Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү
(3-макала)
«Аралаш төкмө» термесинде Р.Шүкүрбеков дегеле баяндоонун түркүн-түс түрлөрүн өзгөчө бир билгичтик менен колдонуптур. Экинчи бөлүмчө дээрлик баштан аяк карама-каршы көрүнүштөрдү жуурулуштура сүрөттөө аркылуу курулган десек болот. «Эки жашар кезден» өтүп эр жеткен куракка келгенин, «оңбогондой сүйгөн» учурун эске салып ашык болгон адамынын кебете-кешпирин момундайча сүрөттөп көз алдыбызга тартат:
Мурдуң кичине муштумдай,
Мурунтан кудай туш кылбай.
Колдоруңдун салаасы,
Коошоп койгон устундай.
Бети, башың таптаза
Көргөн адам кускандай!
Этиң жумшак темирдей,
Бетиң аппак көмүрдөй.
Ашыктыктын айынан,
Качып жүрөм көрүнбөй.
– – – – – – – — – — — – — –
Желектей болуп желбиреп,
Жеңдериң жүрөт жамалбай. (78-79-беттер)
Баяндоонун мындай ыкмасын адабият жөнүндөгү илимде антитеза деп коет. Сезилип тургандай, грек тилинен которгондо карама-каршы дегенди билдирген бул түшүнүк «бири-бирине карама-каршы турган кубулуштарды, түшүнүктөрдү, заттарды тикеме-тике беттештирүү аркылуу алардын сапатын, касиетин, маанисин көзгө ачык түшө турган кылып кескин түрдө көрсөтүү, элестетүү» болуп эсептелет. Термеде антитезанын эң сонун үлгүсүнө туш болдук. Бири-бирине карама-каршы турган кубулуштардын, түшүнүктөрдүн, заттардын тикеме-тике беттешүүсүнө: мурду кичине муштумдай экенине, бети-башы таптаза – кускудай экендигине, эти жумшак темирдей, бети аппак көмүрдөй экендигине туш болдук. Натыйжада, алардын сапаты, касиети, мааниси көзгө дана көрүнүп, элестүүлүгү алда канча артты. Жыйынтыгында гротеск көркөм ыкма катары өз максатына толук жетти да, автордун чыгармачылыктын не бир катылуу сырларын, көркөм дүйнө жаратуунун албан түрдүү жол-жоболорун өтө кылдат өздөштүргөн ашкере таланттуу сүрөткер экендигин дагы бир жолу айгинелей алды. Ал эми билгенге бул оңой олжо, ар бир эле калемгердин колунан келе берчү жумуш эмес.
«Аралаш төкмө» термесинин шарттуу түрдөгү биринчи бөлүмчөсү Айдагы жашоо-тиричиликти, экинчи бөлүмчөсү лирикалык каармандын жердеги турмушун ар кандай ыкмада сүрөттөөгө арналса, шарттуу түрдөгү үчүнчү бөлүмчөсү кыздар, болгондо да орус кыздар жөнүндөгү баян түзүп турат.
Бу дүйнөдө кыздар сылык экендигин, илгертен эле кыз баланын чачы улук экендигин олуттуу түр менен баяндап келе жаткан акын анан сөз нугун кескин буруу менен:
Бирок да андай сулуу девушкалар
Жүрүшөт мен байкушту уят кылып,
-деп угарман менен окурманды таптакыр башкача абалга туш кылат. Анан ошол «айдай сулуу девушкалардын» аттары атала терме андан ары уланат. Алгач Маруся жөнүндө сөз болуп, анан кеп учугу Анютага өтөт да, ыр багыты кайрадан Марусяга бурулат. Акын минтип ырдайт:
Куру бекер далбаса,
Кыздар сени алдаса.
Эх, кар көз милый кыз,
Айда жейли калбаса.
– —- — ——— — — – –
Марусяда көңүлүм бар
Старый черт деп чанбаса. (79-бет)
Буга чейин акын элдик оозеки чыгармачылыктагы калп жанрын, фольклор менен ырчылар поэзиясында кеңири пайдаланылган гиперболаны, анан келип антитезаны ыктуу колдонуу менен терменин негизги максат-мүдөөсүнө ийгиликтүү жетишип келген болсо, эми жумшак юморду пайдаланууга өттү. Бул үчүн акын орус тилиндеги сөздөрдү ыр курамына, уйкаштыктын тулкусуна билгичтик менен сиңирип, айрымдарын кыргызча кандай айтылса (калбаса, чорт) дал ошондой боюнча эле пайдаланып, натыйжада, тамашаны күчөттү. Угарман менен окурмандын ууртунда жумшак жылмаюуну жаратып, термеге жаңыча ыргак, жаңыча маанай берди. Дегеле предметке комедиялык-эстетикалык мамиле акын, жазуучулар үчүн ар качан оңтойлуу көркөм курал болуп келген. Мындай комедиялык-эстетикалык мамиленин эки таянычы, негизги эки тиби бар. Алардын бири – сатира, бири- юмор. Өзүнүн «Горе от ума», сочинение А.С.Грибоедова» деген атактуу эмгегинде улуу сынчы В.Г.Белинский сатира деген алдыңкы эстетикалык идеалга дал келбеген бардык көрүнүштөрдүн бет пардасын сыйрып шылдыңдоо болсо, юмор деген өз объектисиндеги идеал менен дал келбеген жактарды катуу келекеге албастан өз предметин кемчиликтерден арылтууга кызмат кыларын, түпкүлүгүндө келип юмор деген «смех дружелюбный, хотя и не беззубный» экендигин баса белгилөө менен «всякое противоречие есть источник смешного и комического» деп таамай көрсөтүп кетиптир.
Ушундай күлкүнүн булагы болгон карама-каршылык катары биз «Аралаш төкмөнүн» шарттуу түрдөгү үчүнчү бөлүмчөсүндөгү лирикалык каарман менен Маруся, Анюталардын ортосундагы сөздүн жакшы маанисиндеги карама-каршылыктарды көрсөтүп кетер элек. Өзүн «старый чорт» деп эсептеген лирикалык каарман менен сулуу девушкалардын» ортосунда карама-каршылыктын кандай тиби болушу мүмкүн? Албетте, сатиралык чыгармалардын негизин түзүп турган карама-каршылык эмес достук иретиндеги күлкүнү («смех дружелюбный») жаратып турган гана карама-каршылыктар бар, б.а. жумшак юмор бар. Терменин бул бөлүкчөсүндөгү эң башкы карама-каршылык – жогорудагы келтирилген үзүндүдөн эле ачык-айкын болуп тургандай –катышкан каармандардын жаш өзгөчөлүгүндөгү чоң айырмачылык. Бири- Маруся- «кара көз милый кыз» болсо, бири –лирикалык каарман – «старый чорт». Бири – Анюта –жаш кыз болсо, бири- лирикалык каарман – «башында чачы агала», өмүрлүк жары менен «алтымыш жыл бир турган» адам. Болгондо да өзү жөнүндө өзү:
Кеч кирсе жакшы көрбөймүн,
Темселеп издеп сен деймин.
Машийне басып кетпесе,
Карылыктан өлбөймүн,- деген (79-бет) адам.
Көрүнүп тургандай, Р.Шүкүрбеков ашкере таланттуу, болгондо да комедиялык талапты өтө жогору калемгер катары күлкүнүн, болгондо да достук иретиндеги күлкүнүн негизин түзүп турган эң сонун карама-каршылыкты таба алган. Ушундан улам терменин шарттуу түрдөгү бул үчүнчү бөлүмчөсү уккан адамдын маанайын көтөрүп, ууртунан жылмайта турган деңгээлде жаралган да, бир эле уккан адамдын эсинде көпкө чейин сактала тургандай так-таамай да, ширелүү да чыккан.
Орус кыздар жөнүндөгү баяндан кийин акын терменин нугун «бессовестный чалдарга» бурат. Булар «өтө жаш кыз алганды» өнөр көргөн чалдар, «карындашын ойго албай» жакын тууганым жок деген чалдар,
Балам жок, кызым бар дешет,
Кыз бала, ага малга эсеп,-болгон чалдар.
Кыскасы, аялды Адам дебей калган кесептер жөнүндө баян этет шарттуу түрдөгү бул бөлүмчө. Мында да акын коомубуздагы өзгөчө бир терс көрүнүштү баяндоонун объектисине айланткан. Бөлүмчөнүн тим башталышында таамай айтылгандай:
Күлсүн деймин балдарды,
Ойлонсуп деймин чалдарды,-деп жакшы тилектен, аздек үмүттөн улам жазылган. Ырасында эле бул бөлүмчө бир топ күлкүлүү да, анан өзгөчө олуттуу да чыккан. Жаш кыз алганды өнөр көргөн чалдар, карындаш менен алманчок кызды, асылзат энени киши ордуна көрбөгөн Адам сыпатындагы айбандар жөнүндө акындын чыгарган тыянак пикири ташка тамга баскандай так-таамай айтылган:
Адам дебей аялды,
Аялдан сурап нан жешет.
Ардактуу асыл эненин,
Ак сүтүн эмген ал кесеп.
Андайларда намыс жок,
Орусча айтса идиот. (80-бет).
Арийне, бул ашкере адилет чыгарылган жыйынтык демекчибиз.
«Аралаш төкмө» термеси курулушу жагынан да өтө чебер жаралган көркөм туунду. Жанатан берки сөзүбүздөн ачык байкалгандай биз «шарттуу түрдөгү киришүү», «шарттуу түрдөгү биринчи бөлүмчө», «шарттуу түрдөгү экинчи бөлүмчө», «Шарттуу түрдөгү үчүнчү бөлүмчө», «шарттуу түрдөгү төртүнчү бөлүмчө деп жөндөн жөн эле кайра-кайра кайталап олтурган жокпуз. Анткени, чыгарманын аталышы эле далилдеп тургандай мында акын сүрөттөө мейкиндигин да өтө кеңири (Айдагы турмушка чейин) алат да, автордук ойду көркөм чагылдырууда түркүн түс ыкмаларды (калптар, апыртуулар, антитезалар, юморлор) колдонот. Ушундан улам чыгарманын атына жараша ар кандай окуялар жөнүндө айтылып, алар өз-өзүнчө топ-топту, б.а. бөлүмчө-бөлүмчөнү түзүп калган. Албетте, автор бул бөлүмчөлөрдү «1», «2», «3», «4» деген цифралар менен деле белгилеп бөлүп берсе чыгарманын сюжеттик-композициялык түзүлүшү эч бир өзгөрүүгө туш болмок эмес, азыркы турушунда угармандар менен окурмандар тарабынан кандай кабыл алынса дал ошондой эле кабыл алына бермек. Эч нерсе өзгөрмөк эмес. Бирок, акын негедир антип бөлүштүргөн эмес. Тек гана улам бир окуядан экинчи окуяга шыр өтүп жүрүп олтурган. Биз болсо термедеги окуялардын өнүгүшүнүн ички ырааттуулугуна ылайык шарттуу түрдө бөлүмчөлөргө бөлүп алып талдоого алууну туура таптык. Бул иш чара, арийне, биринчиден, термедеги окуяларды дагы да конкреттештире, угарман менен окурмандарга дагы да жеткиликтүү талдап берүүнүн зарылдыгынан улам болсо, экинчиден, акын пайдаланган ар кандай көркөм ыкмаларды, каражаттарды өз-өзүнчө, түпкү тексттин, андагы окуялардын курамында, ажырагыс биримдикте ачып берүү ниетинен улам жасалды.
Шарттуу түрдөгү киришүү бөлүмчөсү менен ачылган бул чыгарма соңку, жыйынтыктоочу бөлүмчө менен бүтүшү да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ырасында эле ошондой болуп, орусча аралаш бир саптын эки жолу кайталанганын «Простите жолдоштор//Кечиргиле жолодоштор» айтпаганда он сегиз саптан турган соңку бөлүмчө менен жыйынтыкталат. Бул бөлүмчө негизинен сентенциялык мүнөздө болуп, терме ырларынын башкы да, негизги да озуйпасына дал келип, дидактикалык мааниге ээ болуп турат. Акын минтип жазат:
Жоон билек кимде эмес,
Адамдын күчү акылда.
Адамдын күчү акыл, эс,
Айнектей асыл эки көз.
Кээ бир, кээ бир билбеске,
Кор болуп кетет кайран сөз. (80-бет)
Ошону менен бирге, дале болсо терме ырларынын башкы бөтөнчөлүктөрүнүн бирине эриш-аркак келүү менен «Аралаш төкмө» чыгармасы адамдагы жакшы менен жаманды кош катар коюп ырдоо менен момундайча жыйынтыкталып турат.
Адам менен айбандын,
Айырмасы сөзүндө.
Адам айбан болмогу,
Ар бир жандын өзүндө.
Жаштын жакшы болмогу,
Тарбия менен сезимде.
Жаман иштеп алыс жүр,
Татынакай кезиңде.
Простите жолдоштор,
Кечиргиле жолдоштор
Апыртма болсо сөзүмдө. (80-81-беттер)
Жыйынтыктап айтканда, Райкан Шүкүрбековдун «Аралаш төкмө» деп аталган бул чыгармасы терме жанрындагы алгачкы көркөм туундусу, биринчи калем сыноосу экендигине карабастан бир топ ийгиликтүү жаралган, жанрдын талап-мүдөөлөрүнө толук жооп бере ала турган деңгээлде жазылган десек чындыктан анча деле алыстабаган болобуз.
Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор