Китепке пикир
“Зоокага” адабий экскурс же “уялгандан деле адам өлбөйт окшойт”
Биринчи макала
Кыргыз адабиятында өткөн, мурунку жана азыркы муундун акын- жазуучуларынын жеке стилин кененирээк, тереңирээк талдоо маселеси эмнегедир аксап келет. Адабияттын алпы Ч.Айтматовду ар тараптуу изилденип жатат деген тыянакка таянганыбыз менен кара сөздүн чеберлери: Т.Сыдыкбеков, А.Жакыпбеков, Т.Касымбеков, М.Гапаров жана башка бир топ жазуу стили, жазуу манерасы башкалардан асман менен жердей айырмаланып турган калемгерлердин индивидуалдуу стилин казып, керек болсо ар бир сөзүн талдап, таасири менен сиңимдүүлүгүн таразалап, көркөм өнөр ээлеринин жекелик өзгөчөлүгү менен бөтөнчөлүгүн кашкайта ачып берүү кечеңдеп жаткандай сезилет.
Мына ушундай оригиналдуу, тактап айтканда, сөзгө өтө этият, сөз табиятынын тамырын тартып туруп, анын ыңгайы менен ылайыгына карап иргеп, сөз менен ооруп, сөз үчүн күрөшүп, сөздү кастарлап, керек болсо сөздүн энергетикасынан ой казынанын каймагын калпып келаткан көркөм сөз чебери, жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин чыгармаларынын поэтикалык ракурсун аңдаганга аракеттендик.
Б.Усубалиев сөзгө сараң, сөздүн касиетин карманган, сөздү этияттаган, элде айтылгандай “Айтылган сөз, атылган ок менен барабар” деген принципти тутунган такыба калемгер. Кыска мазмундуу аңгемелеринен тартып, чоң повесттерине чейин жоопкерчиликти өз мойнуна алганы үчүн өзүн зордоп, мажбурлап жазбайт. “Көркөм чыгарманын тили – бул сезимдин тили, демек, ал чуу дегенде эле жүрөккө барып сайылат. Андыктан мен өзүмдүн да, өзгөлөрдүн да, жүрөгүнө аяр мамиле кылууга тийишмин” деп жазат жазуучу “Зоока” деген китебинин баш сөзүндө[8]. Кайсы бир аңгемесин жазып жатканда токтотуп, бир же эки жылдан кийин кайрадан кайрылган (жазып бүтүргөн) учурлары чыгармаларынын ылдыйындагы даталардан айкын байкалат. Бул деген жазгандын санына эмес, сапатына берилген куштарлык, сапатынан сарыгып чыккан ойлордун түрмөгүнө кунттуулук.
Биз алгач жазуучунун чыгармаларынын жаралыш мезгилине хронологиялык тартибине карап кароону ылайык тапканбыз. Бирок жазуучунун баш сөзүндөгү бир мандемден (жылмайткан жана муңайткан таасиринен) улам, чыгармаларына ирети менен саресеп салууну ылайык көрдүк.
Билгенге чыгармага тема коюу, ат коюу азаптуу иш, актуалдуу маселе. Адегенде эле теманын туура, так, ылайыктуу коюлушу же теманын туура аталышынын өзү чыгармага түз жана кыйыр таасирин тийгизет. Чыгарманын азыркынын тили менен айтканда бренди боло алат. Дагестандык улуу акын Расул Гамзатов; “Тема сандыктагы-мүлк. Сөз ошол сандыктын ачкычы. Бирок сандыктагы мүлк башканыкы эмес, өзүңкү болуш керек” деген сөзүнүн айныгыс чындыгы Б.Усубалиевге таандык. Жазуучунун: “Чымчыктар сайрап жатат”, “Жүрөк сууга агып баратат”, “Он эки элек…”, “Союп салышыптыр…”, “Бүгүн күн жаман ысып турат…”, “Бир сомдук тыйын” деген аңгемелери гана эки-үч сөздүн тутумунан турбаса, дээрлик көпчүлүгү бир сөз менен аталат. Атама сүйлөмдөй, кыска, так, сюжеттеги негизги ойду тема тутамдап турат. Мындай чеберчилик улуттук адабияттагы сейрек көрүнүштөрдөн. Бул жагынан орус элинин классик жазуучулары Н.В.Гоголдун, И.Буниндин чыгармаларына коюлган ак жолдуу темалар менен ат салышып тургандай сезилет…
Жазуучу каармандарын сүрөттөгөнгө умтулбайт, шашылбайт. Көркөм адабияттарда көп учураган образдарды мүнөздөгөн чубалжыган узундан-узун сүйлөмдөр менен алардын элесин тартып бергенге, шөкөтөгөнгө да ашыкпайт. “Шишек” деген аңгемесинде бригадирдин образын өзүнүн (каармандын) сөзү менен элесин көз алдыга келтирет. “Эртеден бери жүрүп, бокко жарабай шалпайып, өзү келет деп айтасыңарбы деп корком. Баса берейин дейм-тартынам, күтө турайын дейм-уялам. Күркүрөп турган учурум. Тим эле демимден от түтөйт. Доорум жүрүп, ооматым келип турган экен эми ойлосом. Чамгарактайм тим эле. Килтейген мектеп…Баары мага карайт”. Курсив менен терилген бир эле сөз же сөз тизмеги каармандын ким экенин, кебете-кепширин, ал-абалын, кыймыл-аракетин ал гана эмес, кыял-мүнөзүн, мүдөөсүн, кандай адам экенин туюндуруп турат. Алардын ою, ой-сезими, туйгусу, түйшүгү, өкүнүч менен кубаныч-кайгысы да дал ошол сөздөргө сиңирилген. Бул жеке стилдин артыкчылыгы.
Бригадир жардамга барган университеттин мугалимдерине бир кой алып келип, союп берем деген убадасын аткарганга башкармага барганын, ветврач экөөнүн чабандардын (короосунан) жайытынан гралинге чыланбаган бир кой издеп (койлордун баарын гралинге салып, он чактысын бок менен боёп таштайт, анысы жамгырга жуулуп калат), бир отордун койлору экинчисине кошулуп кеткенде бөлө алышпай, койчумандардын чак-челекей түшкөнүн айтып отурса, бырс этип күлүп, кайра мостоюп окуйсуң.
Бригадир жөн киши эмес, сөзмөр, элестүү айтканга, бирөөнү (автор өзү) туураганга маш киши. Стиль – бул жазуучунун өзү дешет. Антпегенде, аңгеменин даамы, көркү кайдан чыкмак. Кептин баары баяндап отурган жазуучунун чеберчилигинде анын ойду окурманга тартуулаган талантында. Бышып-жетилгенге чейинки тагыраак айтканда, кагазга түшүрүп жаткандагы машакаттуу түйшүктү жазуучунун бир өзү билет, бир жараткан билет. Бир таанышынын тагдырын айтып берип жатканда,” –Супсулуу! Тим эле укмуш-мөлтүрөйт. Мына-мына жарылат деп ойлойсуң. Ошону илип алыптыр.”
Бир жылдан кийин кыз төркүндөрүн чакыртыптыр.
Эмне үчүн дебейсиңерби, “күйөө балаңар жарабайт экен”!-дептир жеңесине. “Эмнеси жарабайт, кызыке”? –дейт жеңеси элейип. Кыз ыйлап кирет: “Эмнеси болмок эле… Кыз эле бойдонмун”!…
-Коё турсаңар,-деди бригадир жалдырап, -кызыгы быякта. Баягы дагы катын алды[35].
“Капкара. Тим эле далкыят. Ырайын көрсөң, жүрөгүң түшөт”. Ошону алып алыптыр.
-Тууганда да кандай дейсиңер, биринин артынан бирин. Чууртту тим эле…
“Жарабайт дегендерди өйдө каратпай, оозун аппак кылып таштады”.
Автордун каарманы-бригадир убадага бекем, “Эр жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн…” деген макалды коё бербейт. Азыркы учурда сөзүнө, убадасына тургандарды издеп табыш кыйын. Сөздү өлтүргөн да, сөздөн өлгөн да эч ким жок… Сөз мурдагыдай ата-бабанын нарк-насилиндеги касиетинен кайтып бараткансыйт.
Жазуучу кадимки турмуштагы окуяны жазып жатканда композициялык элементтерди тутамдап кармап, кичине эле сая кеткен жерлерин илгерилетпей баамдап калууга жөндөмдүү, сезимтал. “Уялгандан деле адам өлбөйт окшойт” деген бир сүйлөмү менен ата менен баланын, үй-бүлөнүн ортосундагы назик, уят, ыйбоо, ыйман деген сезимдерге кантип бүлүк түшкөнүн кичинекей микросюжет аркылуу баяндап өтөт. Күлөсүз бирок, терең ойго да чөмүлөсүз… Биз, кыргыздарда илгертен ариет-намыс, уят үчүн башын канжыгага байлаган адамдар өткөн. Ал эми турмуштагы жөпжөнөкөй учурларда маани бербегендин өзү караңгылык, түркөйлүк эмеспи. Чыгарманын тарбиялык мааниси бири-бирине чиеленген түйүндүү жиптей аңгемеден аңгемеге, микросюжеттен сюжеттерде, чакан эпизоддон эпизоддордо айтылып өтөт.
Жазуучунун жогорудагы аңгемесинде (дегеле бардык чыгармаларында) ирония менен юмордун, сарказм менен сатиранын жуурулушкан кездери өтө арбын. Сиз менен чогуу окуйлу:
-Тамдын дубалы солкулдап жатат! Күр-шар. Кыян жүрүп келаткандай. Чочуп эле ордуман ыргып турдум. “Бек, Бек уктуңбу, сел жүрүп келатат окшойт”-дептирмин. Анын боору эзилип калды. “Кара дөөнүн коңуругу да!… Анан кантип турмак элем. Мен шымымды көтөргүчө эле…[40]. Катуу коңурук тарткан адамдын жанындагылар муну жакшы түшүнөт.
Жубайлардын турмушу бузулду. Жашы кырктан өтүп калган эркек өзүнөн он жаштай кичүү жубан менен кол кармашып кетти. Мурунку аялы менен жакындан дос эркектин монологу ушунчалык аяр, сырдуу, ыйбалуу берилген. Аял күйөөсүн унута албай койду. Кызматы да жакшы, бирок ичиндеги өксүк, ызаа жан дүйнөсүн кемирип жаткандай сезилет… Таанышынын кичинекей кызы экөөнүн диалогунун данакери, дагы бир жигит бар дипломатына таянып отурган. Каармандары: аял, эркек, эркектин тыпылдаган Айдай аттуу кызы анан жаш жигит. Турмуштун бир үзүмү… Аны “Ачкыч” деп атаган. Көрсө, кичинекей кыздын колундагы ачкыч символикалык түрдө, өткөн тагдырдын өтмүшүн ачып берип жаткан сыяктанат… Аңгемени баштан-аяк психологиялык драматизм, лирикалык сентиментализм коштоп турат. “Чүрөк болсо бир жөн,-деди аял көп өтпөй үнүн каргылдантып. -Капкара неме болчу.” [53].
Бейтааныш жигит бир маалда чочугандай өзүнчө: “Кызык окшош экен!…” Бирок экөөнүн эркек менен аялдын эмнеси окшош экенин канчалык жанталашса да таппай койду [53].
Жигиттин эсине кыздын балдырап сүйлөгөнү келе калды.
-Папамды,-деди кыз кыткылыктап. -Мамам урушат, китептин чаңы беш эли дейт. Окубасаң да чаңын сүртүп турсаң боло дейт… [48].
Жаш улгайган сайын башка бирөөгө болгон сезимди билдирүү азап. Жазуучу аны символикалык түрдө колундагы кош ачкыч аркылуу туюндурат. Билинер-билинбес боёк сүрткөндөн тартынган кездери: эркектин кыймыл-аракетинен, сөзүнөн, кымырылып-кысынганынан, ичинен тынганынан сезилет. Эркек бирдемени шылтоолоп аялдын жанына бекеринен келген жок.
“Жигит бирде эркекти карайт, бирде аялды карайт. Эркек шаабайы сууп, сынып баратты. Аял сыймыктуу бараткансыды”. Ушуга үндөш “Бүгүн күн жаман ысып турат” деген аңгемедеги аялга аябай бооруң ооруйт. Ушу кантип болсун деп жемелеп жибергиң келет. Жаштык кезиндеги (медучилищада окуп жүргөндө) сүйгөнү жанына келсе, аны таанымаксан, билмексен болуп, өз кызыкчылыгы үчүн анын аруу сезимине маани бербеген Назарга окшогон тоңмоюн, өзүмчүл, караөзгөй адамга берилген кайран сүйүү! Экөө эки башка жолдо кетишкени менен аял бир кездеги сезимин аздектесе, анын ишенимин тебелеген эркек башка иштерде деле, мамиледе деле так ушундай ныксырап, ышкоо, эт менен челдин ортосундагы былжырак мүнөзүндө калбайт деп ким кепилдик берет? Адам пендеси ариет-намысын, уятын, эс тутумун, жоопкерчилигин жоготпой өзү менен кошо алып жүрө алабы деген собол ар бир чыгармасындагы башкы ойдун уюткусу сыяктуу сезилет.
“Түтүн” деген аңгеменин сюжетин кызыктуу деп айтууга болбойт. Сюжет эмес, андагы башкы каарман Асылкеримдин жан дүйнөсү кызыктуу, уят менен намысы ойгонгон, абийир менен ариети ич ара кагылышкан, тирешкен абалы калтыс, кызыктуу. Канча мезгилден бери арып-арзып, бир жыргап жуунсам деп кыялданып, мончого кирсе, жылан чаккандай шашып-бушуп чыкканына эмне себеп болду? Асылкеримдин жуунуп жаткандагы ар бир кыймыл-аракетин, ойлорун көз кырынан кетирбей сүрөттөп отурат да, ал эмес, үйүндө балдарынан жашырынып, аялына суу куйдуруп жуунганына чейин айтып берет. Баласы менен жуунуп жаткан Мурат самынын берип, жакшылап жышынсын деген камкордугун кыртышы сүйбөй, жылаңач кишилерди көргөндө ийне сайгандай дирт этти… Буга биз, адамдар, баарыбыз эле маани бербейбиз. Кадыресе көрүнүш катары кабылдайбыз. Мончодон жыпжылаңач кишилерди, жаш балдарды көргөндө Усубалиевдин Асылкериминин жан дүйнөсүндө капилет алай-дүлөй башталды… Анткени, ал адамдык нарк-насилди билген, уятты жогору койгон, канына сиңген өз көз карашын карманган адам. Адамды адамдай кылып тикелеп турган анын уяты. “Ал мезгилде бир адат бар эле: жакын туугандары менен эч ким бирге түшчү эмес. Ким болбосун шыдыр эле мончочудан: “Баланча жокпу?”- деп сурачу. “Бар. Киринип жатат”- десе, ал чыкканча соксоюп күтүп отурчу, же анан келермин деп кетип калчу. Тиги кеткенден кийин гана кирчү, кирип баратканда кайра мончочуга кайрылып: “Түкүнчө келип калса, мени мында деп коюңуз. Өзүңүз билесиз да…” [64].
Адамдык сапаттар жөнүндө сүйлөгөндө кооз, жагымдуу, бирок кулактын сыртынан оңой эле учуп кеткен сөздөрдү айтканыбыз менен адамды адам кылып көрсөтүп турган касиеттер: кол менен кармалгыс, сөз менен айтып жеткире алгыс, ийненин көзүнчөлүк байкалбаган майда, маанилүү-маанисиз делген иш-аракеттер, мүнөз-кыялдар, жорук-жосундардан кыпындап кураларына ар дайым маани бербегенибиз калппы? Асылкеримдин эч кимдин алдында актана албаган, эч бир жанга айтып түшүндүрө албаган уяты кыйнап, качып чыкканга аргасыз кылды…
Жазуучунун сезимтал интуициясы, эмне максатта айтып бергиси келген ой-максаты, көчөдө эмес, үйдө эмес, жумушта эмес, жер таппай калгансып, так ошол мончодон шарт этип сыртка атып чыгышына башкы каарманынын мына бул ойлору аргасыз кылды: “Кийимин чечкенде киши өзгөрүп кетет окшойт,-деди кайра. Өзүн өзү карай кетти, өзүнө өзү коомай көрүндү. -Жылаңач жүргөндө арбайып-тарбайып… Карагың келбейт, жүрөгүң айланат. Кийимчен жүрсө-билинбейт. Баары зымпыйып… Өзгөчө толук кишилерчи, борсоюп көзгө сонун көрүнөт. Кийми жок болсочу, тим эле курсагы салаңдап. Буттарычы, ипичке болуп… Жүзүн көрсөтпөсүн…” [59].
Автордун контексте абайлап кармап турган оюнун бир учугу байкалып же байкалбайт. Автор эч качан өзүнүн оюн айтпайт. Каарманынын оозу менен айттырат же болбосо сюжеттерде акырын көзүн жылтыратып көрүнөөр-көрүнбөстөй сезилгенсийт. “Чын эле, жылаңач балдар көзгө сүйкүмдүү көрүнөт да, ошолор эле чоңойгондо энеден туума болушса, көзгө комсоо көрүнөт?! Эмне үчүн?…” [62]. Жообун өзүңүз билесиз да. Бала таза, калпты билбейт, түптүз, чын сүйлөйт кыскасы, периштедей. Чоңдорчу, айтыш кыйын.
Психологдор адамдын ичинде эки карышкыр ак менен кара түстөгү карышкыр отурат деп калышат. Мунун биздин сөзгө кандай тиешеси бар дээрсиз… Кимисин жакшы баксаң, кадырласаң ошонусу сени менен калат деп ынандырышат. Өмүр бою, күнү-түнү кайсы карышкырга кам көрөрүн киши ойлонобу? Басса-турса өзүн көзөмөлдөй алабы, жок дегенде күнүмдүк иш-аракетин анализдеп, ак-карасын таразалап турабы. “Мең” деген аңгемени окуп баратып, айылдык эжеке Айымкандын ички-туйгулары анын качанкы бир ойлонуп-ойлонбой жасаган ишинен улам ой толгоосун, кыжаалатчылыгын майда-чүйдө деталдар аркылуу ачат, акыл-эс менен баам-парасатын тымызын кармашын шуруга тизгендей иреттүү баяндайт. Чоң адамдардын кылык-жоругунан, мамилесинен улам балдардын жан –дүйнөсүндө билинбеген күрөш жүрөт… Жазуучу бала болуп, баладай ой жүгүртүп, кыялданып, баланын ички дүйнөсүнө кирип туруп баяндайт. Начар окуган, жүрүм- туруму жакшы эмес, шоктугу менен мектептин атын чыгарган балдардан кантип кутулуунун амалын ойлоп табышканына Айымкан уялды, кулакка жат болуп калган кооз сөздөр менен балдардын сезимине, ой-кыялына кыянатчылык кылганына арданды.
Жолдо арасат ойдо турса, зуулдаган машина келип, токтоп калды. Негедир тааныш сыяктуу.
-Кайдан көрдүм эле?… Кайдан?… Кайрадан тигилди… Шоопурга билдирбей, уурдана кайрадан кыйлага тиктеп турду. Көзүнө меңи чалдыкты. Мең! Тааныды. Жүрөгү солк дей түштү. Мең! Оң көзүнүн алдында турат. “Баягы, – деди акырын, -баягы…Эмнеге эле токтоду дейм да…” [75]
Арамза ойлорго жетеленип, мектептин абройу, “кутулбасаң-кууратып бүтүрөт”, мугалимдин жанынын тынчтыгы үчүн шоопурлук курска зордоп окууга жиберген бетиндеги меңине карап, окуучусуна окшоштуруп алат. Окуучусунан уялат, качан ошону эстеп, сөз айтар бекен деген ойдо жетер –жеткиче кыйпылыктай сар-санаага батат.
Уяттын сотуна түшүп турасызбы? Анда сот, актоочу, каралоочу, күбөлөр, факты деген болбойт. Намыс менен ариет арбитрлик кылат. Адамдын уяты ойгонгон кезди, уятынын айынан бети кызарып, ичин тытмалаган карама-каршылыктуу ойлордун шишкебекке сайгандай тызылдатканын, жүрөк куушурулуп, сезимдер жанчылганынан өткөн тозок барбы?
“Меңдин” каарманын жол катар бирин-бири торогон, бири экинчисин жектеген ар кыл ойлор далдыратып таштады.
“Мең шоопурдун бетинен учуп чыгып, Айымкандын маңдайындагы айнекке жабышып калгандай. Мең. [78]
Турмуштун парадоксун караңыз. Союз кезинде шоопурду теңсинбеген, катарга албаган кез эле. Азыр айыл-апага барып калсаңыз, мурдагыдай дасторкондун төрүндө кадыр-барктуу аксакалдар, устат мугалимдер эмес, мойну койкойуп, эки кишилик орунду ээлеп, малдаш урунган шоопур отурат. Трактору анын чиркегичи, машинеси бар, колунан иш келген үчүн элдин баары анын көзүн карайт, айткан-дегени менен болот. Шоопурдан өткөн кадырлууну таппайсың.
Бейшенбай Усубалиев чебер портретчи, тубаса психолог, карапайым элдин турмуш образын мыкты билген социолог, сатира менен иронияны көркөм чыгарманын тканына, клеткасына байкатпай куюп чыккан комедист. Чыгыштын улуу ойчулу Алишер Навои: “Дүйнөдө китептен артык жан курбу таппайсың” демекчи, жазуучунун ар кыл мезгилде жазылган чыгармалары сизге жакын дос, теңтуш, курбу-курдаш, замандашыңыздын жан дүйнө дасмиясынын ички сырын кылдат ачып бергендей сезилет.
Ризван Исмаилова
филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти
10-апрель 2023-ж.