Омор Султанов: Сага эми кезиксе экен мендей бирөө, Болбосо менден жакшы, менден эстүү

Кыйылып турам

Жылкы айдап үрөң-бараңдан

Жылганы бойлой бастырсам,

Жайлоонун салкын абасы

Эркелей согуп астыртан,

Көңүлгө сиңген гүл жыты ай,

Көркөмү менен мас кылган.

 

«Ашуу-Төр» менен «Чолок-Төр»,

Эңседим сени сагынып.

Жадырап өскөн гүлдөрүң

Жакама үзүп тагынып,

Абаным созсом бөлүшчү

Аскаңдан чыккан жаңырык.

 

Тоодогу өткөн балалык

Тобулгу чикит чабышып,

Бир күндө он жол урушсак,

Он жолу кайра табышып,

Куушуп оюн салчу элек

Кулундар менен жарышып.

 

Ушинтип жүрчү күндөрүм

Бүлбүлдөп узап баратат.

Кыйылып турам кош дебей,

Кымбаттуу курбум, бала чак,

Мен тойбос бала кезимди

Мезгилим колдон талашат.

 

Ак кууну көрүп…

Ысык-Көл жайытына ак куу жайып,

Көңүлдүн кирин жууп, жээкке чайып.

Эреркеп өрдөктөрү алдейленип

Толкуну койчумандай астын кайрып.

 

Бул көлдө кээде турат толкун кычап,

Удургуп кылаасынан кумду жышат.

Көрк берип көлдүн сулуу жамалына,

Шарп этип, канат шапшып куулар учат.

 

Көл вальсы

Жел жүрсө бийлеп, сайран куруп

Толкундар көлдө ойногон.

Аккуудай канат жайган булут

Кылаалап көл бойлогон.

Ысык-Көл өмүр жыргалындай,

Махабат ырларындай.

 

Түнүндө көлдүн көркүн кара,

Толгон ай сүзүп барат.

Чолпондой кыздын көркүн гана

Көргөндөй көзүң канат.

Ысык-Көл жаштык жыргалындай,

Сүйүүнүн ырларындай.

 

Жамырап көктөн жылдыз түшкөн

Жылтылдап тереңине.

Күмүштөй ак балыкты сүзгөн

Көл сунат белегине.

Ысык-Көл дүйнө жыргалындай,

Жаштыктын ырларындай.

 

Чардактар кайкып, баспай чуусун,

Ысык-Көл тунуп жаткан.

Учуруп кыздар кардай куусун,

Шыңкылдап боору каткан.

Ысык-Көл өмүр жыргалындай,

Махабат ырларындай.

 

Түшүмдө

Жашыл дарак, жел менен шыбырашкан,

Өрттөнүп, күлү көккө сапырылды.

Жол жүргөн маршруттук автобустар

Консерва банкасындай кабырылды.

Асмандын түркүгүндөй трубалар

Салынып үйлөргө арта сулап жатты.

Быркырап кат-кат үйдүн кирпичтери

Жер-жерде күкүм болуп урап жатты.

Тыптыйпыл. Айлананын чаңы уюлгуп

Болгондой жер-планет үстүм-асты.

Мындагы шумдуктардан көңүлү айнып

Жер куту келбес жакка уча качты.

Бул ырас, көзүм менен көргөн сүрөт:

Шыркырап таштар эрип, суулар күйдү.

Сурасам мен бирөөдөн түшүналбай:

–Бир айбан от тутантып өрттөп ийди.

Көргөнүм өңүм эмес, түшүм экен,

Ойгонсом күйбөй этпей аман-эсен,

Жер-Эне бешигине бөлөп алып

Терметип баарыбызды турган экен.

Эй, тарыхка күнөкөрлөр,

Шумдуктуу ишиңерди карап турам,

Тарткыла, атом өртү тутанбасын,

Адамзаттын атынан талап кылам!

 

*****

Эзелтен акындардын баары ырдашты

Сүйдүк деп айдай сулуу карындашты.

Ай да эмес, Күн дагы эмес, Жылдыз да эмес,

Колума бирөө тийип – багымды ачты.

*****

Келет, кетет бул дүйнөгө асылдар

Мезгилинен өчпөс факел талашып.

Жылдыз болуп күйүп калат асманда

Эмгегинен укмуштарды жаратып.

*****

Мен сүйдүм, бирок мени сүйгөн жоксуң,

Эчен түн кирпик какпай ойгоо жаттым.

Капамды эч кишиге айткан жокмун,

Сүйүүнүн сен татпаган даамын таттым.

 

*****

Үн катпай –

көзүм менен жалындым,

Өчүрсөң өзүң бил

жүрөк жалынын.

Жылмайып

бир сонун күлүп

койчусуң,

Күлкүңдү, үнүңдү, жаным, сагындым.

Жан эркем деп

ичтен жалындым,

Толкунун

токтото көрбө

канымдын.

Эркелеп

таарынган болуп

койчусуң,

Жоругуң ошол

эсимден кетпей – сагындым.

Оюмда сени издеп дүйнө аралап,

Олтурам

кыялга батып ар кандай.

Өзүңдөн кеталбайм алыс,

каралап,

Сен менин

жүрөгүм уурдап

калгандай

 

Толкундар

Кулагына суу толуп керең болуп,

Көл жатат түбү өзүнчө дүйнө болуп.

Төрөтүнөн калбаган карт энедей

көл төрөйт толкундарын,

башына секунд сайын бакыт конуп.

 

Тэ-э ортодон толкун төрөлдү.

Төрөлдү да, турмуш издеп жөнөлдү.

Кубалап көз жарган көл перзентин

долу шамал чыкты чурап.

Ансайын шамалдын жашын сурап,

Жаш толкунга кирет күч, кирет кубат.

Толкун келет

торолуп ашып-ташып,

Кубалап алдыңкыны, келаткан арттан

качып.

–Толкунга

көлдүн чеги

тар – деп айтып,

тиреген жээк-жарга боюн уруп,

Ал өлбөйт

өмүрүнөн кемиш үчүн!

Ал өлөт

кайра туулуп келиш үчүн!

 

Студенттик жатакана

Студенттик жатакана

Маңдай-тескей салынган.

Анда балдар, мында гүлдөр,

Гүлдөр жаткан жатакана № 1

Жаз десең жаз, кыз десең кыз жыттанат.

Ландыш, сирень буруксуп,

Терезелер ачып салган сырларын.

Кыялга мас балдар, кыздар

Балдай таттуу ойлонот.

Канат тагып ойлоруна

Чалгындарга коё берет,

Алар жөнөйт ар тарапка,

Диплом бар колунда.

Акыл тамган кичинекей көздөрдү

Тарбиялайт улуу турмуш жолуна.

Жатакана… Жатакана…

Балким, жатат азыр мында

Гений – кыргыз илимпоз!

Балким, күтөт азыр мында

Ачылалек закондор.

Терезелер –

жаркыраган үмүттөр.

Түн күзөтүп таңды тосот

Келечектен укмуштарга үмүткөр.

Үмүткө мас балдар, кыздар –

Сүйүү менен заряддалган жүрөктөр!

Жатакана бака-шака

Таңкы 8 саатта:

–Жүрү, кеттик сабакка!

 

Добул болордун алдында

Тоолорду коргошун көк булут каптап,

Жуушаган жылкылардай тынч жатышат.

Чөптөрдү шуудуратпай аяк таштап,

Жөө туман көздү таңып жылып басат.

 

Кыр-кырлар комдонушуп даяр турат

Жемине секирүүчү кабыландардай.

Аскалар эскиришкен, сынып, урап,

Көп жашап, көптү көргөн карылардай.

 

Дүнүйө тунуп калды бейпилдикте,

Тынчтыктан жарылчудай кулак тунат.

Коктуда, жашыл майдан мейкиндикте,

Жапжалгыз түтүн булап боз үй турат.

 

Көк шибер кулактарын тикчийтишти

Эликтин коркуп жаткан чабыйындай.

Топ этип жалгыз мөндүр жерге түштү

Добулдан келип жеткен чабагандай.

 

Кайда жүрсөм жанымдасың

Баары бир кайда жүрсөм, кайда барсам,

Бир мүнөт өскөн жерди унутпадым.

Жазылып кетет азга эстей калсам,

Жүзүмө эрте түшкөн бырыштарым.

 

Эстесем жайкы күндөй кетем жылып

Тоодогу тууган жердин калың карын.

Алгачкы айнек-жука муздар сынып,

Мен барам көк мөңгүдөй калыңданып.

 

Чөгүштү тереңдерге жылдар, айлар

Таптакыр унуттуруп балалыкты.

Алгачкы тунуктугум ылайланып,

Көрүнбөйт айнегинен аралыктын.

 

Адатым – алыстардан келсем кайтып

Турпагын тууган жердин уучтай бермей.

Өмүрдө канча курдай сынды шагым,

Келем деп кеткендерим кайтып келбей.

 

Тууган жер, кайда жүрсөм жанымдасың,

Андыктан көңүлүм ток олтурамын.

Кусамды эч айыкпас айыктырар

Тепселип жаткан бир ууч топурагың.

 

Айыл сүрөттөрү

Андагы – айылдагы жайкы түндөр

барчубуз ат откоруп беде аңыздан.

Чур-р этип бут алдыдан учуп чилдер,

Кыргоолдор үн алышып жаныбыздан.

 

Башыңа ээр жаздап, тердик салып

Жатасың, жамынганың көпкөк асман.

Жылдыздар жуушап калат чачырашып,

Коюңдай корооңдогу жайнап жаткан.

 

Өрдөктөй күүгүм талаш көлгө конгон

Белгисиз каяктандыр уйку келет.

Куткарып жаман-жакшы бардык ойдон

Бир назик магдыраткан тынчтык берет.

 

Жүзүңдөн эркелетип жумшак сылайт

Апакай серүүндүктүн алаканы.

Беделер башын ийип таазим кылат,

Улуу деп адамзатты санашабы?!

 

Бир күүнү нечен кайрып таң азандан

Ар жерде бөдөнөлөр бытпылдыктап.

Баладай жайлоодогу жорго тайчан

Алышта чыйрыккан суу кыткылыктап.

 

Эртелеп сен да ойгонуп уйку канып,

Абайлап карап көрсөң айланаңды:

Дүнүйө сулуу болуп ушунчалык,

Жарыктык ушунчалык болот татты?

 

Бышкырып суулуктарын шылдырата,

Бедени күрт-күрт чайнап аттар чалып.

Турушат үргүлөшүп таң атканча

Жаш беде-азууларын камап калып.

 

Токунуп тойгон атты бастырасың

Ошондо айыл жактан иттер үрүп.

Жеңеңди кымыз куй деп шаштырасың,

Кетесиң чөп чөмөлөп ойноп-күлүп.

 

Жеңелер талаа жарып каткырышат

Жаштыктын суусунунан жуткурушуп,

Оюнду жок жеринен таптырышат

Атайлап утар жерден уткурушуп.

 

Сен жаткан төшөгүңдөй жылуу талаа

Шыкырап күн нурлары калат жерде.

Жыгылып чөптөр солдо салаа-салаа

Эмгектин түсү чыгат тунук терге.

 

Ден таза, таттуу чарчап үйгө тарап,

Эмгектен акыбетиң кайтып толук.

Боюңду салмак басып магдыратат,

Салкындык бал сыяктуу коюу болуп.

 

Мал таңда чыгар күнгө утур басат,

Козу-улак ууз ээмп чопулдатып.

Эшектер айкырышып учурашат,

Үстүндө минген ээсин солкулдатып.

 

*****

Тагдырымдын сересине кар түшкөндө

Ишеничтерим

сүйбөй тийген аялымдай чанышты;

Чачын тарап,

Көчө карап,

терс бурулуп басып кетип калышты.

Билбейм, кантмек атам-энем?

Мен алардын

жоктугуна шүгүр дейм…

Бир уялаш агаларым

Багуу менен алек болду балдарын.

Озуп кетсем мен алдына

Көз актарын көбөйтүшкөн досторум

Ичтеринен кымылдашып,

Коньяк ичти жыргашып.

Үй көтөргөн мамы болуп

Былкылдабай чыдадым.

Токой болдум ээн, калың,

Акты өзүмдө сырларым.

Күн жылыды.

Кар кетти.

Жашоо мени кайра баштан

дегдетти.

 

Кечки эскерүү

Зор турмуштун законуна баш ийип

Курдаш кыздар, аял болуп кеттиңер.

Өз колуңдан өз оозуңа аш тийип

Курдаш балдар, эр-азамат жеттиңер.

 

Кабылбайбыз бирибизге бирибиз,

Тагдыр жолу түштү бизге ар кандай.

Бир кездерди бирок, издеп жүрүбүз

Улуудан да, кичүүдөн да табалбай.

 

Жыл мезгилдин жаш жазындай көктөгөн

О, ал кездер – улуу доору өмүрдүн.

Эскерүүгө алоолонуп өрттөнөм,

Суу ташыган өзөн болуп көңүлүм.

 

Барыбыз тең болбогон соң текши улуу

Чоң көчөгө кырка эстелик коюлбас.

Мен силерди дайым эстейм кеч курун,

Карып бара жаткан балдар моюндаш.

 

Бирок биздер кайда гана барбайлы,

Кайсы жерге түшсөк дагы экчелип,

Картайганда канча курбу тандайлы, –

Бирибизге бирибиз биз эстелик.

 

*****

Эртең менен туруп карадым

Каптап келе жаткан таң нурун.

Кайдан келип, кайда барамын?!

Жол ортодо карап турумун.

 

Иңир зуулап качып жөнөдү

Көк өтөктөн үрккөн коёндой.

Жер жүзүнө жарык төрөлдү

Элге бакыт берчү оёндой.

 

Каптап жарык жерди бүтүндөй

Караңгыны кууду көздөгү.

Мен сүйлөмгө түшкөн үтүрдөй…

Турдум карап жумуш бүтүрбөй.

 

Така

Күз эле. Айыл чети, күүгүм эле,

Бараткан бир топ жылкы жортуп желе,

Түтүндөй туяктары чаң көтөрүп

Жанымдан жаңы эле өтө берген кезде.

 

Бир така шыңгыр этип түштү алдыма,

Шыкаалап салып күүгүм жарыгына,

Кетирип топурагын карап атсам

Келаткан мага удаа бир карыя:

 

–Бакыттын такасы бул табылбаган

Тулпардын туягынан түшүп калган.

Сапарын карыта элек эр жигитке

Бул – олжо, оңой менен кабылбаган.

 

Бакыттыр ушул кечте сага келген

Жазык жок улуу сөздө уккам элден! –

… Жылкылар караан үзүп кетип барат

Көрүнбөй аралашып күүгүм менен.

 

Бакыттын баалуу жөнүн кулак чалган

Бая мен аман жүрсөм канагаттанган.

–Таш жолдо такыр мөгдөп калат ээ! – деп

Жанагы тулпар жакта кайгы санаам.

 

Бир ырды жазуум керек эле менин

Бир ырды жазуум керек эле менин

Бүтөбөй, тоскоолдобой тегерегин.

Созулуп айдың талаа узап чыккан

Каланып көз кайкыта өскөн эгин.

 

Бир ырды жазуум керек эле менин

Толкундан тосмолобой кырка жээгин.

Буркандап таш агызып кыян жүрүп

Кеңитип сүрүп барган өзөн чегин.

 

Бир ырды жазуум керек эле менин

Ак айткан Ата-журттун артуу ченин.

Тоолордун айдыңындай арсак-терсек

Элимдин өткөн менен келечегин.

 

Бир ырды жазуум керек эле менин

Даанараак билгендерим, көргөндөрүм.

Акылдуу урпактарга бир кездеги

Айта алган заман жөнүн, мезгил жөнүн.

 

Бир ырды жазуум керек эле менин

Жазалбай келем, билбейм эмне экенин?!

Жем түшкөн аргымактай жетээр жерге

Жетсем да сылтып жетет өңдөнөмүн.

 

*****

Сенин сүйүүң мага кандай ак эле

Менин сүйүүм андан дагы агыраак.

Сенин сүйүүң мага кандай жаңы эле

Менин сүйүүм андан дагы жаңыраак.

 

Сенин сүйүүң жаштыгыңдан жаш эле

Менин сүйүүм көпкөк эле көктөмдөй.

Сенин сүйүүң тазадан да таза эле

Жаштык өттү өткүн жаап өткөндөй.

 

Жаштык өттү Биринчи Май майрамдай

Көчө толуп кызыл-тазыл дуулдап.

Биз жаштыкты балалыктан айыра албай

Жүргөн кезде учур өттү шуулдап.

 

Үзүп кетти чагылганы тагдырдын

Сүйүү боосу турган кезде тартылып.

Адатыңдай сен ачууңа алдырдың

Адатымдай мен санаага жанчылып.

*****

Ишимди иштеп сыр билгизбей жүрөмүн

Айрылуунун тоодой жүгүн көтөрүп,

Көп өткөрүп жолугуунун түрлөрүн

Көрбөптүрмүн айрылууну өткөрүп.

 

Калам тунуп дайрага окшоп буулган

Толкуй албай, же шар агып кеталбай.

Кээде жүздү сагынчыма жуунам

Андан башка айла калбай эч кандай.

 

Калдык экен биз кандайча жолугуп

Жылдыз толгон кезде эскерүүм жыбырайт.

Эсте туруп сенин бүткүл жоругуң

Жылуулансам деле денем жылыбайт.

 

Бирөөлөрдүн корккон убал-сообунан

Бир жан элең жаш баладай ишенчээк.

Сенсиз өксүп мен жоокердей жолуман

Күнүм кечпей турат жанда кишенеп.

 

*****

Түн бир оокум, жатам жаным жай албай

Кайдандыр бир үн угулат кулакка.

Сенин үнүң болбосун деп аяңдайм

Жалгыз, жарым кала берген ыраакта.

 

Каяктандыр келип жеткен бир белги

Караңгыда таң жакынын билдирет.

Таанытсын деп бир эл менен бир элди

Сени аякка Ата-журтуң жиберди.

 

Бөтөн элди, бөтөн жерди көрө элек

Жүргөндүрсүң башка шартка көнүкпөй.

Менден башка эч ким сени өбө элек

Сен тоодогу элеңдеген эликтей.

 

Шапата урган тоо суусунун шарындай

Таза, тунук тарбия алган эрежең.

Түгөнбөгөн сагынычтан арылбай

Түндү узатып күйүп турат терезем.

*****

Кош канатым болсо менин эгерде

Сен учууга бербес белем ойлонбой.

Башталган соң күү бүткөнү жакшы эле

Калабы деп корком арты ойнолбой.

 

Корком дагы мен өзүмдүн оюмдан

Акпай токтоп кала берген суу болуп,

Туяк болуп ташка тийип оюлган

Тууган жерде ушак-айың чуу болуп,

 

Жана дагы обу жок деп аталып

Эрмек болуп эриккендер оозунда,

Кайран бала кетирди деп каталык

Көргөн жерде масы дагы, соосу да,

 

Түшүнүшпөй алды-артына карабай

Кеп кылышар, келекелеп карашар.

Мен ошондо сыртым мейкин талаадай

Ичим уу-дуу кыймыл жүргөн кара шаар.

 

*****

Мен солуган жол боюнда бак болуп,

Сен суу болуп тунук агып келгенсиң.

Ооруганда бүт өмүрүм талмоорсуп,

Айыктырып дары болуп бергенсиң.

 

Келбес жерден бир кайрылып келермин

Эч болбосо бир амандык кат болуп.

Сен дем берип, тоскоолдорду жеңермин,

Кайра келип башка дөөлөт, бак конуп.

 

Андай кезде үмүт үзбө, түңүлбө

Күтө бергин, күтүүң менин өмүрүм.

Унутулбай аманымда, тирүүмдө

Жаным болуп бирге жүрөт көрүндүң.

 

Жөрөлгө ошол, биз да эскирип арыйбыз

Бирок менин сүйүүм өсөт кызымдай.

Ал карыса анан биздер карыйбыз

Сүйүү бизге сүргөн өмүр кызылдай.

 

*****

Кеткениңе көп күн болду дайның жок

Перзентинен кабар күткөн энедей, –

Амандыгың тилеп башка айлам жок

Турам тунуп көк иримдүү тереңдей.

 

Сүйүү – бакыт, ар кимдерге кабылгыс,

Ак жолуна кара түшсө кечиргис.

Ага биздер кайда жүрсөк карызбыз

Ансыз биздер алсыз карып, жетимбиз.

 

Жакшылык күн анда эмес да, мында деп

Ишентишет көңүлүмдү муютуп.

Сүйүүнү эмес, тирчиликти сыйла деп

Мага айтышты турмуш жөнүн туюнтуп.

 

Кетээр элем мен баш буруп акылга,

Өз билгенин бербейт жүрөк көшөөрүп.

Кетип барам көк жалтаң муз ашууда

Сен тууралуу ойду аркама көтөрүп.

 

*****

Сүйүүнүн аалам сыйбас кеңдигине

Баратат барган сайын көзүм жетип.

Ордуна ал бергендин бердим эмне

Жалынга түшө албадым жандан кечип.

 

Махабат эң кечиргич айкөл неме

Тар жаным кеңдик жолун кайдан билдим.

Сен мага жалынданып келдиң эле

Жаналбай суу самандай түтөп күйдүм.

 

Өттү күн, өттү турмуш далай баштан

Бекерге махабат деп өкүлдөпмүн.

Берилсе эгер өмүр кайра баштан

Кайра эле «аттиң сен» деп өкүнмөкмүн.

 

Махабат – марал түнөк сырдуу сезим

Тазарткан адам жанын ушунчалык!

Бербедим ал бергендин миңден бирин

Өмүрдө бактым арткан мен бир карып.

*****

Сен мени неге сүйүп калдың экен

Койдубу же ушуга тагдыр буйруп?!

Неге мен анча күйүп-жандым экен?

Сен бийик, мен мынчалык жапыс туруп?

 

Бир көргөн сенин күнүң миң күнчөлүк

Сапаттуу жана ошончо тазалыктуу.

Жектедим өзүмдү өзүм ойлоп көрүп:

–«Мен күткөн тазалык да тазалыкпы?»

 

Сен күндөй чыгып келе жатканыңда

Мен түндөй качуум керек көз көргөзбөй.

Окшошсуң киргили жок аппак таңга,

Ар дайым толтурасың эч бөксөрбөй.

 

Бактыга аз кечигип жаралган жан –

Жол чалган тобокелдүү сапар күтүп.

Кечиккен кемтигимди сенден алгам

Өмүргө бир өзүңдөн канат бүтүп.

*****

Мен эми кайда кетип, кайда барам?

Багытым калды сынып, карып сапар.

Дарчыдай басып өткөм араң-араң

Сүйүүнүн ок жолундай жолун татаал.

 

Түн каткан жолоочудай кетти жаштык,

Алыстап таштуу жолдо ат дабышы.

Биз бастык, эл баспаган жолду бастык

Суктантып кабар алган кары-жашты.

 

Буюрулбас жөрөлгөгө айып, күнөө

Жөн гана өмүр жолу ал бир эски.

Сага эми кезиксе экен мендей бирөө,

Болбосо менден жакшы, менден эстүү.

 

Таалими айкөл, таза өзүңө окшоп

Муңдурбас тамашакөй болгой эле…

…Баары бир бассаң-турсаң мени жоктоп,

Баары бир ойлойсуң го болбой эле…