Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун көркөм котормо жанры боюнча Узакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгы жөнүндө
ЖОБО
- Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун көркөм которможанрында Узакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгы көркөм адабиятыбыздын өсүп – өнүгүшүнө салым кошкон мыкты котормочуларга ыйгарылат.
- Аталгансыйлыкка мамлекеттик мекемелер, коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтө алат жана жеке автор да сыйлыкты изденип алууга эмгектерин көрсөтүүгө укуктуу.
- Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө соңку жылдардагы которулган көркөм чыгармаларжана өзүнчө китеп болуп жарык көргөн эмгектер сунушталат.
- Сыйлык ыйгарылган котормочугаУзакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылып, күбөлүк, Узакбай Абдукаимовдун элеси түшүрүлгөн төш белги жана 100 000 (жүз миң) сом тапшырылат.
- Сыйлык Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан эки жылда бир жолу ыйгарылат жана салтанаттуу тапшырылат.
- Адабий сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы адабиятчылардын, котормочулардынкурамынан түзүлүп, сыйлыкка көрсөтүлгөн эмгектерди Жобого ылайык кабыл алуу, тандоо иштерин жүргүзөт.
- Комиссиянын курамы жети кишиден түзүлүп, тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун Президиуму тарабынан бекитилет.
- Комиссиянын төрагасы комиссиянын жүргүзө турган жалпы иштерин жетекчиликке алат.
- Комиссия өз ишин комиссиянын толук курамы менен жыйын өткөрүп, жыйындын чечимин кабыл алат. Комиссиянын чечими комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынат.
- Комиссиянын мүчөлөрү өзүн сыйлыкка талапкер катары көрсөтүүгө укуктуу. Сыйлыкты изденип алууга комиссия мүчөсүнүн эмгеги көрсөтүлсө, анда ал кароого жана макулдашууга комиссия мүчөсү катарында катышпайт.
- Адабий сыйлыкка материалдарды көрсөтүүнүн, кабыл алуунун мөөнөттөрү, шарттары Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан белгиленип adabiyat.kg сайтына, мезгилдүү басма сөздөргө, социалдык тармактарга жарыяланат.
Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:
– Талапкерге мурда бул котормолору үчүн сыйлыктар ыйгарылган болсо.
– Комиссия тарабынан мурда каралып колдоого ээ болбогон котормолорго.
- Адабий сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө комиссиянын чечимине комиссиянын төрагасы, катчысы жана комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун секретариатына жөнөтүлөт.
- Сунуштар 2023-жылдын 1-ноябрына чейин кабыл алынат.
- Сыйлыктар 2023-жылдын декабрь айында тапшырылат.
15.Сунуштарды төмөнкү дарекке алып келүү керек:
Бишкек шаары, Эркиндик бул. 54, КР Улуттук жазуучулар союзу,
Байланыш телефону: 0312 62 39 24
P/S Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун көркөм котормо жанры боюнча Узакбай Абдукаимов атындагы республикалык адабий сыйлыгы “Достук-Багыш айыл ынтымагы” коомдук бирикмеси тарабынан каржыланууда.