Өткүр Хашимов 1941-жылы Ташкент шаарында туулган. 1964-жылы ТашМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Ал газета-журналдардын редакцияларында иштөө менен көркөм чыгармаларын, публицистикаларын үзгүлтүксүз жазып келген. «Баар кайтып келбейт» деген повести Шерназар Шүкүров тарабынан кыргызчаланып, өзүнчө китеп болуп чыккан. Автордун «Баҳор қайтмайди» (1970), «Қалбингга қулоқ сол» (1973) повесттери, «Нур борки, соя бор» (1976) романы өзбек адабиятына кызыктуу, оригиналдуу жазуучу келгенин тастыктаган. «Дунёнинг ишлари» (1982) романы Өзбекстан Жазуучулар союзунун жыл сайын берилүүчү Айбек атындагы сыйлыгынын соорундары болгон. 1986-жылы Өзбек ССРинин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон «Икки эшик ораси» романын сынчы У.Норматов «Тагдырлар романы» деп, «Нур борки, соя бор» деген романын «Роман-проблема» деп баалаган. 1995–2000-жылдарда Өзбекстандын Олий Мажлисинин биринчи чакырылышынын, 2000–2005-жылдарда экинчи чакырылышынын депутаты катары улуттун руханий маданиятын көтөрүү улуттук сезимдерди сактоо, экология, адабият, тарых маселелери боюнча тынымсыз сөз сүйлөп, маселелерди тиешелүү министрликтерге коюп турду. Мына ошол ойлору «Қалбнинг оппоқ дафтари», «Муқаддас қасамни бузганлар», «Авлодларга нима деймиз?», «Мантиқ қани?», «Давлат сири» ж.б. саясый-публицистикалык макалалары аркылуу элге жетип, коомдук аң-сезимди көтөрүүгө моралдык колдоо көрсөттү. 1999-жылы Кыргызстандын «Өмүр баяны» уюму Ө.Хашимовду «Нур борки, соя бор», «Дунёнинг ишлари», «Қатағон», «Ўзбек иши» аттуу чыгармаларындагы гуманисттик идеялары, улуттук руханий дөөлөттөрдү көтөрүп чыккандыгы үчүн «Мекен сүйөрлүк жана жогорку руханийлик үчүн» деген диплом менен сыйлаган. Жазуучу 2013-жылы катуу оорудан кийин каза болгон.
Кошумча милдеттенме
(сатиралык аңгеме)
Турсуналы аялына кофта сатып келбегенде мынча сөз болмок эмес. Аялы кофтаны колго алып, ал жагына, бул жагына айлантып көрүп чыкты да:
–Канчага алдыңыз? – деди.
–Элүү сомго.
Аялы кубануу ордуна кейий баштады.
–Жыйырма жылдан бери мугалимдикте иштейсиз да, кийим алууну билбейсиз. Кудая тооба, отуз эки сомдук нерсени элүү сомго сатканын көр, колу ылайым шал болуп сынып калсын! Кудай эй, ылайым тирүүңдө буйрубасын!
–Соодагерден эмес, акыры «тааныш баладан» алдым, мен үчүн таап берди. Келип-келип мени алдамак беле?
–Cизге окшогон кеңгир башты алдабаса, анан кимди алдайт?
Бул сөздөрдү угуп Турсуналы кофтасын колтуктап «тааныш балага» барды.
–Эми, ага… – деди «тааныш бала» үзүп-үзүп сүйлөп. – Жолу ушундай! Секция башчыбыз өзү кырк бештен берген. Сизди агам экен деп таап берсем… Кызматка доомат экен да?..
Турсуналы бир азга эмне кыларын билбей турду да, анан түз эле секция башчысынын алдына кирди.
–Жолу ушундай, байкеси, – деди ал сылык гана түшүндүрүп. – Базанын өзүнөн кырк сомдон алганбыз. Ишенбесеңиз, сүрүштүрүп көрүң?
База башчы да Турсуналынын колунда окуган жигит болуп чыкты. Эсептен жалаң «эки» алат эле. Өзү да ийнедей ичке бала болчу. Эми оозу толо алтын тиш, курсагы да кетиптир.
–Ээ, агай, ушуну да билбейсизби? – деди ал кыска колдорун жаза сүйлөп. – Бул деген деффицит! Импортный. Биз өзүбүз да отуз төрттөн алганбыз. Жолу ушундай, агай. Бизде план бар, кошумча милдеттенме бар дегендей…
Турсуналы жолу болбой чарчап-чаалыгып кирип келсе, өгөй жездеси отуруптур. Жездеси чабан, «Волгасы» бар.
–Кандай, төл компаниясын эсен-аман өткөрүп алдыңызбы? – деди Турсуналы жездесине ылайык сөз табышка аракет кылып.
Жездеси суйдаң сакалын силкилдетип күлүп алды:
–Өткөздүк. Ар жүз тубар койдон эки жүз элүүдөн козу алдык.
Турсуналы жакшы түшүнбөдү:
–Ар бир соолук бир башына эки жарымдан төл береби?
–Берет! – деди жездеси дагы күлүп. –Бербесе, бердиртебиз! Төлдөбөсө, төлдөтөбүз! Керек болсо ар жүзү үч жүздөн тууйт!..
–Ой, то-обо! – Турсуналы жакасын кармады. – Койлоруңуз кокус эчки эмеспи?
Жолу бар. Жетпесе, сатып алабыз. Бизде да план бар. Кошумча милдеттенме бар. Башкармабыз пахта планын эки жүз пайызга аткарат. Пункт бар, аткара берет…
…Эртеси күнү мектепте Турсуналыны жемелешпесе, бул сөздөрдү эстеп олтурбас эле…
–Башталгыч класстарда абал чатак! – деди директор. – Башка класстар жүз пайыз өздөштүрүп жатат. Бир гана сиздин классыңызда, – деди ал Турсуналыга карап, – дале болсо өздөштүрө албагандар бар. «Экилер» көп. – Турсуналы туталанып кетти.
«А» деп оозун ача албаган балага кантип «үч» коём. Мындай кылсам балдар: «Агай баары бир «эки» койбойт» – деп башыма чыгып алышпайбы?
–Билбейм! – деп кол шилтеди директор. – Балдарды үйүңүзгө алып барып окутасызбы, таң атканча сабак өтүп чыгасызбы, муну менен менин ишим жок, бизге жүз пайыздык өздөштүрүү гана керек! План ушундай! Үч күндөн кийин классыңызда ачык сабак уюштурабыз!
Турсуналы түнү менен ойлонуп чыкты. Неге башка тармактарда жол бар да, мектепте жок?! Неге бардык балдарды «бешке» билдирип коюшка болбойт экен? Эң эле болот да! Баары кошумча милдеттенмелер алып жатса, ал неге алса болбойт экен?
Эртеси ал класска өзүн жеңил сезип кирди.
–Балдар! – деди үнүн салтанаттуу чыгарып. – Жакында классыбызда жаратылышты үйрөнүүдөн ачык сабак болот. Бирок силер коркпогула, жолун таап койгомун. Силерге алдын-ала суроолорду бөлүп берем. Комиссиялар келип, артта отурганда баарыңар билсеңер-билбесеңер деле кол көтөрө бергиле. Берилген суроолорго карап мен бир-бирден чакыра берем. Болуптурбу?
–Болуптур! – деп чуркурашты балдар.
Белгиленген күнү бир эмес алты киши узун-кыска болуп кирип келишти.
Турсуналы биринчи суроону балдарга берди.
–Кана, балдар, ким айтат, адамдын көкүрөк бөлүгүндө кайсыл органдар жайгашкан?
Балдар чуру-чуу түшүп эле кол көтөрүп жатып калышты.
–Мен!
–Мен!
–Мен айтам!
–Агай… агай!..
Турсуналы балдарга абдан ыраазы болуп, толкунданып турду. Бирок биринчи суроону кимден сураш керектигин эсинен чыгарып коюптур. Балдар болсо, деле чурулдап, классты башына кийип алды. Айрыкча биринчи партада отурган бала ордунан атып кете тургандай болуп кол көтөрүп атат. «Ушунда бир кеп бар!» – деп ойлоду Турсуналы агай.
–Кана, сен айта гой, Мухтар! – деди ал жеңил тартып.
Мухтар ордунан атып турду да тыным албай автомат болуп сүйлөп атат, сүйлөп атат:
–Курбака эң пайдалуу жаныбар болуп, ал чымын, чиркей, сайгак сыяктуу зыянкечтерди жок кылат…
Турсуналынын ырайы учуп кетти:
–Жок, мен сенден көкүрөк бөлүккө жайгашкан…
Мухтар көзүн бир аз алайтып турду да, андан ары айта баштады:
–Курбака кышында уйкуга кетип, эрте жазда…
–Отур! – жаны чыгып кетти Турсуналынын. – Эмнелерди айтып эле тантырап жатасың?! «Эки!»
Ал өзүн өзү бир аз басып алды да класска кийинки суроону берди:
–Кана, айткылачы, мамлекетибизде кандай чоң шаарлар бар?
Балдар дагы баары бирдей кол көтөрдү.
–Мен!
–Мен!
–Мен айтам!
–Агай… агай!..
Турсуналы башкалардан катуураак кыйкырып жаткан кызды тургузду. Чамасы бул суроону ушул кызга жаздыргансыды эле…
Кийинки суроо куштар жөнүндө эле. Бул жолу да балдар барабар кол көтөрдү.
–Мухамеджан, кана, сен айтчы?!
Баятан бери алдыга обдулуп араң турган Мухамеджан негедир доскага чыккысы келбей калды.
–Кош! Неге селейип турасың? – деп Турсуналынын өпкөсү ичине тартыла түштү. – Дагы эмне болду?
Саидбурхан келбей калды, – деди Мухамеджан айыптуу немедей башын жерге салып. – Муну ошол айтып бериши керек эле…
…Турсуналыны ачык сабактан жөлөп-таяп араң алып чыгышты. Үйүнө кирип келгенде анын түрүн көрүп, аялынын жүрөгү алкымына кептеле түштү.
–Э, сизге эмне болду? Каерден келе жатасыз?
–Эч кайдан! – деп үшкүрдү Турсуналы. – Алып чык, ошол кофтаңды!
–Аны эмне кыласыз?
–Айрыйм! Майда-майда кылып тытып таштайм! Отко жагып, жалынына жылынам! Алып чык!
1982
Которгон: Абдыкерим Муратов