Музага
Отурганын карачы эргүүм келбей,
Кайда кеттиң?
О, Муза! Куюн желдей.
Оозумду ачсам өпкөмдөн жел үңүлдөп,
Каңгыраган ээсиз тегирмендей.
Муздатат жанымды ээ-жаа бербей.
Жел үңүлдөйт, желпинип, керип көөдөн,
Эргүүм келбей отурам эмнеге мен?!
О, Муза!
Кайдасың сен ээликтирген?
Жалын менен отко гана эрк берген,
Шеригим, кайдасың сен, мен ишенген?
Дептер жатат барагы ачыла албай,
Ачылбастан чын эле калганыбы-ай!
Ойлор жатат эңсемди бир көтөртпөй,
Тонна-тонна коргошун салмагындай.
О, Муза!
Убарага мынчалык салганың-ай!
Үмүттөнүп күтөмүн сенден жигер,
Берээр болсоң, бийиктик, тереңдик бер!
О, Муза!
Маган узак жолуңду бер!
Кайыптан кел да, мени колдоп жибер.
*****
Таарындырды дей албасмын өмүр мени,
Кээ бир оюм көкөлөсө көңүлдөгү
Айыккандай, зыл денем жеңилдеди.
Кубандырды да дей албасмын өмүр мени,
Булуттардай кээ бир ойлор көгүмдөгү
Нөшөрлөнүп, кантейин, төгүлбөдү.
Таарындырды дей албасмын өмүр мени,
Барды, жокту бөлүштүм элимдеги,
Шону көрдүм, элим менин көрсө эмнени…
Кубандырды да дей албасмын өмүр мени,
Көп насибим каныга желинбеди,
Жалтак бакыт жалт этип көрүнбөдү
Тууган элге
Күн болбой эле коеюн көгүңдө мен,
Күнсүз эле жылуулугум бекер берем.
Көз жашыңдай көрсөтпөй сактайсыңбы?
Жанарыңдан жылт этип төгүлбөгөн.
Ай болбой эле коеюн асманыңда,
Мээримиң болоюн дос, жакынга.
Унутулган изиңдей сактайсыңбы?
Чубалжыган суурулган ташта, кумда.
Жылдыз болуп жанбаймын ааламыңда,
Баатыр болуп тура албайм алышууда.
Баарысы эмес… Туулган эл, чирит мени,
Туйлабасам туңгуюк намысыңда.
Сенден туулуп, сенден өскөн балаң экем,
Түшүн мени, оюм жок башка, бөтөн.
Менин сага тийгизээр залалым бул –
Бир ууч топурагыңды ала кетем.
Түшүмө тоо кирет
Уктасам эле түшүмө дайым тоо кирет,
Тоону жайлап, тоо кыштаган чал жүрөт.
Башында ак калпагы, жүндөн чепкен,
Алдында балпаң баскан Боз күрөң.
Сүйлөшүүгө, мени менен сырдашууга,
Чакырат, а балким, муңдашууга.
Эми жете бергенде, кайып болуп,
Отурат башка бир кыр башында.
Чакырат, отуруп кыр башында.
Чымындаган күрөңү бар кашында.
Дагы жете бергенде, кайып болуп,
Отурат башка бир зоо башында.
Өлүп-талып, ага да жетемин да,
Көз салам тоонун алыс этегине.
Чалым кетип баратат жай баракат,
Ээр-токумсуз күрөңү жетегинде…
Калып калдым, түшө албай, зоо башында,
Кеч да кирди, айлананы түн басууда.
Тип-тик зоодон түшө албай убарамын,
Бир мүнөтүм тетедей бир кылымга…
Уктасам эле түшүмө дайым тоо кирет.
Түшүнбөймүн кандай гана тагдыр элең?!
…Тоодо жорткон калтардай алгыр элем,
Алгырлыгым кай жакта калды менин?..
Дарыгериме
Кереги жок,
Кереги жок,
Кереги жок баарынын!
Ийненин да кереги жок,
Кереги жок дарынын!
Кетсем эгер, пленканын үзүлгөн бир жанымын,
Калсам эгер, кара жердин бир тоголок данымын.
Дарыгерим, ыракмат!
Мен азырынча өлбөймүн!
Кечире гөр!
Жүрөгүмдү бычагыңа бербеймин.
Убара болбой бошот мени!
Эми алдыңа келбеймин.
Кереги жок, кереги жок,
Бычактоого көнбөймүн!
Коркпоймун бычактан да,
Коркпоймун ийнеден.
Ийне турмак бул жүрөккө найза дагы бир
тийген…
Купуя сырым көрөсүң го, мен ошондон
ийменем,
Кечир мени,
Кечир мени!
Кетем эртең үйгө мен.
Боорум шишип, баш айланып,
денеде каным ташыган,
Баарына өзүм күнөөлүүмүн, эмнесине жашырам.
Көп нерсеге кубанам да, көп нерсеге ачынам,
Илимге да, өзүңө да ыраазымын, баш ийем!
Убакытым барат өтүп, мен бир жакка ашыгам…
Түгөйсүз белең, жан курбум?..
Сен али түгөйсүз белең,
Түгөйсүз белең,
Жан курбум?
Өтүптүр айлар, аргасыз жылдар жылышкан.
Жападан жалгыз,
Төгүлчү күндөй тунжурап,
Жүрөсүң, курбум,
Не кылам саган?
Кайгырам.
Жаңы ачылган,
Жоогазын элең, көктөмдө.
Жылышып жазың өткөнбү?
Дуулдап турган,
Жалын элең го өрт көөдөн,
Алгырлар кайда,
Тааныбай сени кеткенби?!
Кездешет далай,
Өмүрдө ушул күтпөгөн жагдай,
Өмүр деген – өмүр да,
Өмүрдүн заңы ушундай.
Бири – Батышта,
Бири – Чыгышта,
Чагылгандын отундай,
Өтүшү мүмкүн, жакшыга жакшы кошулбай.
Мен сени сагынганда…
Мен сени сагынганда,
Карабай жаандарга, добулдарга,
Карама-каршы сүзөм агымдарга,
Көөдөндө кыймылдаган жаным барда,
Мен сени сагынганда,
Бир мүнөт да акым жок кармалганга.
Мен сени кызганамын,
Кызганычтан муз чайнап,
Туз жаладым.
Шаңкылдап алдымдан чык,
Эне-кыраан,
Алыстан келет учуп ак шумкарың.
Текеберсиң, намыс үчүн туулган,
Тезирээк жет,
Бороон соксун канатыңдан.
Сен – мендик, мен – сендикмин, эне – кыраан.
Кыраанбыз, кыраандардан жаратылган!
Сагынычтын закымын жамынганда,
Карабай кара нөшөр урганына,
Саган учам.
Калбайт жанда, сабыр анда,
Мен сени сагынганда, сагынганда…
Байкалбай кеткен махабат
Кышкы түн.
Аяз.
Ай жарык.
Айлана тегиз каалгыйт.
Башкага көңүл бурулбай,
Туруучу элем байланып.
Терезеңдин алдында.
Желедеги кулундай.
Кадалып жарык кең үйгө,
Арманым – сени бир көрсөм.
Тыштагы байкуш не күндө,
Турганын же, билбейсиң.
Ызгаарын аяз төккөндө,
Кыроолоп калчу терезең.
Нары-бери өткөндө,
Алдап турчу көлөкөң.
Боз кыроо аты кирпидей,
Келчү эле атаң жумуштан.
Тайгандан качкан түлкүдөй,
Ийниме мен да жашынгам.
Махабат өткөн байкалбай,
Бул кезде баары унтулган.
Сүйөм деп сага айта албай,
Суктанып жүргөм сыртыңдан…
*****
Сок, жүрөк,
Солкулда, мээ,
Ташкында, каным!
Өмүргө айтканым жок ашыктыгым.
О, Муза!
Бир өзүңө баш ийемин,
Тезирээк жет,
Мен бир жакка ашыгамын…
Ашыктыгым ырдайын өмүргө мен,
Кулак угуп, көздөргө көрүнбөгөн.
Нөшөрүм бар көк асманда төгүлбөгөн,
Жемишим бар багыма себилбеген.
Бербей кетпейм бардыгын жөн эле мен.
…Суук-ай, ажал деген, өлүм деген,
Суук көргө салат да кепин менен.
Ишенич менен келгенмин өмүргө мен,
Кетсе кетем өмүрдөн ишеним менен.
Тил өнөрүн, сыйкырлуу сөз өнөрүн,
Оңбойсуң, сөз өнөрүн жерибе сен!
Жоголсо тилден алмаз, сөздөн канжар,
Тирүүлүктөн бир күндө кете берем.
Ырдалган жок өмүргө ашыктыгым,
Качан айтып, качан мен басыламын?!
Айта албай каламбы деп ачынамын,
О, Муза!
Мен бир жакка ашыгамын…
*****
Жарыгым – ай!
Туман басып жүзүңдү калдыбы – ай!
Дечү эле го: «жалгыздын жары кудай»,
Неге ташый берет каным уудай?!
Жалт этет бир үмүт, качып берип,
Жалынамын жанымды жайып көрүп.
Каным батпай барат өз нугуна,
Кошулгандай Илеге Жайык келип.
Сел болуп, эки өзөн ташыганда,
Тал кармаймын, жээкке асылам да.
Туңгуюктан чыга албай чыдам кетип,
Тагдырыма чын эле багынамбы?!
Коркуп турам ордумдан, коркуп жатып,
Толкун кетип баратат, толкунду атып.
Баары келип тогошуп,
Жүрөгүмдүн,
Жакасын тепкилейт солкулдатып.
Соккондо келип мээмдин ар тарабын,
Бир мүнөттүк тынымга зар боломун.
Менин жарык дүнүйөм, көлөкөңдү,
Ала кетсем деймин да, карманамын…
*****
Жай элем кечээ,
Айланып күзгө барамбы!?
Жалын жок,
От жок, жашыган ушул жанарда.
Адашып кетти шамал да турган аймалап.
Сагалап турат мынаке,
Добул же, балким бурганак?
Чулгады булут,
Бошонуп же төгөмбү?!
Жел айдап, балким жер түбүнө төнөмбү?!
Калса экен жытым абамда, ушул талаамда,
Түшпөсө экен көлөкөм тирүү адамга.
Күз болсо, болсун!
Үмүтүмдү үзбөйм мен.
Көктөмдүн сепкен жеңишин мага күз берген.
Сырдашып турам,
Сыбызгы тартып куурайдан,
Орулган талаа,
Кубарган куп-куу түздөргө.
Күз болуп туруп,
Бактарды ойго батырам.
Күз болуп келип,
Жаныңа, күнүм, отурам.
Отурам дагы, жазыңды сенин чакырам,
Аймалап туруп,
Сүйлөймүн жаздын атынан.
Жигиттер, мактанбайлык!
Көккө ыргытып тебетей, атты чабып,
Жигиттер, мактанбайлык, мактанбайлык!
Качантан да казак деген бир мүнөздүү,
Мактоосуз да, мактанбай да жаткан калык.
Сабыр менен сабак алып доорлордон,
Сабырын сары алтындан артык койгон.
Казакка мактансын деп жер бербеген,
Жеринин кеңдигиндей сабыр берген.
Ийиндешип турсун деп элдер менен,
Казакка молчулукту кем бербеген.
Бирок да, Бабаң – казак мактанууну,
Алмустактан бери карай жөн көрбөгөн.
Дөөлөт чалкып, ырысы акканына,
Акысы бар казактын мактанууга.
Обу жок болуп казагым кетпесин деп,
Сабыры турат, күзөтүп арт жагында.
…Олуттуу казак болдук. Сактар калып,
Куш миндик темир канат, аттар калып,
Ансе да, мактанбайлык, мактанбайлык!..
Эй, өмүр!
Дүнүйөнүн агын да, карасын да,
Кыңк этпейсиң, сиңирип аласың да.
Карасы менен алың жок талашууга,
Эй, өмүрүм, зымырап барасыңбы?
Желпинип жер менен көк арасында,
Жээлигесиң, түшөсүң кара сууга.
Куюн кууган камгактай алас уруп,
Эй, өмүрүм, зымырап барасыңбы?
Мен отурам деңиздин жакасында,
Бересем да жок ага, аласам да.
Мени таштап, толкундар, агасыңбы?
Толкунданып, өмүрүм, барасыңбы?
Чаң чыгарып изинен куюндаган,
Барасыңбы, өмүрүм, кыйындаган?
Сыйын маган,
Эй, өмүр, сыйын маган,
Сыйыңды алам мен сенин буюрбаган!
Которгон: Ж.Көчөрбаева