Каниет Орозбеков: “Жакса экен” деп келип кезигүүгө, “Жаксам экен” деп тилеп кайырлаштым

Каалабасаң

Өтүмдү ал, көзүмдү да оюп сал,

Өпкөмдү үзүп, баштан ары коюп кал!

Бүгүн бөлөк пери менен кезиктим,

Күчүң жетсе мына турам, союп сал!

 

Өзүңдөн көр чакырганда келбеген,

Өчпөй жүрөк согуп турса дембе-дем.

Дагы далай перилерге жолугам,

Дат басууга келипминби эмне мен?!

 

Сен мылтыксың, мен бутамын. Бутаны ат!

Сен түтөсөң ал жалбырттап тутанат.

Билесиңби, сен көгөртө чымчыган

Булчуңумду ал кыз койду укалап.

 

Каршы эмесмин атаандашсаң бар, жөнө!

Кайып болот жаз келгенде кар деле.

Эрин өптүм балдан дагы тап-таттуу,

Эрдиң сенин эмне эле..? Бал беле..?

 

Көпкө турдук алакандар жалбырттап,

Көрсөң болмок жылмайганын ал кыз, кап…

Экөөбүздүн ант беришкен бакчада,

Элестет, биз, жеп олтурдук балмуздак.

 

“Сүйүп калдым сизди”,- деген кеп уктум,

Сүйүнгөндөн сен тарапка келипмин…

-деген сөздү каалабасаң эгерде,

Көп назданбай чакырганда кезиккин.

 

Келечектин алптары.

(“Жаңы-толкундун” жаштарына)

Биз алгалап… Куюн тартсын артыбыз,

Биз дегеним: мен, сен, силер, жалпыбыз.

Тоодой болгон алп ырларды жазалы,

Тоо таянар келечектин алпыбыз.

 

Мен акынмын! Сен да ушинт тартынбай,

Мергенчилеп ой издейбиз жан тынбай.

Тааныш үчүн эл сени акын катары,

Тап өзүңдү! Тааны өзүңдү алтындай.

 

Карегиңден чындык үчүн кан агыз,

Катуу, дың, чым жердин баарын чана, буз!

Бүгүн эмне көзгө урунса уядан,

Биз учканда дал ошону алабыз.

 

Калыс баасын берет бизге калкым чын,

Калем, сыя жооптуу милдет артынсын.

Аруу жолду аруу басып өтүүгө,

Ант берели! Баса албасак ант урсун.

 

Биз акынбыз, келечектин алпыбыз,

Биз дегеним: мен, сен, силер, жалпыбыз.

 

Жаксам экен

Заман сонун телефон чалышканга,

Заматта эле жетесиң алыстарга.

Айдай болгон кечээки кыз экөөбүз,

Айланганбыз капкачан тааныштарга.

 

Чектеп турат эмеспи тоону кыры,

Чектеп биз да тартынып корунууну.

Экчеп атып алчы-таа чүкөбүздү,

Эптеп алдык акыры жолугууну.

 

Өпкөндү кой, сунулуп колум араң,

Өкмөт жактан болупмун кобураган.

Бизге кандай бар дейм да тиешеси,

Билбейм, мынча тантырап… Оо уялам.

 

Үнүн уксаң кадимки булбулдуку,

Үнүм карганыкындай кургурдуку.

Жүрөгүмдүн туягы өпкө астында,

Жүрүштөгү бараткан дулдулдуку.

 

Күлкүсү анын өлтүрүп-тирилтчүдөй,

Кайра мүрөк суусуна киринтчүдөй.

Көзү чала жумулуп күлөт чиркин,

Көзүн ачып күлсө эгер күн үркчүдөй.

 

Жаштыгымдын жакасын байырлап нур,

Жатакана тараптан шайыр бастым.

“Жакса экен” деп келип кезигүүгө,

“Жаксам экен” деп тилеп кайырлаштым.

 

Баары түш көрүп жаткан өңдүү болду.. Баарыбыз шаңдуу музыкага арбалып, кара тердин ханындай терге чөмүлүп бийлеп жатканда жай ыргактагы музыка орун алып, кыздар балдарды бийге чакыра башташты. Себеби, бүгүн балдардын майрамы эмеспи. Кааласа ырдатып, кааласа бийлеткен уюштуруучу топтун шарты ушундай экен. Булуттан чыккан айдай бурчтан чыга калган көздөрүңө көздөрүм чагылышып өттү. Кандайдыр бир өзгөчө сезимди тутантып, жүрөгүм булкунуп алгандай… Аттиң, бурчта эмес жаныма жакыныраак болгонуңда эмне.. Сага карай таштаган кадамымды башка бийкеч тосуп алды да бийлөөнү сунуштады. Көңүл аябай назик эмеспи, көңүлүн ооруткум келбей макул болуп, тандаган адамым менен ак бийге жөнөдүм (анын үстүнө бий 3 эле минуталык деп ойлодум). Сен болсо көпкө турбай башка адамды бийге чакырдың… Сахнада кеминде отуздай адам бийлеп жатышты. Мен сени тандабай, сени менен бийлебей адашканымды отуз адам тең айтып жатышкансып, кандайдыр таарынган түрдө көздөрүң менен мени карап алдың. Алдастай түштүм… Сен менин бийдеги эле түгөйүм эмес экениңди түшүндүм. Чиркин, ошол убакыттан тартып мезгил агымын, саат кагышын токтотуш мага аябай кыйын болду. Ошол сезимдер..

Бүтпөгөн музыка…

Бүтпөгөн тиктешүү…

 

Бүтпөгөн бий…

Музыка ыргагында,

Ыргалат аста денем.

Муздакмын кыштын күнү,

тийгенсип ташка денем.

Көпчүлүк арасында,

себеби бийлеп жатты:

Көздөрүм сени менен,

кучагым башка менен.

 

Түшкөндөй атайылап

ак-бийге өңдөнөсүң.

Түш көрүп жаткан сымал

үн-сөзсүз термелесиң.

Бийчилер арасында

сен дагы мен сыяктуу:

Бийдесиң башка менен,

сенин да менде көзүң.

 

Мен сени тандабастан

жаңылдым өкүнүчтүү.

Мейкиндик коюнунда

жол таппай кезигишчү.

Бир бийлеп келүү үчүн

экөөбүз кетсек эмне.

Башка бир алыстарга

тиктетпей көзүбүздү.

 

Туюнтуп сезимдерди

биздеги ар бир кадам.

Турмакпыз алоолонуп

бактылуу- жамгырда анан.

Бардыгы жакшы болмок,

а азыр колдорумду.

Бир бийкеч менен бийлейм

белинен алдырбаган.

 

Бүтпөгөн музыка-бий…

Бүтпөгөн ар кыл кадам…

 

Сен эмес мен…

Жакшысызбы?

Жакшымын, жыргап жүрөм,

Жайкы күндөй ысуулап-кургап жүрөм.

Сен карабай кеткенден бери тарта,

Сезимимди тепселген ырдап жүрөм.

 

Түшүнсөңүз?…

Түшүндүм, күчтүү жаным,

Тирешкенде ылгабай бүт жыгамын.

Бирок сага жеңилип бергениме,

Бербей жатат тынч жашоо ички жалын.

 

Кечириңиз?

Антпегин, менде күнөө,

Кандай десем, жүрөктө түнөгөнгө.

Кетсең дагы башкага менден алыс,

Кетпей жүрөт элесиң “бирөөлөргө”.

 

Мен жаңылып…

Сен эмес, мен жаңылгам,

Мамилеңе ишенгем эң жаңырган.

Муздап барам жолобо, жасалмасың,

Махабатым табайын мен да ылдам.

 

Кечиккенге а азыр шашып турам,

Кантмек элем аргасыз жазып турам.

Кезиккенде кийин биз ушинтем деп,

Кайра-кайра өзүмдү машыктырам.

 

Аттиң, бирок мен азыр жашып турам.

 

Ыйгарайын ысымын

Мамилелеш болуп жүрүп түн менен,

Максатыма жеттим кечээ түндө мен.

Кандай бакыт ата болуу деп жатам,

Кагаздагы ыңаалаган үнгө мен.

 

Кирпик какпай канча түндү кечиргем,

Колдон келбей эчен ирет өчүргөм.

Карасаңар мен жыттанып жатканын,

Көзү-мурду менин эле көчүрмөм.

 

Кумар канбас жазган ырым – ырысым,

Кан-жанымды аябаймын сын үчүн.

Сүйүнүүгө балкытууда туулушу,

Сурайм эми узак өмүр сүрүшүн.

 

Аңкып жаткан жыпарына кызуумун,

Аягы жок айтып бүтпөс кызыгым.

Талыкпастан жумшаган соң күчүмдү,

Татыктуу бир ыйгарайын ысымын.

 

Сындын күчү

Көчө ыры деген баага татыдык,

Калемдешим сындаганда катырып.

Түн күзөтүп маанисиз ыр жазганча,

Көкүрөккө койсом эмне жашырып.

 

Кыйла жылдан бери калем сырдашым,

Кантем анан, калбай жатса ыр жазуум.

Күтпөгөмүн, көпчүлүктүн көзүнчө,

Көчө ыры деп кыйкырып сындашын.

 

Калети жок ойлоп көрсөм кебиңде,

Кемчиликти чыгарбадым төгүнгө.

Түпкүрүндө ошол сөздүн бар тура:

Ташта кадам, мүдүрүлбө, чегинбе!

 

Катасыз сөз, адамды сын өстүрөт,

Келчи тууган, бир алайын өпкүлөп.

Көз карашым калмак балким өзгөрбөй,

Катуу сынга албаганда тепкилеп.

 

Тамашага бай саптар

*********

Ойлонду окшойт жараша дараметке,

Ою чала же аның чала көк мээ.

Калемимди кармалап көрдү дагы,

Калем өссө дейт тобо, калем эксе.

 

*****

Мындай каттар энелерге келбесин,

Мыкты окуган уул-кызынан кимде чын.

Мен жеттим деп жазмак уулу жеткенде,

“Мен жетим” деп кат жазыптыр “мен жетим”.

 

Түшүнбөй таякташар

Жашыңдан жабышканда жүрөк оору,

Жашоонун маанилүү эмес күнөө, сообу:

Жаңырта албаган соң жүрөгүңдүн,

Жаштары тамчылаган бирөө тоону.

 

Тамеки тутандырып “санаа” тартам,

Таптаттуу кезин эстеп мага ар таң,

Азымды көп кылганга көмөктөшүп,

Ата-энем гана мага, мага калкан.

 

Ырыма ыйым батпай барак тыттым,

Ызама чыдай албай шарап жуттум.

Тандырдан бышып чыга элегимде,

Тагдырдан, жазмыш экен таяк күттүм.

 

Мертиндим, калың түшүп кабакка кар.

Мейкиндик, эркиндигим “камак” катар.

…Түшүнбөй неге чегип, ичкенимди

Түбөлүк жактагылар таякташар!

 

Күндө өлүп, күндө кайра тирилемин.

Күкүмдөй майдаланам, биригемин.

Жүздөгү аталардай эми канча,

Жүрөксүп “тиги кырга” тигилемин.

 

Жашоодон өтүнүч

Кайран жаным тирешүүдөн жалккандай,

Көр тирилик бузулбаган салттардай.

Жүрөк чабал, оюң менен болоюн,

Жашоо айтчы, сен көрсөтөр шарт кандай?

 

Тартып албай, түрткүлөсөң аскадан,

Тамат көздөн аралашып жашка кан.

Эмне кылдым, күнөөм кайсы? Болгону

Ээр токудум жыйырма бир жашка араң.

 

Жип карматпай санаа менен муунтасың,

Жин киргендей аянычтуу турпатым.

Жүдөө кылып чачтарымды үксүйтүп,

Жан дүйнөмдү шарт түбүнөн кыркасың.

 

Жашоо сени чын дилимден жек көрөм,

Жан кейитип ар бир күндү өткөрөм.

Араң гана берип келем туруштук,

Ар соккуңа бир муштумдай эт менен.

 

Бүттүм көнүп, ур, буттан чал, талыкпа!

Бир сураныч карыт мейли карытпа.

Ак бешикке бөлөгөндөй апакем,

Ак кепиндеп терметип кой табытта.

 

Талаа-түздө таз жоруга жем кылбай,

Табыштап кой, тынч жатайын табытта.