Ырысбай Абдыраимов: Мурас

Мурас

(аңгеме)

Тээ төмөнтөн калдайган кара булут жылып келатты. Күн бүркөк, айлана түнөрүңкү. Адегенде дыбырай баштаган жамгыр бара-бара катуулап, шатырата жаап, бир саамдан соң, өктөөсү бар немедей жерди сабап кирди.

Эки кабаттуу үйдүн бир бөлмөсүндө бешик терметип олтурган Жанымбү сырттагы шоокумга кулак түрдү. Көз алдына нөшөрлүү жаанга туш болуп, үшүп турган ай чырайлуу келини Динаранын элеси тартылды. Анын аба ырайы менен иши жок, жумушка эртең менен үлбүрөгөн жука көйнөкчөн кеткенин эстеп, ичинен көй-көй тартты.

Алар эски үйдө турат. Кемпирдин уулу жаңы үй курганга акча таап келүү үчүн чет өлкөгө иштегени кеткенине кыйла болду. Жанымбү алган пенсия менен Динаранын тапкан айлыгы күнүмдүк тамак-аштан артпайт.

Небереси уйкуга эми көшүлгөнсүдү. Ал дем алып, дем чыгарган сайын быйтыйган мурду дердейе түшөт. Эне бейкапар уктаган баланын маңдайын сылап койду. “Атаңдыкындай болгон көкүлүңдөн тегеренейин! Буюрса, атаң да жакын арада келип калар, баарыбызды сүйүнтүп…” – деп күбүрөнүмүш болду. “Сенин бешигиңди жасаган устага чоң атаңдан калган ээрди кайра оңдотуп, аны комузу менен ат жабдыктарын бузбай-этпей атаңдын колуна тапшырсам болот эле…”

Кемпир олтурган кабаттуу үйдүн маңдайында мурда устакана турган. Устакананын эшиги таң азандан күүгүмгө чейин жабылчу эмес. Устанын узанган кыймылы экинчи-үчүнчү кабатта жашагандардын баарына алаканга салгандай даана көрүнүүчү. Устакананын бир ыптасында жаткан казык менен мамыга ат-эшегин такалатканы келген кишилер көөлүктөрүн аркандап коюшчу.

Жанымбү өзүнө кымбат туюлган эмелеки ички сырын уулу бой жеткенче ичине катып жүрдү. Анысын азыр да жан адамга айта элек. Ал жаштайынан бери баштаган иши аягына көңүлү каалагандай чыкканда гана, эгер кызыгышса, башкаларга угузганды эп көрөт. Дээринде асыл тилегинин жарымы Динара көз жарганда кабыл болгон. Небересине бешик жасатып алгандан кийин Жанымбүнүн оюна ушу күдүк ой тынчтык бербейт. Темир устанын колунан жыгач буюмдарын жасоо да келээрин билет. Күйөөсүнөн калган “ээрди оңдотом, түзөтөм, ага жарабаса, ага окшоттуруп, кайра чаптырам”,- деп ойлогондон бери далай жыл арадан кумдай чубурду.

Жубайынын өмүрү кырчын талдай курагында кыйылган. Уулу Таштемир алты айлыгында анын колунда калган. Айылдагы билермандар Жанымбүгө айтпай-дебей, кур дегенде бир ооз кеңешип-танашпай, жесир келин жетим бала менен андан ары кантип жашаарын ойлобой,  күйөөсүнүн жалгыз атын кара ашына жыга тартышкан. Жанымбү ошондо же үйдөн жок, же жарытылуу байлыгы жок жүргөндө чакан шаарчага үйлөр курулуп, буларга да ошондон орун тийген. Устакана бузулгандан кийин кантип оңдотоорун билбей, ээрди башка ат жабдыктар менен ар кайсы жерде сактады.

Ал сергек небересин ойготуп албоо үчүн мышыкчасынан уурдана басып, эски-уску буюмдары үйүлгөн бөлмө жакка беттеди. Бөлмөдөн көөнө тетиктердин арасынан эски таңылчакты таап, боосун чечти. Чаңын күбүп, көөнөргөн комузду бир четке коюп, ээрди көтөрөөрдө анын үзөңгүлөрү кагышып, шыңгырай түштү. Жанымбү уурулук жасагандай кымырылып, үн чыгарбай, коңшу бөлмөнү тыңшады. Сак кулак небере ойгонбосун! Бөбөк жаткан бөлмөдөн шектүү үн чыкпагандыктан жука алакандары менен ээрди этият сылады. Ээрдин бооруна майда мык кагылып жазылган эки тамга бадыраят. Аял күйөөсүнүн аты менен фамилиясын туюнткан бул баш тамгаларды эгерим унутпайт. Таштемир ушул ээр токулган карагер атын минип келип, ай баткан кезде Жанымбү жашаган үйдүн артында кашкая күлүп, күтүп тургандай сезилет. Кээде күлүк атын ыраактан чаап келчү да, ойноктотуп токтотчу. Башында өң-келбетине куюп койгондой жарашкан ак калпак, койнунда комуз. Комузду койнунан сууруп чыгып, дароо ашыктык ырын созолонто жибере жаздагансыйт. Сымбаттуулугу менен ырчылыгынан, анан атка чыйрактыгынан ага бу чөлкөмдө ашык болбогон кыз-келин калбаганын аны көрүп-билип калган улуу-кичүү эркек-аял дебей сөз кылып жүрүшкөнүн нечен ирет угуп, сүйүнгөн.

Анда экөөнүн жаңы таанышкан чагы… Таштемир бир туруп Жанымбүнү алдына өңөрүп, кээде учкаштырып, күтүрөтө жылкы айдап, жайлоого алып бараткандай элес келет… Кемпир дээринде түгөйүнө жалынат; “Сүрөткө түшүп коюу экөөбүздүн тең эсибизге келбептир. Биз баш кошкон жылдары жаманчылыктын баары тыйылгандай болгон. Бирок, биздин бактыбызга түн түшөөрүн эч кимибиз оюбузга албаптырбыз. Узак оору сени жалмап тынды. Уулуң сенин ыраң – кебетеңдин кандай экенин көрбөй, билбей чоңойду. Өзүң олтуруп, урунган ээрди оңдотуп берсем, аны көргөн сайын сени эскерээр! Балаңдан камтаба болбо! Эркелиги гана болбосо, келинчеги да эстүү жан. Уулуң сыртта жүрсө да, шайкелеңдиги байкала элек. Экөө бири-биринин кадырын билген, ынтымактуу бүлө, садагалар!”

Күтүүсүздөн каалга ачылды. Ага удаа небереси ыйлагандай болду.

Динара үй ичин кыдырата тиктеди.

-Энем кайда жүрөт? – Жооп болбогон соң, өзүнчө сүйлөндү.

-Баланы жалгыз таштап, дагы кошуналардыкына чыгып кеткен көрүнөт. Алар менен катышпаңыз деп канча айтам. Кулагына сөз кирбес болду. Кошуналардын мени көрөйүн деген көзү жок экенин жакшы билет. Алар сагынгандан бетер кайра-кайра ал жакка эмнеге барат, билбейм. Ыйлай берип, баланын да боору катмай болду.

Апа, кайдасыз, үйдөсүзбү? – деди ал чыдамы түгөнүп. Жанымбү кармап турган ээрди таштай салып, шаша-буша бөбөк жаткан бөлмөгө шашылды. Небереси жакка өтүп баратып, бүткөн бою сыгып алма суу болгон келинин көрдү.

-Айланайын, калыңыраак кийинсең болбойт беле? Жазында жамынчыңды таштаба дейт. Бол эми, көйнөгүңдү алмаштыр, – деди да, бир күрмөнү дароо Динаранын желкесине жаап, анан небересин колуна алды. Чоң энесин тапканга бөбөк Жанымбүнүн көөдөнүнө башын жөлөп, көз жашын мөлтүлдөтө күлүп жиберди.

Динара кол баштыгын кайдигер түрдө бурчка ыргытты. Кийимин которуп, боюн диванга лөк таштады. Эмнегедир кабагы чытыңкы. Эне ага көңүл бурбай анын алдына тамак коюлуучу үстөлдү жылдырды. Ага Динара келээр маалга бышырган тамагын койду. Демделген чайынан пиялага куюп, келинге сунду. “Эмнемден жазык таап иер экен” деп, эки көзү анын каш-кабагында. “Көр тирликтин айынан ушинтип, жаш үй-бүлөнүн бири четте, бири – бу айылда. Айылда күргүштөтүп айлык табаар жумуш болсо, уулум сыяктуулар бала-чакасынын маңдайында бапырап олтурмак. Эр-зайып бирге жашабаса, жашоо супсак. Булардын ойноп-күлөөр чагы. Жанында эркелээр эри жоктугунан күлкүнү унутту, берекем” деп ойлонду өзүнчө.

Динара иши менен убара, үй жумушу жалаң Жанымбүнүн мойнунда. Тамак-аш бышырып, кир-коок, идиш-аяк жуумай, үй жыйнамай, базар-учарга каттамай да ошонун милдети…

Бөбөк Динаранын ийнине жармашты. Жылуу тамак ичкенге жылый түшкөн келин аны кучагына алып, бети-башынан сүйдү да, аздан кийин карагысы келбей, өзүнөн оолак түрттү.

-Ач кенедей жабышпай араак турчу! Чарчап араң турам, кирпигимден тартса жыгылгыдай болуп… Ай эне, алыңызчы мобуну… – Жыгылып түшүп, талтая олтуруп калган баласына кайын энеси жакты ымдады:

-Чоң энеңе барчы! Тигине “көтөрөм” деп атат, тур жөнө…

Жанымбү небересине кучагын жайды;

-Апаңа тоскоол болбой, келе гой тайым!

Келин өзөк жалгап бүтүп, күндөгү жасанмай өнөкөтүнө өттү. Күзгүнүн маңдайына олтурду да, кол баштыгынан бет май, ооз боёгуч жана искек алып чыкты. Жамынган күрмөсү далысынан жылбышып түшкөндө жука көйнөкчөн экени эсте жок, бүткөн бою титиреп, ичиркенип алды.

-У-ух, ушунча да суук үй болобу? Тим эле муздаткычтай. Таштемир да келе койбойт, же…

Динаранын ушул кебинен улам анын күйөөсүн сагынганын боолгоду, Жанымбү;

-Анын ордуна мен турбаймынбы, берекем!

Сиркеси суу көтөрбөй турган Динара тескери бурулуп, жубайынын кийим илгичте илинүү көйнөк-шымын жыттап-жыттап алды. Ушу маалда күйөөсүн күсөгөнүн сездирбөө үчүн кайненесине угузбай, “зайып деген баары бир зайып, эркектин ордун баспайт. Байынан көктөйүндө ажыраган апам эркектин касиетин, анын кучагынын оттуулугун эсинен чыгарып койгон” деп, өзүнчө күлүп алды да:

–Кызык сүйлөйсүз, апа. Кошуналар менен эбирешип, ушак айтып олтурбай, үйдү ысытып койгонуңузда…

-Ээ балам, менде кайдагы ушак? Уулуңдун сергектигин билесиң, куш уйку салат да, ойгонот. Кой, андан көрө аркы көчөдөн суу таап келе коёюн, суу бүгүн да чыккан жок.

–Жанымбү кош чаканы колуна кармап, сыртка жөнөдү. Динаранын кабагы ачылып, ордунан ыргып турду;

-Шашпай коё туруңуз, кеч кире элек, апа. Эл көрөт, мени дагы жаманатты кылышат.

Кайын эне анын сөзүн орундуу санады. Келин эмне кылаарын билбей, бөлмө ичинде ары-бери басты.

-Ичикий и-ий… Таман түгүл, сөөк-саагыма да сыз өтүп бүттү. Өпкөмө суук тийбесе… Апа, үшүп атам, тезирээк отун таап, от жагыңызчы!- деп, жалооруй карады.

Аяздуу суук али алыс. Жанымбү келининин үшүгөнүнө ишенген жок. Ал үчүн келини эркелигин карматкандай туюлду.

-Калыңыраак кийинчи, садага! Үлбүрөк көйнөк менен жылынып болобу?… Ме анда, балаңды алаксыта тур!

Жанымбүнүн отун издемек ниетин болжогон Динара дагы жайкады.

-Алыс барбаңыз, апа! Жамгыр дагы эле жаап жатат, суу өтөт! “Келиним жумушта эле. Үйдө турса, мени жумшабай, өзү эле издеп тапмак” деп, кошуналардан сураштырсаңыз. Адамгерчилик кылышаар. Таштемир келгенде төлөп коёбуз да, отун акысын!

Жанымбү ушу кезде отунканага барууну чамалаган. Ал жерден кыйла чамынды менен кертим отун таап алганына сүйүндү. Арадан кыйла убакыт өттү. Үйүнө кирээрде коңшу бөлмөдөн дүк-дүк этип, чабылган балтанын үнү угулду. “Кошуналар да от менен убара болуп жатышкан белем” деп ойлогуча болбой, балтанын добушу ат жабдык сакталган бөлмөдөн чыгып жаткандай. Бөлмөдө небереси жалгыз ойноп олтурат. Жанымбүнү көрүп, ал “көтөр” дегендей, эки колун узатып, талпынып койду. Эски-уску буюмдуу бөлмөдөн эми добуш катуураак угулду. Кемпир кыңкайып ачылган бөлмөнүн каалгасын катуу тартты. Кыйгач ачылган каалгадан балтаны башынан ашыра көтөрө берип, эми чапмак болгон келинин көрдү. Ал кайын энесине жалт карады. Жанымбү эшиктин кашегине урунуп, ийини ооруксунганына карабай, бөлмөгө жулунуп кирди. Колу шалдырап, мууну титиреп, кучагындагы отун жерге түшүп, туш келди чачырады. Динаранын бут алдында үч жеринен жарака кетип, бөлүнбөй араң турган ээрди көргөндө кармана албай, кемшиңдей түштү.

-Ой бул эмне кылганың, айланайын!? Атаңдын мурасын жайлаптырсың го! Мен муну Таштемирге сактап жүрбөдүм беле, атасына аш берген күнү атына токуп мингизейин деп… Эрим өлгөндө ат жабдыктарын бөлүп алышмак болгон тууган сөрөйлөрүнөн ушуну араң ажыратып алдым эле… Муну талкалагыча, мени бөлө чаппайсыңбы, айланайын!

Динара алгач аң-таң болду. Кайын энесинин дегдегенин түшүнгөн соң, балтаны капшытка таштады.

-Ошого да ушунча долулукпу? “Үй урап түшкөн окшойт” деп чочулаганымды айт. Ой, азыр эмне кеп, базарда ээр-жабдык толуп атат, ага эмне мынчалык кейип… Отундан башкага жарабайт ал. А мындай экен, отун-сууну күн мурунтан камдап койсоңуз… Менден көрө какжыраган жыгач өйдө турбайбы!.. Мындай дартыңыз бар экен, эртерээк келиш керек эле да! Күтө берип, чыдай албадым…

Жанымбү айтууга сөз таппады. Өз ичинде келинин да өзүндөй ойлогон, ээрге этият мамиле кылат деп болжогон. Таштемирге аталган мурасты Динара да ыйык санайт деп күткөн ою жел алдында томолонгон камгактай дээринен ыраактады. Тумардай туюлган буюм, ыйык нерсе башка бир пенде үчүн эч нерсеге арзыбай тургандыгын ал азыр түшүндү. Динаранын кеби эртеден берки муздактыкты ушул саам сездирди. Ээрди этекке этияттай ороду да, буюмдардан бөлүп койду.

-Ырас эле үй сууптур. Бирок, көңүл менен  мамиле суубасын!

Экөө кыйлага дейре үн катпай тим болушту. Эшик ачылып, кимдир-бирөө астанадан аттап, үйгө киргенде Динара ордунан ыргып турду. Мешке отун калап жаткан кайын энесинин катарына сыңар тизелей түштү.

-Мага бериңиз, апа, мен жагайын! Тим эле коюңуз десе көнбөй, күлгө аралашып, бетиңизге да көө сыйпалды – деп, көйнөгүнүн этеги менен Жанымбүнүн жүзүн аарчыды. Кайын энесинин көңүлүн оорутуп алганын сезип, аны жубатканга шашты.

Бөлмөгө эки колуна жүк кармаган Таштемир баш бакканда кайнене-келин анын мойнуна асылышты. Уулу зайыбы менен учурашмак болгондо кемпир боюн оолак тартып, аркы бөлмөгө чыгып кетти. Анын оюнда күйөөсүнөн калган мурасты мүмкүн болушунча тезирээк оңдотуп, баласынын колуна тапшыруу турду.