Акматбекова Сагын эжени февраль айындагы туулган күнү менен куттуктап, ден-соолук каалап, чыгармаларын окурмандарга сунуштайбыз. Аманчылыкта болуңуз эже!
*****
“Көк көшөгө көшөгө эмес түрүлгөн
Түпсүз асман болду, — дешип келишти, —
Кол чабуудан бүт жылдызы күбүлгөн…”
Эскен шамал, эркин куштар жөнүндө
Сени өзгөчө ырдады деп келишти.
Кышты тосуп олтурганда мен үйдө.
“Бир аз, бир аз дирилдеген үнүндө
Бир аз, бир аз санаа бар, — деп келишти, —
Бир аз, бир аз тумандуу күз түнүндөй.”
“Концерт бүтүп, чыксак түндө көчөгө,
Кыш келиптир тез эле, — деп келишти, —
Плащ кийип кеткен элек кечте эле.”
“Жөн болуптур сен от жагып койгонуң…
Бир аз, бир аз үшүдүк, — деп келишти, —
Жөн болуптур отту жагып койгонуң.”
Үйгө камап өзүмдү өзүм кишендеп,
Бир аз, бир аз карый түшкөн элем мен
Сени унутуп коёрума ишенбей…
*****
Кимдир бирөө келип сууга күүгүмдө
Кайта кетти чакасын бош көтөрүп…
Жүрчү, курбум, тиги өйүзгө өтөлү.
Кимдир бирөө келип мага күүгүмдө
Айтты мага өз сүйүүсү жөнүндө…
Жүрчү курбум, тиги өйүзгө өтөлү.
Анда унтулуп калган үйдүн эшиги
Ачылды окшойт … мага ошондой сезилди.
Жүрчү курбум, тиги өйүзгө өтөлү.
Баарын тааныйм андагынын… жатталуу
Стол, нота, менин жазган каттарым…
Жүрчү курбум, тиги өйүзгө өтөлү.
*****
Айлуу кырда чөп үймөктөр.
Чөп үймөктүн далдаасында
Олтурдук биз көпкө дейре,
Жердеш келин, жердеш улан.
Сүйлөштүк да, сүйлөшпөдүк.
Алдыбызда жатты чалгы.
Ай чыга элек кезде келип,
Ай батарда кетип калдык.
Ал узатып келди мени.
Үй жанында үнсүз турдук.
Ал калмакчы, мен кетмекмин,
Коштоштук да, коштошподук.
Үй жанында дарак эмес,
Шамал өстү шуулдаган.
Түнгө житти жалгыз дабыш,
Узап кетти жалгыз караан.
Автобуска түшүп таңда
Мен айылдан жөнөй бердим.
Улуу таалай, терең санаа
Көздөрүнө каткан келип.
*****
Көчөнүн агымына аралашып
Көрүнбөй калган адам, жакшы баргын!
Агым менен келгенсиң, кайталанып
Агым менен кетесиң.
Кандай ойдо,
Кандай күндө экенсиң?
Билбейм аны. 1
Шатырап тең баратып жаштар менен
Не бурулдуң артыңа не кылчайдың?
Издедиңби өзүңө окшогонду?
…Бирок бул жер эзелтен шаар аталган.
Өйдө-төмөн агылган адамдары.
Агымдар ошол бирок айлампадай —
Ашып кетпей, бөксөрбөй ага берген
Ага берген, а бирок алга кетпей
Ордунда кала берген.
Табууга мүмкүн эмес жоготконду.
Жоготуп алба андыктан сен өзүңдү,
Өз жолуң, өз тагдырың, өз сөзүндү…
Бабаң салган каныңа байыркы үндү.
Көчөнүн агымына аралашып,
Көрүнбөй калган адам, жакшы баргын.
Бороондогу бак-дарак
Кыйыры учсуз жайлардан,
Кырлардан жана сайлардан.
Баарысы бирдей козголуп,
Бак созгон кандай армандар?
Бойлорун тосуп буралып,
Болушкан бугун чыгарып,
Ырдашып келип, эстешип,
Ыйлашат нелер тууралуу?
Катары менен жыгыла,
Кайрадан туруп суйула,
Кайгысын айтат кай чактын,
Кангайга доошу угула?
Жулчудай өзүн шуу-шуулап,
Жулкунат кошо биздин бак.
Үй дагы, тыш да карайды.
Үңкүйбөй балам, чырак жак.
1994.
Ай жарык
О карачы, о карачы, ай жарык!
О карачы, талаа жарык, сай жарык!
“Кеч болсо да кечиргин!” — деп жалбарып,
О кайдагы сөздү айтасың, кайдагы!
О карачы, о карачы, ай жарык!
О карачы, кайың жарык, тал жарык!
“Кайың-талдай көк элек!” — деп арбалып,
О кайдагы кезди айтасың, кайдагы!
Кошулушуп оңго бассак, оң жарык.
Бөлүнүшүп солго бассак, сол жарык.
Оң-сол жарык кете албаган бирге алып,
О жарыгым! Бизден башка ким карып?
Дүйнө жарык, дүйнө астында Чүй жарык.
Чүй астында эң бир жакыр үй жарык.
Үйчө жарык төгө албаган бир жанып,
О көлөкөм! Бизден башка ким карып?
Жарык! Жарык! Учсуз аалам кең жарык.
Жарык! Жарык! Удур-будур жер жарык.
О жарыгым, бардыгынан эң жарык,
О көлөкөм, көөндө уюган чер жарык!
1995.
*****
…Кайда барам кайыгып, кайда барам?
Каңтарылып дайра аккан сайга барам.
Бир тартылып, ылайлап бир кайкалап
Айтат билген жомогун ал кайталап.
Жомокторун чарчаймын уга берип,
Жолугамын өзүмө кайра келип…
…Кайда алпарам өзүмдү, кайда алпарам?
Талаада бир көйкөлгөн талга алпарам.
Эскен желге термелет, ал шуудурайт.
Эң жагымдуу, эң куунак ырларды ырдайт.
Жайкалат ал, ичтеги бук жазылбайт.
Көйкөлөт ал, көңүлүм түк ачылбайт.
…Кайда качам өзүмдөн, кайда качам?
Калкылдаган асманда айга качам.
Толо, толо толкутуп нурун төгөт,
Толор замат токтобой кемий берет.
Мелтиресем, мелтирейт менден бетер.
Кайда кетем, өзүмдөн кайда кетем?
…Жан коёрго жай таппайм кең дүйнөдөн.
Жабыркаткан өңгө эмес, мендеги — мен.
21.08.1995
Алакандай аңгемелеринен
Ачкычымды жоготтум
…Чөнтөгүмдө болчу, анан колума кармап келаткам. Кантип таштап койгонумду билбейм. Кайта бурулуп издеп келип таап алдым. Будуң-чаң түшүп, уйгу-туйгу болуп жолдо келем. Бир жолугушуудан бери… Чачылып жолдо келем. Чогултуп коёр бир киши жок. Киймим эски, өзүм эски, жүрөгүмдө жаңырган жараат. О Улуу, Улуу Өткөн Чактар! Урандыларына урунуп, сыныгына тилинип, жолдо келем. Бир жолугушуудан кийин…
1992.
Кыш
…Жакында автобуска түшүп жол тарттым. Жолду катар жамгыр жаап отурду. Мунарыктап, тумандап. Суук тартып, кыш келатканын туйдуруп.
Жанымдагы жолоочу улам бир сөздүн башын чыгарып сөзгө тартты. А менин кыжырым келип, терезени карап, тескери бурулуп олтуруп алдым. Жалгыз өзү сүйлөй берип, чарчадыбы, же сөзгө жок бул кандай келесоо дедиби, акыры башын шылкылдатып үргүлөп кирди. Таласка кеч- күүгүмдө келип түштүк. Кеч-күүгүм менен барып, мейманканадан орун алдым. Жууркан, төшөгүнүн кебези чыгып эскирип бүткөн, көк жыттанган эски, суук бөлмөдө, эски жыгач керебетте жатып, келе жаткан кыш, кар, турмуш тууралуу ойго баттым… Жакында кыш келет. Мен жашаган шаарга, мен турган беш кабат тамга, мен баскан көчөлөргө, мен арыткан жолдорго… Кыш келет:
Там ойгонот. Кыймыл кирет
Танкы саат алтыдан.
Тапырашып балдар түшөт
Таш курама шатыдан.
Калкылдаган учу жерде
Караңгыны кечише.
Караан болуп эрбеңдеген
Мектебине кетишет.
Мен да турам. Туруп жатып,
Туям жарык себебин
Көкүрөктү тепкен ташып:
Жааган карды көрөмүн.
1992.