Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады
Кыргыз Республикасынын Эл акыны Омор Султанов дүйнөдөн кайтты.
КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган.
1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, «Ала-Тоо» журналында эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын 2-катчысы, СССР Жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болгон. 1980–1986-жж. кайрадан Кыргыз Жазуучулар союзунун катчысы болуп, Кыргызстан коммунисттеринин XIII съездинде Борбордук Комитеттин мүчөлүгүнө шайланган.
2007-2009-жылдары Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасы болуп иштеген. “Жаңы Ала-Тоо” журналын негиздегендердин бири (2009).
ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан экрандаштырылган «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» ж.б. даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган.
Кыргыз прозасында мурда болбогон курч окуялуу жанрдагы «Пираты поневоле», «Остров дракона», «Таинственный всадник», «Вести с того света» деген романдардын сериясын орус тилинде жазып, (немец жазуучусу Лео Герман менен бирдикте) жарыкка чыгарган.
О.Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, монгол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж. б. тилдерге которулган. Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мистраль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1986-жылы Эл аралык Ысык-Көлдү коргоо фондун түзгөн жана анын президенти болгон. 2003-жылдан бери Кыргызстандын чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык бирлигинин вице-президенти, Кыргызстан-Тажик достук коомунун президенти, Москвадагы Эл аралык Жазуучулар союзунун тең төрагасы болуп шайланган.
“Тоо күндөрү” (1961), “Жылдыздуу түндөр” (1965), “Отузунчу станция” (1968), “Аэропанорама” (1970), “Улуу дайра” (1972), “Көз ирмем” (1975), “Аралдар арасында” (1976), “Чарчоонун жүзүнчү ыры” (1982), “Адамдын турмушу” (1986), “Ашуу төр” (2003), “Жан берели сүйүүгө” (2003) ж.б. китептери жарык көргөн.
1985-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардак наамы, 1995-жылы «Манас» эпосуна миң жыл медалы берилген. Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын ээси, II жана III даражадагы «Манас» ордени, Казакстандын Президентинин Жарлыгы менен «Астана» аттуу Алтын медаль менен сыйланган. 2007-жылы Женевадагы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалына татыктуу болгон. 2008-жылы Россиянын Ломоносов атындагы, Достук ордендери менен сыйланып, Россиянын коомдук тартипти сактоо жана коргонуу академиясынын академиги болгон.
1978-жылы Норильск, 1979-жылы Южно-Сахалинск, 1977-жылы Киров шаарларынын, 1989-жылы АКШнын Түндүк Каролина штатынын борбору Шарлотта шаарынын жана Астана шаарынын ардактуу жараны.
Кыргыз Республикасынын Эл акыны Омор Султановдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
КРУЖС Башкармалыгы