Мурза Гапаров: Угузуп авазыңды, Узарттың азабымды…

Куюн

Бүгүн кыйын

Бүгүн куюн…

Чыкпа эшикке.

Эшикте…

Шаарды шаардын чаңы каптап,

Чаңдалды үйлөр дагы, дарактар да.

Көчөлөрдө куйугуп жинди шамал,

Чуркап жүрөт туш келди каталактап,

Чимирилип жез кемпирдин ийигиндей,

Ажыдаардын бийин бийлейт аянттарда…

Ар каяктан ар каякка баш аламан

Качып барат калайык каратаман…

Оозу-мурду тумчугуп буйукканда,

Көзү көрбөй урунуп туйуктарга,

Каңырыгы түтөгөн кайран эл-журт

Каарын төгөт карарган булуттарга.

Анткен менен айып жок булуттарда…

 

Боз түштү баш калаага…

Бозорду кызыл асаба..

Бүгүн кыйын.

Бүгүн куюн…

 

Көңүл жубантуу

Коркпо өлүмдөн,

Коркконго кош көрүнөт…

Көз алдыңа элестеп гүлкайырлар,

гөр үстүндө гүлдөгөн,

сен көмүлгөн…

 

Жапыс тамда жалдырап жаткан болуп,

Жалгыздыктын азабын тарткан болуп,

Көздөрүң жашка толуп,

Көөдөнүң муңга тойуп…

 

Арманыңды айтылган өз төрүндөн,

Адам аттуу эч бир жан укпай койуп…

Саратанда ныксырайт гөрүстаның,

Мунарыкта тунжурайт гүлкайырлар…

Андыктан, айтканымды унутпагын,

Коркпо өлүмдөн, коркконго кош көрүнөт…

Андан көрө… унут баарын… унут баарын…

 

Өткөнүңдү эстебе, эстен чыгар,

Келечегин эңсебе — кесир кылаар…

Кыйылбагын кылчайып чыгыш жакка,

Аттиң этпе, ай, күнүң эрте батса…

Аллага миң мертебе алкыш айтып,

Жашагын учур чакта — ушул тапта..

Айлап, жылдап саналбайт бакыт деген,

Бактың сенин куралат көз ирмемден.

Бул дагы берилет бир билгенге…

Сен билгенде: күн сайын күнүң куунак,

Жүз жылга сага, карегим — күлгүн курак…

Коркпо өлүмдөн,

Коркконго кош көрүнөт…

 

Ажалдын ажары

Каухарым-ай, кайдан кезиктиң,

Карааны кайберендей кайып болуп,

Эскиргенде эсимде элестери…

Эскерип эми сен, өзүңдүн керемет көркүң менен,

Сулууну мен сүйгөн кумар канбай…

 

Кумдуу чөлдө көз күйгөн көк аралдай,

Аңчы аңдып, ок тийбес, ак маралдай…

Жараткан жараткан эле периштесин

Ойлорун тунук кылып, сөздөрүн ширин кылып…

Сурмасыз суктандырчу каректери,

Эндиксиз эритчү эле эриндери…

Каштары кырлуу кырды кыялаган.

Көкүрөктө кош көгүчкөн уялаган…

Эңкейишип эңилчектер — кара ыраң —

Жаап турат баркыттай, жапыс тулаң…

 

Улар үндүү үнүңдөн, Үрдүн кызы,

Ак кайыңым ыргалган белестеги…

Жазгы кечтин жаш айы эмес белең.

Тумандагы жылдызым… элестедиң…

О, каухарым, эми эстедим:

сен — жаштыктын жаңырыгы…

Жаңырттың жан дүйнөмдү, акылым азгырылды,

Угузуп авазыңды,

Узарттың азабымды…

 

Күз күндүн нөшөрүндө,

Кыш түнгө өтөрүмдө,

(О дүйнө кетээримде),

Чартылдап чагылганың

Өрттөдү өзөгүмдү…

 

Анаке күйүп барам,

Акыры тынчып санаам…

Каухарым, сен — менин ажалымсың,

ажарын алып жүргөн,

алыскы ашык жардын…

 

Отунчу

Кыш келсе жок коркунуч,

Кыштакта бар отунчу.

Колуна балта, араа алат,

Токойго кирет аралап.

Куураган шакты кыйратат,

Кыйкырып бизди жыйнатат.

 

Коштошуу

Коштошор убак келди,

Кош болуңар…

Кош болгула, ай, жылдыздар,

Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,

Кош болгула, өбүлбөгөн кызайымдар,

Өбүшкөнгө менде эми убакыт тар…

Кош болгула, шаптоолу бак, өрүкзарлар,

Арасында мен өскөн бейитзарлар…

Эңилип эшик ачып, төрүңө

төрөлөрдү отургузуп

Качангача кул сымак тим турасың?

Байоо болуп, аңкоолонуп

Байыркы эл, не байлардан кымтынасың?

Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,

Коштошордо кайгырып, муңкурадам.

Кош бол эми, Ала-Тоо, Кыргыз-Атам,

Ак карларың эрибес – Акак апам…

А мен болсо эмитен эрип атам,

Кош бол эми, Ата-Журт…

Кучагыңды кучактап… эркин жатам…

2001-жыл, май