Урматтуу окурмандар, биз бүгүндөн баштап филология илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун адабий көркөм сын боюнча секциясынын башчысы Садык Алахандын залкар акын Райкан Шүкүрбековдун термелери жөнүндөгү макалалар түрмөгүн жарыялай баштайбыз.
Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү
(1-макала)
Классик акыныбыз Райкан Шүкүрбековдун термелерин улуттук адабиятыбыздагы бул жанрды жаңы баскычка көтөргөн көркөм туундулар катары караганыбыз оң. Фактынын өзү да бул ойду далилдеп турат. Акындын «Аралаш төкмө», «Жинди суу», «Рахмат койчу, чабанга», «Жер жөнүндө терме», «Аялдар жөнүндө сөз», «Декада жөнүндө сөз», «Насыят-терме» деген термелери бул жанрдын классикалык үлгүлөрүнөн болуп калгандыгын эч бир тартынбастан туруп эле жарыя айтканыбыз оң. Аталган термелердин ар бири өзүнчө сөз кылууга муктаж боюнча калып келе жаткан өзгөчөлүү көркөм дүйнө.
«Аралаш төкмө» термеси тууралуу
Райкан Шүкүрбековдун терме ырларындагы алгачкы көркөм туундуларынын бири болуп «Аралаш төкмө» деген чыгармасы эсептелет. Аталган терме аталышына жараша ар кайсы багыттагы ойлорду поэзиянын жатык тили менен ары элпек, ары жеткиликтүү деңгээлде баяндап турат. Чыгарманы дыкаттап окуган адамга бул терме чакан-чакан киришүү жана соңку, жыйынтыктоочу бөлүмчөлөрдөн, төрт багыттагы ойлордун түрмөгүн баяндаган төрт бөлүмчөдөн тургандай сезилет. Албетте, акын өзү минтип бөлүштүрүп жазган эмес, бирок, чыгармага үңүлө окуган адам, андагы автордук ойдун жүрүшүнө саресеп салган окурман маселенин дал ушундай экендигин так-даана туйбай койбойт.
«Аралаш төкмө» деген бул терменин шарттуу түрдөгү киришүү бөлүмчөсүн үч строфа түзөт. Биринчи строфадан акындын калың элге кайрылуусуна өнөрүн ортого салуудагы ак дилден айтылган өтүнүч кебине күбө болобуз. Акын минтип ырдап турат:
Кашымдагы калың эл,
Калыстык менен мени көр.
өлчөөсүз акын мен элем,
өнөрүмдү эми көр
Ошентип, угуп отурган элди калыс болууга, айтылчу термеге адилет баа берүүгө чакыруу менен өзүндөгү таланттын тунуктугуна, шык-жөндөмдүн бийиктигине кыпындай бир күмөн санабастан Жараткан жар болгон тубаса бул өнөрүнө өзү эле эч бир тартынбастан чыныгы өнөркездик батылдык менен «өлчөөсүз акын» деп баа берип, анан «өнөрүмдү көргүлө» деп бет маңдай олтуруп тике эле кайрылат. Мындай ыкма угуп олтурган элди психологиялык жактан белгилүү бир өлчөмдө даярдап, угуучулардын да ички ыргагын көкүрөктөгү күүсүн кандайдыр бир деңгээлде кыймылга келтирип коет. Акын баштап жаткан термени адекваттуу кабыл алууга, андагы ар бир ойду жеткилең түшүнүүгө көңүл кушун буруп коет.
Шарттуу түрдөгү киришүү бөлүмчөнү түзүп турган экинчи, үчүнчү строфалар ой учугун андан ары момундай багытта өнүктүрөт:
Айтпаймын өлсөм жалганды,
Алыс бол деймин балдарды.
Сакалың күйсүн деп турам,
Жалган айткан чалдарды.
Ээгимдеги сакалым,
Балдарга мен да айтамын.
Мендей чынчыл болсун деп,
Эми, силерге айтып жатамын.
Бул эки строфаны дагы бир жолу дыкаттап көңүл коюп окуп көрөлүчү… Ооба, жалган айтуу бул таптакыр жарамсыз жорук, пенде баласындагы көңүл иренжитээрлик жаман адат. Анан калса акын өзү да, өлсө да, жаман айтпай», жана өспүрүм балдарды болсо бул жосунсуз жоруктан, арамза адаттан «алыс бол» деп турат дамамат. Анан да калп айткан карыларды көрсө алардагы бул адатка наалат айтып гана тим болбостон тикеден тике эле «сакалың күйсүн деп» каргыш кебин багыштайт. Баарынан кызыгы, акын өзү да жаш эмес экенин айтып «ээгиңдеги сакалын», алмончок балдарга ата экендигин ортого салат. Оо, булар ар кандай ойго улук жана бийик кепилдер эле. Ушул кепилдиктердин баарысы өзүнүн ченде жок чынчыл, ашкере акыйкат жан экендигине тартылып жаткандыгы акынга болгон аздек мамилени, өзгөгө урматтоону андан бетер күчөтөт да тереңдетет. Ушундай улук да, бийик да кепил сөздөрдөн кийин акын тике эле «мендей чынчыл болгула» деген каалоо-тилегин ортого салат.
Кыскасы, шарттуу түрдөгү киришүү бөлүмчө өлсө да жалган айтпоо, ашкере чынчыл болуу жөнүндөгү ушундай ойлорду идеализациялап, поэтикалык бийик ыргак менен жар салып турат. Чыгарманын андан ары өнүгүшү жалган айтуу деген жаман адат жөнүндөгү, ашкере чынчыл болуу тууралуу турмуштан алынган ар кандай көрүнүштөрдү көркөм баяндоо аркылуу, түркүн-түс мисалдарды көркөм деталдарга айлантуу менен өнүп-өөрчүп жүрүп олтурат экен деген ойго алып келип, ушундай үмүттү пайда кылат окурманда. Мындан башкача болушу түк мүмкүн эместей пикир жаратат. Анан калса, Күнчыгыш адабиятынын дүйнө элдерин тамшандырган улуу чыгармаларынын көпчүлүгү дал ушундай көркөм ыкма менен жаралган эмеспи. Бул айтылган ойдун классикалык үлгүсү катары атактуу акын Саадинин «Бостон», «Гүлистан» поэмаларын эле эске салып кетсек жетиштүү болот эмеспи. Философиялык-дидактикалык багытта жазылган бул поэмаларында улуу Саади алгач тигил же бул философиялык, дидактикалык ойду айтып туруп, андан соң ошол ойду турмуштук мисалдар, пенде баласынын жашоосундагы ар кандай көрүнүштөр менен көркөм иллюстрациялап, натыйжада, айтылган философиялык ойду андан бетер көркүнө чыгарып, катылган маанисин андан бетер кашкайтып ачып берет. Айталы, азыркы Райкан Шүкүрбеков кепке тарткан «жалган айтпоо», «чынчыл болуу» деген сыяктуу мааниси терең ойлор сыяктанган «достук», «байлык», «ден соолук» деген сыяктуу ж.б. адам баласынын жашоо-турмушундагы терең маанилүү түшүнүктөрдү улуу Саади алгач философиялык-дидактикалык өңүттөн өзүнчө, чакан бир бөлүмчөнүн көлөмүндө баяндап берет да, анан бул ойду турмуштан алынган мисалдарды көркөм баяндоо аркылуу тереңдетип, бышыктап берип жүрүп олтурат. Баарыга маалым, Р.Шүкүрбеков өз муунундагы кыргыз калемгерлеринин ичинен классикалык Күнчыгыш адабиятынын өзгөчө мыкты билермандарынын бири болгон «Акындардын падышасы» аталган улуу Рудакиден баштап көпчүлүгүнүн чыгармаларын ичкериден мыктылап өздөштүргөн. Дал ушундай терең чыгармачылык ынтаадан улам дүйнөлүк адабияттын тарыхында автордук чыгармалардын эң көлөмдүүсү да, эң улуусу да катары эсептелген Абылкасым Фирдоусинин «Шах-намэ» эпосунун айрым бөлүмдөрүн тартынбай которуп, аларды өз алдынча китеп кылып чыгарып кыргыз окурмандарына тартуулаган калемгер, таланттуу таржымачы.
Мына ошентип, Р.Шүкүрбековдун акындык тагдырындагы ушул сыяктуу көрүнүштөр «аралаш төкмө» деп аталган терменин шарттуу түрдөгү киришүү бөлүмчөсүндөгү жалган айтпоо, чынчыл болуу жөнүндөгү философиялык, дидактикалык ойлор турмуштан алынган ишенимдүү далилдер, айныксыз мисалдар менен көркөм интерпретацияланып андан ары уланышы реалдуу чындык сөзсүз боло турган көрүнүш катары кабыл алынат… «Аралаш төкмө» андан ары мындайча уланат:
өзүм ушул элденмин,
Силерди далай көргөнмүн.
О, баягы жылы эшекчен,
Айга чыгып келгенмин.
Кыргыз, казак көп экен
Анда да концерт бергенмин.
Короодон тоок койбогон,
Кожожаштай мергенмин. (76-бет)
«өзү ушул элден экендигине» макулбуз да, бул элди «далай көргөнүнө» макулбуз. Ал эми «О, баягы жылы эшекчен// Айга чыгып келгеним» эмне кылабыз?! Бул кандайча? Ал аз келгенсип Айда да «кыргыз, казак көп экенин», «Айда да концерт бергенин» далил катары айтып турганын кантебиз?! өнүгүп келе жаткан ойдун бул кандайча бурулушу да, автордук ойду баяндоонун не деген көркөм ыкмасы бул? Көрсө, окуянын өнүгүүсүнүн мындай бурулушка ээ болуусунун белгилүү бир деңгээлдеги сыры чыгарманын аталышында катылуу окшобойбу. «Төкмө», б.а. төгүп ырдоо, көргөнүн көргөндөй боюнча чыгармага айландыруу, импровизациялоо түрк тилдүү калктардын элдик оозеки чыгармачылыгында кеңири тараган өнөр. Элдик оозеки чыгармачылыктын бардык түрлөрү сыяктуу эле төгүп ырдоодо да ар кандай ыкмалар, түркүн-түс жол-жоболор кеңири колдонулат. Албетте, мунун баары төгүп ырдоо учурундагы жагдай-шартка, сөзгө алынып жаткан тема менен предметке жараша болору да турулуу иш. Төгүп ырдап жаткан акын импровизациялоо учурунда троптун ар кайсы түрлөрүн өзгөчө бир эркин, ошондон улам бөтөнчө бир кеңири колдоно алат. Кыргыз төкмөчүлүк өнөрүндө акындар тарабынан өзгөчө сүймөнчүлүк менен адаттан тыш кеңири колдонулуп жүргөн жанрлардын бири болуп калптар эсептелет. Ошону менен бирге ырчылар тарабынан кеңири пайдаланылуучу троптун бир түрү – гипербола, апыртып айтуу.
Калптар пенде баласынын «аңдап билүүсүн, юмордук сезимин, кыялдануусун өнүктүрүү-өстүрүү максатында айтылат». Эгерде көркөм чыгармачылыкта калптарды пайдалануунун жөн-жайы ушундай болсо, төкмөчүлүк өнөрдө автордук ойду айтууда гипербола, апыртып айтуу да өзгөчө орунда турат. Адабият теориясы боюнча адистер гиперболага момундайча аныктама берип жүрүшөт: «гипербола – … сүрөттөлгөн заттын же көрүнүштүн ал же бул касиетин чоңойтуп, көзгө даана түшө турган кылып көрсөтүү. Бул жол менен айтуучу же автор өзү мактап же шылдыңдап жаткан нерсенин таасирин күчөтөт. Апыртуу көркөм чыгармачылыктын көөнө түрлөрүнөн да учурайт, ал байыртадан бери жашап келген.
–Шүкүрбеков Р. Райкан. Тандалган ырлар, тамсилдер, термелер. (Түз. А. Өмүрканов.) –Б.: Кыргызстан, 1997. -76-бет. (Кыргыз классикасы сериясы). (Мындан ары тексттин ичине беттерин гана көрсөтүп кетебиз).
-Фирдоуси А. Шах-намэ. («Шах-намэден» дастандар. Которгон Райкан Шүкүрбеков) –Ф.: Кыргызмамбас, 1958; Дагы: Фирдоуси. Рустам-Дастан. («Шах-намэден» Которгон Райкан Шүкүрбеков) –Ф.:Кыргызокуупедмамбас, 1960.
-Шериев Ж., Муратов А. Кыргыз адабияты. (Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү).-Б.:КЭнин башкы редакциясы, 1994. -40-бет.
-Борбугулов М. Адабият теориясы. –Б.: Шам, 1996. -330-бет.
Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор