Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында акын, журналист К.Оторбаевдин “Гүлдөр күтөт” китебинин бет ачарына арналган кече болуп өттү. Чыгармачылык кечеге КР Мамлекеттик катчысы С.Касманбетов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, депутаттар, студенттер катышты.
КР Эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров режиссерлук кылган чыгармачылык кечеде автордун ырларын депутаттар, актерлор, акындар көркөм окуп, “Казыбек” поэмасынан үзүндү сахналаштырылды.
Поэзия күйөрмандары К.Оторбаевдин ырларынан угуп, эс алып кайтышты. Кечени автордун сөзүнө жазылган обондуу ырлар коштоп турду.
“Гүлдөр күтөт” китебинен айрым ырларды окурмандардын назарына сунуштайбыз.
Айылым
Жылдар алат, каталбайсың куракты,
Баягыдай тарталбаймын улакты.
Бирок билбейм, алдан тайып баратсам,
Шашам сага, алыш үчүн кубатты.
Тооң, дайраң толкуп кирет каныма,
Торгой сайрап мүрөк куят жаныма.
Терек термейт, жүрөк жоошуп мемирейт,
Таңгалбаймын анан кантип аныңа?!
Кош айдооңо түшсөм оюм бөлүнөт,
Ыдыраган жиптей чырт-чурт сөгүлөт.
Мен бийиктеп баратамын десем да,
Сенин сүрүң Ала-Тоодой көрүнөт.
Сүйгөн жанды сагынгандай шашамын,
Шаар чуусу… сени көздөй качамын.
Акыретке моюн сунуп кетсем да,
Аттиң, арман, сени эңсеп жатамын.
Мезгил шашат, каталбайсың жашыңды,
Баягыдай миналбайсың атыңды.
Бирок билбейм, сени көздөй баратам,
Болаламбы бала кездей батымдуу?!
Биздин тоолор
Тоолор тойгон торпоктордой сулашып,
Башын жөлөп бир-бирине кулашып.
“Даакылары” улам түлөп жел менен,
Алда кайда бет алышат кыр ашып.
Чымындардай көз байлашып тумандар,
Терилерин диртилдетет кыраңдар.
Ах, табият, тазартасың көңүлдү,
Чаңын сүртүп сампарласа кылаң кар.
Арасында дүмүр мүйүз чоң баштар,
Дөбөлөрүң – жаланалек эң жаштар.
Түркүн кушуң оркестрин баштаса,
Кулак түрүп катып калган чоң таштар.
Тоолор чогуу торпоктордой оттошуп,
Бирге көрүп жел, аптапты топтошуп.
Бада келсе тура чуркап жөнөйт го,
Сүт сагынып күтүп жаткан окшошуп.
Гүлдөр күтөт
Гүлдөр күтөт, күндөр сыры чечилгис,
Коюу түндөр демин ичке жашырган.
Жылдыз учкан сырлуу кечтин ээси биз,
Кобурашып чери кептин жазылган.
Ыр да болор обон коштоп кайрыкты,
Өткөн күндөр эске түшөр кайрадан.
Ал жаралуу жүрөк карты айыкты,
Бир кеч келер, көңүл толкуп жайнаган.
Ал кимдерде болбойт дейсиң бир арман,
Ал байыркы дүйнө сымал белгилүү.
Бүгүн сени сүйгүм келди кайрадан,
Же алсыздык алып мени жеңдиби.
Бул дүйнөнүн турган жайы табышмак,
Баш катырып кереги не эми ага.
Гүл эриндер чоктой ысып жанышмак,
Эгер берсек эркин коюп жайына.
Бир тууганды тапкан сезим уялап,
Бир кылымдан бери сени билгендей.
Болгон арман-түйшүгүмдү кубалап,
Сен бир мага башка ааламдан келгендей.
Гүл саймалап көк дөбөнүн беттерин,
Коюу түндө булак сырын шыбырайт.
Таарынычтай куса толгон кептериң,
Ай нурунда боёп демиң ыр курайт.
Акындар
Акындар – түндүн жүрөгү,
Мезгилди тамырдай улашат.
Көрүнсө тээ кырдан Күн көзү
Ошондо жаздыкка кулашат.
Акындар – түндүн мээрими,
Жетимге кайрымдуу энедей.
Коркпосун дегенсип кээлери,
Түндөсү күч үрөйт ченебей.
Акындар коогалуу түндөрдө,
Жолоочу күтүшкөн сакчыдай.
Асмандан келсе да түнөөргө,
Ыры кең – Ай, жылдыз батчудай.
Селкиге
Жылдыздар жүзүңдү жуугансып,
Жыргалга жүрөгүң тунгансып.
Айжаркын жамалың жоодурайт,
Ай сага жүрөгүн сунгансып.
Күлкүңдөн күмүштөр күбүлөт,
Күйпөктөп жигиттер жүгүрөт.
Ансайын элесиң алыстап,
Ашыктар жеталбай күйүгөт.
Кыялың кыяктын күүсүндөй,
Күймөлдүк ойнуңду түшүнбөй.
Көңүлгө бирөөсүн тандагын,
Калалы башкабыз күтүнбөй.
Сен жүргөн жерлер шаң, салтанат,
Сүйлөөдөн жигиттер жалтанат.
Сабактан келүүчү жолуңа,
Сагыныч жетелеп алпарат.
Ай нуруна балкыйт түн
Отсуз көрдүк байлап койгон аттарды,
Отсуз көрдүк көң салынган каптарды.
Түн киргенде жашырабыз табышмак –
Айдан санап ала-була тактарды.
Күндүзгүдөн тоолор өскөн, чоңойгон,
Карагайлар жапыз тартып чолойгон.
Эрбең-эрбең этип басат баарысы,
Ай нурунда кодойгонуң кодойгон.
Көлөкөлөр чоң чепкендей жайылат,
Көр үкүлөр учат, сызат, кайыгат.
Улуу тоонун колотуна, койнуна,
Ак жылдыздар чагылгандай сайылат.
Булуттар
Капкачанкы булут тоодон сүрүлөт,
Шамал коштоп тармалданат, түрүлөт.
Аскалардын айнектей курч ташында,
Аркарлардай зымырылат, жүгүрөт.
Салып-уруп цыгандардын кызындай,
Шарап ичип, кызыгандай кызылдай.
Өрттөй жанган арчаларга урунуп,
Шакка конот кыштын сөйкө музундай.
Бир чогулат, миң чачылып, бир түнөп,
Зоокаларга шыкалышат, түртүшөт.
Эрбейишип оттоп жүргөн кийиктер,
Ээрчип алган жырткычпы деп үркүшөт.