Кош таланттын “Жүрөк майрамы” аттуу кечеси өттү

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалынын ээси, акын Атантай Акбаров менен Маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык М.Шолохов атындагы сыйлыктын ээси, акын, обончу, котормочу Өктөм Калыеванын “Жүрөк майрамы” аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Өктөм Калыеванын 60 жылдыгына арналып өткөрүлгөн кош таланттын чыгармачылык кечесине КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, Казакстан улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү Саят Камшыгер, Алибек Шегебай баштаган кыргыз-казак калемгерлери катышты. Ар тараптуу таланттар эки сааттан ашык убакыт элге жагымдуу маанай тартуулап, өз өнөрлөрүн көргөзүп, чыгармачылык отчет беришти. Атантай Акбаровго Президенттин куттуктоо папкасы тапшырылып, эки талант казак-кыргыз эгиз элдин сыйына ээ болушту. Кечени кыргыз эстрада ырчылары коштоп, “Жаңы толкун” адабий клубунун жаштары авторлордун ырларын окуп беришти.