Семён Липкиндин “Айкөл Манас” повесть-жомогунда баяндоонун көп түрдүүлүгү
(2-макала)
Семён Липкиндин “Айкөл Манас” деп аталган романы улуу эпосубузду кара сөзгө айлантып кагаз бетине түшүрүүнүн алгачкы үлгүсү болуп эсептелет. Бул жумушту ишке ашырууда залкар калемгер прозанын ички мыйзам ченемдерин мүмкүн болушунча пайдаланууга аракет жасаган. Прозалык чыгармалардагы андай мыйзам ченемдүүлүктөрдүн бири –локанизм. Баарыга белгилүү болгондой, элдик эпос кылымдардан бери оозеки түрдө, болгондо да импровизация түрүндө жашап келгендиктен анда оозеки сүйлөө эрежелеринин бөтөнчөлүктөрү көбүрөөк сакталып, ошондон улам көбүртүп-жабыртып баяндоо басымдуулук кылган учурлар арбын кездешет. Мындай учурлар айрыкча жаратылыш көрүнүштөрүн, табият көркүн, жер, суулардын көз жоосун алган сулуулугун сүрөттөөдө өзгөчө ачык көрүнөт. Семён Липкин чебер калемгер катары мына ушундай учурларды кыска, так, бирок, жүрөккө жетерлик элестүү сүрөттөп берүүгө жетишкен. Мунун айкын мисалы катары романдагы мобул сүрөттөөнү окуп көрсөк эле жетиштүү болот. “Долго скакал он (Бай – С.Т.) на верном своем коне, пока не увидел в начале одного из дней горные вершины, на которых такой желтизной горело солнце, такой белизной сиял снег, так ярко зеленела трава, что казались эти вершины похожими на шкуру леопарда. Это был Алтай”. (1,15-б.) Мындай кыска, так, таамай берилген сүрөттөөлөр С.Липкиндин чыгармасында өтө арбын учурайт. Ал эми бул көрүнүш болсо чыгарманын көркөм-эстетикалык кунарын арттырып, көркөм туундуну окумдуу кылып, тажатма сүрөттөөлөрдөн арылтат.
Прозадагы локанизмди Семён Липкин табият көрүнүштөрүн сүрөттөөдө эле эмес, эпостогу эң негизги окуялардан болуп эсептелген согуштук сценаларды сүрөттөө учурунда да өтө ыктуу пайдалана билген. Айталы, кыргыз менен калмактардын кызыл кыргыны китептин үчүнчү бөлүмүндө “Сражение богатырей” жана “Вступление в Бейджин” деген бөлүмчөлөрдө эле кыска, так, элестүү жана жеткиликтүү берилген. Бул бөлүмдөрдөн окурмандар байыркы учурдагы согуштардын мүнөздүү өзгөчөлүгү болгон жекеме жеке эр сайышты да, жүз миңдеген (кытайдын аскерлеринин эки тобунун ар бири жарым миллиондон деп айтылат – С.Т.) аскерлердин кызыл кыргынын да окуй алат. Мунун баарын, кайталап айтабыз, Семён Липкин көбүртө-жабырта баяндалган ашыкча сүрөттөөлөрү жок эле кыска, так, таамай кылып, жеткиликтүү да, элестүү да сүрөттөп бере алган. Албетте, муну биз прозалык чыгармалардын жанрдык артыкчылыгынын, өзгөчөлүгүнүн бири деп да билгенибиз оң жана, албетте, С.Липкиндин сүрөткерлик бөтөнчөлүгү катары да кабыл алганыбыз жөн.
Семён Липкиндин “Айкөл Манас” романында баяндоонун эң сонун түрү болгон диалог да иш билги пайдаланылган. Диалогду чебер сүрөткерлер тариздүү С.Липкин да тек гана эки адамдын маектешүүсү катары эмес, алардын ички дүйнөсүн, мүнөз өзгөчөлүгүн, ал турсун бири бирине болгон мамилесин ачып берүүчү ыкма катары пайдаланып, натыйжада, сүрөттөөнүн көп түрдүүлүгүнө жетише алган. Кырк хандуу Кытайдагы хандардын ханы Эсен хандын (С.Липкин аны “Сын Неба” деп атайт) ай чырайлуу Бурулча (калемгер муну “Внучка Неба” деп атайт) деген кызы бар. Кытайдын кырк ханынын бири Азизхандын уулу Алмамбет – эрезеге жетип, атасынын элин алты жыл башкарып, көп нерсеге көзү каныгып калган Алмамбет – хандардын ханынын кызы Бурулчаны сүйүп калат. Кыз да жигитти жактырарын билдирип, атасына барып кызына үйлөнүүгө уруксат беришин сурап келүүсүн өтүнөт. Бурулчанын атасы хандардын ханы Эсенхан менен Алмамбеттин ортосунда мындай диалог жүрөт:
“–Мое честолюбие шире ханства моего отца. Под вашей рукой – сорок держав. Пусть Сын Неба даст мне державу шиибе.
–Мы отдали её нашему сыну Берюкезу.
–Тогда пожалуйте меня державой солонов.
–Мы подарили её одноглазому Мады-хану.
–Тогда наградите меня державой тыргаутов.
–Ею владеет Джолой.
–Тогда пусть я буду властелином манджу.
–Нескара давно уже властелин манджу.
–Тогда пусть признает меня своим повелителем держава монголов.
–Повелительница этой державы – великанша Канышай.
–Осталось из больших держав – ханство жрецов. Что Сын Неба скажет о нём.
–Мы бы отдали его тебе, мой Алмамбет, если бы не обещали уже раньше подарить ханство жрецов Конурбаю.
–Выходит так, что мне надо уйти от хана ханов с обидой? – сказал Алмамбет.
–Не знаю, как быть, – ответил Эсен хан. – Проси у меня того, чего я никому не отдал.
Этих слов только и ждал Алмамбет. Он воскликнул:
–Не надо мне никаких ханств, – отдайте мне в жёны вашу Бурулчу! Мы любим друг друга.
Тут хан ханов насупился, как сыч, и между ним и Алмамбетом пошла иная речь.” (1, 103-104-бб.)
Көрүнүп тургандай, бул диалогдон биз бир жагынан кырк хандуу Кытайдын башкаруучусу Эсен хандын бийлигинин чексиздигин байкасак, экинчи жагынан, Алмамбеттин көздөгөнүнөн кайтпаган көк жалдыгын, өз максатына жетүүдө ар кандай айла-амалдарды колдонуп болсо да (сөздү алыстан-алыстан баштап келип, ашыгы жөнүндөгү кепке өтүү да маек куруунун жол-жоболорун кылдат билгендик эмеспи) акыры көздөгөнүнө жеткен кашкөйлүгүн далилдеп турат. Үчүнчүдөн, бул диалог С.Липкиндин бул чыгармасы прозалык көркөм туундулардын нукура үлгүсү экендигин көрсөтүп туруучу айныксыз фактылардын бири болуп эсептелет.
Семён Липкиндин “Айкөл Манас” деп аталган бул чыгармасы ар кандай апыртуулар, мифтик баяндоолор кеңири колдонулган элдик эпостун негизинде жазылса да, андагы каармандардын жан дүйнөсүн ичкериден аңтара көрсөтүп берүүдө автор нукура реалисттик прозанын ыкмаларын, жол-жоболорун да ыктуу пайдалана алган десек болот. Бул айтылган оюбуздун айкын далили катары С.Липкин тарабынан каармандардын ички ой толгоолорунун иш билги колдонулгандыгын көрсөтүп кетер элек. Анда эмесе, бир-эки мисалга көңүл бурсак.
“Вот он, жребий странника! В Китае бранили меня, называя Проколотым Ухом и киргизом, здесь бранять меня, называя веропоганым, китайцем-собакоедом! Лучше б я погиб в схватке с Конурбаем или в блужданиях по вселенной, чем выслушиватьоскорбления от людей, милых моему сердцу!” (1, 136-б.)
Бул, байкалып тургандай, Алмамбеттин ой толгоосу.
“Если я хочу стать владыкой Китая, если я хочу уничтожить киргизов, наполнить их голоса ужасом, выдергать у них бороды, натянуть их колпаки на камни, смешать их народ с пылью; если я действительно хочу этого, то я должен лишить жизни Манаса и Алмамбета. Отняв у них жизнь, я приобрету истинную храбрость. Алмамбет – на моей земле. Начну с него”. (1, 172-б.)
Бул Коңурбайдын ой толгоосу.
“Я не понял киргизов. У них голоса, от которых дрожит земля. У них очи, от которых удирает враг. Прибыль для них – ничто, их нельзя подкупить. Думал я стать вершиной Китая, а превратился в овраг в глухой пустыне. Зло растет, уничтожая добро. Чтобы ствол жизни моей вырос, нужна смерть Манаса”. (1, 201-б.)
Бул дагы Коңурбайдын ой толгоосу.
“Утолю свою гордость и месть, просижу ещё один, последний, месяц в Бейджине, чтобы Китай покрепче запомнил меня и не посягал больше на дом киргизов, а там двинусь назад. Нет на земле места благодатнее долины Таласа!” (1, 197-б.)
Бул, албетте, Манастын ой толгоосу.
Бул ой толгоолорду пайдалануу менен Семён Липкин, биринчиден, каармандардын белгилүү бир учурдагы ой-санааларын, ички толгонууларын, будуң-чаң түшкөн абалдарын ичкериден ачып берүүгө жетишсе, экинчиден, каармандардын кулк-мүнөзүндөгү негизги өзгөчөлүктөрдү баса көрсөтүүгө да жетише алган. Албетте, бул дагы, кайталап айтабыз, сөздүн нукура маанисиндеги прозалык чыгармаларга мүнөздүү сапат-белгилердин бири эмеспи.
Китепке жазган бетачар сөзүндө Семён Липкин бул чыгармасын жанрдык жактан “повесть-сказка” деп да атаганына сөз башында күбө болдук. Албетте, мунун да чындыгы бар экендигине китепти окуп чыккан окурман ынанбай коё албайт. Бардык элдерде жомок “…отражает мировоззрение народа в разные эпохи его жизни…” (2, 356-б.) Байыркы эпикалык доордун көркөм летописи болгон улуу эпосубузда ошол байыркы доорго мүнөздүү сыйкырдуулук, апыртмалуулук, фантастикалуулук сөзсүз түрдө орун албай койбойт. “Манас” эпосунан да биз мындай чыныгы жомоктук баяндоолордун көптөгөн мисалдарына туш болобуз. Мындай сүрөттөөлөр көбүнчө айрым бир каармандарды сүрөттөгөндө өтө даана көрүнөт.
Баарыга белгилүү болгондой, жомоктордун туруктуу каармандары болот. “Алты баштуу ажыдаар, тоону томкоргон жалгыз көздүү дөө, жамандыкты издеп, бактысыздыкты тилеген жезкемпир кыргыздардын кереметтүү жомокторунда кеңири учуроочу туруктуу терс каармандар. Бири оозунан жалын чачып, күнөөсүз адамдарды тирүүлөй жутуп турса, бири күчүнө сыйынып, алсыздардын оокатын тартып жеген кара күчтүн ээси. Элдин сүйүктүү каармандары да ушуларга каршы күрөшөт, айрымдары бул күрөштө кереметтүү буюмдардын жардамы менен жеңишке жетишсе, бир даары айлакерлиги, баатырдыгы менен душманды өлтүрүп, элди оор кайгыдан куткарат. Тилектерине жетишишет. Оң каармандын жөндөмдүүлүгү, баатырдыгы да мына ушул фантастикалуу күчкө каршы күрөштө сыналат”. (3, 270-б.) Дал мына ушундай көрүнүш, тагыраак айтканда, реалдуулук менен фантастикалуулуктун ширелише эриш-аркак берилиши улуу эпосубузда бир топ эле арбын учурайт. Дөөлөр, болгондо да жалгыз көздүү дөөлөр, колдору темир, баштары чоюн адамдар “Манас” эпосунда кадимки турмуштагы баатырлар менен кадимкидей согушуп жүрө беришет. Улуу эпостогу дал мына ушундай көрүнүштөрдөн улам Семён Липкин бул эпостун негизинде кара сөз менен жазган чыгармасын кошумча “жомок” деген жанрдык аныктама менен атаганы авторду көп нерседен куткарып, көп нерсеге кошумча мүмкүнчүлүк бергендей. Семён Липкин окуган адамды нукура жомоктордун, фантастикалуу көрүнүштөрдүн дүйнөсүнө алып барчу момундай көрүнүштөрдү сүрөттөйт: “Облака медленно двигались, разбиваясь о вершины, и тогда, клубясь, рождались новые облака. И вдруг показалось Баю, что то не облака, а горы движутся прямо на него, две горы, одна на другой, и на верхней горе торчат почему-то лопасти мельничных колес. Дурным предчувствием сжалось дряхлое сердце Бая, но не свернул он своего коня с тропы и отважно поехал навстречу движущимся горам. Зоркие глаза сверкали под седыми его бровями, и увидел Бай: то, что принял он за верхнюю гору, оказалось великанов Джолоем, а то, что он принял за лопасти мельничных колес, оказалось усами Джолоя, а нижная гора оказалась конем Джолоя”. (1, 15-б.) Чыгармада тыргооттордун ханы делип айтылган Жолой дөөнүн көрүнүшүн С.Липкин мына ушинтип нукура фантастикалык, чыныгы жомоктук усулда (алгач түрмөктөлгөн булутка, андан соң жылып келаткан эки тоого, муруттарын тегирмендин парасынын калактарына окшоштуруп) сүрөттөп берет.
Жогоруда биз С.Липкин жомок-повестинде жалгыз көздүү дөөлөрдү, колдору темир, баштары чоюн адамдарды кадимки реалдуу турмуштагыдай эле көркөм баяндай берерин айтып өттүк эле. Ырасында эле “Айкөл Манас” чыгармасынан “Бээжинге кирүү” деген бөлүгүнөн момундай баяндоону жолуктурабыз: “Второе войско возглавлял некто по имени Мады, хан державы солонов. Он был рожден в стране одноглазых исполинов. Семь мудрецов Китая обучало его человеческой речи. Его единственное око мерцало, как пламя, на широком лбу цвета ржавого железа. Был он так огромен, что не нашлось для него в Китае коня, и сидел он, одинокий, верхом на однорогом бугае, чья пасть извергала пламя, чьи ноги мчались, как степной ветер.
Войско Мады было собрано из разных ханств. Были здесь и кинжалорукие, и медноногие, и одноглазие, и обычные люди, которых согнали силой, и все эти воины говорили на разных языках, не понимая друг друга”. (1, 179 – 180-бб.). Кытайлардын Манас менен согуша турган аскерлеринин бир бөлүгү мына ушундайча сүрөттөлөт.
Мына ошентип, С.Липкин кара сөзгө айланткан алгачкы вариантта элдик баатырларга каршы күрөшүүчү фантастикалуу кара күч (эпосто “Көк бука минген Мадыкан” делип сүрөттөлгөн) Мадынын образы аркылуу ушундайча сүрөттөлүп берилет.
Арийне, реалисттик проза кандайдыр бир деңгээлде эпикалык көркөм мурастарда колдонулган баяндоонун ыкмаларын өз мыйзам ченемине жараша пайдаланып келет. Реалисттик проза менен эпикалык баянда бирдей функцияны аткарып, бирдей милдетти көтөрө колдонулган бандоонун мындай ыкмасы катары окумуштуулар эпистолярдык ыкмада сүрөттөөнү көрсөтүп келишет. Дүйнөлүк адабиятта С.Ричардсондун “Памела”, Ж.-Ж.Руссонун “Жаңы Элоиза” аттуу ж.б. романдарында, орус адабиятында болсо Д.Фонвизин менен А.С.Пушкиндин, Ф.М.Достоевский менен А.П.Чеховдун, С.А.Есенин менен К.Симоновдордун айрым чыгармаларында, төл адабиятыбызда болсо У.Абдукаимовдун атактуу “Майдан” романында турмуш, каармандын жан дүйнөсү эпистолярдык формада эң сонун чагылдырылып берилет. Жогоруда көрсөтүлгөн жана башка көптөгөн калемгерлердин роман, повесть, поэмалары аркылуу эпистолярдык форма көркөм адабиятта өз ордун тапты десек болот. Ал эми кээде эпистолярдык форма реалисттик чыгармаларда коомдук-психологиялык абалды, каармандардын жан дүйнөсүн ачууда калемгер үчүн кошумча каражаттын милдетин аткарарын эске алчу болсок баяндоонун бул ыкмасынын мүмкүнчүлүктөрү өтө кеңири экендигине ынанабыз. Эпистолярдык баяндоонун классикалык үлгүлөрү катары А.С.Пушкиндин өлбөс-өчпөс “Евгений Онегин” романындагы Татьянанын Онегинге (4, 94 –96-бб.), Онегиндин Татьянагы (4, 215 – 217-бб.), Н.В.Гоголдун даңазалуу “Текшерүүчү” комедиясындагы Хлестаковдун эски таанышы Тряпичкинге(5, 236, 237, 238-бб.), У.Абдукаимовдун “Майдан” романындагы Качикенин аялы Чынарканга (6, 192-б. ж.б.) , Чынаркандын Качикеге (6, 86 – 87, 88, 96 – 97-бб. ж.б.), Кыдырбектин Берметке (6, 227, 279 – 280-бб. ж.б.), Берметтин Кыдырбекке (6, 230 – 231-бб. ж.б.) жазган каттарын көрсөтүп кетсек болот.
Эпистолярдык баяндоонун улуу эпосубуздагы эң мыкты үлгүсү катары Каныкейдин катын көрсөтүп кетсек болот. Кошмо вариантта бул кабар берүү мындайча баяндалат:
“Билбей жатса, өлөт, – деп,–
Абасы жетип айтсын, – деп, –
Баатырым башы аманда кайтсын, – деп,–
Тилимди алса, айкөлүм
Аман бери тартсын,– деп,–
Адырда жылкы ала баш,
Азапка бөөдө салбагын,
Көк жалым, артыңда эркек бала жаш.
……………………………………………….
Ыйлап-ыйлап кат жазып,
Береним төрөм келсин деп,
Тилимди алса, баатырым,
Ушул бейпайлуу сөзгө көнсүн деп
Алты күлүк ат берип,
Нарбуурулду баш кылып,
Алакандай кат берип,
Карт Бакайды баш кылып,
Чууга кирсе, таңылбас,
Караңгыда карсактын
Изин кууса, жаңылбас
Буурулду берип булкунтуп,
Каныкей жөнөттү кошту жулкунтуп. (7, 287 – 288-бб).
С.Липкиндин вариантындагы кара сөз түрүндөгү баянда Каныкей жазган катты Бакай эмес Меңдибай алып келет. Бээжинге жакын калганда “камнем, сорвавшимся с горы, бросился Конурбай на своем коне навстречу вестнику. Увидев его, Мендибай остолбенел от неожиданности. Мужество ушло из его сердца, ибо ужасным было волчье лицо Конурбая. Весь мир стал для таласского вестника Конурбаем, и мир был страшен. Губы Мендибая сделались сухими, он облизнул их и подумал: “Только мой Молнионосный может спасти меня”.
Мендибай отпустил поводья своего коня, ухватившись за его драгоценную гриву. Конь почуял волю и взвился в высоту. Он пролетел над головой Конурбая и, казалось, испарился в собственной пыли. Конурбай, проклиная свою неудачу, вдруг увидел бумагу, величиной в ладонь. Это из раскрывшейся сумки Мендибая выпало письмо Каныкей. Конурбай поднял его”. (1, 195-196-бб.)
Бул келтирилген үзүндүдөн биз бир катар өзгөчө сапат-белгилерди байкайбыз. Биринчиден, эпостогу фантастикалык, жомоктук сүрөттөө (Меңдибай минген тулпардын атчан турган Коңурбайдын башынан өйдө алыс канаттуу куштай учуп өтүшү) менен кадыресе реалдуу жашоодогу жай турмуштун (Меңдибайдын ачылып калган сумкасынан алакандын отундай болгон каттын түшүп калышы жана аны Коңурбайдын акырын гана көтөрүп алышы) эриш-аркак сүрөттөлүшү болсо, экинчиден, бул кат баяндоонун экспрессивдүүлүгүн арттырып, окуянын андан ары чыңалуусуна өбөлгө да болуп турат.
Жыйынтыктап айтканда, чебер котормочу, мыкты калемгер, кыргыз адабиятынын чоң досу С.И.Липкиндин “Манас Великодушный” деп аталган жомок-повести улуу эпосубузду кара сөзгө айлантуу ишин көздөгөн эң алгачкы тажрыйба болуп эсептелет жана анын алгылыктуу жактары менен кенемтелери дал ушул биринчи тажрыйба экендигине камтылган десек болот.
Адабияттар
1. Липкин С.И. Манас Великодушный. Повесть – Б.: Учкун, 1996.
- Словарь литературоведческих терминов. (Редакторы-составители Л.И.Тимофеев и С.В.Тураев) –М.: Просвещение, 1974.
- Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. – Ф.: Илим, 1973.
- Пушкин А.С. Евгений Онегин. Роман. – М.: Художественная литература, 1976.
- Н.В.Гоголь. Ревизор. Комедия в пяти действиях. – К-те: Гоголь Н.В. Повести. Драматические произведения. – Л.: “Художественная литература” (Ленинградское отделение), 1983.
- Абдукаимов У. Майдан. Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1980.
- Манас. Эпос. Биринчи бөлүк, 2-китеп. Кыскартылып бириктирилген варианты. – Б.: Кыргыз китеп борбору, 2014.
Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор