Жаңылыктар

КР Эл артисти Балбай Алагушев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Балбай Алагушев 85 жаш курагында каза болду. Публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциклопедист, адабиятчы, сынчы, жыйноочу, радио-теле журналист Балбай Алагушов 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган.

1959-жылы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги КМУнун) филология факультетин, 1973-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн.

1959-65-жылдары “Кыргызстан пионери” гезитинде бөлүм башчы болгон.

1965-85-жылдары Кыргызстандын Илимдер академиясынын философия жана укук институтунун эстетика жана өнөр таануу бөлүмчөсүндө (сектор) илимий кызматкер болгон.

1985-1998-жылдары “Кыргызстан”, “Адабият” басмаларында бөлүм башчы болуп иштеген.

1997-жылдан 2011-жылга чейин “Эркин Европа-Азаттык” радиосунун Бишкектеги бөлүмүндө штаттан тышкары кабарчысы болуп иштеди. Ал “Талант тагдыры”, “Күүлөр баяны”, “Ырдап кой” аттуу музыкалык түрмөктөр аркылуу угармандарга залкар шайырлар жөнүндөгү баяндамаларды, эскерүүлөрдү, ыр-күүлөрдүн тарых-таржымалы тууралуу айтып берип турган.

Балбай Алагушев Кыргыз Улуттук Журналисттер жана Жазуучулар союздарынын, Кыргызстан композиторлор бирикмесинин мүчөсү.

“Кыргыз музыкасы” энциклопедиясынын жана башка алтымышка жакын китептин, орто мектептер үчүн музыка сабагы боюнча окуу куралдарынын автору.

1990-жылы КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2011-жылы КР Эл артисти ардак наамдары менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, публицист, этнограф, музыка таануучу, окумуштуу, энциклопедист, адабиятчы, сынчы, жана радио-теле журналист Балбай Алагушевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы

About the author

Жазуучулар Союзу