Махабат Касейинова: Ымандай сыр бул мендеги, келиңиз – Ыр окушуп кайталычы жѳн гана

*****

Алган өңдүү бакыт мени туткундап,

Аяп жашайм өзүмдү анда кысылган.

…Келди-кетти тагдыр болду демекмин,

Кербен өңдүү өтүп кетсе тушумдан…

 

Бирде аяп, бирде өзүн жек көрүп,

Ар кыл ойго батат кимдер менчелик?

Башыңды ийип жашоо турмуш каарына,

Коркоктук же боштук, балким пенделик…

 

Бактысы үчүн жарым менен балдардын,

Бар күчүмдү жумшаганым туурадыр.

Багы ачылбай ыйлап кетээр көп болсо,

Бала күндөн көөдөнүмө сыйган ыр.

 

Мекенге

Мекен-эне, мен түшүнбөй баркыңды,

Мекен-ата, айта берип дартымды.

Сурабапмын сендеги абал кандайын,

Сурабапмын бүтүнүңдү, жартыңды…

 

Миңи келди миң бир түрлүү сүйлөдү,

Бирок сага бири чындап күйбөдү.

Кайдан таап кантип кадап бере алам,

Кымкабыңан катар түшкөн түймөңдү?!

 

Арыздансаң, айтсаң көптүр арманың,

Көркүң кетти тытмаланды жан-жагың.

Сени бүтүн тапшырсам дейм эртеңге,

Сени бүтүн сакташса дейм балдарым.

 

Уулум, кызым менден сага аманат.

Качандыр бир карлыгачтай сабалап.

Жаным сенин асманыңда айланып

Деним сенин кучагыңдан жай алат.

 

Сени бүтүн тапшырсам дейм эртеңге,

Сени бүтүн сакташса экен балдарым.

 

Жөн гана узап кетчи

Көңүлүм калып бүгүн башкалардан,

Карегим жаштап алам.

Ырымды окуп берем,

өзүңө арнап жазып

Жаттап алган.

Угуп кет ушул жолу суранамын,

Уялап алган санаа жүрөктөгү,

Уюлгуп жаткан муң-зар чыгып кетсин.

Суранам ушул ырым угуп кеткин.

Жапжаңы ыр жазайын анан кайра,

Жарыгым биротоло сүйдүрүп кет.

Шашсаң да жумушуңа,

Шамымды биротоло күйдүрүп кет.

Уккан соң бул ырымды,

Баштаба бирок жаным узак кепти.

Күлбө да, муңайба да,

Жөн гана ойлуу тартып узап кетчи,

Жөн гана узап кетчи.

 

*****

Ырларыңыз жүрѳгүмдү эзди, эх,

Ыйлап туруп окуп чыктым бир кечте.

Жан дүйнѳңүз ооруп анан дирилдеп,

Жазгандырсыз баркыңызды билбеске.

 

Кай бир кезде жашоо-турмуш, кѳр-тирлик,

Кандай десем, чоочун мага, ѳѳн мага.

Ымандай сыр бул мендеги, келиңиз –

Ыр окушуп кайталычы жѳн гана.

 

Үшкүрѳрсүз, алда кандай ой басып,

Үй-бүлѳңүз… аны мен да түшүнѳм.

Билем сизди коё бербес боору ооруп,

Бир селкиге жалгыздыктан үшүгѳн…

 

*****

Жаңы алган кѳйнѳгүмдү кийип алып,

Жаныңа баргым келди азыр эле.

Утурлап тосуп алчы, элестетем,

Ушул күн ѳмүрүмдүн жазы беле?

 

Каарданган кыштын суугун тоготпостой,

Кадимки жаз жыттанган шамал тышта.

Мен эмес, сагынычтан жабыркашып,

Нааразы болгондор кѳп ушул кышка.

 

А менчи, жаңы кѳйнѳк сатып алып,

Балача кубанычтан күлүңдѳгѳн.

Ѳң-түсүн, жарашыгын улам айтып,

Кѳп ирет кийип кѳрдүм сүйүнгѳндѳн.

 

Ѳрѳпкүйм кѳйнѳгүмдү кийип алып,

Ѳзүңѳ жѳнѳйм азыр, каяктасың?

Жандаган сендей адам бар жанымда,

Жапжаңы кѳйнѳк кантип жарашпасын.

 

*****

-Сен жазган ыр сонун экен.

-Сонунбу?

-Сонун экен, кайра-кайра уккум бар.

Көңүлүмдү көкөлөгөн бүгүнкү,

Көтөрүңкү маанайымды сүйүнтүп,

Көпөлөктөй ушул күнү учкум бар.

 

Ыза болор бир сөз айтып койбогун,

Арсар эмес тунук болсун ойлоруң.

Аалам тынчып таттуу уйкуда жатканда,

Аруулукту ыроологон ак таңда

Абай салчы, айтып берем болгонун.

 

-Жаңы ыр жаздым, сага жазган алгачкы ыр,

Саамайымды сылап айттың “жакшы экен”.

Бүгүн менде сүйүү кайра жанданды,

Бүгүн чындап таппай жаттым айламды,

-Сага жазган алгачкы ырым…

-Жакшы экен.

-Сага ыр жазуу кандай бакыт, бах десең!

 

*****

Ушул чөйрө, уңгу сөздө маани жок,

Уккан ушак, салыштыруу тажатты.

Ишеничим бирок дале өчпөдү

Издеп барам суусу мөлтүр башатты.

 

А чынында булар мага керекпи?

Бирөөлөрдүн нанды кандай жапканы,

Бирөөлөрдүн уйду кандай сааганы,

Бирөөлөрдүн күндө күмүш тапканы…

 

Карегимде калган изди жашырып,

Көр оокатты улап кеттим дапдаяр.

Кагаз акчаң жетпей жатса бирине

Калем алба, камыр жайчу тактай ал!

 

Жайбаракат күн кечирип эрте-кеч,

Жашасаң да өмүр өтүп бир кылым.

Алып-учкан кыялыңды токтотчу

Акындыгың алар үчүн бир тыйын.

 

Көз жиберип алыс-алыс жактарга,

Көрүнгөнгө ага берчү жаш кайда?

Ызалыкты алмаштырып күлкүгө

Ыр чиймеле камыр жайчу тактайга!..

 

Мен тандаган жолдор алып шаштымды,

Сен тандаган жолдон таап бактымды.

Ыр издеген ушул күндөр курусун,

Дагы деле жарата албай жакшы ырды,

Дагы деле жаза албадым жакшы ырды…