Жүрөк менен сырдашуу…
(Н.Өмүрбаеванын «Бейтааныш бекет» ырлар жыйнагын барактаганда)
Азыркы кыргыз поэзиясы тууралуу кеп козголсо, эгемен жылдарында «үйүрү» менен келип, келечегинен үмүттөндүргөн таланттуу жаш калемгерлердин тобун атоого болот. Алардын арасында Нуриза Өмүрбаева да бар. «Бир тоголок кар» ыры менен балалыктын жаңы ойгонгон наристе сезимин поэтикалуу чагылдырып, адабий коомчулукка поэзиядагы жылдыздуу жүзүн көрсөтө алган акын ырды жеңил-желпи жамактата коюудан алыс. Поэзияга болгон жоопкерчиликти сезгениненби, же М.Горький атындагы жогорку окуу жайынан адабий даярдыктан өткөндүгүнөнбү Нуриза аз жазат, бирок жүрөгүнөн өткөрүп жазат. Акындын бул сапаты айрыкча жакында жарык көргөн «Бейтааныш бекет» (Б.:Улуу Тоолор, 2023) жыйнагында «жүрөк» концептине жасаган мамилесинен даана байкалат.
Адамдын жан дүйнө «архиви», анын аялуу сырларынын кулпулуу «сандыгы» болгон «жүрөк» концептине кайрылбаган акын жокко эсе. Анткени менен эмоция менен сезимдин магнити болгон бул феномен калемгердин жеке деңгээлине жараша аңдоого алынат.
«Жүрөк» концепти кулпулуу сандык болуу менен бирге, экинчи жагынан акындын дареметин таамай көрсөтүүчү микроскоп. Анткени дал ушул «сандыкта» адамдын жашоо образы, принциби, көз карашы, эрки, максат-тилеги, кайгы-муңу, аялуу жан сырлары сакталат.
Түн. Олтурам бир китепти барактап,
көп окудум көңүл чөгүп турганда.
Жеткен эмес асылдыкка адамзат,
жек көрүүмдү укпа, жүрөк, булганба. (курсив – биздики)
Андан көрө тыңша биздин күндөрдү,
акын эчак жазып койгон ырларга.
Таңда туруп биз да басып келели,
таланттуулар баскан Тверь бульварга.
Көп кыйнадым… Тагдыр экен бул дагы,
эстөөлөрдөн тазар, кайра булкунгун.
Таңда бизди күтөт Тверь бульвары,
таңда жүрөк улуулукка умтулгун. (жыйнактын 17-бети)
Адамзат жашоодогу жан сырын башкага эмес, адегенде өз жүрөгүнө айтат окшобойбу, акын кыздын жүрөгүнө жек көрүүсүн жолотпой, аны улуулукка умтулууга үндөшү анын жашоо принцибинен кабар берет. Н.Өмүрбаева үчүн адабий билим берүүнүн дүйнөлүк борборуна айланган Адабият институту жайгашкан Тверь бульварында басуу – көңүл ачуу эмес, таланттуулардын изин басуу, алардын чыгармачылыгынан руханий кубат алып, поэзияда өз изин калтырууга умтулуу. «Жүрөк» концептинин керемети ушунда, ал текстте жөнөкөй мааниде колдонулган лексикалык бирдиктен айырмаланып, лирикалык каармандын көңүл маанайын, сезимин, максатын, кайгы-кубанычын, асирет-арманын синтездөө мүмкүндүгүнө ээ. Ошондуктан да улуулукка умтулган акын, адамга айтпас сырларын жүрөгүнө айтат, жүрөгү ырга татыктуу сөз таппай койсо, аны жазуудан баш тартат. Бул акындын «Түңкү жаз» ырынан дагы даана көрүнөт:
Жаратчудай бир шедевр бул түндө,
жалгыз адам мен бул үйдө жата элек.
Сирень ачкан терезенин түбүндө,
сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек.
Кечээгиден неге бүгүн күлкүм аз?
Керек беле ыйлап, сыздап айтышым.
Сирень, сиңдим, мемиреген түнкү жаз,
силер туйбас жүрөгүмдүн кайгысын.
Бул ырыма уккулуктуу сөз таппай,
бузгансыймын түнкү жаздын уйкусун.
Ыр жазылбай калган актай баракка,
тартып койдум бир жигиттин тулкусун (26-б.).
Жүрөгү менен сырдашып, кеңешип жазган ыр гана жүрөккө жетерин сезүүнүн өзү поэзияга болгон жоопкерчиликтин кепили, жазылбай жаткан ырды жазуунун кереги жок. Анткени калемгер адамдагы улуу сезимдин наркын ашмалтайы чыккан жеңил сөздөр менен төмөндөткүсү келбейт. Изденүү жолунда жүрөк адамдын миң сырлуу сезимдерин туюнтуунун сөздөн башка каражаттарына да бай экендигин туя билет. Нуризанын ырларында лирикалык каарман жүрөктүн сезимталдуулугун сөздөн башка искусствонун түрлөрүнөн да издейт. Мындай учурда ал жүрөк үнүн жакын досу менен бөлүшкүсү келет:
Жомоктой сезим мени сындап өттү,
жол менен тагдырыма чийилбеген.
Күү чыгат жүрөгүмдөн, тыңдап көрчү,
комуздун кылдарындай дирилдеген. (22-б)
Концепт дүйнө таанымдын өзгөчө каражаты катары улуттук маданияттагы салттуулукту танбайт, тескерисинче, анын ички маңызына тереңден баам салат. Ошондуктан жогорудагы текстте ачык көрүнгөндөй, «жүрөктөн күүнүн чыгышы» – кыргыз поэзиясында тээ каарынан кан тамган Чынгыз хандын уулунун өлгөнүн комуз күүсү аркылуу угузган Кет Букадан бери келе жаткан салттуулук. Ички сезим-туюмду түшүндүрүүгө сөздүн кубаты жетпей калган учурда кыргыз элинин кылым карыткан керемет улуттук аспабы комуз жардамга келет. Анткени комуздун тили сезимдин күчүнө жараша күүгө келип, ойду тилсиз берүүнүн улуттук маданияттагы феномени. Комуздун мындай касиетин сезип-туюу бардык эле жумуру баштууга ыроолонбогон насип. Бактыга жараша, жүрөгүнүн добушун тыңшоо жөндөмүнө ээ сезимтал акын улуттук маданияттагы бул феноменди түшүнөт экен. Анын лирикалык каарманы жан дүйнөсүнө чексиз аалам тар болуп турганда комуз күүсүнө кайрылат:
«Өлдү» дешти… Ажалга ким көнбөгөн?
ичтен сыздым, карекке жаш толбоду.
Мерез болуп калган сыяк өңдөнөм,
мени баштап алып жүргөн жолдо бу.
«Өлдү» дешти, «ичер суусу түгөнүп».
Өлүм, сага ким каршылык кыла алсын?!
…Акыретке узатканы баратып,
«Ак бугуну угалы» деп, сурандым…
Көргөн күнү көп күлдүрдү, ыйлатты,
боло алдыбы бул өмүрдө бактылуу?
Жолдо барам, жүрөгүмдү сыздатты,
жоготуунун арман күүсү «Ак бугу». (32-б.)
«Жүрөк» концепти универсалдуу мүнөзгө ээ болгондуктан башка концепттер менен байланышта адамдын иррационалдык абалын чагылдырат. Жогорудагы ырдын текстинде «жүрөктүн сыздашына» чейин лирикалык каармандын «жол» концептине кайрылышы бекеринен эмес. «Жол» дагы жүрөк сыяктуу эле көп маанилүү түшүнүктөрдү камтыган концепт: адамдын өмүрүн, жашоосун, тагдырын чагылдыруу менен бирге адамдардын ортосундагы мамиледе: жолугуу, ажырашуу, коштошуунун да ордун аныктайт. Ырдын биринчи строфасында «өлдү» деген кабар угуп, бирок ыйлай албай турган каармандын өзүнө-өзү таң калып, «мерездигине» себепкер катары пайдаланган «жол» концепти тагдырынын «мерез» күңдөрү маанисинде колдонулса, акыркы строфадагы «жол» – жакын адамы менен түбөлүк коштошууга бараткан мейкиндик координаты. Жүрөктүн сыздашы кайгыга болгон сырткы реакция – көз жашка караганда, ички реакция катары терең жана мазмундуу. Дал ушул тереңдиктин көркөм наркынын «Ак бугу» арман күүсү менен ченелиши ырдагы идеяны тереңдеткен.
Концептуалдык байланыштар кокустук эмес, концепттердин ички милдет-кызматтык окшоштугуна негизделет. «Жүрөк» концепти менен «жол» концептинин ортосундагы мамиле көркөм чыгарманын «хронотоп» аталган мезгил жана мейкиндик биримдиги менен шартталат. Мезгил жүрөккө из калтырса, мейкиндикке жол из калтырат. Мындай байланыш акындын «Мекенге» ырында мыкты көркөм аңдоого алынган:
…Бир бириксең, миң чачылган жолдосуң,
кайран элим, канат, калкан күтө элек.
Жарып өткөн жүрөгүңдүн толтосун,
жаратың көп… Кайсы бири бүтөлөт?!
Мекен ыйы ай-ааламда үңүлдөп,
Кулагына жетпей койду Теңирдин.
«Адам уулу – Мекенинин кулу» дейт.
А биз сени кулга айланттык, кечиргин! (20-б.)
Акын жалаң гана өз жашоо түйшүгүнө тушалбайт; бүтүндөй дүйнө таанымын: Мекендин «жаратын», айылына байланган дил-тамырын, жалган достон калган көңүлүн, секелек кыздарга жасалып жаткан зомбулукка кейиген зээнин, алыста калган жан бирге сырдашына болгон сагынычын, сүйгөн адамынан ажыроо ызасын, сезим күчүнө баш ийип кетирген катасын жүрөгүнөн өткөрөт. Башка өлкөдө өмүр кечирип жаткан мигрант калемгерлердин Мекендин келечегине болгон түйшөлүүсү эмоцияга бай келерин кийинки мезгилдеги поэзия кайрыктары далилдеди. Алардын ичинде Н.Өмүрбаева да өзүнө таандык стиль менен коомдук турмушта болуп жаткан көйгөйлөрдүн салмагын элдин жүрөгүндөгү санаалар менен өлчөйт. «Жол» концепти акындын ырында «жүрөк» концепти менен биригип, өнүгүү жолу ачык багыт таппай жаткан Мекендин түмөн түйшүгүнө «миң чачылган» деген сөз айкашынын колдонулушу автордун ой-боёгун коюуланткан. Натыйжада Ата Журтка болгон ой толгоо, санаркоо декларативдүү жеңил-желпи куру сөз деңгээлинен чыгып, ички чыңалган сезимдердин чын дилдүүлүгүн камсыз кыла алган. Дегеле, Нуриза ырларына агынан жарылат; тагдырынын күңгөй-тескейин ачык, чынчыл айтуу сапаты анын ырларында айтылган ойду жасалмалуулуктан коргоо касиетине ээ. Анын лирикалык каарманы кетирген кемчилигин мойнуна алат, ал үчүн санаа тартат. Мындай маанайды берүүдө «жол» концепти тагдыр маанисинде колдонулат.
Турмушуңдан өзүңө алган жазаң бул —
туура чыкпайт кадамыңдын бардыгы.
Азыр мени көп ойлонтот качандыр,
мен жаңылткан адамдардын тагдыры.
Азгырыгы, түйшүгү көп бул жолдун,
аягына кандай күндү жазды экен?
Мээримсиздик көп ыйлатты… Соорондум.
Мен кылчайбай койгон жандар кантти экен?.. (18-б.)
Турмуштан алган жазаны өтөөнү акын тазаруу деп билет жана анын жолун тазалыктын символу болгон «кар» концептинен издейт. Чыгармачылыгынын гүлүн ачкан «Бир тоголок кар» акындын жан дүйнөсүнөн абдан бекем орун алган белем, жаратылыштын бул кубулушу аны руханий катарсиске «жетелейт».
Өмүр муңу көздөрүмдөн көрүнбөй,
өзүмдү өзүм бул жалганда бар сезип.
Аруулуктан, тазалыктан бөлүнбөй,
аалам кезип кетким келди кар кечип.
Жалган сүйүп, жалган сөздөн бак куруп,
көбү алдады, мен да көбүн алдадым.
пенделиктен асылдыкка жан уруп,
ак кар, сендей аруу боло албадым.
Жүрөгүмдө бир из турат өчө элек,
билбейм, билбейм, мынча көөнүм бөлүндү.
Эч бир жандын буту басып өтө элек,
эми кайдан табам кардай көңүлдү?
…Эми кайдан табам таза көңүлдү? (36-б.)
Бул жашоодо адашуу, жаңылуу, өкүнүүнү баштан кечирип, муштун ысык-суугуна ким урунбаган. Кеп, ошол жеке тажрыйбадан туура жыйынтык чыгарып, турмуштун нравалык сабагын өзүн-өзү тарбиялоого колдоно билүүдө эмеспи. Ал үчүн баштан өткөн жакшы-жамандын баарын талдап, ага баа берүү жан тынчтыгын талап кылат. Жан дүйнөнүн мындай абалын акындын көп сырды түпкүрүнө чөгөргөн деңизге салыштырганы метафоралык жакшы табылга.
Капкалуу шаар, кайрымы жок, күндөрдөн
качып келип деңиз болду сыйганым.
Шамал чачып, сапырылган дүйнөмдү
жылдар өтүп, эми араң жыйнадым.
Кездер болду дүйнөм жолго чачылып,
кездер болду күндө туулуп, күндө өлдүм.
Мен өзүңдөй толкуп ташып басылып,
эми өзүңдөй мелтиреген күндөмүн. (49-б.)
Деңиз – чексиздиктин, кыймылдын, үмүттүн, тазаруунун, кайра жаралуунун, тыныгуунун символу. Анын негизин Жердеги жашоонун башатындагы суу түзөт. Суу кирди кетирет, тазалайт, жаңыртат. Ошол эле учурда деңиз түбүнө көп нерсени чөгөргөн соң, жан дүйнөнүн деңиз концепти менен ассоциаланышы аркылуу адамдын ыйык сырларынын купуялыгын, деңиз менен сырдашуу аркылуу адамдын өзүнө өзү сыр төгүшүн кучагына алат. Натыйжада деңиз түпкүрү – адамдын ыйык жан сырлары; жүрөк эмоциясы – деңиз толкуну, деңиз куймалары – жашоонун жаңырышы, деңиздеги мелтиреген тунуу абалы – тазаруу, руханий катарсис, деңиздеги түбөлүк кыймыл – адамдын жашоо образын өзгөртүү үмүтү менен байланышта тагдыр өксүгүн толуктоо, жан дүйнөдөгү тынчсызданууну тынчытуу касиетине ээ. Деңиздин дал ушундай миң сырлуу, көп кырдуу касиетин Нуриза жан бирге сырдашына арнаган «Нарсулуу Гургубаевага» аттуу ырында чеберчилик менен көркөм аңдоого жетишкен:
Кантип жашап жаттың экен, жаралуум?
Калаада ошол катаалдыгын мен билген.
Терезеңде улуп кыштын шамалы,
эстеттиби жаратыңды эскирген?
Жашадың сен жазыш үчүн Күн ырын,
жан дүйнөңдү тытмалатып туш-туштан.
«Жалгыздыгы бөксөрсүн» деп ушунун,
сен сагынган деңиз үнүн уктурсам:
«Деңиз мени унутпасын, айт» дейсиң,
деңиз кантип унуткарсын деңизди?! (белгилөө –биздики)
«Балким сага керек эмес эми эч ким,
Балким сага өчкөн жарык жетиштүү».
Бир сүйүүнүн жолун карап дирилдеп,
жаштык кыска жалп өчөрүн унуттуң.
Билем, азыр мага бейпил түн тилеп,
адатыңча муңдуу, мукам ыр уктуң.
Ырдагы лирикалык каармандын да, ырга тандалган каармандын да көңүл маанайын, тагдыр-жазмышын даана тарткан бул ырда «деңиз» концептинин адамдын түп санааларын бөлүшүү мүмкүндүгү берилип, ой бийиктиги «деңиз кантип унуткарсын деңизди?!» сабында кульминациялык чекитине жеткен. Тиктегенде учу-кыйырына көз жетпеген деңиз чексиздиги менен ыр арналган каармандын адамдык наркынын бир деңгээлге чыгышы аркылуу жаркын образ жаралган. Демек, ырдын каарманы деңиздей чалкар, көп сырдуу жана терең адам.
Албетте, жүрөгүнө бул турмуштун коогасы менен соодасын, азыркы мезгилдин түгөнбөгөн түйшүгүн, тагдырдын жашоону бирде чынга, бирде жалганга чыгарган «тамашасын» сыйдырып, кээде мындай оор жүктү көтөрүү кыйынчылыгынан майышып кеткен учурларда эмоция үстөмдүгүнөн акын айтылган ойдун маанисин байкабай калган учурлар кездешет. Анткени «жүрөк» эмоция менен сезимдерди тез тартып кетүүчү «магнит». Айтылган пикирге анын төмөнкү ыры күбө:
Өзгөлөрдөй болбой калдык да,
өмүр бүгүн боштой сезилди.
Терезени тиктейм, а сыртта,
жыл аягы… Жаштык кетилди.
Ырдын биринчи сабы кандай максатта жазылганы ачык билинбейт. Кийинки саптар менен болгон композициялык байланыш жокко эсе. «Өзгөлөрдөй» болуунун кереги бар беле?
Же болбосо, ушул эле ырдын кийинки строфасындагы айтылган ойлор бири-бирине карама-каршы келет:
Жыл аягы. Сүйүү түгөндү.
Кечтер өттү, өттүм кечтердей.
Жүрөк, сенде бүгүн бирөө өлдү,
жашайт эми, жашайт эстелбей.
Ырас, жүрөктө «өлгөн» соң, ал эстелбейт, бирок ал «эстелбей» кайра жүрөктө жашайбы же жалпы эле анын тирүү жүргөнүбү? Ой бүдөмүк таасир калтырат. «Өлүм» менен «жашоо» (тирүүлүк) бири-бирине антоним эмеспи.
Мындай айрым мүчүлүштүктөргө карабай, Н.Өмүрбаеванын поэзиядагы изденүүлөрү жакшы «түшүм» берерине үмүттөндүрөт. Анын калеминен дагы жаркын ырлар жаралары шексиз. Ал эми бул жыйнактагы ырлар окурманды кайдыгер калтырбай, жаш калемгерлерге өз «сабагын» берүү мүмкүндүгүнө ээ.
Үмүт Култаева, адабият таануучу