Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү
(2-макала)
Мына ошентип, Р.Шүкүрбековдун «Аралаш төкмө» деп аталган термесинин шарттуу түрдөгү биринчи бөлүмчөсүнүн башталышынан биз киришүү бөлүмчөсүндө айтылган «калп айтпоо», «чынчыл болуу» деген дидактикалык ойлордун ырааттуу улантылышына эмес, тескерисинче, элдик төкмөлүк өнөрдө өзгөчө кеңири колдонулуп келген калп жанрынын чукугандай ишке тартылышын, ушундан улам окуянын, автордук баяндоонун андан аркы өнүгүшү таптакыр башкача нукта өнүгүп, ушул олтурган адамды, окурманды алда немедей психологиялык абалга алып келгенине күбө болдук. Ырасында эле «калп айтпоо», «чынчыл болуу» жөнүндөгү насият ойлордон кийин:
О, баягы жылы эшекчен
Айга чыгып келгенмин, – деп туруунун өзү эле, айтылып өткөндөй, угарман менен окурманды адаттан тыш психологиялык абалга кириптер кылат. Чыгарманын андан аркы өнүгүшү, б.а. Айдагы жашоо-тиричиликти сүрөттөй баштоосу гана элдик оозеки чыгармачылыктагы калп жанрынын акын тарабынан көркөм баяндоонун бирден бир ийгиликтүү табылган ыкмасы катары колдонула башталгандыгын аныктайт. Чыгарма минтип уланат:
Азыр айтам силерге,
Көргөнүмдүн жөн жөнүн:
Асман жердин арасын,
Алты күн жүрсөң барасың.
Келишкен сулуу кызы көп
Жактырып сүйүп аласың. (76-77-беттер).
Минтип чексиз галлактикага кетүүчү аралыкты алты күндүк жол катары аныктоо менен акын тандап алган ыкмасын баяндоонун мындан аркы жүрүшүндө бекем тутунаарын далилдеди десек болот. Ошентип, калп жанрынын табиятына мүнөздүү бардык өзгөчөлүктөр бул чыгарманын табиятына мүнөздүү бардык өзгөчөлүктөр чыгарманын мындан аркы өнүгүшүндө улам жаңыга өң-түсү менен көрүнө берерин күткөнүбүз максатка ылайыктуу. Кептин баары эми калп жанрынын өзүмдүк өзгөлүктөрү автор тарабынан канчалык деңгээлде пайдаланыларын б.а. ар бир угарман менен окурман тээ бала күнүнөн угуп жана окуп жүргөн калптардан акындын калптары канчалык даражада ашып түшөт да, канчалык даражада ой тизмектери ырааттуу берилет. Шарттуу түрдөгү биринчи бөлүмчөдөгү баяндоонун андан аркы жүрүшү угарман менен окурманда мына ушундай ойлорду пайда кылат. Тилекке жараша биздин жүрөксүүбүз оюнан чыгып, тымызын күтүүбүз акталат. Анткени, андагылар
Көк тунукеден асманды,
Тегеретип оюптур.
Ай, жылдызды чегелеп,
Анда карап коюптур.
Бирок таштан экен тамагы,
Тарылып көңүлүм жадады.
Тумчугуп өлүп кетесиң,
Таппайсың мындай абаны.
Тим эле жүрөт аялы,
Эркеги туубайт баланы. (77-бет)
Баракелде! Калп болбосоң кое кал! Ар кандай көркөм чыгарма угарман менен окурманда адаттан тыш сезимдерди пайда кылып, белгилүү бир деңгээлде ыракат тартуулаш керек эмеспи. Маселенин ушул жагынан алып караганда Айдагы турмуш жөнүндөгү бул баян кандайдыр бир деңгээлде өз максатына жетип, автордун алдына койгон мүдөөсү аткарылган десек болот. Ырасында эле биз бала кезде угуп жүргөн:
Кичинемде турна бактым,
Арка-арыгына жабуу жаптым.
өз энемдин ичинде экенимде
Чоң атамдын жылкысын бактым, – деген сыяктуу калптардан эч бир калышпайт. Ал турсун Р.Шүкүрбековдун калптары жумшак юморго, тымызын сарказмга эгедер. Төмөнкү түрмөк бул айтылган оюбуздун эң сонун мисалы десек болот:
Төөлөрү туубайт эгизден,
Уйлары туубайт сегизден.
Жайлоосунун чөбү укмуш,
Сүт чыгат экен өгүздөн. (77-бет)
Албетте, калптар элдик оозеки чыгармачылыктын эзелтен бери өмүр сүрүп келе жаткан бир жанры, фольклордун ажырагыс бир бөлүгү. Ушундан улам элдик эпостордогу, дастандардагы, дегеле фольклордук көркөм туундулардагы сүрөттөөнүн бардык жол-жоболору, ыкмалары калптарга да мүнөздүү, калптарга да тиешелүү. Улуу эпосубуз «Манастан» жер соорусу кең Таластын төмөндөгүдөй көрүнүшүнө туш болобуз:
Балтырканы билектей,
Маралдары ошондо
Мала кашка инектей.
Кескелдирик жыландай,
Оюн салган куланы
Толмоч семиз кунандай.
Жыландары аркандай,
– – – – – – – – – – – — – — — – –
Жалбырагы жаргактай,
Кара курту бармактай.
Чымчыгына карасаң
Алтайдагы улардай.
Чырпыгы бар чынардай,
Чынарлары мунардай,
Ал эми элдик оозеки чыгармачылыктын эстетикасынын алкагында талант-шыктары тарбияланган эл ырчыларынын көркөм туундуларынан да дал эпостогудай сүрөттөөлөрдү жолуктурабыз. Айталы, атактуу акыныбыз Молдо Кылычтын «Чүй баяны» деген белгилүү поэмасы бар. Бул чыгармадан биз Чүй өрөөнүнүн төмөндөгүдөй көрүнүшүн окуйбуз:
Коендору козудай,
Аңдасаңыз абайлап
Коондору сокудай.
Байкап турса суусунда,
Балыктары манектей.
– – – – – – – – – – – – – – – – –
Карап турса капкара,
Коңуздары муштумдай.
Сар жыландын чоңдугу
Жаш баланы жуткандай.
Чегирткеси сакадай,
Көпөлөктүн чоңдугу
Көйнөгүнө салдырган
Кадим алка жакадай.
Эки мисалдан тең айкын болуп тургандай мындан биз гиперболалык сүрөттөөлөрдүн көрүнүшүнө күбө болдук. Дегеле сүрөттөөнүн гиперболалык (апыртып көрсөтүү) ыкмасы элдик оозеки чыгармачылыгыбызга өзгөчө мүнөздүү белги болуп эсептелет эмеспи. Балтырканды билектей, чынарды мунардай деп сүрөттөө эпостун өзүмдүк сапаттарынын бири болуп эсептелет, мындай баяндоону эч ким эрөөн-төрөөн көрбөйт. Ошондой эле коенду козудай, балыкты манектей, коңузду муштумдай, чегирткени сакадай, көпөлөктү алка жакадай деп сүрөттөгөн элдик ырчыны да эч ким акаарат сөзгө албайт. Анткени, эки учурда тең көркөм баяндоонун ички табияты менен төп келишип турган спецификалуу сапат-белгиси ишке тартылып жатат. Чыгармачылыктын мыйзам ченеми бузулган жок.
Р.Шүкүрбековдун биз сөзгө алып жаткан «Аралаш төкмө» деп аталган термесинин шарттуу түрдөгү биринчи бөлүмчөсүндөгү –Айдагы жашоо-тиричиликти сүрөттөгөн бөлүмчөсүнүн «сүт чыгат экен өгүздөн» дегенден кийинки баяндоосу дал жогорудагы эпостук усулдун ыкмасында төмөндөгүчө улантылат:
Күрүчтөрү алмадай,
Алмалары челектей.
Коондору үйдөй бар,
Сабиздери теректей.
Дарбыздарын сойгондо,
Кылыч менен чабышат.
Ашкабагын атышып,
Замбирек менен жарышат (77-бет)
Көрүнүп тургандай, эгерде гиперболада коондор сокудай (молдо Кылыч) делип берилсе, калпта минтип коондор үйдөй делип айтылат. Айырма канчалык экендиги өзүнөн өзү көрүнүп турат. Арийне, күрүчтү алмадай, алманы челектей, коонду үйдөй, сабизди теректей деп сүрөттөгөн учурда деле авторду эч ким жеме сөзгө алалбайт, анткени, жогорудагыдай эле бул жерде да көркөм чыгармачылыктын мыйзамы бузулган жок. Сүрөткер үчүн гипербола кандай көркөм каражат болсо, калп жанры деле дал ошондой эле өзүмдүк каражат, спецификалуу ыкма болуп эсептелет.
«Аралаш төкмөнүн» биз шарттуу түрдө экинчи бөлүмчөсү деп ала турган бөлүмчөдө лирикалык каармандын кайра жерге түшүп келгендеги турмуштук таасирлеринин баяндалышына ортоктош болобуз.
Эки жашар кезимде,
Эртең менен кечинде,
Бүргөнү токуп минчү элем
Бүркүт салып жүрчү элем.
Кайыңды жулуп алчу элем,
Карышкырга барчы элем. (78-бет)
Мында да биринчи бөлүмчөдөгү алынган ыкма андан ары колдонулуп, калп аркылуу баяндоо улантылат. «Бүргөнү токуп минүү» жөнүндөгү калп да бизге тээ бала күндөн тааныш, эски малдын көзүндөй болуп жүрөккө жакын. Анткени, бул саптын ар кайсы варианттары балдарга арналган калптарда түрдүүчө болуп айтылып келет. Бирде «чегирткенин тор айгырын минип алып» деп айтылса, башка бир жерде «чегирткени ат кылып черге миндим» деп баяндалат эмеспи. Элдик көркөм мурасты иш билги өздөштүрүү, анын ар түркүн жол-жоболорун, ыкма-усулдарын чыгармачылык лабораториядан өткөрүү менен аны акындык сезим-туйгуда кайрадан иштеп чыккан соң гана ушундай саптар жараларын да жадыбыздан чыгарбаганыбыз оң.
-Кыргыз балдар поэзиясынын антологиясы. –Ф.: Мектеп, 1987.-40-бет.
-Манас. Эпос. (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча) –Ф.: Кыргызстан, 1-китеп. 1984. -171-бет.
-Молдо Кылыч. Казалдар. (Жыйнакты түзгөн жана түшүндүрмөлөрүн жазган О.Сооронов) –Ф.: Адабият, 1990. -81-82-беттер.
-Кыргыз балдар поэзиясынын антологиясы. –Ф.: Мектеп, 1987. -37, 41-беттер. Дагы: Балдар фольклору («Эл адабияты» сериясы. Түзгөн Г.Орозова) 20-том. –Б.:Шам, 1998. -148, 150-беттер.
Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор