Антон Чехов: Айлакер

Айлакер

Кеч курун эки дос Невский проспектиси менен өткөн-кеткен тууралуу кобурашып келе жатышты. Анда-мында үйдүн морлору менен чиркөөнүн төбөсүндөгү ача темирлер кылтыйып уясына батып бара жаткан күн нурларына жылтырайт. Аба жаз жыттанат….

-Өлбөгөн жанга жаз келет! – деген ушул деди достордун бири экинчисин колдон алып.

–Келбей кара жерге кирсин!-деди беркиниси. Жаз айынын неси жакшы, жердин бары баткак, өпкөсүнөн кагынып жөтөлгөн эле адамдар. Анан калса, дача ижарага алуу керек… анын бары акча… Сен Павел Иваныч, элеттик болгондуктан, албетте муну түшүнбөйсүң. Силер, элеттиктер дегеним, кайсы бир жазуучу белгилеп кеткендей жер астын-үстүн болуп кетсе эле «быш» этпейсиңер. Эч нерсе менен кабарыңар жок. Курсагыңар тоюп, катыныңар коюнуңарда болсо, болду. Кантип биздей болсун… Жер тоңголок тарта баштады… байкадыңбы? Бирок, чын-чынына келгенде, силер деле жыргап жаткан жоксуңар… Жаз – жарыш демекчи жаз менен бирге силерди дагы түйшүк басат. Хе-хе-хе. Калп айткан менен болобу, бирок силер биздей тоң, мерес эмессиңер. Каныңар кызуу. Ичиңер от менен жалын. Тим эле жанар тоосуңар го чиркин! Пш! Пш!-этип атырылып…

Кудай сакта, өрттөнүп кетпегей элем. Хе-хе-хе…

Кана, чыныңды айтчы Павел Иваныч, каның дүргүп, кара жаныңа жай бербей жаткандыр?

-Кудай сактасын! – деди Павел Иваныч, жаныма жай бербегидей ал эмне…

-Кой эми, тим эле сопу боло каласың да! Дүргүсө эмне экен?

Бойдоксуң, картайып кете элексиң дегендей. Антип сен куру бекер эле акчылана бербе…

Акчылангыдай эмне…

Айтса-айтпаса төгүнбү!..

Билесиңби, тууган, мен кече кандай гана кыз көрдүм! Кыз эмей эле периште! Кызылдай эле өрт! Мүчөсүчү-мүчөсү! Пай-пай-пай… Андайдын коюнунда таң атырсаң, бар го… Аты Созей… Менимче – поляк. Макул десең алып барып тааныштырып коёюн?

-Гм… Кечирип кой, Семен Петрович, бирок бул сенин, дворяндын

дегеним, иши эмес. Качантан бери сен базардагы катындардай болуп жуучулук милдетти аркалап калгансың?

-Анын эмнеси бар экен?-деп чычалап кетти Семен Петрович, – Же  сен… эмне?

-Койчу тууган-деди Павел Иваныч, атаң ыраматылык эл башы болуп жүргөн киши эле. Энең болсо али күнгө чейин кадыр-барктын үстүндө… Уялсаң боло! Мына, сеникине келгениме бир ай болоюн деп калды. Байкасам, кезиккен эле адамыңды кыз менен тааныштырайынбы?-дей берген жаман адатың бар экен. Андан башка сүйлөөргө сөзүң дагы калбай калыптыр… Катын-балаң бар, урмат-сыйдын үстүндө жүргөн адамсың. Жүрө-жүрө жогорку атка минерлердин катарына отуруп калууң дагы ажеп эмес… Мына, сеникинде жашаганыма бир ай болду. Келгенден бери, жок эле дегенде он чакты кызды сунуштадың. Уялсаң боло! Жуучу боло калат мага тим эле!

Семен Петрович кудум уурулук кылып жатып колго түшүп, «эми эмне кылам?»-деп апкаарый түшкөн чөнтөкчүдөн бетер, оңтойсуздана түштү.

-Мен жөн гана… – деди ал. Мен… тиги… Хе-хе-хе… Сен тим эле…

Мына ушундан кийин жыйырма кадамдай үн-сөз жок басышкан соң: -Мен кара жерге кирейин!-деп жиберди Семен Петрович, көздөрүн алаңдатып.

–Ооба, жер жарылып түшүп кетсем кана! Сен «Жуучу!»-деп туура айттың. Таппасаң сыйпалап кал! Жуучу эмей эмне болдум! Үйрөнгөн адат калабы?!-дегендей өлөөр-өлгүчө эле жуучу болуп жүрүп өтөт окшойм. Ушул жуучулугум үчүн керек болсо, тозокко да түшөм.

Семен Петрович «кайсы бирин айтайын» дегенчелик кылып оң колун шилтей үшкүргөн болду да, сол колу менен көздөрүн сүрттү. Башындагы цилиндри кара кушун көздөй жылып, мурдунун учу кызарып чыкты…

-Дал мына ушул кылыгым үчүн көргүлүктү көрөт окшойм. Көрөсүң, өз үйүм, өлөң төшөгүмдө эмес, кайсы бир ажалдан бөөдө өлүм табам! Кудай акы, дал ошентип өлөм! Ишенсең, мен аны сезип эле жүрөм, ал тургай, бу кылыгым жакшылыкка алып барбасын дагы жакшы билем, бирок айла канча?! Аял десе эле жантыгымдан жата калган жана сары изине чөп салып, саксактаган «кызганыч» деген ит оорум бар! Мынча болду айтып берейин, сага айтпаганда кимге айтат элем…

Өзүң билгендей жакында үйлөндүм. Жубайым жаш жана дагы татынакай… Ким болбосун көз артат, башкача айтканда көз артат болуш керек. Балким, ага көңүл буруп жаткан деле киши жоктур, бирок мага ошондой сезилет… Бирөө-жарым карап койду эле болду, итатайым тутулуп, жетип барып муунтуп өлтүрүп… сазайын колуна бергим келет. Мына, түшкү тамактануудан соң сен анын колун кармап койдуң эле, «бул экөө соо эмес тура!»-деп ойлоп кеттим. Ал тургай, столдун үстүндөгү бычакты ала коюп сага матырып-матырып алгым келди… Ошентип, кыбыр эткен жандын баарынан кызганып отуруп, бир айла таптым. Кимдир бирөө аялымды айланчыктап калса эле болду, «кыз керек болуп жатса, мына муну ал» деген таризде бир кызды коштоп алып жанына жетип барам. Антип, ал аңгини аялымдан оолак алып кетпесем болчудай эмес. Муну аскердик амал деп коёт… Келесоомун да! Эмне деген маскарачылык! Күн сайын Невскийди бойлой чуркап, теңтуштарыма жанагы «курттап өлгүрлөрдү» жалдап келем… Аларга канча акча сарптап жатам дебейсиңби? О-уу, сен аны билбей эле кой! Менин бул амалымды билип алып, абалдан кыянаттык менен пайдаланып жаткандар да жок эмес… Менин эсебимден шапар тебишүүдө… Эх!

Ушул маалда Семен Петрович үшкүрүп жиберип, өңү кумсарып кетти. Невскийди бойлой булар турган көчө менен өтүп бара жаткан арабада бир жаш келин бир жигит менен бет маңдай отурган эле.

-Көрдүңбү, мына?! Аялым кетип баратат. Анан кантип кызганбай коюуга болот? Ыя? Мен бүгүн бул жигиттин аялым менен чогуу отуруп бара жатканын үчүнчү ирет көрүп жатам. Дал келүүчүлүк дейсиңби? Жо-ок! Андай болуусу мүмкүн эмес! Көрдүңбү, тиги шүмшүктүн аялымдан көзүн албай тиктеп бара жатканын? Макул, кайыр кош… Мен анда жөнөдүм… Баса, Созю менен таанышпайм дедиң ээ? Чын эле таанышпайсыңбы? Кайыр кош… Анда мен тигиге Созюну… Ооба, Созю-ну…

Семен Петрович башындагы шляпасын баса кийип, колундагы таягы менен жерди тыкылдата уруп, тиги алдыга кеткен арабанын артынан сая түштү.

-Атасы эл башы эле. Энеси дале болсо кадыр-барктын үстүндө… Теги дагы белгилүү… Э-э-эх! Такыр майдаланып кеттик! – деди Павель Иваныч оор үшкүрүп.

Которгон: Таштанбек Чакиев