Кечээ, 26-сентябрда, Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев Түрк мамлекеттери уюму жана Түрк тили уюму тарабынан Түрк дүйнөсү адабиятынын «Роман» номинациясында абройлуу эл аралык сыйлыкка ээ болду.
Түркияда «Тилде, пикирде, иште биримдик» аттуу ураандын астында өткөн кароо сынакта Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы сыяктуу түрк мамлекеттеринин ар биринен бирден жазуучу жеңүүчү деп табылган. Аталган иш-чара Түрк тили уюмунун юбилейине жана Түрк тили майрамынын 90 жылдыгына карата Бурса шаарында өттү.
Белгилей кетсек, сыйлык ээлери эл аралык мекемелердин жана уюмдардын кароо сынагынын негизинде кылдат тандалып алынган. С.Станалиев аталган сыйлыкка бүтүндөй түрк адабиятын тарыхый-биографиялык жанрда көркөм-эстетикалык жактан бийик деңгээлдеги бараандуу романдары менен байыткандыгы үчүн татыктуу деп табылган. Түрк дүйнөсү адабиятынын “Роман” номинациясына татыган жазуучуларга акчалай сыйлыктар да тапшырылды.
Эске салсак, С.Станалиев Касым Тыныстанов тууралуу “Чагылгандын көз жашы”, Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу “Жылдын эң узак күнү” биографиялык романдарды жана Чыңгыз Айтматов тууралуу “Ак жарыктын айыкпаган сыныгы” аттуу роман-трилогияны жазган.