Публицистика

Култаева Үмүт, адабият таануучу: К. Иманалиевдин “Коркут” драмасындагы өлбөстүктүн көркөм интерпретациясы

 

Түрк тилдүү элдердин орток адабий мурасы «Коркут ата китеби» канатташ элдерге караганда бизде азыраак изилденген темалардын бири. Бирок бул тектеш элдердин гана эмес, дүйнөлүк фольклористиканын шедеври эсептелген бул дастандан элибиз кабарсыз калган дегендикке жатпайт. XIX кылымдагы айтылуу акын Арстанбектин:

Коркут ата даанышман,

Кутулам деп өлүмдөн,

Төрт тарапты кыдырган,

Сырдын боюн сыдырган,  –

 

[ 1, 14-15] деген төрт сап ырына  «Коркут ата китебинин» негизги каарманы Коркуттун ким экендиги таң каларлык сыйымдуулук менен батканы көрүнүп турат. Демек, кыргыз урпактарын Коркут атадан «алыстаткан»  ХХ кылымга чейин бул баалуу рухий мурасты элибиз жакшы билген.

Өлкөбүздүн эгемен жылдарынан тарта «Коркут ата китебине» болгон кызыгуунун жаңы доору башталды [ 2], [3 ], [6 ], [7 ] ж.б. дегенге негиз бар. Ушул көз караштан алып караганда, драматург Кайрат Иманалиевдин «Коркут» (притча-фантазия) спектакли 2016-жылы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлгандан  баштап, байыркы дастанды элге жайылтуу жаңы этапка чыкты. Анткени  спектаклдин  башка мамлекеттерде коюлушу, анын эл аралык конкурстарда жетишкен ийгиликтери Коркут атаны таанып-билүүдө көркөм аңдоого алынган теманын элдин руханий дүйнөсүнө жакын экендигине далил боло алат.

Драматург «Коркут ата китебин»   жараткан легендарлуу Коркуттун негизги жашоо философиясынын өзөгүн кармай билгени чыгарманын прологунан эле көзгө даана көрүнөт. Өлүм коңгуроосун кагып, үрөй учурган кыймылы көрүүчүнүн сезимине бүлүк салган Ажал элди аралап баратып, «Коркут ата китебине» жолугуп, аны менен диалогго чыгышы автордук идеянын «аяны» сыяктуу. Анткени Ажал ал китептен Коркут  өлүмдөн качып жүрүп, эмнеге жеткенин сураганда, төмөнкү жоопту укту:

Ак каранын күрөшүндө чарпылдым,

Бой бербедим мейкиндикке талпындым,

Күрөш менен аалам кезип, жер кезип,

Адамзатка  Коркут ысмым калтырдым.

 

Адамзатка  ысым калтыруу оңой беле? Бул суроонун жообу спектаклдин идеялык лейтмотивин түзөт. Анткени Коркут көпчүлүк эмгектерде анын күүсүнө көнүл бурулуп, «жер жүзүндө ырды жараткан, музыканын атасы» (М. Ауэзов) эсептелсе, бул драмада ошол күү менен музыканын милдети адамзатка руханий байлыктын өлбөстүгүн даңазалоо экендиги кароолго алынат.

Жанрдык жактан “Коркут” – притча-фантазия. Мындай жанрды тандоо менен драматург түрк тилдүү элдердин адабий мурастарындагы идеялык күчтүү пафос – дидактизм «Коркут ата китебинин» да негизги проблемасы экендигин кылдап байкап, дастандын  нравалык сабагын көрүүчүгө жеткирүүнүн экспрессивдүүлүгүн арттыруу максатында көркөм шарттуулукту фантазия аркылуу күчөткөн. Натыйжада Ажал, Периште, арбактар  спектаклдин негизги каармандары катары окуянын «кыймылдаткыч күчүнө» айланат да, туулмак бар – өлмөк бар философиясынын авсолюттук чындыгын улам даңазалап, жаш  Коркутту алдастаган абалга алып келет. Аны  көр казып жаткан адамдарга жолуктуруу, болгондо да өзүнө казылып жаткан көрдү өз көзү менен көрүшү драматургдун фантазиясы экендигине карабастан, спектаклдеги кыймыл реалдуулуктан алыстаган эмес. Анткени  Ажалдын, Периштенин, арбактардын  бар  экендиги биздин терең ишенибизден орун алган. Биз аларды көзүбүз менен көрбөсөк да, алар сүйүү-жек көрүү, кубаныч-кайгы сыяктуу эле абстрактуу түшүнүктөр менен аң-сезимибизде жашайт. Ушунун өзү драмадагы кыймыл-аракеттин ишенимдүүлүгүн арттырган.

Ал эми «жылуу жел менен Периштенин» сахнада пайда болушу жана анын  Ажалдан качып бараткан  Коркутка «Дүйнө кезип качсаң да, алдастап бизден шашсаң да ажал сени баары бир табат», деген сөзү өлүмдүн чындыгына ынандырат.

Аңгыча Коркутту  көзү өтүп кеткен арбактардын курчап алышы  жөн гана фантазия эмес. Өлүмдүн  табигыйлыгы жөнүндөгү идеяны  тереңдетүүнүн көркөм ыкмасы катары арбактардын кыймыл-аракети өмүр-өлүм философиясын аңдоодо негизги ролго ээ болгон. Болгондо да  курчаган көп маркумдардын ичинен арбактардын үч түрүнүн сценага чыгышынын көтөрүп турган көркөм жүгү бар.  Арбактардын бири байлыктын артынан түшкөн ач көз; экинчиси бир адамга жакшылык кылбай, эл менен элди, эр менен эрди кагыштырып жүрүп көзү өткөн бузуку, үчүнчүсү бир канча жанды ашык кылып, өз сулуулугунун курмандыгы болгон аял. Көрсө, адам баласы кандай амал кылбасын, ал ажалдын алдында алсыз экен; жалган жашоодо  бүт өмүрүн арнап жыйнаган байлык адамды ажалдан арачалап кала албайт, башкалардын өмүрүн бузукулук менен кыскартканы анын өмүрүнө өмүр кошо албайт, башкалардан айырмаланган  ашкере сулуулук да адамды ажалдан куткара албайт экен. Анда ажалдан адамды эмне куткарат? Өлбөстүктүн айласын кантип табуу керек? деген суроо бул чыгарманын идеялык-тематикалык проблематикасын түзөт.

Коркут өлбөстүктүн жолун издеп адегенде ажалдан качып көрдү. Анын  ажалдан качышы  жаш адамдын өмүрдү сүйүшү, аны  узартуунун айла-амалын издөөсү, жашоого умтулуусу. Ал жандуунун акылдуусу, жаратманы адам болсо, анын өмүрүнүн кыскалыгына кайгырып, кудайга кайрылат: «Оо Жараткан, неге адамдан өмүрдү мынча аядың?» Ушул жалпы адамзатка таандык суроого жаш адамдын жан-дүйнөсү жооп издеп, кыйналып турганда, анын энесинин «Бешик ыры» угулат. Бул да логикалуу. Анткени жараткан адамга  жан берсе, аны жарык дүйнөгө алып келген эне эмеспи. Бир сактаса баласы үчүн жанын курман кылууга даяр ЭНЕ ажалдан арачалап каларынан үмүт эткен Коркут жанына тынчтык бербеген суроону  энесине берип көрдү: «Бул дүйнөгө  неге келдим, энеке? Сен жарык дүйнөгө неге алып келдиң?»

Эне да өлүмдөн кутулууга мүмкүн эмес  экендигин айтты:

Бул дүнүйө-жалгандан,

Өлбөй тирүү ким калган?

Түбү жыртык дүйнөнүн,

Кулунум, аягы бүтөт, бул арман.

 

Эненин жообунан кийин өлүмдүн актыгына биротоло ишенген жаш Коркут желмаянды минип, аалам кезип сапарга чыгууну чечти. Өлүмдүн эртеби-кечпи келерин сезгени менен, өмүрдү узартуунун айласын табууга ЭНЕнин сөздөрүнөн зор кубат алды. Көрсө, Коркут жөн төрөлбөй, энесинин  боюнда үч жыл, үч ай кармалып,  Күн тутулуп, чагылган чартылдап, бороон улуп, табият ызы-чууга түшүп, жер бети алай-дүлөй болуп жатканда төрөлүп, ак кийинген Периштени кошо ала келген экен. Периште элди коркутуп, төрөлгөн бул баланын атын Коркут кой деп, анын элине кут алып келерин айткан экен. Эл бактысына жаралган  баланын мындай сырдуу төрөлүшү дүйнөлүк фольклористикада, айрыкча түрк тилдүү элдердин адабий мурастарындагы туруктуу эпикалык  салттардан экендиги белгилүү.

Желмаян чыгыш элинде чыдамдуулуктун, максатка умтулуунун символу; ийгиликке жетүүнүн жана дөөлөткө ээ болуунун тумары[1]. Ээн талаа, эрме чөлдүн корабли аталган төө  менен жолго чыгуу адамдын өмүрүндөгү өзгөчө этап. Өмүр сапарында Коркут көп нерсени көрдү, жашоонун маңызын издеди. Акыры жандуунун эң эле асылы адамдын өмүрүн ылгабай алган ажалга наалат айтты: «Адамзаттын асылы – жакшыны жедиң шум ажал, элге тирек болуучу – башчыны жедиц шум ажал. Жаш-карыны ылгабай, жазмыштан жолун жазгырдың, тузагыц салып, жолун бууп, мерт болууга азгырдыц. Кайда сенде калыстык?!»

Ажалдын айласын таппай, анын жакшы менен  жаманды, жаш менен карыны ылгабаган таш боордугуна жан кейитип,  суроолоруна  жооп таппай  кыйналып жатканда, баягы энеси айткан ак кийимчен  Периштенин пайда болушу спектаклде окуянын  чечилиши катары берилген. Периште адам өмүрүнүн аздыгына кейиген Коркуттун муң-зары даракка өтүп кеткенин айтып, даракты кыйып, желмаянды союп, сөөгүнөн тепке, терисинен кыл тартып « Жан дүйнөң, Жаратканга жеткидей аспап жаса», деген кеңеш берет. Коркут жер кезип жүргөндөгү жолдошу, сырдашы, муңдашы желмаянды өлүмгө кыйбай кыйналганда, Ажал жардамга келип, төөнүн жанын алат. Жан бирге жакыны болуп калган желмаяндан жан чыкканда Коркут дагы бир жолу Ажалды жектеп, анын алдында тирүүлүк алсыз экенин  дагы бир ирет дилинен өткөрүп:

Оо, шум ажал мынча неге кектейсиң,

Оо, көк асман, не жарылып, кетпейсиң,

 

деген жан дүйнө кыйкырыгы менен оопасыз дүйнөнүн табышмактуу сырларына ой жүгүртөт да, боздогон үнү басылып, кыяк жасоого киришет.

Периште айткандай, аспап жасалган соң,  сахнаны Коркут жасаган аспаптын сыбызгыган, сыздаган үнү ээлеп, адамдын жан-дүйнөсүндөгү кайгы-кубаныч, арман-асирет  обонго салынып оболой баштайт. Ошондо Коркут: «Таптым, таптым окшойт», деп өмүр бою издегени табылганы сезет. Натыйжада сахнада  рухтун өлбөстүгүнүн сахнада сайран курушу  менен биринчи көшөгө жабылат. Буга чейин ажал өктөмдүк кылса, руханий табылганын алдында ажал алсырайт.

Спектаклдин кийинки окуясы ээн талааны аралап жер кезген Коркут атанын карыя кезине арналган. Коркут ата жашаган доордун жүзүн берүү максатында автор аны огуздардын той берип жаткан окуясына кезиктирет. Карыянын кадырын билбеген көпкөн көпөс  Коркуттун айткан акылын шылдыңга алып, ага   кол көтөрмөкчү болгондо, колдору кыймылдабай калышы түрк тилдүү элдердин  жаштарды улууну сыйлоо маданиятына негизделген. «Карыга кол көтөргөндүн колуна шал тийсин!»каргышы кылымдарды карыткан адеп эрежеси. Ушул окуядан кийин карыяны тааныган огуздар анын сөзүнө кулак төшөйт да, элдин каганы Казан менен болгон баарлашууда Коркут атанын накыл кептери «сахнага чыгат» . Ал бийлик тактысы адамды  жолдон чыгарган кесепет экенин эскертүү максатында хан аркылуу жалпы элге “Дирсе хан уулу Букаштын” окуясын айтып берет. Тирүүлүктүн түбөлүк проблемасы — бийлик кумарынын азезилдей азгырыгына көңүл бөлүнөт.

Дирсе хандын бийлик тактысын кызганып, улгайганда зарлап көргөн жалгыз баласы Букашты атып салышы адамзаттын тарыхындагы чоң трагедия экендигин баса белгилөө максатында сахнаны алаамат ээлейт.  Жоо курчап, эл кырылганда, адамдын ушул күнөөсүн жер көтөрө албай алаамат келатканда, Коркут ата жаратканга кайрылып, периштелерди чакырып элди кырсыктан сактап калат. Кыл кыяктын сыбызгыган фонунда сахнаны периштелер ээлеп, адамдарды азаптан куткарууну алардын   жараткандан суранышканы – руханий тазалык гана адамзатты коргоо мүмкүндүгүнө ээ экендигин даңазалоо  “Коркут ата китебин” бүгүнкү күн менен байланыштырып турган улуу идея. Анткени   Коркут ата  акка моюн сунарда «Коркут ата китебин»  өзү даярдаган шакирттерине табыштап кетти:

Жазгыла, Коркут-атам айтты  деп, жазгыла

Бул дастаным сабак болсун урпакка.

А эгерде мен айлансам, турпакка,

Урпактарга өлбөй турган сөз калсын.

Ар бир сөзүм уламышта айтылсын.

 

Ошентип кылым карыткан өмүрдөгү алган тажрыйбасын, акыл ой берметтерин чыгышка таандык накыл кептер менен туюнтуп, улуу сөз жастанын калтырды. Дастандагы акыл казынасын шакирттери элге жайылтмакка бөлүп алышты. Философиянын тарыхында «чыгыш акылмандыгы» аталган  жашоо жобосу байлык жыйноого эмес,  бак тигүүгө, андан акылдуусу бала өстүрүүгө, андан да акылдуусу  шакирт даярдоого багытталган. Коркут ата тууралуу кара калпактардын легендасында [ 9] анын 72 шакирти болгондугу айтылат.

Шакирттер устатынын руханий кенчин муундан-муунга өткөрүп туруучу энергетикалык өткөрмө катары устатынын өлбөстүгүн камсыз кылуу кудретине ээ. Шакирттер аркылуу адамзатты ач көздүктөн, текеберликтен арачалоого үндөгөн Коркут атанын идеялары тарыхтын терең катмарындагы түрк тилдүү элдин нравалык ориентирин бүгүнкү күн менен жалгаштырып турат.

Спектаклдин соңунда Ажал кайрадан  Коркутка келет. Бул сапар Коркут өлүмдөн качпай, Ажалга тике карайт: «Мен жараткандын амири менен акка моюн сунам. Бирок мен сени эбак жеңгем. Мен өзүмө өлбөй турган өлбөстүк таптым. Сени менен кармашып, адамзатын аруулачу аспап жасадым. Жер кыдырып, урпакка дастан калтырдым. Ал дастаным ырдалып, кыягым тартылып турган чакта мен өлбөйм, Ажал. Мен түбөлүк ошол чыгармаларда жашай берем».

Чынында эле  Коркут ата калтырган рухтун өлбөстүгүн даңазалаган накыл кептер, кыяк үнүндөгү адамдын руханий байлыгы “…биздин күндөрдү тарыхтан бөлбөйт, көзгө көрүнбөгөн тирүү жиптер менен өткөн кылымды биз менен жалгаштырып турат” [9].

 

Адабияттар:

  1. Арстанбек:ырлар./ Жыйнакты түзгөн жана басмага даярдаган Б.Кебекова. Бишкек, 1994.
  2. Абдувалиев И, Абылкасымова Т., Сатимкулова Г. «Коркут ата китеби» (Турк элдеринин байыркы дастаны). Бишкек, 2004;
  3. Акматалиев Абдылдажан (Мелис) “Коркут ата китеби” / Китепте: Кыргыз адабияты: тарых жана мезгил., Бишкек, 2010. – 67-76-66.
  4. Ауэзов. М.О. Мысли разных лет. – Алма-Ата, 1961.
  5. Иманалиев К. Коркут (Притча-фантазия) спектаклдин сценарийи жана компакт-диск.
  6. Муратов А., “Коркут-Ата китебиндеги” элдик таалим-тарбия/ Кутбилим, Б: 2011, 25-февраль.
  7. Шериев Ж., Байыркы орток турк адабияты, Б:, 1996, 28-51-6.;
  8. Басилов, В.Н. Шаманство у народов Средней Азии и Казахстана
    / В.Н. Басилов. – М.: Наука, 1992. – 328 с.
  9. Шермухамедов П. Диалектика души и истории /Дружба народов,
    1981,   №3. 231-б.

 

 

[1] Карацыз: Библиотека эзотерики “Библиотека тайн” / Интернет caflrEzospirit.com.ua. Верблюд.

About the author

Жазуучулар Союзу