Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдык мааракеси Талас шаарында белгиленди

Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрь күнү Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө Сүйүнбай Эралиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча көргөзмө уюштурулуп атайын видео тасма көрсөтүлдү.

Аталган адабий-музыкалык эскерүү иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас облустук Аман Токтогулов атындагы китепканасы, Талас райондук мамлекеттик администрациясы, Талас ТВ МТРКсынын колдоосу менен уюштурулду.

Облус жетекчиси Бакытбек Нарбеков өз сөзүн Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин

Багына, байлыгына башка жактан,

Башынан баш бакканды кылып алас.

Айтылуу арстандарың өткөн экен,

Алмамбет, Чубак, Сыргак, айкөл Манас!

Бир уулуң, болоттой курч эр Чолпонбай,

Кечээ эле бизге асылган душманга кас!

Казатта кайрат менен салгылашып,

Түбөлүк даңк алганын тарых танбас!

Кең Талас далай эрди берген жер го,

Сүрүңө, кайратыңа жоо даай албас!

деген ыр саптары менен баштап, Манас атабыздын Ордосу, улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун, эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин ата конушу болгон касиеттүү Талас жергесинин элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан салтанаттын катышуучуларына салам жолдоду.

Сүйүнбай Эралиевдин замандаштары, акын-жазуучулар катышкан салтанаттуу иш чарада акындын “Ак Мөөр” поэмасынан үзүндү көрсөтүлүп, акындын калемине таандык ырлар окулуп концерттик программа менен коштолду.

Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айылында туулган. Ал Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Алгачкы ыр жыйнагы 1949-жылы “Биринчи жаңырык” деген ат менен жарыкка чыккан.

Эралиев кыргыз поэзиясында биринчилерден болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган “Жылдыздарга саякат” поэмасында пайдаланган.

Ал Уитмендин, Тагордун, Турсун-Заденин, Твардовскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

С.Эралиев Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы, “Элдердин достугу” ордени, III жана I даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Акын жана котормочу Сүйүнбай Эралиев 2016-жылы 95 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Арслан Жекшенбеков