Габриэль Гарсиа Маркес: Айттырып келген ажал баяны

Айттырып келген ажал баяны

(Повесттен)

Аны өлтүрүп кеткен күнү Сантьяго Насар епископ келер кемени тоскону таңкы 5.30да турган. Түшүндө ал жумшак жамгыр себелеген анжир багын аралап баратыптыр, кандайдыр бир ирмемге бакытка балкый түшкөнсүдү, бирок ойгонгондо шакка конгон чымчыктар башынан ылдый чычып жибергенсиген сезимден арыла албай койду. “Ал түшүндө бак-даракты көп көрөр эле”, – деди мага апасы мындан 27 жыл мурдагы каргашалуу дүйшөмбүнүн кылт эткен кыймылынан өйдө эстей.

“Андан бир жума мурда түш көрсө, калдыркан калайдан жасалган самолётто учуп баратыптыр, жалгыз экемин, бадам багынын бир бутагына да тийбей аралай чаап учуп келатыптырмын деген”, – дейт апасы. Пласида Линеро түшүн ачкарын айткандарды өңүндөй жоруган өнөрү дүң аял эле, арийне уулунун бак-дарак тууралуу айткан андагы түшүнөн да эч кандай корко турган кооп тапкан эмес.

Сантьяго Насар өзү да алда немеге түпөйүл тартып түйшөлгөн жок. Тек кийимчен жатып, начар уктады, ойгонгондо оозу чыла даамданып, башы катуу ооруп калыптыр, бу да болсо кечээки үйлөнүү тоюнда таң аткыча ичкен ичкиликтин кээри деп койду. Үйдөн таңкы 6.05те чыкканда алик алып, салам берген, андан бир саат өтпөй кудум чочкодой кууп жүрүп сайылганын көргөн көпчүлүк уйкусу анчалык канбагансыганы менен көңүлү кадимкидей көтөрүңкү эле, атүгүл кеп арасында бүгүнкү күн жакшы болоорун кыстара кетип жаткан деп эскеришти. Анысы аба ырайына канчалык байланыштуу же байланыш эместигин эч кими так кесе айталбады. Тек бир даары жарык эле, калың бананды аралай деңизден сыдырым жел согуп турган, февралдын ачык күндөрүнүн бири болчудай сыягы бар эле дешти. Бир даары, тескерисинче, жок, күндүн ырайы абдан жаман болчу, бүркөк асман салаңдап жерге түшүп турган, абадан бүксүгөн суунун жыты келип, кара басар маалда кудум Сантьяго Насар ар дайым түшүндө көргөндөгүдөй майда жамгыр себелей баштаган дешти.

Ал үйлөнүү тойдогу менин масчылыгым Мария Алехандрина Сервантестин кумардуу кучагында тарады. Капилеттен кагылган коңгуроолордун үнүнөн чоочуп ойгонуп, булар епископтон урулуп жатса керек деп ойлоп койдум.

Сантьяго Насар үйлөнүү тойго барар алдындагыдай эле экөө тең батталбаган шымы менен ак болотнай көйнөгүн кийди. Өтө аздектеген кийими ушулар эле. Эгерим епископ келерин күтпөгөндө ал көйнөгү менен күрөң жашыл шымын киймек, атка жүрөр өтүгүнүн кончун кере тартып, атасынан малы менен кошо калган “Периште жүз” асьендасын беттеп жүрмөк, ар дүйшөмбү сайын ошентер эле, асьенда ага анчалык пайда апкелбесе да чарбасын жакшылап жөндөп алган.

Тоого ал ар дайым “магнум-357” курчанып аттанар эле, салмагы сайдын ташындай бул октор бир басканда жылкыны эки бөлө жыга чабат дечү. Кекилик уусу башталганда ал бүркүт аңынын аны-мунусун да ала жүрчү. Андан башка анын шкафында “малинхер-шёнауер-36.06”, “холланд-магнум-300”, “хорнет-22” эки катар дүрбүлүү мылтыктар, анан көп дүрмөттөлүү “винчестер” турар эле. Ал ар дайым тапанчасын жаздык каптын алдына катып, кудум атасындай уктачу; ал күнү үйдөн чыгарда тапанчасын окчонтойдон бошотуп, түнкү столчонун тартмасына салып койду. “Ал куралды эч качан октолуу калтырчу эмес”, – деди мага апасы. Анысын мен да билчүмүн, ал куралды башка жерде, ал эми окторду башка окчун жерде кармаарын билчүмүн; бул да болсо кимдир бирөө азезилдин азгырыгына алдырып же жаза тайып жаңылып албасын дегендик эле. Сактыктын жакшы насааты атасынан калган; күндөрдүн бир күнүндө кызматкер кыз төшөк жыйнап жатып жаздыкты силкмек болсо, андан тапанча топ этип жерге түшүп, тарс этип атылып кетет, анын огу бөлмөдөгү шкафты тепчип өтүп, конолго дубалын тешип, мээ көзөгөн ышкырык менен коңшу үйдүн ашканасынан ашып, аянттын аркы өйүзүндөгү чиркөө алтарын аземдеген адамдын бою менен тең ыйык гипс-статуянын бырын-чырынын чыгарат. Сантьяго Насар анда балапан жүнү бата элек бала эле, бирок ал окуя анын эсинен эзели чыкпай калды.

Апасынын акыркы эсинде калганы ал уктачу бөлмөдөн уулунун шаша-буша чыгып баратканы болду. Жуунчу бөлмөдөгү торбочодон аспирин издеп атып, апасын ойготуп, ал ошол замат жарыкты күйгүзүп, босогодо колуна суу куюлган стакан кармап турган уулун көрдү – ушул элес өмүр бою көзүнөн өчпөй калды.

–Түшкө канаттуулар кирсе, дени карды сак болот деген ошо, – деди ал мага.

Мен аны менен күүдөн тайып, көрөр күн, ичээр суусу аз калган, күмдөп чогултуу аракетинде унутулуп бараткан ушул кыштакка кайтып келгенде жолуктум, ал дагы уулун тордон жасалган ушул асма керебетте ушул калыбында жатып көрүптүр. Пласидо Линеро кишилерди араң тааный турган болуптур, жарык жаркырап тиймейинче алар ага жөнеле кара кубаң көлөкөдөй көрүнөт экен, башы басылбай ооругандыктан шаша- буша чыгып бараткан баласына акыркы ирет жолуккандан калган дары жалбыракты желкесине таңып алыптыр. Ал кырынан жаткан, тордун баш жагындагы жибин кармап турайын деп арекет кылды; таат-ибадат идишинде туруп калган суунун бүксүгөн жыты бөлмөнү өрдөй баштады, андай жыт кылмыш болгон таңда аны айраң азыр калтырган.

Мен босогону аттап-аттай электе эле ал Сантьяго Насарды эстеп кирди. “Дал сен турган жерде турган, – деди ал. – Кийгени батталбаган ак болотнай костюм эле, териси ушунчалык сезгич болчу, крахмалдын жытын да көтөрө алчу эмес”. Ал кардамон дамын шимип, асматор керебетте кыйла, элесинде уулу кайтып келип, эми эч жака кетпечүдөй болгончо отурду. Анан ал: “Таянган таянычым жалгыз ошол эле”, – деп үшкүрдү.

Анын элесинде уулу кандай калганын эми мен элестетип кирдим. Январдын акыркы жумасында ал 21ге толмок, куба жүлүн, шыңга бой жигит эле, көздөрү арабдыкындай, чачтары атасыныкындай тармал боло турган. Сантьяго Насар байлыгына кызыгып алган аялынан эле, эрди-катын бир ирмем да эриш-аркак жашаган жок, арийне үч жыл мурда өлгөнгө чейин андай атасы бардыгы үчүн ал өзүн бактылуу сезчү; кечээ өзү өлгөн күн-дүйшөмбүгө дейре энеси менен деле бактылуудай жашады. Алдыны туюк туюу күчү ага апасынан келген. Атасы ага бала чагынан мылтык атууну, атта жүрүүнү, куш таптап салууну, эң негизгиси, эрдик менен этияттыкты үйрөттү. Ата менен бала өз ара арабча сүйлөшөр эле, арийне Пласида Линеронун көзүнчө антишчү эмес, ал сөзгө аралашпай калганына ардыкпасын дешчү. Алар мылтык асынып, айыл аралап чыкканын эч ким, эч качан көргөн эмес, ал эми тапталган куштарын бүркүт салуу өнөрүнүн соопкерчилик жарманкесине көрсөтүү үчүн бир ирет алып чыкканы эстеринде бар. Атасы дүйнөдөн кайткан соң Сантьяго Насар орто мектептен нары окуусун улантпай, үй бүлөгө тиешелүү асьенданын иши менен алек болууга аргасыз болду. Эми анын керт башына келсек, ал ажары ачык, көңүлү жарык, шатыра шатман, ак көңүл жигит эле.

Аны өлтүрүп кеткен күнү апапак кийинип алганын көргөн апасы күн эсебинен жаңылып калганбы деп ойлоптур. “Бүгүн күнгө дүйшөмбү дедим”, – деди ал мага. Ал епископтун касиеттүү колуна колум тийип калабы деп, майрамдык кийим менен баратканын айтты. Апасы ага муюган жок.

–Ой, ал кораблден түшпөйт, – деди ал уулуна. – Байгамбардын батасын берет дагы келген жагына кете берет, анын милдети ошол. Епископтун биздин шаарчаны көрөйүн деген көзү желкесинде.

Айтылган сөздө акыйкат арбындыгын Сантьяго Насар билет, бирок чиркөө расмисинин салтанаты аны биротоло аркандап алган. “Кудум кинодогудай”, – деди бир ирет ал мага. А эне байкуш канетсин, епископ келет менен ээлигип алган баласы жаанда калып өпкөсүнөн кагынабы деп жаны чыгып атыр; түн уйкуда бир топ жөтөлүп чыккандай болгон. Анда эмесе кол чатыр алып ал дегенине уулу көнгөн жок, кол булгап коштошуп үйүнөн чыгып кетти. Ошол бойдон энеси аны тирүү көргөн жок.

Ашпоз аял Виктория Гусман ал күнү, атургай бүт февраль бою жамгыр жаабаганын айтып безилдейт. Дүйнөдөн кайтарынын алдында ал менен жолукканымда: “Күн теңирден тескери түшүп, август айынан да жаман куйкалап турду”, деди ал. Тилдерин салаңдатып акактаган иттердин курчоосунда ал үч коёндун согуму менен алек болуп, түшкү тамактын камын көрүп атканда Сантьяго Насар ашканага баш бакты. “Түндү кандай өтөгөнү түрүнөн эле көрүнүп турат” – деди Виктория Гусман аны жактырбаганын жашырбай. Кызы Дивана Флор – жадырап жайнап ачылып бараткан кереметтүү Гүлкайыр, ар дүйшөмбүдө боло жүргөндөй Сантьяго Насарга ром кошулган бир чөйчөк канты жок кофе апкелди, өткөн түндөн сынган башты жазууга берген жардамы ошол болду. Кенен-чонон ашканада от лаулдап күйүп жатыр, чатыр алдындагы туура жыгачтарга конгон чала уйкулуу тооктор үргүлөп отур; турмуш ошентип калыптуу ыгында баратыр. Сантяьго Насар дагы бир таблетка аспирин ичип, колундагы кофеден салмактуу ууртап, коёндордун этин жууп-тазалап аткан эки аялдан көзүн албай, ыкшоо ойго батып отуру. Жашы келип калганына карабастан Виктория Гусмандын сыры кетип, сыны бузула элек. Али үйүргө кирип үйрөтүлө элек кызы күүгө келип, күзөп бараткандай. Ал бошогон чөйчөктү алайын деп келгенде Сантьяго Насар чап колдон алды.

–Азоо болуп кетипсиң, жүгөн салыш керек го? – деди ал ага.

Виктория Гусман ага алыстан кандуу бычак кеседи.

Коё бер дейм, шүмшүк, кабагын катуу чытып, буйрук берди ал. – Мен тирүү турганда бул башаттан суу ичпейсиң.

Ибрагим Насар Виктория Гусманды кырчындай кыз кезинде азгырып койгон. Көп жыл бою аны менен асьенданын атканасында жашыруун-жабык жолугушуп жүрдү, качан ойной берип, оюну канган соң, үй кызматына которуп салды. Кечээги оттой ойношунан бүткөн кызы – Дивана Флор эртедир-кечтир Сантьяго Насардын койнун жылытарын билчү, андыктан ал күндү эртелеп эле күсөй баштаган. “Ушуга окшогон эркек туулбай эле туна чөксөчү”, – деди ал мага. – Атасынын эле өзү. Атасындай эле сасык”. Сантьяго Насар бир шилтем менен коёндун ичеккардын сууруп алып, бууланткан бойдон иттерге ыргытканын эстегенде өнө бою үшүгүндөй калтырап кетти.

–Мынчалык мыкаачы болбо, – деди ал ага, – ал айбан эмес, адам болуп калса эмне кылар элең?

Адам неге алсыз айбанатка мынчалык мыкаачылык кылаарын Виктория Гусман 20 жылга жакын түшүнгөн жок, түшүнгөндө негедир өзүнөн өзү үркүп кетти. “О, Кудай! – коркконунан кыйкырып жиберди ал. – Алдын-ала берген белгиң беле!” Бирок кылмыш өткөн ал таңда ашпоз аялдын негедир кыжыры кайнап, Сантьяго Насардын эрте ичер тамагын эпете ууландыруу үчүн калган коёндордун ичек-кардын, өпкө боорун иттерге туш келди ыргыта берди. Епископ келгенин кабарлаган пароходдун ачуу чыңырыгынан шаарча ойгонгондо окуя оңуту ошондой эле.

Мурдагы склад минтип дубалдарына сүрүлгөн тактай капталган, цинк менен жабылган балык жон чатырынын кырбуусуна шукшуюп тарп аңдыган карга, кузгун конгон эки кабат үйгө айланды. Үй курулган кезде дайра кыйла терең боло турган, калдайган кайыктар түгүл чыныгы чоң кемелер да тобокелге бел байлаганда дайранын саздак алабын жиреп шаарчага чыга келчү. Жарандык согуш бүткөндө арабдардын экинчи толкуну менен Ибрагим Насар келди, андан кийин дайра тартылып, кемелер портко келе албай, жандай курулган складдар керектен чыгып, кароосуз калды. Ар бирин Ибрагим Насар арзыбаган тыйынга сатып алып, чет эл товарларын жүгүрткөн дүкөн ачмак болду, бирок анысы эч качан ишке ашкан жок. Адан кийин аял алуу ниетинде складды үйгө айлантты. Эмне бар, эмне жок деп алдыңкы кабатына мейманкана ачты, капталын улай төрт атка ылайыктап аткана, кызматчылар турчу жай, ошондой эле терезеси портту караган ашкана курду, анысынан ар дайым саздын бүксүгөн суусу жыттанып турат. Үйдөн бир гана буралма тепкичке тийген жок, ал кыязы, кайсы бир кыйраган кемеден калган аманат болсо керек. Үйдүн мурда бажыкана контору жайгашкан экинчи кабатын эки бөлмөлүү уктоочу жайга, артымды бала бассын тилеги менен беш чакан балдар бөлмөсүнө айлантты, андан башка аянттан бери бойлой өскөн бадам багынын үстүнө жыгачтан балкон салды, жалгыздык жабырынан качкан Пласида Линеро марттын кечки салкынын ошол жерде өткөрөр эле. Үйдүн маңдайындагы көчөгө чыкчы чоң каалга кадимкидей сакталган экен, ага жака-белине жыгачтан кооз оймо-чийме түшүрүлгөн эки бийик терезе жасап орнотту. Арт жактан кирчү эшикти атчан киши өтчүдөй көтөрткөнү менен ошол бойдон калтырды; Ибрагим Насар эски причалдын калган бөлүктөрүн да кадыресе керекке чегерди. Дегинкиси, негизги кызматты арткы эшик аткарар эле, ал аткана же ашканага өтчү эшик экендигинен деле эмес, ал аркылуу аянтты кесип убара болбой, жаңы портко кеткен жолго түз чыгышчу. Маңдайкы эшик майрамдарда ачылганы болбосо, ар дайым бек турчу. Кара басканда, Сантьяго Насарды өлтүрөм дегендер аны арткы эшиктен эмес, дал ушул жерден күтүп атыр, епископту тосом деп өрөпкүп алган ал дагы порт жолуна түз чыкпай, үйдү айланып каларына кайыл болуп, ушул эшиктен чыгып атыр.

Окуянын ошончолук муңдуу, сырдуу далма-дал өтүшүнө эч кимдин аңдап акылы жетпеди. Риоачиден келген тергөөчү анын аныгын ачууга чындап бел байлабаса да, бирдемени сезген болуу керек, ага акыл айлантууга кылган аракет түзгөн протоколунан байкалып турат. Анда аянтка чыкчу эшик бир нече жолу эскерилип, тергөөчү аны кудум детектив аңгемедегидей “тагдыр чечер эшик” атаптыр. Чындыгында суракта Пласида Линеронун жообунан эптүү эч нерсе угулган жок, ал энелик табияттын даана далили менен: “Менин уулум майрам кийимчен эч качан арткы эшиктен чыкчу эмес” – деп жооп берди. Жооп ушунчалык жөнөкөй, ишенимдүү чыккандыктан тергөөчү аны сурак баракка түшүрбөгөнү менен капталына жазып койду.

Виктория Гусман буйдалган жок: Сантьяго Насарды өлтүрөбүз деп кимдир бирөөлөр жол тосуп турганын кызым да, мен да уккан-көргөн эмеспиз деп так кесе жооп берди. Арийне, кийинки жылдары иштин андай ыңгайы Сантьяго Насар ашканага кофе ичкени келелекте эле мага да, кызыма да бештен белгилүү болчу дей баштады. Аны таңкы беште өзөк жалгаар сүт сурап келген кайырчы аял кабарлап, кай жерден күтүп турганынан, эмнеге өлтүрөрүнөн өйдө айтып бериптир. “Мен аны алагүүлөрдүн апыртмасы деп ага эскерткен эмесмин”, – деди Виктория Гусман мага. Бирок Дивина Флор менен кийин энеси өлгөндөн соң жолукканымда апасы Сантьяго Насарга айтып, саксакта балам, себеби анын өлтүрүлүшүн ичинен аябай самап тургам деди. Дивина Флор анда али секелек кыз эле, апасына өзүнөн-өзү баштык кылалмак эмес, анын үстүнө алгач укканда алаңдап коркуп кетти; Сантьяго Насар анын манжаларын кыса кармаганда жүрөгү оозуна андан бешбетер тыгылды: колу кудум өлүктүкүндөй муздак экен.

Таңкы акшамга аралаш епископту тарткан кеменин кубанычтуу гудогуна кудуңдаган Сантьяго Насар үйдөн шаңдуу басып чыкты. Дивина Флор эшик ачмакка озуна чуркады; ал андан буйтап кетүү үчүн ашканада куш уктаган капастарды, чырпыктан согулган буюм-тайымдар менен папоротниктерди, потолокко салаңдата илинген карапа кумураларды аралай чуркады, арийне эшиктин бекиткичин тарта берерде темирдей бекем колдун капканына кабылбаска арга калбады. “Ал мени камырдай мыжыгып кирди, – деди мага Дивина Флор. – Эл жок булуң бурчтардан жолуга калса ушунтмей адаты бар эле, бирок эмнегедир бу саам анчалык коркконум жок, бирок кооп санаганыман ыйлагым келди”. Ал жол бошото четке чыга берди, ачык каалгадан аппак кардай таңкы шоола жамынган бадам бактарын көрдү, башкасын кароого батынбады. “Ошол маалда, – деп сөз улады ал, – кеме гудогунун үнү өчүп, короздордун чакырыгы угулду. “Ушунчалык чакырды дейсиң, мен оболу аларды епископ ала келгенби деп ойлогом, көрсө, шаарда короздор өзүнчө эле бир короо экен”. Талпынган менен тагдыр буюрбаган эркекке Дивина Флордун кылган жакшылыгы ушу болду: капыстан үйгө кайра бачым кайтууга туура келсе, түз кирсин деп, Пласида Линеро улуксат бербесе да эшикти бекиткен жок. Ким экени белгисиз, кимдир бирөө эшиктин алдынан кат сойлотуп, Сантьяго Насарга аны өлтүргүсү келгендер күтүп турганын, кай жерден күтүп, эмне үчүн өлтүрөрүн жана башка экен-бекендерди эскертиптир. Ал кат Сантьяго Насар үйдөн чыкканда полдо жаткан экен, бирок аны өзү да, Дивина Флор да, дегеле бир да киши көрбөптүр, ал кылар кылмыш кылынып, кыл жип менен буулгандан көп өтүп табылды.

Саат алтыны какты, бирок көчө шамдары өчөлек. Үйлөнүү үлпөтүнө даярдалган кагаз гүлдөрдүн өрүмү бадам бактарынын бутагында, анан айрым балкондордо али самсаалайт, аны азыр көргөн киши епископтун урматына эшип илгенби деп ойлошу мүмкүн. Алдына музыканттар үчүн секиче курулган чиркөөнүн тепкичтерине дейре таш төшөлгөн аянт топураган тойдон калган бош бөтөлкөлөр менен жана башка акыр-чикирлердин таштандысын элестетет. Сантьяго Насар үйдөн чыкканда кеме гудогу шаштырган бир топ киши портту карай чуркап баратыптыр.

Аянтта чиркөөдөн анчалык алыс эмес сүт саткан күркө гана ачык болучу, анын ичинде Сантьяго Насарды өлтүрөбүз деген экөө күтүп жаткан. Сантьяго Насарды күркөнүн ээси Клотильде Армента биринчи көрө койду, таң нуруна кудум калайдай чагылышып келатыр. “Ал ошондо эле арбакка айланып калгансыган” – деди мага сүттүн ээси. Аны өлтүрмөк болгондор күркөнүн ичинде бүрүшүп, оролгон гезитти бооруна кыскан бойдон уйкуда эле, аларды ойготуп албас аракетинде бу Клотильде Арманта демин ичине катып дымый түштү.

Булар эгиз уул – Педро менен Пабло Викарио эле. Экөө тең 24 жашка толгон, коёндой окшоштугунан бири-биринен apaң айрып тааныла турган. “Сырттарынан жагымсыз көрүнөт, бирок адептүүлүгү менен айырмаланышат” – делинет протоколдо. Мектеп босогосун бирге аттагандан баштап билген мен деле ошентип жазмакмын. Ал таңда экөө тең каралжын нооту кастюм кийип алыптыр, анысы түнкү тойго жарашпаса, жээк үчүн бир чети калыңдык кылмак, бир чети көйрөңдүк болмок. Качантан берки ичкиликтин каабынан бети-баштары бырышып-тырышып турганы болбосо, сакал-муруту таза кырылыптыр. Алар ичкиликке тойдун алдыңкы күнү эле тоё баштаган, аны улантуу үчүнчү күнгө айланганда мас болбой эле басып баратып уктап аткандай болуп жүрүштү. Клотильде Армантанын күркөсүндө күткөнү чыпчаң үч саатка чамалап таң куланөөк боло баштаганда ишембиден бери биринчи көздөрү илинди. Аларды кеменин алгачкы кыйкырыгы ойготту, арийне Сантьяго Насар үйдөн чыкканын туюк туюу сезими көздөрүн умачтай ачты сыяктуу. Экөө тең оролгон гезитти колуна алды, Педро Викарио турууга обдулду.

–Кудай-Теңир үчүн! – күңкүлдөдү Клотильде Арманта. – Кетпес кегиңер болсо, кийин алгыла, жок дегенде сеньор епископту сыйлап койгула.

“Бу да болсо Кудайдын мөөрү болучу”, – деп жүрдү кийин. Албетте, ал сураныч ойлонулбай оозунан чыгып кеткени менен тигилерге тике таасир эткенсиди. Клотильде Арманта антип aйтар замат эгиз Никарио ойлоно түшүп, турайын деп обдулганы кайра отуруп калды. Экөө тең аянттан өтүп бараткан Сантьяго Пакарды узата карады. “Алар аябай аягансып карап турушту”, деп айтты Клотильде Арманта. Ошол учурда жетимдердин формасын кийген монастр мектебинин кыздары аянттан топурап өтүп бараткан.

Пласида Линеронун оозуна сала бергендей болду: епископ кемеден жерге түшкөн жок. Портто бийлик өкүлдөрү, мектеп окуучулары болуп калың калк жарданып турду. Колго кармаган себеттеринде кадырлуу пирге арналып бордолгон короздордун башы койкоёт – ал короздун таажысынан суп жасатып ичкенди жакшы көрөт дешчү. Пристанга жеткен тартуунун көптүгүн айтпа, аны кемеге жүктөө үчүн кеминде эки саат кетмек. Бирок кеме жээкке токтогон жок. Ачуу айкырып дайра айрыгынан чыга бергенде епископ гимни ойнолду, аны себеттеги короздордун чуру-чуу түшкөн чакырыгы коштоп, шаарчадагы тоок аттууга шашылыш тополоң салды.

Ал кезде отун менен жүргөн баралуу кемелер жоголуп бараткан, а бирин-серин каалгып сүзүмүш эткендерде кыз-күйөө кызык учурун өткөргүдөй не пианоласынан, не өзүнчө каютасынан калган эмес, анын үстүнө, бул аябагандай чоң табак агымга каршы араң эле жылчу. Арийне, епископтун кемеси эскинин жаңысы эле, тигилерде бирөө болсо, мында желеги билерик болуп тартылган эки мор түтүк моюн созчу, а кеменин артындагы баралуу дөңгөлөк ылдам жүрүүчү деңиз кемесинин элесин берчү. Апапак кийинген епископ жогорку палубадагы капитан жайынын жанында жалаң испандардан куралган үммөттөрү менен турду. “Абанын ырайы кудум жаңы жылдагыдай эле”, дейт эжем Маргот. Анын айтымында андагы порт абалы мындай экен: причалды бойлой сүзгөн кеме бир кыйкырды дагы алдыңкы катарга сыгылып-тыгылып жеткен адамдарга тунарган буу бүркүп өттү. Бардыгы ана-мына дегиче аяктады – кеме үстүндөгү епископ жарданган элди жандай сүзүп баратып абага чокунуу расмисин жасады, анысын кеме бүлбүлдөп көрүнбөй калгыча эч максатсыз мамадана кайталай берди, жээкте корккон короздордун какылдак-кукулдагы гана калды.

Анчалык алданганына Сантьяго Насардын арданып-кордонор жөнү бар. Ал падре Кармен Амадордун калкка кайрылуусуна шыктанып, кучак-кучак отун ташыды, ага кошуп короздун ажат ачар таажылуусун тандап келди. Арийне, бүркөлгөн кабагы кайра бат эле ачылып кетти. Пристанда анын жанында турган Маргот эжем көңүлү кайрадан көтөрүлүп, аспирин башын жазганга эч жардам бербесе деле топтошуп ичмейге өткүсү келип турганын байкаптыр. “Суукка урунган түрү жок болчу, кыз-күйөө тою канчага турганын эсептеп аткан”, – деди ал мага. Алардын жанында турган Кристо Бедойя асмандаган санды айтты дейт. Сантьяго Насар, мен, ал болуп таңкы төрттөргө чейин ченемсиз гүүлдөгөнбүз, бирок ал үйүнө түнөбөй чоң ата, чоң энеси менен бабырашып чыгыптыр. Тойдун чыгымы жөнүндө өзүндө жок көп маалыматтарды алардан алса керек. Кристо Бедойянын эсебинде, конокторго кырк үндүк, он бир каман, төрт торпок союлуптур – күйөө бала алардын баарын аянтта бышырып, элге таратып бергиле дептир. Кристо Бедойя бардыгы 205 контрабанда спирти, 2000ден ашуун бөтөлкө ром ичилгенин – аларды келгендерге жөнеле таратып бергенин унуткан жок. Быяктын тарыхында болуп көрбөгөн бул ала тополоң тойго бай дебей, жарды дебей, жата конуп же тийип-качып катышпаган киши калбады. Сантьяго Насар үн чыгара кыялданып жиберди:

–Мен үйлөнгөндө да ушундай той берем, силер аны өмүр бою айтып түгөтө албайсыңар.

Эженин эт жүрөгү элжиреп кеткенсиди. Ал Флора Мигелдин бакыттын нуру тамган жылдызын эстеди, тагдыр ага ансыз да көптөрдү берди, мына эми жыл жаңырар алдында Сантьяго Насарды тартуулаганы туру. “Мен ага андан ашкан жуп жоктугун ошол замат түшүнө койдум, – деди ал мага. – Элестетип көр: 21 жашында жетпегенге жеткен керилген жигит, айтканы эки болбос азамат”. Маргот аны таңкы тамакка, айрыкча юкка этинен жасалган пончикке көп чакырар эле, апам бүгүн да ошону жасаптыр. Сантьяго Насар чакырыкка жан деп макул болду.

–Кийимимди алмаштырып алайын, артыңардан жете барам, – деди да, саатын үйгө унутканын эстей коюп: – Саат канча болду? – деп сурады. Таңкы 6.25 болгон. Сантьяго Насар Кристо Бедойяны аянтка жетеледи.

–Жыйырма беш мүнөттөн кийин силердикинде болом, – деди эжеме.

–Ал азыр эле чогуу баралы, тамак даяр болуп калды деп акидей асылды дейсиң, – деди Кристо Бедойя мага. – Антип асылганына караганда аны өлтүрө турганын билсе керек дагы, үйүнө катып алгысы келсе керек деп ойлоп кетем”. Бирок Сантьяго Насар беттегенин бербеди, эжем аны күтпөй үйгө кете бермек болду, ал атка жүрөр кийимдерин кийинип, шапа-шупа чыга калам деди, анткени асьендесине шашып атыптыр, торпок биттетет экен. Сантьяго Насар энеси менен коштошкондой Марготко кол булгады да, Кристо Бедойя экөө аянт жакка өттү. Эжем аны ошол бойдон көргөн жок.

Сантьяго Насарды өлтүрмөк болгондугун портто тургандардын көпчүлүгү билчү. Шаар акимчилигин он бир жыл убактылуу башкарган, академияны аяктаган, бирок азыр отставкадагы полковник дон Ласаро Апонте мага: “Менде анын өмүрүнө коркунуч келбей турганын бекемдеген темирдей негиз бар болчу”, – деп аскерий адат менен койкоңдоду. Падре Кармен Амадор кылдай да кыянаттык ойлобоптур. “Жадырап-жайнап, ойноп-күлүп жүргөнүнөн жалган ушак болсо керек деп койгом”, – деди ал мага. Сантьяго Насар өз башына кесилген ал өкүмдү уктубу же уккан жокпу деп эч кими баш оорутпаптыр. Анын укпай калышы эч кимдин капарына да кирип-чыкпаптыр.

Которгон: Алым Токтомушев