бизге берип турса улуу күн,
Кереги эмне быкшып жашап жүрүүнүн.
Жасап алып жан дүйнөнүн жумушун,
Жүрөк толкуп турган кезде тирүүмүн.

Менин да көп тагдырымдан жазарым,
Алды жакта менин жолум, басарым.
Артты карап кээде оор үшкүрөм,
Канча күндү тирүү бойдон жашадым.

Кубан, жүрөк, кээ бир кезде шолокто,
Көр дүйнөгө убактыңды коротпо,
Аз өмүрдө гүл оролуп жашап өт,
Акыл күсөп сезимиңди жоготпо.

Сен – башкалар

Алыс туруп чертип жүрөк музасын,
Ырдаганым айтчы кантип угасың.
Сен бар үчүн дүйнө теңге бөлүндү,
Бир жагында жалгыз өзүң турасың.

Жамалыңды бир көралбай кейигем,
Жолукканда бакыт тапкам пейлиңен.
Ушунчалык жакшы көрөм сени мен,
Ушунчалык сагынтасын эми сен.

Өңү сулуу, таза, тунук ойлору
Көп кезикти, бирок сендей болбоду.
Мен бакытты күтпөйм деле анчалык,
Жалгыз гана сен жолуксан болгону.

Айылым (Ничке-сай)

Аруу дүйнө көрүнүп коюнуңан,
Ар мүнөттө бөлүнүп оюм улам.
Айылыма ашыгып барып анан,
Ар бир чөптүн жыттайын моюнунан.

Балалыктын эң таттуу кези калып,
Эстеп турам баарысын көрүп алып.
Түгөнбөгөн бакытка тунуп калам,
Айылыма кээ кезде келип алып.

Сага тартуу таба албай эң сонунун,
Сага арналсын көп сөзүм, эң чоң ырым.
Ар бир жутум айылдын абасынан,
Оорулардан айыгат ден-соолугум.

Алыс жүрүп биргемин түштө дайым,
Барарыбыз көз жумсак бизге дайын.
Кан-тамыры өмүрдүн сенден агат,
Кичинекей карегим Ничке-сайым.

Ыйык сезим

Абалыңды күнүгө көрүп сурап,
Жүргүм келет алып да, берип кубат.
Канча кызды кайдыгер карачу элем,
Азыр сени тиктегим келип турат.

Сакта кудай келечек түгөйүмдү.
Кабыл кылса жараткан тилегимди,
Ушул максат, ушул ой орундалып,
Угуп жатып уктайын жүрөгүндү.

Башка жандар жетем деп күйүкпөсүн,
Биз биргебиз ортодо ыйык сезим.
Эки колум белиңде турса дагы,
Эркем мага кол жеткис бийиктесин

Кол жазма

Сени эстетчү чынында көп нерсе бар,
Азайууда алардын арасы улам.
Бүгүн болсо кол жазмаң эске салар,
Таап алдым көп дептер арасынан.

Бизге берген агайдын тапшырмасын,
Аткарчусун даярын мага берип,
Кол жазмаңа а балким калтыргансың,
Элесиңди эсте деп жаза келип.

Жок болгонсуң сен менден узатылдың,
Ушул барак жоголуп калбасын эч.
Кол жазмаңды жүрөккө кыса турдум,
Көз жаштарым баракка тамбасын деп.

Элесинди жүрөккө кыса жүрөм.
Көз жаштарым жүзүңө тамбасын деп

Көгүчкөнүм

Көрүнгөн көрктүн баарын четке сүрүп,
Келипсиң кетүү үчүн бир көрүнүп.
Керемет тамшанууда калганым чын,
Көгүчкөң турпатыңа бүт берилип.

Көгүчкөн арасында көгүчкөнүм,
Көрүнүп бир экинчи көрүшпөдүң.
Көзүңдөн сезип сезим ошол күнү,
Көңүлдө бар сырымды бөлүшкөмүн.

Камдануу кыйын болду кетериңе,
Каректи байлап кеттиң этегиңе.
Керексиз сезимдердин баарын таштап,
Күт мени, издеп барам мекениңе.

Кыйын кезде

Үшүтпөчү катаал турмуш ызгаары,
Сен көрүнсөң эрип турчу муз дагы.
Мезгил бизге болгон өндүү себепкер,
Күз келгенде жылуу жүрөк муздады.

Бирде жылуу, бирде катуу тоңобуз
Сабыр кылбай чечим чыкты жологус.
Күз келгенде эки жакка тарасак,
Жай келгенде билбейм кайда болобуз.

Ооба чындык сага, мага жай келет,
Бирде турмуш катаал, катуу жай берет.
Ошондуктан бакыт жолун табууга,
Күз келсе да мени менен кал демек.

Кыш келгенде жаз келери белгилүү,
Кыйын кезде таштап кетпей кал демек.

Апа

“Кирдиң бугүн түшүмө, амансыңбы?”-
деп апакем чакырат көрүшкөнү.
Бул дүйнөдөн таптаза апам сындуу,
Жолуктурбайм асылзат периштени.

Ак сүтүнөн азыр да келип кубат,
Апам барда багым бар күбүлбөгөн,
Алыс жүрүп оорусам сезип турат,
Киндигибиз дагы эле үзүлбөгөн

Бир мен үчүн жашаган жалгыз жан бар,
Үмүтү мен телектүү күдөр үзбөй
Оорубай жүр өзүндү жакшы кара,
Апакем ай керексиң жүрөгүмдөй

Кызгануу

Бизден алыс болуш үчүн түйшөлүү,
Кел экөөбүз эки жолго түшөлү.
Ишенимдер болгон сайын канчалык,
Ошончолук кызганчыбыз күчөдү.

Адам көктү жетпей сүйүп тургандай,
Алыс болуп жүрсөк жакшы булганбай.
Дүйнөдөгү бардык жандар жок болсо,
Дал ошондо калар белек кызганбай.

Азыр мезгил өкүмүнө жайгарды,
Алыс жүрүп тийгизейин пайдамды.
Карыш жылбай жандай көрүп коруган
Кызгануубуз жек көрүүгө айланды.