Чабыттуу жолдо
(жазуучу Мирзохалим Каримовдун чыгармачылыгына сереп)
Келгенинен кеткени тез, жыргалы менен таттуулугу дегеле бүтпөй калгансыган жаркын жана жарык бул дүйнөдө ар бир пенде аздыр-көптүр өзүнүн өмүрлүк вазийпасын «пешенеге жазылган» дегендей түркүн-түркүн шартта өтөйт. Адамдык парз-вазийпа канчалык байсалдуу, кайтарымдуу болгонун ошол адам өзү деле терең аңдап-биле бербей, ага бааны чөйрө гана берет да, өмүрдүн кайда өткөнү эмес, кандай өткөнү, же өтүп жатканы, коомго канчалык жакшылыгы менен алынганы анын накта нарк-баркы катары чыгат. Ошол сыңары, өзү башка жерден, башка улуттан болсо да, толгон-токой себептерден, ириде өздүк ишениминен улам башка бир элдин ысык-суугуна жаштайынан аралашып, ага ак дили менен кызмат өтөп, аны колунан келишинче ызааттап-барктап, өз эли менен ого бетер жакындаштырып, ынтымак-ырашкердиктин байсалдуу жолуна салуунун ушундай ары улуу, ары татаал вазипасын аткаруу үчүн жан үрөп иштеген ак жүрөк адамдар болот. Алар боло да келген. Текеберсинип өз элин (уруусун) башкалардан жогору кое салып, анысы менен атактуу болгусу келген көңдөй патриоттордун фонунда мындай адамдардын көздөгөн максат-мүдөөсү, бирөөлөргө колко кылбай эле жасаган иштери кай жагынан алсаң да бийик көрүнүп, терең урмат-ызаат сезимин жаратып турат. Кыргыздын узак жана татаал тарых барактарын ачып-жаап отурбай эле соңку жүз жылдыктын ары-бери жагындагы В.Радлов, М.Ауэзов, В.Поливанов, К.Мифтаков, К.Юдахин, С.Чуйков, В.Власов, В.Фере, С.Абрамзон, П.Шубин, В.Виноградов, А.Затаевич, К.Антипина, Ю.Худяков сыяктуу кыргыз элинин маданияты үчүн опол тоодой иштер аткарып кеткен, ошонусу үчүн «кыргыз залкарлары» деп ардакталууга, ар дайым эскерүүгө татыктуу айрым улуу адамдарды оозго алсак, алардын көбү жалган атак-даңкка бөлөнүп, анысы көзү өтөөр менен унутулган кыргыздын бир далай «өзүм» деген мыкчыгерлеринен жогору турары айкын болуп калат. Эки элди басташтырбай-достоштуруп, алыстатпай-жакындатып келген инсандарды ушундай себептерден улам асылзаада адамдар деп койсок бир жерибиз кемип калбасына бекем ишенип, заманга жараша аткарган иштеринин мүнөзү, масштабы жана багыты башкачарак болсо да жогоркудай ак пейилдүү адамдардын катары биротоло суюлуп кетпегенин көрүп, каниет кылып, куштар болосуң.
Элдерди бири-биринин тарыхы, салты, этнопедагогикасы, дүйнөтаанымы жана маданияты менен кең-кесири жана астейдил тааныштыруунун, өз ара түшүнүүнүн, алардын ымаласын бекемдештин эң сонун каражаты көркөм адабият экендиги эзелтеден белгилүү. Бул багытта М.Алимбаев, И.Жаканов, А.Нурпеисов, М.Шаханов сындуу казак, Миртемир, Т.Адашбаев сындуу өзбек, С.Липкин, Л.Лебедева, В.Коркин сындуу орус, Н.Байрамовдой түркмөн, К.Кулиев менен А. Теппевдей балкар, Ф.Мухаммадиев менен Аслам Адахамдай тажик адабияттарынын өкүлдөрү (дагынкысы дагы бар дегендей) кыргыз акын-жазуучуларын барктап, даңктап, эки элдин ортосундагы маданий элчилердин ролун өз эрктери менен аткара келишкендери маалым. Мына ушундай түйшүгү арбын, тилеги таза ишти аркалап келаткан бүгүнкү инсандардын алдыңкы сабында Мирзохалим Каримов аттуу коңшулаш тажик элинин уулу бар. Бирок аны адабият күйөрмандары кыргыз жазуучусу катары эле билишет. Мунун да өз жөнү, жүйөсү бар. Анткени ал тажик, кыргыз тилдеринде бирдей сүйлөп, бирдей жазат. Анын очерктери менен аңгемелерин, изилдөөлөрү менен повесттерин окуган адам аларды тажик жазганы оюна да келбейт. Себеп түшүнүктүү. М.Каримовдун аталган чыгармалары өзүнүн тилдик байлыгы, көркөм наркы боюнча белгилүү кыргыз жазуучуларынын жоон тобунан ашып түшпөсө, кем турбайт. Кыргыз турмушун, кыргыз адамдарынын кулк-мүнөзүн да алардан ашык болбосо, кем билбейт. Анын чыгармаларын ынтаа коюп окуган адам менин бул пикиримдин чындыгына ынанат.
М.Каримов эне сүтү менен бирге кыргыз тилинин керемет байлыгын кенедейинен жан-дилине сиңирип, мектепти да, университеттин журналистика факультетин да кыргыз тилинде аяктап (ага чейин армияда кызмат өтөп, чарбада бир канча жыл иштеп), мындан дээрлик жарым кылымга жакын мезгилден мурда улуу тоолордун чок ортосундагы Жергеталда (Тажикстан) эмгек жолун баштагандан бери далай суу акты, далай жаз келип, далай кыш оодарылып кетти. Заман-доор өзгөрдү, эл өзгөрдү. М.Каримовдун да капкара чачын бубак басты. Бирок анын жан-дилиндеги бир нерсе – кыргыз элине болгон кастарлуу сезим өзгөрбөй, өчпөй анысын колунан келишинче, үнүнүн жетишинче жарыялап келди, кыскасы кыргызга бүт өмүрүн арнады. Бир чети ушунун өзү эле аны ардактап, кайта-кайта «рахмат» дедиргиңди келтирсе, экинчиден анын чыгармачылыгы бул нээтиңди ого бетер бекемдеп салат.
М.Каримовдун эмгектери сан жагынан кыйла арбын, тема жана проблемалары боюнча да көп тармактуу. Ал «Жер жылдызы – Жерге-Тал» (1993) аттуу Тажикстандагы кыргыздардын этнографиясын жеңил тил менен жетик баяндап берген китеп жазып, аны андан ары тереңдетип, кеңейткен «Тажикстандык кыргыздар» (2007) деген диалектологиялык сөздүктү түзүп, өзүн мыкты этнограф, тил табиятын мыкты түшүнгөн илимпоз катары көрсөткөн. Анда тажик кыргыздарынын диалектилик сөздөрүнүн ажары тиешелүү мисалдар аркылуу таасын ачылып берилип, элдик ырлар менен макал-лакаптар да тилчи-адабиятчылар үчүн чоң кызыкчылык жаратпай койбойт. Бул жагынан ал өзүнүн устат агайы, залкар тилчи Жээнбай Мукамбаевдин ишин татыктуу улантты десек болот. Буларга удаалаш ал «Ата-бабалар табериги» аттуу кыргыздын салт-санаа, үрп-адат жана ырым-жырымдарын камтыган көлөмдүү эки томдукту (2012, 2016), Омор Хайемдун кыргыз, тажик, орус, өзбек, англис, фарсы тилдериндеги рубаилер жыйнагын түзүп жарыялаган.
М.Каримовдун котормочулук өнөрү өзүнчө чоң сөзгө арзыйт. Совет доорунда эле ал жалаң орус тилине же орус тилинен гана которуу салтынан чыгып, Ш.Садыбакасовдун «Ак боз ат» драмасын кыргыз тилинен өзбек тилине (1983), «Хадис» деген аталыш менен Мухаммед пайгамбардын осуяттарын (1991), «Апендинин жоруктарын» (19910), «Өмүр өтсүн сени деп» аталышындагы кыргыз-тажик акыны Ш.Абдразаковдун ырларын (2010), С.Давлатовдун «Мен жана акча» (2011), Ф.Мухаммадиевдин «Биздин Чынгыз» (2017) аттуу публицистикалык жана көркөм адабий чыгармалардан турган китебин тажик тилинен кыргыз тилине которуп, жарыкка чыгарды. 2016-жылы Курбон Саттор тарабынан кыргыз тилинен тажикчеге которулган А.Осмоновдун «Көл толкуну» («Кул тулкини») аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагы да М.Каримовдун адис-редакторлугу менен басылып чыккан. Ал эми 1991-жылы «Тажик жазуучуларынын повесттери жана аңгемелери» жарык көрөт. Тажик тилинен кыргыз тилине М.Каримов тарабынан тикелей которулган бул жыйнак ошол кездеги котормо жаатындагы жаңылык катары кабылданган эле. Анда тажик адабиятынын классиги С.Айниден тарта Жалол Икрами, Фатех Ниязи, Фазлиддин Мухаммадиев, Мехмон Бахти, Рахим Жалил, Жумо Одинаев, Саттор Турсун өңдүү белгилүү тажик жазуучуларынын повесттери жана аңгемелери орун алган болчу.
Ошентсе да, адегенде сөздү адамдык жана чыгармачылык тарбиянын булагы болгон Ч.Айтматов менен Ш.Садыбакасовду устаттарым деп өзгөчө кастарлаган М.Каримовдун «Адам жана заман» (2017) аттуу соңку басылмасынан баштоо керек болуп турат. Автордун мурдакы жана кийинки «Ок атышпай касам кылгын, кыргыз-тажик урпагым» (Манас-Ата менен Санирабига-Эненин монологу), «Алааматка алпарчу жол» (Күн-Ата менен Жер-Эненин диалог-монологу) сыяктуу тикелей «Манас» менен Ч.Айтматовдун чыгармаларынан өнүп чыккан кыргыз, орус, тажик тилдериндеги монологдору, публицистикалары, маектери жана котормолору топтолгон бул чакан китептеги «Айтматовдун дидарына зар болуп» аттуу очеркке назар салбай кетүү мүмкүн эмес. Ал 1989-жылы эле жарык көрсө да Ч.Айтматов тууралуу жазылган эсепсиз эскерүүлөр менен очерктердин алдыңкы сабынан орун алгыдай салмагы бар чыгарма. Себеби анда улуу жазуучу тууралуу, ага болгон ченемсиз кастарлоонун башка элдердеги башаттары тууралуу нукура чындык бар. Жасалга, көшөкөрлөнүү же көбүртүп-жабыртуу жок. Болгону жүрөк-жүлүнүңдү аралап өтүп, кыргыз уулу Ч.Айтматовду тажик элинин бир үй-бүлөсү канчалык ак пейилден урматтоосуна көңүлүңдү куштар кылган, бир гана чакан окуя бар бул очеркте. М.Каримов анда таланттуу тажик журналисти Максуджан Хусейнов менен жолугуп, атактуу повесттин каарманынын урматына Жамийла деген ысым берилген анын 7-8 жашар кызы менен жаркылдаган жубайынын колунан даам сызып, ошол кезде эле даңкы таш жарган улуу жазуучу тууралуу маектешүүсү тууралуу сөз кылат. Максуджан Ч.Айтматовго бир жолукканга эки көзү төрт болуп, Фрунзеге атайын эки жолу келип жолу болбогонун айтып, өкүнөт, 1976-жылы Чынгыз Душанбеге Кыргызстандын маданият күндөрүнө келгенде тажиктердин сый кийминдеги фотосүрөтүн көрсөтөт. «Биздин Чынгыз» деген сонун очерк жазган Ч.Айтматовдун котормочусу, ал кезде көзү өтүп кеткен Ф.Мухаммадиев тууралуу да сөз кылышат. Дүйнөнүн тең жарымын кылыч менен багынткан Чынгызхан менен бүткүл дүйнөнү калем менен багынткан Чынгыз тууралуу Мирзо Турсун Заденин учкул сөзүн мына ушул Ф.Мухаммадиев таратып жиберген экен. Автордун маектеши М.Хусейнов болсо 1992-жылдардагы саясий жаңжалда курман болуп, артында кыргыз жана тажик элдеринин кызындай болгон Жамийласы калат. М.Каримов очерктин 2017-жылкы басылышына арадан 20 жыл өткөндөн кийин эчак үй-бүлө күтүп, ата жолун – журналисттик кесипти улаган Жамийлага жолукканын, Ч.Айтматовго ал дүйнөдөн көзү өтөргө жакын гана ушул очерки басылган «Каратегин» аттуу китебин тартуулап, анын оозунан алкоо сөз угууга үлгүрүп калганын кошумчалайт. Болгон окуя ушул. Бирок очерк карапайым көрүнгөн окуялар жана ой-толгоолор, диалогдор жана монологдор аркылуу Ч.Айтматовго болгон чыныгы окурмандык (адамдык) сүйүүнү даңазалай алгандыгы менен баалуу. Айтылгандай анда жазуучуну курулай мактоо, ыксыз суктануу жок. Бирок анда табигый жана чыныгы сезим бар, өзүлөрүн Ч.Айтматовдун өзү, анын айтылуу чыгармалары менен каармандарына тагдырлаш, танапташ катары карай билүү, сүйүү, арман жана трагизм да бар. Андан Ч.Айтматовго болгон ченемсиз урматтоо сезиминин илеби уруп турат да, биздин ага болгон сыймыктануубузду арттырып, тереңдетет. Очеркти окуп Ч.Айтматовдун кыргыз уулу болгонуна дагы бир ирет каниет кыласың. Ф.Мухаммадиевдин очерки да ушундай. Мына ушундай сапаттары менен бул эки очерк Ч.Айтматов тууралуу жазылган эң мыкты көркөм-документалдык чыгармалардын катарынан орун алат.
* * * * * *
Булар эми М.Каримовдун өмүр жолунда көп мээнетти талап эткен, анын чыгармачылык жүзүнө жарык чачып турган маанилүү эмгектер болгону талашсыз болсо да, анын портретин, чыгармачылык диапазонун толук ачып бербейт. Анткени М.Каримов – ириде жазуучу, болгондо да мыкты жазуучу-прозаик. Ч.Айтматовду кээде орус адабиятынын залкар өкүлү катары карашкандай эле, М.Каримовду да накта кыргыз жазуучусу десек аша чапкандык болбойт. Анын студент кезинде жазылган алгачкы аңгемелеринин бири «Мажүрүм тал» 1981-жылы Н.Каримов. А.Текинаев, Р.Рыскелдинова, К.Кушубеков, Ж.Жапиев, Н.Сайдуллаев сыяктуу жаш жазуучулардын аңгемелери менен бирге «Тоо булагы» жыйнагына киргизилсе, «Тун уул» (1985) аттуу жакшы эле аңгемеси кийинки жыйнактарынын биринен да орун алган эмес.
М.Каримов – жогоруда саналган чыгармалардан тышкары «Арман», «Соолуган гүл», «Кыз күйүтү», «Бакма бала», «Жетим ата», «Сүйүү баяны», «Жаза», «Түйшүк», «Тирүүлөй жетим» сыяктуу ондогон аңгемелердин, «Кыя жолдор» жана «Зындан» повесттеринин автору. Алар анын «Мажүрүм тал» (1983), «Кыя жолдор» (1985) «Каратегин» (2007), «Алтын көпүрө» (2012), «Зындан» (2012) жана «Кыз күйүтү» (2014) аттуу китептерине топтолгон. Аларда бир катар очерктер, маектер, сатиралык-юмордук чыгармалар (автор аларды «күйдүргүлөр» деп атайт), макалалар жана жогортодо айтылбай кеткен бир топ котормо чыгармалар да бар. Көрүнүп тургандай М.Каримовдун көркөм-адабий чыгармаларынын саны көп эмес. Бирок кеп анда эмес.
М.Каримовдун прозасы кесипкөй адабиятчылардын алкоосуна татый келгени менен аны ушул кезге чейин кең-кесири талдаган эч ким болбоду. Анын чыгармачылыгы күүсүнө келген маалда эгемендүүлүк дооору келип, адабий басылмалардын бары-жогу билинбей, адабиятчы-сынчылардын катары суюлуп, калгандары башка тармактарга ооп кетишти. Бирок баары бир, эртедир-кечтир дегендей М.Каримовдой жазуучунун чыгармалары өз баасын алыш керек. Маселен, белгилүү акын Карбалас Бакиров тилинин ийкемдүүлүгү, түшүнүктүүлүгү, автордун адамдын психологиясын жакшы билгендиги, философиялык ойлорго байлыгы үчүн М.Каримовдун аңгемелерине жогору баа бере келип буларды жазат: «Мирзохалимдин чыгармалары адамдын жан-дүйнөсүн ыпыр-сыпыр таштандылардан арылтат, тазалайт. Жеке адамдын жалпы ааламдагы тазалануусуна жол ачат. Чыгармаларындагы ар бир каармандын тагдырлары ар башка, бирок тарбия бере турган жактары көп… Кайсы гана чыгармасын окубагын, баары тең бышып жетилген» (1,11-б.). Ал эми белгилүү адабиятчы-сынчы Аскар Медетов М.Каримовду Ш.Дүйшеев, К.Урманбетов, А.Матисаков, Б.Усубалиев, М.Апышов сындуу бүгүнкү кыргыз адабиятынын белсемдүү тобунун нукура өкүлү катары карап буларды белгилейт: «М.Каримовдун чыгармаларында памирлик, каратегиндик кыргыздардын айылдагы турмушу, мүнөзү, ички дүйнөсү абдан ишенимдүү тартылган… Анан бул жазуучунун чыгармаларындагы дагы бир өзгөчөлүк – көркөм чындыкты образ менен жалпылаштырып келип, аягында бир сүйлөм түрүндө жыйынтык чыгаруу көнүмүшү. Бул биздин көп жазуучуларыбызга мүнөздүү эмес. Балким, мында фарси-тажик классикалык адабиятынын да таасири тийгендир. Ушул жагынан алганда ал кыргыз адабиятындагы аңгеме жанрына өзгөчө илеп, дем менен келип кирди» (2).
Бул айтылгандар жаман пикирлер эмес, тескерисинче өтө жогору баа. Мындай «бааларды» көптөгөн акын-жазуучулар эңсеп жүргөнү да жашырын эмес. Бирок булар М.Каримовдун чыгармаларын ар тараптуу талдоолордун негизинде эмес, дүңүнөн айтылган пикирлер болуп эсептелет. Мына ушул кенемтени толтуруу максатында биз да жазуучунун аңгемелери жана повесттери тууралуу кененирээк ой калчап, өз оюбузду ортого салып көрөлү.
М.Каримовдун прозасында сюжетти ыксыз татаалдаштыруу, обу жок ойкуп-кайкыган баяндамалар, ой-толгоолорду көмүскөлөп, кыйытуу же чубалжытып акыл айтып, жасалма жана кургак ойчулдук кылуу дегендер дээрлик жок. Бардыгы жөнөкөй жана ачык-айкын, бардыгы турмуш чындыгына шайкеш. Бул сапаттар анын прозасынын артыкчылыгын түзүп, окурманга өтө жеткиликтүү жана жугумдуу кылып турат. Стиль да ыксыз чоюлбай, татаалдаштырылбай, жыйынтыктуу келип, эмоционалдык-экспрессивдүүлүк жактан баян этилген окуялардын мүнөзүнө, ыргагына төп келет да, турмуш-тиричилик интерьерлери, портрет, пейзаж, кыймыл-аракет, психологиялык толгонуулар, персонаждардын кеп-сөзү нукура реализмдин салтына ылайык келип, көркөм жугумдуулугу жана элестүүлүгү, таасирдүүлүгү менен өзүнө тартып турат. Анын чыгармаларынын көбүндөгү конфликт субстанционалдык даражада, б.а., ошол маалда, ошол шартта оңой менен чечиле койбос мүнөздө болуп («Жетим чал», «Жашоодон тойгон кемпир» ж.б. аңгемелери), көбүнчө трагедиялуу финалдын келип чыгышына себепкер болот. Ч.Айтматов айткандай «адамды трагедияга абийир, намыс түртөт». М.Каримовдун каармандары да мына ушундай ыймандуу жана намыскөй адамдар. Бирок ошол кырдаал жана анын финалы жалган сюжеттик курулмалардан эмес, тескерисинче объективдүүлүктүн өзүнөн келип чыгып, толук ишеним жаратат, аны менен катар ага берилген автордук баа-ченем да таңууланбай, окурмандын өздүк ой-бүтүмдөрүнө кенен жол берилет. Жазуучуну ириде турмуштук кыйчалыш кырдаалдар кызыктырат, кырдаал-шарттын курчтугу бүтүндөй аалам-дүйнө болбосо да, анын бир катаал учуруна тушуккан адамдардын андан аркы тагдырлары, андан аркы үзүлүп же уланчу өмүр жолдору үчүн бүтүндөй аалам-дүйнөдөй эле глобалдуу мааниге ээ экендиги анын тынчын алып тургандыгы байкалат. Ушундан улам ал каармандардын келбет-портретине, кулк-мүнөзүнө, кыймыл-аракет өзгөчөлүктөрүнө анча маани бербегенсийт. Бирок мындай өзгөчөлүк дейбизби, мүчүлүштүк дейбизби – көп прозаиктер дамамат баам салган, кай бирлери каармандардын так ушундай жактарына тигиле карап, эзмелегенге чейин сүрөттөгөн көрүнүштөр М.Каримовдо кемчилик катары деле көрүнбөйт, байкалбайт. Болгону, анын жазуу стили, турмушка, адамга карай автордук нравалык-гуманисттик позициясы ушундай деген бүтүм келип чыгат. Бирок мындай ыкма жогорку аңгемелердин ийгиликтүү чыгышына өбөлгө болгону менен ал баардык учурларга жарамдуу универсалдуу каражат боло бербестиги да белгилүү.
Көркөм адабиятта жанрдык, тематикалык «ачылыштар» боло бербейт. Аны бул жагынан консервативдүү искусство дегенибиз жөндүү, б.а., кыргыз, орус, япон, казак, испан (ж.б.) адабияттарында асты жүздөгөн жылдардан бери жазыла келген баягы эле аңгеме, баягы эле новелла, баягы эле повесть дегендердин алкагында баягы эле адам тагдырлары, жай турмуш жана андагы түркүн кагылыштар менен жарашуулар, үй-бүлө, коомдук эмгек, кулк-мүнөздөр менен иш аракеттердин шайкештүүлүгү жана тирешүүлөрү, баягы эле адам мүнөздөрү, баягы эле адам менен табият маселелери ар бир сүрөткердин чама-чаркына, өздүк позициясына жараша чагылдырылып келет. Демек, кептин баары чыгарманын ичинде, мазмунунда жатат. Кайсы жанр болбосун автор анын көлөмүнө жараша канчалык мазмун сиңирип, ой-кыял чабытынын тереңдиги жана турмуштук материалдын сыйымдуулугу, көркөм элестүүлүгү жана ынанымдуулугу боюнча канчалык чеберчилигин көрсөтө алды деген айтканга оңой, жөнөкөй, аныгында болсо оңбогондой оор маселеге барып такалат. «Тигил атагы чыккан жазуучу жазган теманы андан мурда мен деле жаздым эле. Анан эмнеге эле…?!» деген айрым авторлордун өкүтү, арманы бул жерде ошол «оңбогондой оор» талант, изденүү, чеберчилик өңдүү чечилбеген, «мен мындаймын» деп өзүн ачып көрсөтө бербеген түйүндө томолоктошуп жатканын эске алсак, жанр менен теманын өзү, анын актуалдуу жана актуалдуу эместигине карап мамиле кылуунун өзү эч нерсеге кепилдик боло албайт. М.Каримовдун «Соолуган гүл» аңгемеси өткөн кылымдын 50-60-жылдарынан тарта кыргыз прозасында кыйма-чийме жазылып, бирок бири да анын тарыхында байкаларлык из калтырбаган темага арналыптыр. Ал – айылдан шаарга «окуйм, адам болом, бактылуу болом» деген ак тилек менен келип, түркүн себептен, көбүнчө өзүнүн жаза басууларынын айынан мүңкүрөп калган кыз тагдыры тууралуу. Айтылгандай, окурмандарга оголе таанымал тема. М.Каримовдун бул аңгемесин начар дешке ооз барбайт. Баары эле өз ордунда сыяктуу. Жазуучунун сөзгө чебердиги, каармандардын кулк-мүнөзүн, психологиясын мыкты биле тургандыгы талашсыз. Бирок темага өзүнчө, индивидуалдуу мамиле жок болуп, жазуучу тапталган жол менен кеткендиги айдан ачык. Бирок аны кандай жазыш керек эле деген суроого мен да жооп бере албайм, анткени мен жазуучунун устаты, мугалими эмесмин. Бирок пикирим ушундай. Болгону даяр турмуштук материалга, Жыпаргүл деген татына кыздын кейиштүү тагдырына жазуучу башкачараак призмадан карап, башкачараак көркөм иштетүүдөн өткөрсө болмок дегенден башка аргам жок. Кайталай кетсем – аңгеме жакшы жазылган. Бир кездеги М.Токобаевдин «Кайгылуу Какейи» менен К.Жантөшевдин «Карачачы» сындуу коом турмушу үчүн актуалдуу маселелер алгач көтөрүлгөндүгүнөн улам адабият тарыхында калып, бара-бара өз маанисин жоготкон драмалары сыяктанып М.Каримов да бул теманы биринчи «ачкан» болсо, сөз башкача болор беле!? Балким, ошондой болмок. Бирок жазуучу бардыгы жайында турган, бир караганда эч бир доомат коюуга мүмкүн болбогон бул аңгемеси менен көнүмүшкө айланып кеткен социалдык маселеге жаңы боек сүртө албай, эч кандай каршылык да, эч кандай колдоо да жаратпаган курч турмуштук кырдаал менен ага тушуккан Жыпаргүлдүн тагдырын оозеки аңыз кептей баян этип, алар окурманды толкундантып деле жибербейт. Бул аңгеме тууралуу мындан ашык-кем сөз айтуу кыйын.
М.Каримовдун калган аңгемелери тууралуу кеп башка. «Көз ачып сүйгөн эркек» жана «Жашоодон тойгон кемпир» аңгемелерин бир катарга койсок, экөө тең карама-каршы, контрасттуу жана мүшкүлү менен кубаныч-ачуусу ширеле келген адам тагдырларын көз алдыга келтирип, алар кечээки жана бүгүнкү турмуштун бир үзүмү эле эмес, дегеле кыйма-чийме жолдору эсепсиз турмуштун көркөм жана ынанымдуу элестери экенине ынанбай кое албайсың. «Көз ачып сүйгөн эркекте» көңүлдөрү көктөп, өмүрлөр гүлдөп турган жапжаш кезде ар дайым боло келген, ар дайым себебин эч ким түшүнүп, же түшүндүрүп бере албаган шарттардан улам өмүрүн бирге өткөрө алышпай, экөө тең оокат-дүйнөсү жетиштүү, бирок көңүлдөгү арзуу сезимдин арманын дамамат билип, айласыз турмуш куруп, далай жылдар өткөрүшкөн Азамат менен Канымгүлдүн эми минтип он алты жылдан кийин дагы да кыйчалыш жол басып, кыйналып жашаган өмүр өлчөөсүн артка таштап табышканы, ошентип «бактылуу болуунун, бакыттын кайра табуунун» айтып бүткүс учуруна дуушар болуулары баяндалса (бул сюжет кийин жазуучунун «Зындан» повестинен орун алганын эске ала кетели), «Жашоодон тойгон кемпирде» бир убакта бардар жашап, өкүнүч-өксүктөрдү анча байкоос ала бербей, эртелеп көзү өтүп кеткен күйөөсүн жоктотпой уулу менен эки кызын эч кимден кем кылбай эрезеге жеткирип, бирок алардан ак эмгегине кайтарымын көрө албай, карылыкты кадырын билген жан менен бирге тосууга бел байлап, анысын таап, тапканы менен андан да аргасыз айрылып, же «үйдө жок, же Чүйдө жок» абалда калып, өз жанын өзү кыйган Айсананын тагдыры баян этилип, бул экөө тең окурмандын жүрөгүн эзип, кээде жакшыны жардан алыс ыргытып, жаманды жаркыратып салган, кокустукпу же андай эмеспи – бул көйгөйү менен кубанычы ээрчише жүргөн, күтүлүп-күтүлбөгөн ой-чуңкурлары толтура адамдар турмушу, пенделик тагдырлар тууралуу ой калчоого мажбур кылган мыкты аңгемелер болуп эсептелет. «Арман» аңгемесин карьера, кызмат деп жүрүп, энелик, адамдык бакыттан, анын түйшүгү менен рахатынан кол жууп, өмүр чегине жеткенде гана ошонусун түшүнгөн, бир кезде эч кимди теңине албаган, эми болсо эч ким анын өзүн эсине албаган аялзатынын (Нисалаткандын) кыскача биография-летописи, тирүү өлүккө айланган адам тууралуу реквием деп карасак болот.
М.Каримовдун ушул жана башка аңгемелеринен улам эмне үчүн майда-барат көрүнгөнсүгөн адам тагдырларын – андайлар кадам сайын кездешет: күйөөсүн сүйбөй өмүр кечирген, жолдошунан эрте айрылган, үй, оокат-мүлк талашып, кызыл кыргын болгон, жаш кезде табыша албай, кийин-кийин, баарына кайыл болуп, издешип-издешпей кездешкен деген өңдүү окуялар, тагдырлар толуп жатпайбы, алардын эмнеси кызык, эмнеси өзгөчө деп доомат коюуга болот дегениң менен аңгемелерди окуп чыккан соң анын орунсуздугун сезбей кое албайсың. Себеби жазуучу адам тагдырларынын «пешенеге жазганын көрөсүң» деген сыяктуу объективдүү кырдаал-шарттары менен бирге субъективдүү, адамдын өзүлөрүнүн кыял-жоругу, түшүнүк-деңгээлдеринин аралашмасынан, алардын кош бирдиктүүлүгүнөн келип чыккан эбеп-себептерин узак, тажатма сөздөргө алдырбай, кыска жана нуска сүрөттөп берип жатса, алар окурманды чын эле түйшөлтө алган, окуялардын, кыял-жоруктардын мотивациясы (алардын кемчил көрүнгөн айрым жактары боюнча доомат койчу учурлар бар экендигине карабай) боюнча турмуш чындыгына сугарылган, чакан, бирок жугумдуу, образдуу көркөм картиналар экендигин көрөсүң. Демек бул аңгемелер шапа-шупа жазыла калбай, автордун ой элегинде эчен ирет чыпкаланып отуруп жазылып, анын гумандуу позициясын чагылдырат. Гуманизм, б.а., адамгерчилик, ыйман-ынсап маселелери М.Каримовдун дээрлик бардык чыгармаларын аралап өтүп, ал «канткенде адам уулу адам болот?», «эң кыйыны – адамга күн сайын адам болуу» деген Ч.Айтматовдун өзөктүү жана түбөлүктүү суроолоруна өз бетинче жооп берип, бул жагынан кыйла натыйжалуу жолдо келе жатканы анык. «Жетим ата» аңгемеси да биздин ушул оюбузду бекемдейт. Жогоркулардай эле мында да адам тагдыры, анын кейиштүү финалы баяндалганы менен аларды кайталабай, башкача өңүттөн сереп салынат. Мында трагизм алда канча күчтүү жаңырып, ачуу кыйкырык деңгээлине жеткирилет. Бирок анын себеби адамдын эрк-каалоосуна баш ийбеген шарттарга эмес, адамдар өзүлөрү эле «автор» болуп эсептелген, өзүлөрү эле «акыл-эстүүмүн, туура эле жасадым» деген жагдайларда жатат. М.Каримов – турмуштук кырдаалдарды, адамдардын адамдык нарк-насилдерин, кыял-жоруктарын, алар аркылуу акырындап түптөлгөн, акырындап «болчусу болуп», калган адам тагдырларын тымызын карама-каршы коюп, көмүскө контрастуулукка боеп сүрөттөгөнгө чебер жазуучу. Анын ушул сапаты аталган аңгемеде айрыкча ачык көрүнөт. Анда эки тагдыр бар. Бирок алар жасалма, ойдон чыгарылган тагдырлар болбостон, бири дачада жалгыз турганы менен бала-бакырасынын сый-урматына тунуп жашаган, ошондон улам өзүн бактылуу сезип, шайдоот алып жүргөн Мадина кемпир болсо, экинчиси – ошол Мадина кемпир жектегенинен эмес, аяганынан «жетим чал» атка конгон, кемпиринен, оокат-мүлкүнөн гана эмес, пенсиясынан да уул-келини тарабынан жылуу-жумшак ажыратылып, акырындап кароосуз, керексиз болуп калган, өз балдары унуткан, так ошол ахвалынын оорчулугунан улам өз жанын өзү кыйган Алдаяр чал. Тагдырлар бир чети жакшы-жаман үзөңгүлөш жүргөндөй окшош, үндөш, бир чети каршылаш, бирок анын себептери ар түркүн. «Жашоодон тойгон кемпирдеги» Айсана менен бул аңгемедеги Алдаяр чалдын кейиштүү өмүр финалдары турмуш оорчулуктары менен эмес, адам чыдагыс ошол оорчулуктарды жараткан адамдардын, болгондо да эң жакын, кыйбас адамдардын мерездиги жана эгоизми менен шартталат. Дүйнөдөгү эң жакын адамдарың сенин жашоо-тирилигиңе, тагдырыңа кайдыгер болсо, демек алар коомго, элге, башкаларга канчалык керектүү адам боло алышат деген соболду ачык койбогон күндө да, алар окурманды «адам» катары ичиркентип турат. Экинчиден, өз жандарынан кечкен Айсана менен жетим чал Алдаяр экөө тең каруу-күчкө толуп турган кездеринде үйүндө да, сыртта да урмат-сыйлуу адамдар эле. Анан алар кантип ушундай тагдырга кириптер болушту? Ким күнөөлүү? Себеп эмнеде? Бул суроолордун тегерегинде ой калчаган окурман ушул адамдардын трагедиясына дагы эле алардын эң кымбат адамдары себепкер экенин көрүп, күйгүлтүккө түшөт. Айып алардын өзүлөрүндө да болуп жүрбөсүн, кезегинде алар балдарын тиешелүү адамдык нарк-насилдин бийик касиеттерине тарбиялай албай калышкан болбосун деген күдүк ой да кылтыйып турат. Маселе ушунда. Автордук баа-ченем ушундай жана ал окурмандын жүрөгүнө жетип, анын кайсы бир ыптасынан орун сурап турат. Сюжет түз сызыктуу болсо да, М.Каримовдун аталган аңгемелерине композициялык бүтүндүк жана жыйынтыктуулук мүнөздүү нерсе жана көркөм адабиятта эзелтеден бери келаткан мындай салттуулук алардын толук өз алдынчалыгы менен бирге бүгүнкү кыргыз турмушунун жан кейиткен жактарына толук төп келип тургандыгын гана айгинелейт.
Дегеле, М.Каримовдун аңгемелеринде көйгөйү көп турмуштун, миң-сандаган адамдар канча болсо, ошончо тагдырдын кайгы-мүшкүлдөрүнө, анын ар дайым боло келген шаң-салтанатына, жыргалына көлөкө түшүргөн кичине-чоң трагедиялуу учурларына көбүрөөк басым жасалат. Бирок жазуучунун аңгемелери адамдын турмуш-тагдыры үчүн кичине-чоң трагедия болбой турганын, кайгы-мүшкүл, трагедия дегениң дайым эле элге, ааламга дүң болгон окуялар гана эмес, адамдардын жан-дүйнөсүндө болгон жарылуулардан, чукул өзгөрүүлөрдөн, чарпылып-чачырап, кыйсыпыр болуулардан да тураарын ырастап, так ушул учурларга терең назар салынат. Анын көп жазуучулардан өзгөчөлүгү мына ушунда турат. Ал сыртынан байкала бербеген, адеп баамга көп урунбаган турмуш көрүнүштөрүнүн кейиштүү жактарын адамдын аң-сезиминдеги, дүйнөтаанымындагы бурулуштарына ыксыз жасалмалап, жасалгалабай табигый нукта байланыштырып, табигый агымында сүрөттөй билет. Бул чоң жетишкендик. Так ушундай сапаттар кыргыз адабиятында М.Элебаевдин «Бороондуу күнү» менен А.Токомбаевдин «Күүнүн сыры» аңгемелеринен тарта орун алып, кийин М.Гапаров менен А.Саспаев (ж.б.) жана андан кийинки чебер калемгерлердин чыгармачылыгында өрүш алып, өсүп-өнгөн десек, М.Каримов аларды кайталаган дегендик болбойт. Алардын баарындагы объект бир – кыргыз коому, анын кечээкиси жана бүгүнкүсү, түркүн адамдары болсо да, М.Каримовдун аңгемелериндеги көркөм дүйнө алардын эч бирине окшобойт. Дүйнө, аалам, алардын ичинде ар бир адамдын дүйнөсү, ааламы ушунчалык кең жана чексиз, татаал экен, таланттуу жана иштемчил, изденгич сүрөткер андан өз ордун табат. М.Каримов кыргыз прозасында мына ошондой өз ордун тапкан жазуучу экендигин, ар бир сүрөттөө объектисине анын өздүк мамилеси, көз караш-позициясы бар экендигин, алар эбак калыптанып бүткөндүгүн, бирок изденүү процесси үзүлбөй, үстү тынч, асты буркандаган дайрадай агып жаткандыгын анын башка чыгармаларынан да көрсөк болот.
М.Каримовдун «Зындан» же «махабаттан ок жегендерге» деп автор кошумча аталыш-түшүндүрмө берген повести 5-6 жыл мурда жазылып, 2012-жылы өзүнчө басылып чыккан. Повесть кызыгуу менен окулат. Анын борборунда турмуштан жолу болбогону менен жакшы адам, мыкты адис катары ишенимдүү сыпатталган Мирсаид менен жапжаш, сулуу кыз Альфия турат да, калган каармандар мына ушул экөөнүн тегерегине топтоштурулуп, алардын образдарын толук кандуу ачып берүү ишине кызмат өтөшөт. Бирок алардын бир тобу өзүнчө жүзү, кулк-мүнүзү жана тагдыры бар адамдар иретинде эсте калса, чыгарманын көйгөйү көп бүгүнкү турмуштан алынышы, кадам сайын болбосо да, көп эле кездешүүчү окуялардын, кулк-мүнөздөрдүн жана тагдырлардын бекем айкалышта жана кагылыш-тирешүүлөрдө берилиши повесттин окумдуулугун арттырып, биз өзүбүз эле угуп, көрүп, күбө болуп жүргөн көрүнүштөр тууралуу кайра бир ой калчап көрүүгө аргасыз кылат. Демек, мындан чыгарма мыкты жазылган деген бүтүм келип чыгат. Албетте, ыгы жок кычаштык кылсак, повесттен бир топ кемчиликтерди сууруп чыгып, айрым деталдык так эместиктерди апыртып чоң маселеге айлантып жиберүүгө болмок. Бирок аларың чыгарманын жалпы идеялык-көркөмдүк нарк-салмагына келгенде майда-барат катары көрүнүп, анын салмагын түшүрүп жиберүүгө жарамсыз болуп чыгат.
Ошентип, повесть эмне жөнүндө жана жазуучу эмнелерди зар какшап, окурманга эмнелерди жеткиргиси келет, Альфия, Османбей, Мирсаид, Сарагүл, Майкл Карлсон, Камила, Надежда, Катя дегендер кимдер? Мына ушулардан эле чыгарма кыргыз-калмак согушу же Ала-тоого орус оторчуларынын келиши, Ата-мекендик согуш же басмачылар жөнүндө эместиги түшүнүктүү болуп калат. Себеби каармандардын ысымдары деле чыгарма эмнелер жөнүндө, кайсы мезгил жана кандай адамдар тууралуу экендигин анча-мынча болсо да кыйыта алат экен. Бул ысымдар кийинки чейрек кылымда гезит беттерине үстөккө-босток жарыяланып, жупкадай же тепкедей формата базарлар менен күркөлөрдө тынбай сатылып, алып- сатарлар менен шуркуялар, ууру-кескилер менен «жаңы киргиздер», төшөк кумарын жашоо-тирилик менен бакыттын туу чокусу деп түшүнгөндөр тууралуу чыгармаларды эске салып жаткан жокпу? Ачык айтыш керек – эске салат, анча-мынча болсо да. Андай чыгармалар жүздөп жазылды, бир окулду да, баш-аягы жок жагымсыз түштөй унутта калды. М.Каримовдун повести болсо, андай чыгармалардын катарына кирбейт. Демек, ысымдарга байланыштуу адепки баа-ченем жалган болуп эсептелет.
Чыгарма кыргыз турмушуна эгемендүүлүк менен кошо күргүштөп келип кирген, мурда сейрегирээк кездешип, эми кадыресе көрүнүш боло баштаган адамдык мамилелердеги өөдө-төмөндүктөрдү ачык-айкын сүрөттөөдөн, сурайылдай сулуу Альфия менен «көкүрөгүн капкара жүн баскан, тармал чач, булчуңдары таштай түйүлгөн, көздөрү кыйыгыраак, отуз-отуз беш жаштагы» түрк жигити Османбейдин эң алгачкы төшөк кумары бүткөндөн кийинки диалогу менен башталат. Андан кийинки каарман өзүнөн 22 жаш кичүү ошол Альфия «кызга» аныгында эле ашык болуп, арыдан-бери үйлөнө салып, анын далай азабын тарткан Мирсаид ак пейил, жакшы адам катары сыпатталганы менен бирде симпатия чакырса, бирде аңкоолугу менен кыжаалат кылган адам катары көрүнөт. Өз максатына, байгер жашоого жетүү үчүн бардыгына даяр туруп, башка адамдардын таза ой-сезимдери гана эмес, тагдырларына балта чаап, басып кетүүгө даяр турган Альфия улуттук адабиятта бир чети жаңы каармандардын көч башында турса, экинчиден адеп-ахлактык принциптерден, нормалардан өзүлөрүн оолак кармаган, алардан өзүлөрүн «жогору» койгон образдар адабиятта боло келгенин эске алсак, ал «жаңы» каарман деп эсептеле деле бербейт. Себеби, эркек же ургаачы экендигине карабай мындай каармандар адабиятта өзүнчө бир типти түзүшөт. Бирок кыргыз адабиятында азыркы оомал-төкмөл турмуштун болгон тескери сапаттарын кайдан-жайдандыр өзүнө топтоп, «сырты жалтырак – ичи калтырак» түрүндө коомдук аренага чыга келген персонаждар элдир-селдир образ деңгээлине эптеп жеткидей чамасы бар «көчө» адабиятында гана бар экенин көңүлгө алсак, Альфия ар тараптуу жана кыйла терең иштелгендиги менен жаңы каарман болуп чыга келет. Ал – соңку кыргыз коому жараткан, айлакер-шумпайлыгы, алдым-жуттумдугу жана аксымдыгы кашкая көрүнүп турган, бирок анысын таңгалаарлык чеберчилик менен жаап-жашыра билген, өзүмчүлдүгү ашып-ташып турган «жаңы коомдун» нукура өкүлү. Мирсаид, Османбей, Майкл Карлсон, Катя (Альфиянын устаты жана курбусу) дегендер да жаңы коомдук шартта аренага келген персонаждар катары оң-терс адамдык нарк-насили менен автор тарабынан кыйла кеңири жана эң негизгиси – көркөм ынанымдуу сыпаттоодон өткөрүлөт да, айрымдары кирди-чыкты образдар катары чыгармадагы негизги коллизиялардын өнүгүп, чечилишинде анча деле маанилүү роль ойношпосо, кээ биринин ага катыштыгы олуттуу болуп эсептелет. Жазуучу айрым учурларда гана түшүндүрмө бербесе мындай каармандардын образдарын көбүнесе күнүмдүк жүрүм-турум, кыял-жорук жана иш-аракет процесстеринде ачып берүүгө басым жасайт. Диалог жана монологдор да бул иште маанилүү роль ойноп, алар көркөм реалдуу мүнөздө берилет.
Мына ошол «жаңы» дей турган каармандар тобуна чыгармадагы борбордук кейипкерлердин бири, Мирсаид иштеген чет элдик басмакананын жетекчиси Майкл Карлсон да кирет. Ал ак жүрөк, пейили да, иш-аракети да таза, «алтын адам» (автордун бүтүмү боюнча) иретинде сүрөттөлгөнү менен, адегенде чындап эле Альфияга үйлөнүү ниети болгон түрк жигити Османбей сыяктуу кайсы бир деңгээлде декларативдүү, бир ыңгай образдардын катарын толуктайт. Бул бир чети туура эле. Себеби алар сюжеттин чиеленип, өөрчүп, чечилишинде белгилүү бир жүк көтөргөнү менен (маселен, Османбейдин Альфияга калтырган кат-маалыматы айгак болгон сыяктуу) жазуучу үчүн алар окуялардын жалпы фонун түзүп, Мирсаид менен Альфиянын образдарын тереңдетип, ар тараптуу ачып берүү ишине кызмат кылат. Мирсаиддин аялы Камиланын, жаш кезекте өзүнө ашык болуп, башка турмуш жолуна түшүп, он алты (бирде жыйырма алты делет) жылдан кийин аны таап, бирок кырсыктын айынан көз жумган Сарагүлдүн, анын кызы Гүлсананын, Мирсаиддин энесинин жана балдарынын, аны менен бир иштешип жүрүп, ашык болгон Надежданын, Альфиянын руханий-социалдык жактан эгизиндей көрүнгөн Катянын образдары деле негизинен мына ушундай роль аткарышат, б.а., алар Мирсаид менен Альфиянын адамдык жүздөрүн, акыры келип бир багытка бурулган тагдырларын ачып берүү үчүн керек. Жазуучунун мындай максаты жалпысынан ийгиликтүү ишке ашат да, Мирсаид менен Сарагүлдүн, Мирсаид менен аялы Камиланын, андан кийин Мирсаид менен Альфиянын ортосундагы кыйла узак жана түйшүктүү ич ара мамилелери биротоло акыр-аягына чыгарылат. «Эки тоонун чөбүн оттогусу келген» Альфия талаада калып, Мирсаид эми өз мойнуна илештире келген бардык «жүктөрдөн» кутулат. Алардан мындан аркы тагдырлары жазуучу үчүн кызык эмес болсо, окурман аны өзү өлчөп-баамдап алсын деген көмүскө тыянак бул жерде кылтыйып турат. Анткени «болоору болуп, боеосу кангандан» кийинки адамдардын буга чейинки турмуш-тагдырлары аркылуу жазуучу өз максат-мүдөөсүн аткарып, андан аркысын «мен билбейм» дегендей четке чыга берет. Бул туура жана ушунун өзү анын чеберчилигин көрсөтөт. Эгерде ал Мирсаид менен Альфиянын андан аркы өмүр жолун сүрөттөөгө өтүп, бирин чексиз бакытка бөлүп, экинчисин биротоло аңгекке тыгып салса, повесть «ошентип, алар жыргап-куунап жатып калышкан экен» деген жомокко айланып кетмек. Бирок кантсе да, үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык мамилелер алдыңкы планга чыгарылган Т.Сыдыкбековдун «Курбулар», «Сыр ачуу», З.Сооронбаеванын «Чоочун киши» сыяктуу илгерки романдарындай эле М.Каримовдун бул повестинде схемалуулуктун эпкиндери бар. Кызык жери – М.Каримов каармандардын психологиясын, алардын жан-дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү ишенимдүү ачууда чеберчилигин көрсөтө алганы менен турмуш чындыгы ага көп баш ийе бербей Мирсаидди идеалдаштыруу жана Альфияны «коомдук таштандыга» айлантуу (даяр схемага салуу) толук ишке ашпай калган. Мирсаид – идеалдуу каарман эмес. Ал өз өмүрүндө таза жана майнаптуу жашоо аракетин көрүп, анын өтөөсүнө чыга албай, урунуп-беринген, азыркы турмуштагы катары калың адамдардын бири, ушунусу менен накта реалдуу каарман болсо, дене кумары жана акча дегенде өзүн жоготуп койгон Альфия деле бактысын өз түшүнүгүнө, тарбиясына жараша издөө жолунда жүргөн аялзаты катары биротоло жек көрүү сезимин жарата койбойт. Анын бир «аферасы» ишке ашпай калды, мындан кийинкиси ушундай эле нукта уланат болуш керек, себеби анын турмуштук программасы калыптанып калган сыяктуу. Жазуучуга турмуш чындыгы толук баш ийбей калды дегенде мына ушуларды эске алуу керек.
Чакан жанрдан анын повесть жана роман сыяктуу ирилерине карай салттуу жолду улаган М.Каримов «Зындандан» мурда «Кыя жолдор» (1985) аттуу чыгармасы менен повесть жанрына эшик ачып, калем сынап гана көрбөстөн, мындай чыгармаларды жазууга дарамети жеткилең калемгерлигин далилдеп койгон. Анын чыгармачылыгы тууралуу мынча сөз болгондон кийин аны аттап кетүүгө болбойт. Анын өз себептери да бар. Биринчиден, бул чыгарма жазуучунун повесть жанрында жөнөкөйдөн татаалдыкка карай эволюциясына сереп салууга шарт түзсө, экинчиден, ал кезегинде адабиятыбыздагы үйрөнүү, таасирленүү деген тарыхы узак, табияты татаал маселелерге байланыштуу талаш-тартыштарга алынча жем таштагандыгы менен көңүл бурат. Эгерде «Зындан» каармандардын саны, сюжеттик линиялардын чиелениши, аларга жараша турмуштук коллизиялардын берилиши жана проблематикасы боюнча кыйла татаал чыгарма болсо, «Кыя жолдор» алда канча жөнөкөй, түз сызыктуу чыгарма. Бирок ошол жөнөкөйлүк жана түз сызыктуулук аны чабал чыгарма дешке негиз боло албайт. Маселенин төркүнү башка жакта. Дегинкиси, М.Каримовдун чыгармаларын начар, жараксыз деген бир да адабиятчы-сынчы болгон эмес. Бирок өткөн кылымдын 70-80-жылдардагы адабий талкууларда анын да учкай сөзгө алынган учурлары бар. Маселен, ал кездеги жаш сынчы, кийин илимдин доктору, профессор болгон К.Байжигитов 70-80-жылдардагы кыргыз прозасынын Т.Сыдыкбеков, О.Орозбаев, А.Стамов, К.Акматов, К.Жусубалиев өңдүү белсемдүү өкүлдөрү менен катарлаш М.Каримовдун «Кыя жолдор» повестин да сөзгө алып, аны Ч.Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» повестинин ачык таасири менен жазылган чыгарма катары баалайт (3. 158-159-б.). Сынчы анын ачыктан-ачык идеялык-көркөмдүк мүчүлүштүктөрүн көрсөтпөйт, ал эми М.Жоошбаевдин «Жаралуу аркар», А.Камаловдун «Бешик ыры», И.Гилязетдиновдун «Күүнүн сыры», Н.Атамкуловдун «Атанын өкүмү» повесттерин катуу сынга алат. К.Байжигитовдун М.Каримовго байланыштуу дооматы «стандарттуулук» деген маселеге байланыштуу. Бир караганда Ч.Айтматов менен М.Каримовдун повесттеринин сюжеттик жалпылыктары, үндөштүктөрү ачык көрүнүп турат. Экөөндө тең ак жүрөк жана эмгекчил, чечкиндүү айдоочулар (Ильяс, Насыр), алардын каршылаштары, арзуу сезимин арнаган адамдары (Асель, Таня) бар. Бирок аныгына келгенде булар сырткы гана окшоштуктар. Чындыгында болсо, М.Каримовдун повести кадыресе өз алдынча чыгарма катары кабылданат да, андагы турмуштук кырдаалдар, адам мүнөздөрү жана тагдырлары эсте калаарлык, окурманды толгонто алаарлык деңгээлге жеткирилет. Эң негизгиси – чыгармада жасалмалуулук жок болуп, нукура турмуштан алынганы таасын көрүнүп турат. Демек, ал Ч.Айтматовдун таасири канча болсо да, толугу менен өз алдынчалыкка эгедер, ар тараптуу иштелген образдары бар чыгарма катары кабылданат. Жазуучунун Насыры калыптануу жолунда турган, турмуштан өз жолун, бактысын табуу аракетинде абийир-ыйманды туу тутуп, чечкиндүүлүгү, мээнеткечтиги, адептүүлүгү менен айырмаланган жаш адам катары эсте калат. Окурман аны менен тилектеш, танапташ болбой кое албайт. Автор ошентип социалдык-психологиялык жактан реалдуу образ түзө алган. Ал Ч.Айтматовдун Ильясынын көчүрмөсү эмес, толук өз алдынча образ. Калган образдар деле (Насырдын атасы жана апасы, автобазанын кызматкерлери, орус кызы Таня ж.б.) ушундай. Теманын үндөштүгү, турмуштук кырдаалдардын жакындыгы бул эки чыгарманын биротоло окшошуп калышына алып келген эмес. Балким, Ч.Айтматов М.Каримовдун бул чыгарманы жазышына чоң түрткү бергендир, ал улуу жазуучудан «көп нерселерди» үйрөнгөндүр. Бул болсо, башка маселе. В.Распутиндин атактуу «Эсен болуп, эстей жүр» («Живи и помни») повести деле сыртынан Ч.Айтматовдун «Бетме бетин» кайталаганы көрүнүп турса да, толугу менен өз алдынча жана мыкты чыгарма катары эсептелет. Мындай мисалдар дүйнөлүк адабиятта жыш кездешет. Жалпы алганда бир темага, атүгүл конкреттүү бир эле турмуш көрүнүштөрүнө кайрылган ар башка авторлордун чыгармалары өтө көп. Бир ыңгайдагы сүрөттөөлөр аларда андан да арбын. Демек, бул жерде Ч.Айтматов жазып салган турмуштук кырдаал жана адамдар тагдыры тууралуу «башкалар жазганга болбойт», «бир сюжет–бир чыгарма» деген көз карашка жетеленген сынчы бир жактуу бүтүм чыгарып салган өңдөнөт. Болбосо, айталы, Насыр менен Танянын баш кошууга алып келген мамилелери, Москвадан келген Танянын өз тагдырына бурулуш жасаган чечими жазуучу тарабынан алда канча кеңири мотивдештирилиши керек эле дегенибиз жөндүү өңдөнөт. Бирок, кандай десек да «Кыя жолдордо» бир капшытын кыргыздар жердеген Памир тоолорунун катаал шамалы согуп, анда өмүр кечирген карапайым жана мээнеткеч, кайраттуу жана сабырдуу адамдардын көркөм элестери түшүрүлүп, алардын турмуш-тирлигинин илеби уруп тургандыгын танууга болбойт.
Ошентип, башка чыгармалары менен бирдикте бул повесть М.Каримов кыргыз прозасынын жанрдык-тематикалык, регионалдык горизонтун кеңейтип, көп түстүүлүгүн арттырган, адам турмушун жана коомдук проблемаларды мыкты билип, алардын түркүн жактарын көркөм-эстетикалык реализациядан ынанымдуу өткөрө билген таланттуу, чебер жазуучу экендигин айганелеп турат.
Кеп соңу: майдалап сөз кылбаганда баралына келип, чабыттуу жолдо турган жазуучу М.Каримовдун чыгармачылыгы ушундай. Аны бүгүнкү күндөгү кыргыз жана тажик адабиятынын белсемдүү өкүлү десек аша чапкандык болбойт. Киндик каны тамган, эрезеге жеткирген тажик жана баар таап, өмүр кечире келген кыргыз тоолору, суулары, абасы, мал-жаны жана адамдары бирдей кымбаттыгын, бирдей ыйыктыгын өз чыгармаларына ачык да, кыйыр да жайгаштырып, даңазалап келген жазуучу Мирзохалим Каримов ошентип эки өлкөнүн тууларын эки колунда желбиретип, өмүр сапарын улап келет. Ал сапар ушуга дейре байсалдуу боло келсе, мындан аркысы андан да түшүмдүү болооруна ишеним көкүрөктө уялап турганын, Кыргыз эл баатыры С.Жусуев, эл акын-жазуучулары К.Акматов, А.Өмүрканов, академик Б.Мурзуибраимов, профессор С.Байгазиев сындуу залкар инсандар аны жөндөн-жөн эле «Кыргыз эл жазуучусу» наамына көрсөтүшпөгөнүн, дегинкиси «жоо кеткенден кийин» кыйкырма адатыбыздан арылып, «жүрөгү кыргыз деп соккон» (Жумабек Токтогазиев) мындай инсандын ак эмгегин өз маалында баалап алуу парз да, намыс да экендигин айта кетпесем болбос!
Адабияттар:
- Бакиров К. Унчукпай жааган ак кардай же жазуучу Мирзохалим Каримовдун чыгармаларына пикир. –Китепте: М. Каримов. Алтын көпүрө: очерктер, маектер, макалалар, котормолор. –Б., 2012. -212 б.
- Кыя жолдуу Мирзохалим Каримов: талкуу. –Кыргыз адабияты гезити, №7, апрель-май, 2009.
- Байжигитов К. Азыркы кыргыз повесттери. Ала-Тоо журналы, 1988, №8